Корней Чуковский: Киркойбос

Корней Чуковский

(1882-1969)

Киркойбос

Жуурканым

Менден качты,

Ак шейшебим,

Асманга учту,

А жаздыктар бака сымал,

Ыргып-ыргып жоголушту.

Кармайын деп,

Шамга шаштым,

А шам мешке-

Кире качты.

Китептерди алаарымда,

Алар кетти секирип,

Керебеттин астына,

Барып жатты бекинип.

 

Чай ичүүгө самоварга,

Чала жетип кездештим.

Өрт тийгендей семиз неме,

Менден кача бербеспи.

 

Бул кандайча?

Эмне болду?

Эмнеликтен,

Бардыгы тең,

Тегеренип,

Чимирилип,

Дөңгөлөнүп жөнөштү?

Үтүк кетти,

Өтүктөрдүн соңунан.

Өтүк түштү,

Нан-токочтун жолуна.

Чөмүч кетти,

Илгичимдин артынан,

Ошолордун дартынан-

Баары болду баш-ылдый,

Чимирилип,

Тегеренип,

Баары ободо калкыган.

 

Аңгычакты зор Бетжуугуч,

Энем жаткан бөлмөдөн,

Башын чайкап майпалаңдап,

Мага тике жөнөгөн:

“Эй, какмарым, эй шакмарым!

Жуунбаган торопой.

Морчудан да кап-карасың,

Бетжуугучка жолобой.

Карап көрчү өзүңдү,

Чылпактаган көзүңдү,

Мойнуң кычы-өтүкмай,

Мурдуң какмар-кара так.

Колуң көө, жеңиң кир,

Шымың безип баратат.

Шым качкан соң болду да,

Эмне керек шордууга?!

 

Эрте туруп таңга жуук,

Жуунат чие-чычкандар,

Маймылдар да чыбыйлар,

Жөргөмүштөр,коңуздар,

Канат серпип учкандар.

Бир гана сен жуунбапсың,

Какмар бойдон калыпсың.

Алашалбырт жүрүүнү,

Адат кылып алыпсың.

Качат сендей шакмардан,

Байпактар да башмактар.

 

Бетжуугучтун Атасымын,

Менин атым Киркойбос.

Бетжуугучтун башчысымын,

Жышыгычтар мага дос.

 

Эгерде мен жерди тээп,

Жоокерлерди чакырсам,

Бетжуугучтар дүрбөп келет,

Жуугула деп бакырсам.

Айкырышат жер тепкилеп,

Чайынбасаң урушат.

Агын суудан аптыктыра,

Баштан ылдый куюшат.

 

Мор баланы кап-кара,

Таза, таза, тап-таза,

Жышып, сүрүп жатабыз,

Күчкө салып башкара.

 

Самын келип бир жактан,

Шап кармады ал чачтан.

Ачыштырды, көбүрдү,

Аары чаккан шекилдүү.

 

Жышыгычтан качтым ай,

Таяк менен чапчудай,

Саябан, Бактуу көчөдөн,

Ал кубалап жөнөгөн.

 

Жеттим Таврич багына,

Тамдын ары жагына.

Ыргысам, ал да атылды,

Карышкырдай качырды.

 

Кадырланган Крокодил,

Карп алдыман кездешти.

Тотошасын, Кокошасын,

Ал жетелей келбеспи.

Жышыгычты тааңдай,

Ал сугуна бербеспи.

 

Анан мага даркырап,

Баркырап,

Буту менен жер тебет,

Жер челет:

“Азыр жөнө үйүңө!”-

Дейт мага.

“Бетиңди жуу күнүгө!”-

Дейт мага.

“Жуунбасаң курутам!”-

Дейт мага.

“Уйпалайм да бир жутам!”-

Дейт мага.

 

Анан, ошол көчөдөн,

Үйгө безип жөнөгөм.

Бетжуугучка бардым да,

Ак самынды алдым да,

Кара такты,

Сыя такты,

Шили жакты,

Жакшы жакшы-

Жышып, сүрүп кызарта,

Жышыганды узарта,

Жылчыктарды тазарта,

Жуундум бейм,

Көңүлүмдү, ниетимди агарта.

 

Ошол замат кайра түшүп жолуна,

Ыргып келип шымым тийди колума.

Ак нан келди ал шымымдын соңунан,

“Жегин!- деди,- нан айлансын оозуңа

 

Белен турду сугунгун деп артынан,

Бутерброд-колбасалуу жарты нан.

 

Кайра кайтты китептерим,

Дептерлерим үйдөгү

Грамматика чуркап кирди,

Арифметика бийледи.

 

Келди ошондо зор Бетжуугуч,

Кадыр-Барктуу Киркойбос.

Бетжуугучтар Башчысы,

Жышыгычка ынак дос.

Бийлеп келип өптү да,

Мындай деди ал жолдош:

 

“Эми мына, жаным сүйгөн,

Жакшы бала болдуң сен.

Акырында Киркойбостун,

Купулуна толдуң сен!”

 

Телефон

1.

-Телефонум шыңгырап калды:

-Кимсиң?

-Пилмин.

-Каяктан?

-Төө жактан.

-Эмне керек сага?

-Шоколад керек мага.

-Ким жейт?

-Уулум жейт.

-Канча керек?

-Алты пуд жөнөт.

Балага ошончо эле керек,

Кайда-а, андан көптү жемек?

2.

Андан соң Крокодил чалды,

Көз жашын төгүп салды,

Жалынып-жалбарып суранды:

-Кыйышпас, досум!

Мага көлөш болсун,

Өзүмө, зайбыма, Тотошама.

-Токтой турчу, мен сага

Өткөн жумада,

Эки жуп көлөш салбадым беле?

Абдан бышык эле.

-Аа, салганыңды билем,

Аны өткөн жумада эле

Балдарым, зайыбым болуп жегем.

 

Дагы качан салат деп,

Күткөндөн күтүп келем.

Жегенге кечки тамак менен

Жаңысынан, даамдусунан,

Он эки жуп көлөш салсаң экен!

3.

Анан, Коендор телефон согот:

-Бизге мээлей салсаңыз болот!

Андан соң, Мыймыйлар чалат:

-Бизге жакшы китеп жагат!

4.

Андан соң, Аюу шыңгыратты:

Айкырып, кыйкырып, дарылдап жатты.

-Сабыр кыл, тамагың айрылат,

Аюу-аке, айкырбачы,

Эмне керек сага, ачык айтчы!

 

Түк түшүнүксүз айткандары:

“Ошону-муну-аны!”

-Эмне үчүн, эмнеге керек?-

Күңкү-маңкы, бүдөмүк баары.

Коюп коюңуз трубканы!

5.

Андан соң, көк Кытандар чалды:

-Бизге керек иче турган дары.

Баканы көп жеп ашкере тойдук,

Ичибиз ооруп күптүү болдук!

6.

Андан соң, Чочко шыңгыратты:

-Мага Булбулду жөнөт үнү таттуу.

Бир керемет ырды ырдамак элек,

Экөөбүз бирге жыргамак элек.

-Жо-жок! Булбул-

Чочко менен ырдабайт такыр,

Андан көрө Карганы чакыр!

7.

Анан , Ак аюу чалды:

-О, кокуй, Моржду сактабаса болбой калды

Кечээ деңиздин Кирписин жутуп алды.

8.

Керели-кечке Бугу же Тюлень

Телефон чалат: балан-түлөн,

Тигини жибер, муну жибер.

Шыңгыр-шуңгурр!..

Чырр-чурр!..

Балдыраган жиндилер!

 

Жанаарак Жейрендер чалат,

Жарыша добуш салат:

-Чын элеби?

Же жанын жейби?

Каруселди, бүт бойдон

Өрт алды дейби?

 

-Эй, дениңер сообу, Жейрендер,

Өрт албай эле ордунда турат:

Каруселдер, селкинчектер.

Келжирей бербей силер,

Келерки жумада келип,

Селкинчек тепкиле,

Каруселге минип.

 

А жейрендер сөз угабы?

Жанагысындай эле былжырады:

-чын элеби?

Же жанын жейби?

Бүт каруселди,

Өрт алды дейби?

9.

А кечээ Бөрсө сурайт

Таң атпай телефон бурайт

Шыңгыратат, мээмди жейт:

-Бул киркойбостун үйүбү?- дейт.

 

Жиним келип кыйкырдым ага:

-О, жок! Бул бөлөк квартира.

-А Киркойбостуку кайда?

-Айталбайм, телефон чал башка жайга

Жүз жыйырма бешти бура!

10.

Уйкусуз үч түндү күттүм,

Чарчап бүттүм.

Эс алып жатышым керек,

Жакшылап укташым керек.

Жаттым эле жаңы-

Телефон дагы чырылдады.

-Ким сүйлөп жатат?

-Керик сүйлөп жатат

-Эмне болду?

-кырсык, кырсык тооруду.

Ыкчам келиңиз!

-Деги, кандай иш?

-Куткарып бериңиз!

-Кимди?

-Бегемотту,

-Сазга чөкмөй болду.

-Сазга?

-Ооба, иш чатак,

Антсек да, минтсек да чыкпай жатат.

А эгер келбесеңиз,

Жакшылап жардам бербесеңиз,

Бегемотту саз сорот,

Ал опот болот.

(Чөгөт, бейажал өлөт).

 

-Болуптур! Барайын ылдам!

Колдон келишинче жардам кылам.

11.

О, Бегемотту саздан чыгарыш деген,

Оңой иш эмес экен!

 

Чаташтыруу

Мышыктар мыйоолобой,

Теңирден тескери кетти.

“Биз мыйоолоп тажадык,

Торопойчо коркулдайбыз”-дешти.

 

Өрдөктөр жажылдашты:

“Биз каркылдап бүттүк.

Эми бакача чардайбыз,

Жакшы эле күттүк”

 

Торопойлор мыйоолоп кирди,

“Мый-мыйо-о!”-деп созушту үндү.

Мышыктар чочкочо коркулдады:

“Корк-корк!”-деп зоңкулдады.

Өрдөктөр бакача чардады:

Чурулдады, бак-бактады.

Тооктор: “кра-кырряяк”-деп,

Өрдөкчө каркылдады.

Аңгыча таранчы учуп келди,

Ал уйларча мөөрөдү:

“Мөө-мөө-ө-ө!”-деп жөөлөдү.

 

Анан аюу жетип келди,

Ал айкырбай эле, корозчо:

“Куку-ря-куу!”-деди.

 

Шактагы күкүк мындай деди:

“Мен күкүктөбөйм эми.

Итче каап, шимшип жүрөм,

“Ав! Ав! Ав!”- деп үрөм.

 

Бир гана коркок бөжөк,

Башын капустага жөлөп:

Мыйоолобой,

Коркулдабай,

Каппай, үрбөй,

Коенчо серек-серек, балдырады,

Эселек айбандарга жалдырады:

“Чыркылдаган чымчыктар,

Мыйоолобосун.

Мыйоологон мышыктар,

Чыркылдаганын койсун!

 

Эч качан карга уй болуп бербейт ,

Бакалар учканды билбейт.

Бирок бейбаш айбанаттар:

Торопойлор, мамалактар,

Мурдагыдан бетер шайкелеңдейт,

Бөжөктү уккулары келбейт.

 

Балыктар талаада басып жүрөт,

Бакалар асманда сызып жүрөт.

 

Чычкандар мышыкты кармады,

Капкан койгон кампага камады.

А бачкилер күкүрт алып,

Көк деңиздин боюна барып,

Деңизди өрттөштү ширеңке чагып.

 

Өрттөгөн деңизден чыгып,

Жаңырык салды кит кыйкырып:

“Эй, өрт өчүрүүчүлөр, келгиле.

Жардамга! жардам бергиле!”

 

Өрттү өчүрүүгө деңиздеги,

Крокодил арга издеди:

Пирог менен, куймак менен,

Кургаткан тепек менен ургулап,

Жалындаган өрткө жаадырат.

 

Эки тоок чуркап жүрөт,

Эки челектен суу бүркөт.

 

Эки балык суу чачышат,

Сузгу менен суу алышат.

 

Өчүрүшөт, суу бүркүшөт,

Өчүрө албай жүгүрүшөт.

 

Учуп келип көпөлөк,

Канаттарын желпиди.

Деңиз тынып, өчтү өрт,

Жер-суу дымып сергиди.

 

Бүт айбанат кубанды,

Шат күлкүсүн чыгарды.

Буттары жер тепкилеп,

Канаттарын каккылап,

Ыр ырдашат каткырат.

 

Каздар казча: “каак-карк”- деп,

Кыйкуулады-кыйкырды.

Мышыктар: “мыйоо-мыйоо”деп,

Мыйоолоду сыйкырдуу.

 

Чыркылдашты чымчыктар:

“Чырык-чырык! Чырк-чыр!”

 

Кошкурушту жылкылар:

“Кырруй! Кырруй! Тырр-бырр!”

 

Дыңылдашты чымындар:

“Ызз-ыза! Тызз-бызз!”

 

Бакылдашты бакалар:

“Чур-Чур-Чурр! Бак-бак-бак!”

 

Какылдашты өрдөктөр:

“Кырраак-кырраак-кырря-я-к!”

 

Коркулдашты чочколор:

“Доңк-доңк! Корк-корк-корк!”

 

Жакшы көргөн мыймыйымды,

Жаткырабыз алдейлеп:

“Алдей! Алдей! Алдей!- деп.

Ак мышык! Ак мышык!

Ак бешикке жат, мышык!”

 

Аюу жана түлкү

“Эмнеге аюу, ыйладың?

Эсиңе кел кайгырбай”.

“Мен аюу болсом майрыйган,

Кантип турам айкырбай?”

 

Мен бир шордуу, мен жетим,

Мерез тагдыр буйругу:

Куйругу жок туулупмун,

Баарынын бар куйругу.

 

Мен гана эмес иттин да,

Куйругу бар саксыйган.

Кыпчып алат, артына

Кылы-жүнү апсыйган.

 

Мен гана эмес мышыкта да,

Селкилдетип, куйругун,

Көккө ийрейте көтөрөт,

Айгинелеп кыймылын.

 

Куйругу жок мен гана,

Токой койнун аралайм.

Шыбагасыз жөн гана,

Дарыгерди сагаалайм.

 

“Айланайын, дарыгер,

Адам болсоң аяй көр.

Дабасын тап, дары бер,

Куйрук салып жамай көр!”

 

Аюу сөзүн каткырып,

Тыңдай берди Айболит.

Акылы жок Майрыкка,

Мындай деди Айболит:

 

“Болду, болду, кагылайын, туюндум,

Куйрук эң көп, тандаганың буюрсун.

Эшектин да, эчкинин да, аттын да,

Узун-кыска куйруктары бар мында!

Кементелүү кеңдигиме келейин,

Макул дейин, төрттү байлап берейин.

 

Күлдү Түлкү: “Бир жан сени карабайт,

Майрык сага мындай куйрук жарабайт.

Ал, куйругун кооз Бейиш кушунун,

Алтын сары, жашыл түстүү, көк түстүү

Артыңа таксан тоос куйругун,

Болгонуң да эң чырайлуу, эң күчтүү!”

 

Майрык буга кубанды:

“Мына, куйрук келишкен,

Өтөм тоодон, өрүштөн”.

Көрбөгөн көп мындайды:

“Куп жарашат турбайбы!”-

 

Дешип ичи тызылдап,

Айбанаттар кыжылдап,

Көрө албаган аюулар,

Ооруп калар бырылдап”.

 

Бирок күлдү Айболит:

“Төп айтпадың эч кимиң.

Куш куйругу ылайыксыз,

Куйругун так эчкинин!”

 

Мышык, койдун куйругун,

Өгөй көрөт өз башым.

Келе тоос куйругун,

Алтын сары, көк, жашыл.

Куду Бейиш кушундай,

Кулпунайын ушундай.

 

Тоодо, өрүш бетинде,

Тоос-куйрук,артына

Алтын сары, жашыл, көк,

Куйрук менен асыл көрк,

Майрык барат кулпунуп,

Айбан карайт бүт чыгып.

 

Түлкү болсо Түлкүдөй,

Мыйыгынан күлчүдөй,

Шыйпалактап шарт эле,

Сылап-сыйпайт калп эле:

 

“Кандай укмуш сулуусуң,

Карабаган курусун!

Бой-келбетиң бузулбай,

Бассаң Бейиш кушундай,

Куштар болуп өлгөндөй,

Турам пери көргөндөй!”

 

Ошол тушта сазга келип аңчылар,

Обочодон көрүп майрык куйругун:

“Алтын куйрук жалтылдайт,

Көрчү тагдыр буйругун!”

 

Дешти дагы аттап-буттап жөнөштү,

Майрык турат тунук көлмө боюнда.

Таш күзгүдөн карагансып куйругун,

Майрык турат, токой, жылга койнунда.

 

Түлкү алдында сыймыктанып, мактанып

Түктүйөт ал атаандашып-басташып.

Койгон да жок аңчылардан сактанып

Алар келди ит агытып, саз басып.

 

Аңчылар аюу байкушту,

Куралсыз кармап алышты.

Белинен алып аркан-жип

Бек тартып байлап салышты.

 

Түлкү болсо санын чаап,

Шыйпалактап мыскылдап.

Кыткылыктайт шылдыңдап:

“Сулуулукка чирене,

Жыргабадың көп деле.

Булар эми көрсөтөт,

Тоос-куйрук артыңды.

Жер каратып бетиңди,

Эсирбейсиң экинчи.

Баары дүрбөп келишти,

Куйруктарын жулушту.

Бакыртып аюу байкушту,

Баары карап турушту.

Которгон: Эрнис Турсунов