Кеч күздөгү кусалык

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте 2019-жылдын 22-ноябрында Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында кезектеги поэзия кечесин өткөрөт. “Кеч күздөгү кусалык” деп аталган ыр кече КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын М.Токсобаеванын жана акын, котормочу С.Стамбековдун чыгармачылыгына арналат. Кечени обончу, аткаруучу С.Урманбетов, ырчылар Э.Дүйшеева, У.Качкыналиевдер коштойт.

Самидин Стамбеков 1959-жылы 8-мартта Чаткал районундагы Каныш-Кыя кыштагында туулган. 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, директордун орун басары, директор болгон, райондук “Чаткал оттору” гезитинен баштап, республикалык, областтык газеталарда иштеген. 2008-жылдан бери карата Жалал-Абад областтык “Дил” гезитинин башкы редактору болуп иштеп келе жатат.

“Алыстан жазылган каттар” (2002-ж.), “Самидиндин санаты” (2011-ж.), “Тирүүлүк – өзү көз ирмем” (2015-ж.) ыр жыйнактарынын автору, жыйырмадан ашык китептин редактору, медицина, биология багытындагы ондон ашык окуу китептеринин котормочусу.

“Кыргыз тили” төш белгисинин, көптөгөн Ардак грамоталардын ээси. “Студенттик жаз-80”, “Ала-Тоо жазы-82”, “Алыкулдун ак боз ат-90” фестивалдарынын лауреаты. Жалал-Абад областынын “Жылдын мыкты акыны-16” наамына ээ болгон. Анын ысымы акын катары кыргыз адабият сүйүүчүлөрүнө  таанымал.

Мээркан Токсобаева Ысык Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөмбаев айылында туулган. Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн.

Райондук “Эмгекчил” газетасында кабарчы, газетанын редактору болуп иштеген. Журналисттик иши менен катар жеке чыгармачылыгын айкалыштырып, “Махабатым”, “Мажүрүм тал”, “Улуу сезим”деген поэтикалык жыйнактарын чыгарган. Райондогу чыгармачыл адамдардын башын бириктирген “Тескей күүлөрү” аттуу адабий ийримди 40 жылдан ашуун убакыттан бери жетектейт.

КР Ардак Грамотасынын ээси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Тоң районунун ардактуу атуулу.