Кубатбек Жусубалиев: “Жалгыз учкан куш бийик учат”

Жалгыз учкан куш бийик учат

(К.Жусубалиевдин бейнесине сүртүмдөр)

Бул макаламды чыгармачылык дүйнөдө кайталангыс жолун тапкан жазуучу, ойчул жана инсан Кубатбек Жусубалиевдин 70 жылдыгына арнайм. Мен терең сыйлаган жазуучу жашаган Алайдагы Кердегей айылына мындан 5-6 жыл мурда атайылап аваз кылып барганда жазылган эле. Облустук гезиттен башка басма сөздө жарыялана элек.

Менин диним — Акыйкатты табышкан өлбөс адамдардын дини

Акыйкат жолуна түшүп, биз топурап бараткан көрпенделик турмушубуздан ат чабым алыстап кеткен улуу замандаштарыбыздын бири Кубатбек Жусубалиевдин (бул кишини азыр же жазуучу, же ойчул, же залкар инсан — кандай атаарыңды да билбейсиң) көбүбүзгө түшүнүксүз, сырдуу жана өтө терең адамдык ажарын аңыз кылгандар көп.

Жалган дүйнөнүн аки-чүкүсүн канчалык көп билген сайын, өзү айткандай “ошончолук унчукпоону жакшы көрүп калган” бул пайгамбардай кишинин сырын тартуу о-оу бизге кайда!.. (“Адам Акыйкатты тапканда сөзү бүтөт”).

Ошентсе да оңу келгенде кыргызчылыгыбызга салып тике качырган суроолор менен: “Сиз кимсиз? Кайсыл диндесиз (же кайсыл сектадасыз): мусулмансызбы, христиансызбы, же буддистсизби? Сизди пайгамбар десе болобу? Эмне үчүн “киши-кийик” болуп кеттиңиз?” деп аңкоолонгонубузга (негедир, азыр эч ким андан “Кандай чыгарма жаздыңыз?” – деп сурабай калгансыйт) арданбай-нетпей агынан жарылып жооп берип келатат:

“Менин диним — Байыркы Египеттин акылманы Гермес Трижды-Величайший баш болуп, Сократ, Конфуций, Яков, Беме, Пифагор, Соломон паша, Заратуштра, Будда, Мухаммад пайгамбар, еврейлердин Ыйык пайгамбарлары каш болгон Өлбөс адамдардын дини”. (Кудай сактай көр, бул улуу адамдардын ар биринин ысмын айтаарда тил күрмөөгө келбей, куш учуп өтө алгыс аскар-зоого капталгандай алың кете түшөт экен. А Кубатбек Жусубалиев бул Аскар-зоолордун ар бирин өлүп-талып ашып өтүп, анан чыныгы жолун тапканын айтып жатпайбы).

“Алардын баары Акыйкатты таба билген үчүн өлбөс-өчпөс болуп калышкан, – дейт Кубат аке кайсыл бир жылы гезитке берген интервьюсунда – 12 жыл дервиш болуп дүйнө кезген Будда бечара бир дарыядан өтө албай, агып кете жаздаптыр. Жээкке араң тырмышып чыгып: “Эй Кудай, мен ушу кичине дарыяңдан кечип өтө албай өлүп кала жаздадым. Анан Сенин терең океаныңдан кантип сүзүп өтөм?” деп Улуу Жаратмандын кудуретинин алдында өзүнүн алсыздыгын мойнуна алыптыр. Ага чейин Будданын күчтүү амбициясы болгон. Мына эми Сенин колуңа түштүм, эмне кылсаң ошол кыл деп чөк түшүп жыгылган экен. Мен өзүмдү Буддага салыштыргым келбейт, бирок, аны түшүнө алам. Себеби өзүмдүн алсыздыгымды, караңгылыгымды мен да кудум ошентип сезгем. Акыйкатка өз акылым менен жете албадым да Ауробиндо, Кришнамурти, Батыштын, Чыгыштын, суфийлердин философиясын окуп, ошолордун арасында чөгүп баратканымды сезгенимде мен да кудайга жалынгам.” (“Асаба” 20.03.97-ж.).

Кубатбек Жусубалиев жаңы чыккан “Жети сөз жана Конфуций” деген китебинин өзү жазган баш сөзүндө да бул суроого жооп берет. Парижден келген кызы Жамбынын “Ата, сиздин секта кантип атат?” деген соболуна “Сенин бечара атаң улуу, катуу шамалга бир жата калып, бир тура калып, чырпык дарактай болуп бараткан секта – Сократ, Конфуций, Будда, Орфей, еврейлердин Ыйык пайгамбарлары, Мухаммед пайгамбар, Пифагор, Ньютондордуку, кызым…” – дейт.

“Дүнүйөгө түркүк боло турган” улуу гиганттардын Кудай таануу тажрыйбаларын сиңирип, анан алардын ар биринин алкагынан чыгып кетүү менен өз жолун тапкан Кубатбек Жусубалиевдин чыгарган жыйынтыгы бирөө – “жашоонун маңызы – Акыйкатты (жердин түбүнөн болсо да) табуу”. Бул – оомал-төкмөл тирүүлүктүн бардык азгырыктарынан кечип, жашоонун улуу кайгыларын жүрөгүнөн өткөрүп, азап чегүүдөн акылы артып, сезими байып, анан адамзаттын бирден бир жаралыш максаты эмне экендигине көзү жеткен даанышмандын сөзү.

Биз улуу талантты жоготкон жокпуз

Жеке адамга сыйынуунун жана кумирлердин доорунда өскөн биздин муунга Кубатбек Жусубалиев таланттуу калемгер бойдон кала берди. Ал чоң адабияттын эшигин бизге окшоп жаш талапкер катары баш багып, анан батынып-батынбай ачкан жок. А дегенде эле Чынгыз Айтматовдун батасына арзыган “Күн автопортретин тартып бүтө элек” аттуу төл башы чыгармасы менен улуу талант келгенин билдирип койду. Жөнөкөй турмушту жөнөкөй сүрөттөп берүү менен жашоодо да, чыгармачылыкта да “жөнөкөйлүк — бул улуулук” экенин далилдеди. Алыскы түнт кыргыз айылындагы көзү көр кары кемпирдин ыймандуулугунун, боорукердигинин, сабырдуулугунун улуу таалими окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан. (Өзү да айтат го: “Чоң энемдин таалимин алып, чоң энемден таасир алып, жазуучу болдум… Чоң энем тубаса чоң жазуучу эле”).

Андан кийинки “Толубай сынчы”, “Күздүн акыркы күнү”, “Муздак дубалдар” аттуу китептери да кыргыз адабиятында чоң жаңылык алып келген. Жазуучунун оюн, максатын, тилин бирибиз түшүнүп, бирибиз түшүнбөсөк да коомчулукта резонанс жараткан саналуу чыгармалардан болгон.

Анан ар бир жаңы китебин суусоо менен күтүп калган окурмандарын өкүндүрүп, чыгармачыл чөйрөдөн оолактап, башка дүйнөгө ооп кетти.

Адам баласынын башаты бул – көз ачып жарык дүйнөгө келген, алгачкы дүйнө тааным алган туулган үйүбүз, айылыбыз, балалыгыбыз эмеспи. Ар бирибиз ошол башатты канчалык сагынып, арман кылганыбыз менен биротоло кайрылып барууга кудуретибиз жетпейт. Таза башатка тазаланган адам гана баралат.

Кубатбек Жусубалиев ошол башатын кайрадан тапты. Өзүнүн туулуп-өскөн айылы Кердегейге биротоло көчүп кетип, эл-журттан, цивилизациядан обочолонуп жашаган жылдарда ал ой багып, жүрөгүн агартып, өлбөстүктүн жолуна түшкөнүн, адамзатка айтаары, берээри арбыганын кийинки жазган чыгармаларынан, кез-кез басма сөз беттерине чыга калган маектеринен билип калабыз. Жакында жарык көргөн “Одинокие заметки” жыйнагын “ойлорумдун туу чокусу” деп атаптыр. Паскалдын “Адам — ыргалган камыш” дегениндей турмуштун шамалына ыргалып, бирок сынбай, тынымсыз күү чыгарып турган адамдык табияттын, рухий өсүштүн, аруулануунун тепкичтеринде бийиктеп кетпаратып да бизге кайрылып “О-о!..” деп үн салып жоктоп коюп жатат. 2003-жылы чыккан “Жети сөз жана Конфуций” аттуу китеби да колдон колго тийбеген таберикке айланды. Биз талантына тан берген жазуучубузду жоготкон жокпуз. 2019-жылы Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси менен Кубатбек акеге “Кыргыз Эл жазуучусу” наамы берилгени жалпы адабий журттун чоң кубанычы болду окшойт. Эмгек жерде калбасына дагы бир жолу ынандык. Таланттуу жазуучу менен  тирүүлүктүн миң сандаган жолдорунда кайра-кайра кездешкибиз келет.

Кердегей. Аруулук түнөгөн үй

Кубатбек Жусубалиев биротоло турак алып, өмүрүн өткөрүп жаткан Кердегей айылын көрүүнү ким эңсебейт. Мындан үч-төрт жыл мурда ошол айылга жол тартканыбызда чындыгында жашоонун жаңы кыйырын ачып алчудай аябай толкунданганым эсимде. Өзүм Алайлык болуп туруп, Кердегейди көрө элек экенмин. Кубатбек Жусубалиевдин айылдашы, математика илимдеринин доктору, акын Гүлбадан Матиева экөөбүз түз эле жазуучунун үйүнө тизгин бурдук. Шар аккан Жошолу дарыясынын эки жээгинде жайгашкан бак-шактуу айылдын, арча, карагайлары эгип койгондой шоолдоп тике өскөн Карасороң тоосунун көркүнө, тоонун таза абасына куштарланып, алдыдагы жолугушууну ар түрдүү элестетип бараттык.

Кыраңдан бурула бергенибизде кызыл аскага жабыша салынган кызыл кирпич үй көзгө урунду. Айылдын үйлөрүнө түк да окшобойт. Жумуруланып бийик салынып, тепкичтери кадимки эле тоонун казандай чоң-чоң таштарынан тизилген, үстү кызыл черепица менен жабылган философия жыттуу үй Кубатбек Жусубалиевдики экени айтпаса да билинип турат.

Издеп барган адамыбыз эшик алдындагы бакта күрөк менен жер басып жатыптыр. Май айы жаңыдан башталып, күндүн табы жерди түзүктөп жылыта элек болсо да буттары жылаңайлак. Биз бактын зым тосмосуна жакындап барып, кол созсо жеткидей аралыкта турсак да ал айланып барып бактын эшигинен чыгып келип анан учурашты. Эң биринчи 5 жашар Айгеримге кол берип, үйүнө жол баштаганда да Баланы озунуп биринчи киргизди. “Балдардын состояниеси улуу состояние”, – дейт кийин да ал Айгеримге мээримин төгүп. – Алар вне добра, и зла. Биз чоңдор “жакшы” дейбиз, “жаман” дейбиз. Мы много суетимся. Балдар булардан тыш болот. Великая мудрость, святость – ошондо. Тиги Киши “мага келген балдарды эч кармабай киргизгиле, – деген экен. – Эгерде силер балдардай вне зла, и добра болгонуңарда гана менин жолумду табасыңар, – дептир”.

– Мака эгип коеюн деп жер басып жатам,– деди канааттануу менен. — Огородума 70-80 түп өрүк эктим. Келерги жылы келсеңер түзүк эле мөмө байлап калат. Өрүк жеп, өрүк чычып эле жатасыңар. Дагы бир түп карагатым бар. Тээтиги Кызыл асканын алдынан көчүрүп алып келдим. Түбүнөн суур ийин казып алыптыр. Тамырлары тарбайып көрүнүп калган экен, куурап калбасын деп көчүрүп келдим.

Эскирсе да өтө таза жуулган жана бир жеринде кири жок жынсы күрмө-шымчан кагелес узун бойлуу, чапжаак өңү байыркы даанышмандардыкына окшоп калган бул киши менен ортобузда Будда чөгүп кеткен чоң дарыя турганын, андан кечип өтүүгө кудуретибиз жете электигин, а мүмкүн эч качан жетпестигин ойлодум.

Кубатбек аке үйүнө чакырып, артынан ээрчий бастык. Бийик пешайванга жылмаланбаган таш тепкичтер менен көтөрүлүп, төркү бөлмөлөргө кириш үчүн дагы жыгач тепкичтерден өттүк. Бөлмөлөр биринен бири бийик жайгашкан. Чыгыш тараптагы дубалы жумуру салынып, күн чыккандан батканга чейин нуру тийип турууга ылайыкташкан чоң зал бар экен. Анын чок ортосунда эскирген, ышталган эзелки түркүк турат. “Чоң энем экөөбүз жашаган эски үйдүн түркүгү”, – деди Кубатбек аке. Акталып, сырдалбаган дубалдар, эшик-терезелер, пол – баары табигый, жупуну жана таптаза. Аялзаттын кандай өкүлү болбосун ушул пакиза тазалыкка суктанбай кое албайт эле. Эл-журттан, цивилизациядан бөлүнүп, жалгыз жашоого ык алган эркектин “эптемей” тиричилигине түк да окшобойт. (А түгүл дааратканасында таптаза суу куюлган вазада жалбыз салынып, жалбыз жыты буруксуп турганын айтсак жетиштүү болор).

Үйдө эмерек, телевизор түгүл азын-оолак идиш-аяк, китеп, кагаздардан башка колго илинер буюм жок. Алар да бир гана бөлмөнүн бурчунда жерге жайылып коюлган. Секичедей бийик салынган төркү бөлмөнүн каалгасы жок эшигинен жерге салынган уктоочу жайы көрүнүп турат. Дүнүйө-мүлктүн туткунунан бошотулуп, нукуралыктын улуу үлгүсүндөй болгон бул үйдө Тибеттин таза духтар түнөөчү Шамбала тоосундагыдай жан дүйнөнү тазалоочу таң калаарлык аруулук уюп турат экен. Бизди эчкинин терисинен жасалган постектерге олтургузуп коюп, өзү окчунураак жерге маңдайыбызга чөк түштү. Колдорун тизесине коюп, ички ойлордун күүсүнө термелгенсип болор-болбос чайпалып (“Человек — поющий тростник”), көздөрүн жуумп сүйлөйт.

Одинокий странник с дырявым зонтиком, идущий по миру

– Мен киммин? Мен бир “одинокий странник с дырявым зонтиком, идущий по миру”. Мао-Цзе-Дунь өмүрүнүн аягында өзү жөнүндө ушинтип айткан экен. Мен апамдын курсагында эле Акыйкат үчүн төрөлүпмүн. Жарык дүйнөгө келгенимдин эртеси атам өлүп калыптыр. Төрт айдан кийин апам таштап кетет. Көзү көр чоң энемдин колунда өстүм. Ата да, эне да жок. Башка балдардыкы бар. Ушунчалык жаман болчумун. Бул жүрөгү жаралуу балалыгым мени өтө эле чоң азаптардан, турмуштун мектебинен өткөрүптүр. Мунун баарын “Күн автопортретин тартып бүтө элек” деген повестимде чагылдырдым. Адам өтө чоң кайгылар менен келет экен Акыйкатка. “Сенин ыйлаганың-дүйнөнүн ыйлаганы” дешет чыгыш акылмандары. Бирок, Акыйкат адамды азаттыкка чыгарат. Аны тапкан адам гана бактылуу, өлбөс-өчпөс болуп калат.

– Акыйкатка кантип жетсе болот?

– Жолго чык. Акыйкаттын жолу – адам болуунун жолу, а адам болуунун түбү-бул Кудай болуу. “Адам болуш аста-аста”. Жолго чыкканда жүктөрдөн арылыш керек. Сократ айткан: “Чем меньше вещей, тем ты ближе к богу”.

Мен ошол жүктөрдөн арылып, тазаланып олтуруп анан Акыйкатка жакындадым. Адам деле, коом деле аккан суудай тазаланып агып турбаса сасып кетет. Кыргыздар “аккан сууда арам жок” деп бекеринен айтышкан эмес. Суу акпаса тазаланбайт. Улуу диндердин окууларындагы рухий тазалануу дегендери бекеринен эмес. Акты деген ошол. Кете бер от истины к истине. Адам рухунун өсүшү баскычтан баскычка көтөрүлгөндөй кетет экен. Ал үчүн биринчи сабырдуулук керек. Азыркы учурда адамзаттын эң чоң трагедиясы ушунда. Сабырдуулук жетпегенинен бир баскычты аттабай экинчи баскычка жүткүнөт. Рухий өнүкпөй калуунун, чалалыктын бир себеби ошондо. Эгерде адамда рухий жетилүүгө умтулуу жана сабырдуулук жок болсо ал эч качан Акыйкатты таба албайт.

– А Сиз бул жолдун кайсыл жериндемин деп ойлойсуз?

– Сократты баары мудрый дешет. В чем его мудрость. Ал Акыйкатты билген. Бирок, ал эмне деп өкүнгөн, билесиңерби? “Я знаю что, ничего не знаю”.

– “Жети сөз жана Конфуций” деген китебиңизде кайсыл жети сөздү айткан элеңиз?

– Кыргыздын “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба” деген улуу сөзү бар. Коом ушул жети сөздү аткарган адамдардан турганда гана Кудайдын мыйзамын аткарат деп Конфуций да айткан. Бул жети сөз кыргызга эң мыкты экономика, акылман саясат, адеп-тарбия, билим, чоң идеология, анан философия болуп бермек.

– Кандай көркөм чыгармаларды окуп жатасыз?

– Китеп окубай калдым. Чынгызды, а түгүл кембагал Маркести да окубайм анан…

– Габриэль Маркестин өлүм алдындагы керээзине жооп кылып, жаш баладай соороткон элеңиз…

– Ал кембагалдын өлүмдөн корккон көз жашы бүткүл адамзаттыкы сыяктуу жүрөккө канжар менен тийгендей болду. Эгерде ушундай улуу адам “жакында өлөт экенмин” деп кайгы-муңга батып олтурса калган адамзат жөнүндө эмнени айтууга болот. Бул даанышманга Акыйкатты түшүнүүгө таланты, акчасы жана атак-даңкы жолтоо болгон. Өзүн ким жаратканын, эмне үчүн жаратканын жана кайда барарын билбей калган.

***

Кубатбек аке бизди узатып чыкканда көпкөк жазгы асманды серепчилей карап: “Ак журтчу учуп жүрөт”, – деп калды. Куштардын ушундай ала канат болорун биринчи жолу көрүшүм. Ак түстөгү бул куш жыл сайын бир гана журтунда-Кызыл аскадагы үңкүргө келип балапан баскандыктан “ак журтчу” деп аталат экен. Кең асманда эргип оболоп учуп көк мейкиндикке сиңип кеткен кушту карап туруп Кубатбек Жусубалиев өзүнө өзү айткансыды: “Жалгыз учкан куш бийик учат”.

Зинакан Пасаңова