КРнын Эл акыны А.Эгембердиевдин чыгармачылык кечеси болуп өттү

Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” теледолбоору кезектеги поэзия кечесин өткөрдү. Бул поэзия кече КРнын Эл акыны Абдыжапар Эгембердиевдин чыгармачылыгына арналды. Бул долбоор журналист, алып баруучу  Айбек Асанбек уулунун демилгеси менен уюштурулуп, 2021-жылдагы үчүнчү ирет өткөрүлүп жаткан чыгарчылык кече.

Кечеге КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.Иманалиев, Т.Мамеев, М.Абакиров, А.Жакшылыков, А.Рыскулов баштаган КРнын Эл акын, эл жазуучулары, маданият ишмерлери, студенттер жалпы ыр күйөрмандары катышты.

Акындын ырларын КРнын Эл артисттери М.Алышпаев, Т.Абдыразаева, актерлор Э.Осмонов, Ө.Израиловдор көркөм окуп берип поэзия күйөрмандарынын черин жазды.

Автор келген меймандарды бирде элетке ээрчитип барып, кайра базар түйшүгүн тарттырып, баёо балалыкка жетелеп, махабатка магдыратып, айтор ар кыл темадагы ырлары менен ырахатка бөлөп турду.

К.Рыскуловдун обонундагы “Күтүү” ырын Т.Сыдыков, А.Коробаевдин обонундагы элге кеңири белгилүү болгон “Тумарым” ырын М.Атабеков аткарып, И.Аманбаев, Д.Райымбековалар элдин купулуна толгон мыкты обондуу ырлары менен кечени шаңга бөлөдү.

КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.Иманалиев авторду куттуктап, мындан аркы чыгармачылыгына ийгилик каалады.

Адатта көп акын айылда жүрүп, чарбачылык түйшүктөн улам чыгармачылыктан алыстап калат. А Абдыжапар Эгембердиев элетте жүрсө да элдин жүрөгүнөн түнөк таап, эл аралык деңгээлге чейин таанылып, чыгармачылык дагы, чарбачылык дагы ишин бирдей алып келе жаткандыгына бүгүн дан жыттанган, нан жыттанган ырларын угуп, ынанып кайттык. Туулуп өскөн, киндик каныбыз тамган кичи мекенибизге болгон кусалыгыбыз артып, авторго ыраазычылык айттык. Аман болуңуз ардактуу Абдыжапар Эгембердиевич!