КР ЖК депутат болгон калемгерлерди куттуктайбыз!

Бүгүн, 29-декабрда VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ант берүү аземи өттү.

Алгач Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырып, шайланып келген депутаттарга тиешелүү ырастама жана төш белги тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттыгына КР Улуттук жазуучулар союзунун секретары Мирлан Самыйкожо бир мандаттуу шайлоо округунан, жазуучулар союзунун мүчөсү Нуржигит Кадырбеков “Ыйман нуру” саясий партиясынан шайланып келди.

Урматтуу эл өкүлдөрү, сиздерди депутаттык кызматка киришүүңүздөр менен чын дилден куттуктайбыз. Алдыдагы саясий ишмердүүлүгүңүздөрдө элге-жерге пайдасы тийген мыйзам долбоорлорун жазып, эл мүдөөсүн аткарасыздар деп ишенебиз. Сиздерге бекем ден-соолук, чечкиндүүлүк, жоопкерчилик менен катар ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!

КРУЖС Башкармалыгы