Куттуктайбыз

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Кайрат Иманалиевди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болушу менен куттуктайбыз. Урматтуу Кайрат Олжобаевич, сиз узак жылдар бою жан дүйнөнүн азыгы, руханий казынабыз болгон Кыргыз радиосунда эмгектенип, жетекчилик кызматты аркалап бардык чыгармачыл инсандар менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келдиңиз. Азыр өзүңүз жетекчилик кылып турган министрликте орун басар болуп, өнөр адамдарынын түйшүгүн, ийгилигин, көйгөйүн жакындан билип, иштедиңиз. Сизге тагылган милдетти жоопкерчилик менен алып кете аларыңызга терең ишенебиз. Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайбыз.

КРУЖС Башкармалыгы