КР Баатыры С.Эралиевди эскерүү кечеси өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында КР Баатыры, КР Эл акыны, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси жана китеп-сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Аталган иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акын, эл жазуучулары Ө.Даникеев, М.Абакиров, С.Акматбекова, Т.Мамеев, А.Жакшылыков, М.Мамазаирова, Р.Айтматова, КР Улуттук илимдер академиясынын академиктери А.Бөрүбаев, адабиятчы, сынчы А.Эркебаев ж.б. акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, окурмандар катышты.

Адабиятчы А.Эркебаев “С.Эралиев эки ыр түзүлүшүн бирдей колдонгон, кыргыздын салттуу уйкаштыгын жана европалык үлгүдөгү ыр түзүлүштү, верлибр же болбосо ак ыр, эркин ыр формасын биринчилерден болуп жазган акын. Мындай ырларды америкалык акындар Уолт Уитмен, Роберт Фрост, бельгиялык Эмиль Верхарн, француздардан Поль Элюар жазган. Кыргыз акындарынан ичинен С.Эралиев советтик поэзиянын ичинде алгачкылардан болуп жаңылык ачкан.

“Ак мөөр” поэмасы эч убакта унутулбай, көөнөрбөй турган классикалык чыгарма. Ушундай эле классикалык чыгармаларынан “Жылдыздарга саякат”, Улуу Ата-Мекендик согуш жөнүндө “Жол” деген эркин формада жазылган поэмасы бар.

С.Эралиев ар дайым жаңычылдыкка умтулган, талбай изденген, талыкпай эмгектенген, өтө жөнөкөй, жогорку интеллигенттүү, даанышман, кеменгер адам эле” деп эскерип өттү.

Калемдештери, шакирттери акындын устаттыгын баса белгилеп, ырларынан окуп, чыгармачылыгы, адамгерчилиги жөнүндө кеңири сөз кылышты.

Эскерүү кеченин соңунда №5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин окуучулары С.Эралиевдин ырларын көркөм окуп беришти.