Кеңешбек Асаналиев: Жаш Чыңгыздын адабиятка келиши

Yчүнчү бөлүм

Жаш Чыңгыздын адабиятка келиши

  1. Биринчи күтүүсүздүк

Жогортодо Ленинградда аспирантурада жүргөн кезимди (1950-1953) өмүр-жашоомдун “алтын тилкеси” дедим. Фрунзеге келгенде да тагдырдан буюрган ошол “алтын тилке” уланып отурду. Биринчиден, адабий коомчулукка атым бат эле белгилүү болуп кетги. Экинчиден, кызмат абалым да өзүм күтпөгөндөй тездик менен көтөрүлүп отурду. Маселен, аспирантураны бүтүп келер менен 1953-жылы декабрь айында Тил, адабият жана тарых институтунда кенже илимий кызматкер, 1955-жылы январдан баштан улук илимий кызматкер, 1956-жылы декабрь айында Тил жана адабият институтунун директорунун орун басары (илимий иштер боюнча) кылып бекитти. Директорубуз көрүнүктүү тилчи-окумуштуу, академик И.А.Батманов эле. Ойлойм, кызмат абалымдын мындайча ылдам өзгөрүшүнө 1954-жылы адегенде кыргыз академиясында, андан соң Киевде Шевченко конференциясында жасаган докладым  бир кыйла тийиштүү таасирин тийгизип кетти окшойт, билбейм, мага ошондой сезилген. Украинанын Россияга кошулгандыгына байланыштуу чоң илимий конференцияны жаңыдан ачылган кыргыз академиясынын жаңыдан шайланган биринчи президенти Иса Коноевич Ахунбаев өзү башкарып отурган. Мен чыгып сүйлөп жатканда Иса Коноевич көңүл коюп угуп жатканын байкап калдым. Көп узабай Киевден Шевченко конференциясына чакырык келип калды. Киевге барууга мени И.К.Ахунбаев сунуш этип жатканын директор И.А.Батманов өзү айтып келди. Албетте мындай чоң жыйылышка, Украинага, Киевге Кыргызстандын академиясынын атынан бараткан соң, жоопкерчиликти сездим да докладымдын текстин кайрадан карап, оңдоп-толуктап дегендей, айтор уят болбогондой аракеттендим. Киевде, академиянын чоң залында эл толтура, менин “Шевченко кыргыз тилинде” деген баяным бүткөндө, муну мен эч качан унутпайм, анткени өмүрүмдө бир гана жолу болгон окуя, отургандар жапырт ордунан туруп, мен ордума барганча кол чаап турушту. Анысы аз келгенсип Шевченко институтунун жетекчилиги Кыргыз академиясына телеграмма-билдирүү жиберип коюшса керек, айтор келсем И.К.Ахунбаев өзү чакырып кабыл алып, куттуктап жатпайбы. Киевде украиндыктар менин кичине докладымды ушунчалык энтузиазм менен кабыл алганын мен эми жакшы түшүнөм (анда буга акыл жеткен эмес), Пушкин орустар үчүн, Гёте немистер үчүн, Шекспир англичандар үчүн кандай мааниде болсо, Шевченко украиндыктар үчүн дал ошондой. Анан ошондой чоң конференцияда улуттук республикалардан жалгыз мен барып, улуу Кобзардын Украина жөнүндөгү ырын К.Маликовдун котормосунда жатка айтып берип жатсам (доклад, албетте, орус тилимде) кол чаппаганда, эмне болот. Ал жерде мен андай деле илимий ачылга жасаганым жок, тек гана алар үчүн белгисиз фактылардын системасын баяндап бердим, бар болгону ошо. Бирок, залда кыргызча угулган Шевченконун ыры кайталангыс таасир калтырганын ачык сездим. Турмуштун ушундай жагдайларынын кесилишиби, же ьңгайлашыбы, айтор, менин кызмат абалым өзүнөн-өзү өйдөлөп жүрүп отурду. Айттым го, Ленинградда башталган менин өмүрүмдүн “алтын тилкеси” Фрунзеде ошол эле калыбында уланып жатты.

XX кылымдын элүүнчү жылдарынын экинчи жарымы мен үчүн кандайдыр бир ыңгайлуу, ал турмак перспективалуу, келечектүү сыяктанып башталды. Көрсө, жашоо-турмушуңда сен өзүң ойлоп табалбаган, тапсаң да орду-ордуна жайгаштырып коё албаган турмуштук шарттарды жана кырдаалдарды тагдыр өзү жаратат окшобойбу. Болбосо, Чыңгыз менен эң биринчи жолу дал ушундай шартта кездешип, дал ушундай кырдаалда таанышам деп, эч качан оюма келмек эмес (Чыңгыз Айтматовду бул жерде атынан эле атаган себебим: анда экөөбүз тең, жашпыз, жашыбыз боюнча да теңтуш, курдаш экенбиз, мезгилдин ошол укугунан пайдаланып жатам.)

Бир күнү мени Кыргызстан жазуучулар союзуна чакырып калды. Адегенде таң калдым. Жазуучулар союзуна өткөнүмө аз эле убакыт болгон. Эмнеси болсо да барып келейин деп, шашып-шушуп жөнөп калдым. Академия менен жазуучулар союзунун аралыгы алыс деле эмес эле. Барсам, Азиз Абдукасимович Салиев, азыркы көрүнүктүү философ, башкарманын төрагасы эле, күтүп отуруптур. Сөздү ток этер жеринен баштады. Жазуучулар союзунун кезектеги чыгармачыл пленуму чакырылып жаткан экен. Атайын докладдар даярдалып, жыйылыштын ачыларына үч-төрт күндөй мөөнөт калыптыр. А.Салиев чукулунан эле азыркы кыргыз аңгемеси туурасында баяндама жасап бер деп сунуш жасап калды. Сөздүн ыргагына, жыйынтыгына караганда, бул сунуш эмес эле өкүм болчу. Кандай жооп айтарымды билбейм, анткени калган үч-төрт күн ичинде кадимкидей даярданып, болгондо да жазуучулардын жыйылышына доклад жасоого ким даап батынат. Ырас, ушунун алдында кыргыз прозасы, кыргыз аңгемелери жөнүндө сын-макалаларым жарыяланган болчу, окуса керек. Айтор ошого таянды көрүнөт, сенин докладың бышып даяр болуп турбайбы, эгер керек болсо бир машинистка бошотуп берем, кем-карчын оозеки айтып, бастырып алагой. Кыскасы бардык шартты түзүп койду да, кылчайып артка бурулгус кылып, жарга камады. Амал-айла жок, макул болдум.

Чындыгында кыргыз прозасы боюнча жарыкка чыккандарды калтырбай эле баса калып окуп, өзүмчө даяр болуп жүргөм. Анын үстүнө бир тарыхый шартты эскере кетпесе болбойт. Элүүнчү жылдардын орто ченине чейин оригиналдуу китеп чыгып деле жарытчу эмес. Албетте, сан жагынан. Азыркыдай кайдан болсун, саман-топон болуп… Анткени жазгандар өзү чакталуу болчу. М.Элебаев, Ж.Ашубаев, К.Эсенкожоев cыяктyy “aлтын caндыгы” ачылбай кеткен келечектүү прозачылар согуштан кайтпай калды. Аңгеме жазгандар бирин-экин, маселен, А.Убукеевдин, Т.Шамшиевдин, Т.Абдумомуновдун, Н.Байтемировдун, К.Каимовдун бирин-экин китептери бар эле.

Созуп отурганым жок, өзүмдөгү болгон даяр иштелген материалды машинисткага (эгер жаңылбасам фамилиясы Сарбагышева болор эле) оозеки айтып, бастырып алдым. Кечке маал кол жазманы тазалап, редакциялап отургам. Бир оокумда үйгө 10-класстан бери тааныш жакын жолдошум Баатырбек Аманалиев келип калды. Жөн-жай сураштык да, адатыбызча шахматка кириштик. Шахмат ойноп жатып, Чыңгыздын аңгемелери жөнүндө айтасыңбы деп калды, Баатырбек досум. “Ким-ким?” өтө эле жайбаракат, көңүл кош, кайдыгер, мындайча айтканда, “ат үстүнөн” текеберлүү мамиле жасадым. Ал “Чыңгыз” деп дагы кайталады да, эгер окуй элек болсоң, окуп чык, эмгегиң бекер кетпейт деп мени басмырлай баштады.

Көрсө, антишке акысы бар экен. Кесиби боюнча тарыхчы, философ, бирок көркөм адабиятты аябай жакшы көрөрүн бөтөнчө дүйнөлүк классиктерди үзбөй, үзгүлтүксүз системалуу окуурун жакшы билчүмүн. Анын үстүнө анын билимине, түшүнүгүнө, кругозоруна, айрыкча эстетикалык табитине менин эч кандай күмөнүм жок болчу. Мына ошондуктан өзүмдү адабиятчымын, кыргыз прозасын калтырбай текши окуп жүргөн кесиптин ээсимин деп жүрсөм, эми минтип, Чыңгыздын атын философтун оозунан биринчи жолу угуп, бир жагы таңданып, бир жагы сынып отурдум. Таңданганым – эмне болсо да, ким болсо да жактырбай бетке чабар бул жигитке оңой менен бирдеме жакчу эмес, бөтөнчө көркөм адабиятка келгенде эң эле сынчыл көз менен караган, бийик чен-өлчөм менен, Сервантес менен Диккенстин, Гоголь менен Толстойдун бийиктиги менен карагандардын бири эле. Эгерде ал азыр Чыңгыз жөнүндө айтып жатса, бекеринен айтпаганы, демек ал “бирдемеси” менен жагып калганы талашсыз. Кандай жазуучу пайда болду экен деп таңданып отурдум. Сынганым – кантсе да, эмне үчүн ушул убакка чейин (анын үстүнө өзүмдүн кесибим болсо) жаңыдан пайда болгон Чыңгызды байкабай жүрдүм деген профессионалдык кызганыч эле. Көрсө, баары тең эле өз колумда экен. Жанараак столго шахмат ойной турган болгондо, анын үстүндөгү китеп, журналдарды жыйып отурбай, столдун жанындагы керебетке “ыргытып”, “чачып” таштаганбыз. Ошол чачылуу журналдардын арасынан Баатырбек жанагы өзү айткан Чыңгыздын аңгемелерин көрсөтүп жатпайбы. Ошентип менин колума Чыңгыз Айтматовдум эң алгачкы үч аңгемеси келип тийди: “Ак жаан”, “Асма көпүрө”, “Түнкү сугат”. Кийинчерээк жазуучу бул аңгемелерин адабий башталма (дебют) катарында да эсепке алган жок, чыгармалар жыйнагына да киргизбеди. Албетте, бул автордун өз укугу, өз каалоосу. Ошого карабастан, дал ушул аңгемелердин жарыкка келиши элүүнчү жылдардагы кыргыз совет адабиятында турмуштук чындыкты адам тагдыры аркылуу сүрөттөөнүн өзүнчө бир күтүлбөгөн шаанисин апкелген алгачкы “дүбүртү” сыяктуу эле. Өз алдынча алганда деле, же жазуучунун улам кийинки чыгармачыл көркөм ачылгаларына салыштырып Караганда деле. Анпсени, кийин “эсепке кирбей” калган дал ушул ацгемелерде Ч.Айтматовдун адабий жолунун магистралдык башталышы жаткан.

Ырасын айтканда, буга чейин, Ч.Айтматов жөнүндө жазуучулар арасында, анын үстүнө союздун пленумунун деңгээлинде сөз боло элек. Менин баяндамам үч-төрт докладдан кийин, кезек боюнча эң соңунда болмок, Адабий жанрдын “иерархиясы” боюнча, адегенде “чоң” жанрлар, романдар, драмалар, андан кийин “майда” жанр аңгемеге кезек берилмек. Мурда адабий талаш-тартышта аздыр-көптүр катышып жүргөнүмө карабастан, бул менин кыргыз жазуучуларынын дээрлик чогулган жеринде биринчи жолу чыгып сүйлөшүм, мындайча айтсам, дебютум. Ошондуктан чоочуркап, сүрдөп турганым да чын. Азиз Салиев өзү башкарып отурган. Чоң Москвадан Сергей Бородин (тарыхый романист) башкарган өзүнчө бир атайын топ келген. Анда ушуга окшогон чыгармачыл жыйылыштарда, пленумдарда Москвадан, чоң жазуучулар союзунан өзүнчө атайын топ келиши, Борбордук комитеттин идеология боюнча секретары, эң болбогондо тиешелүү бөлүм башчысы катышуусу сөзсүз зарыл. Булардан тышкары залда КГБнын өкүлү отурганы, болгондо да билинбей тымызын отурганы, эч кимге жашырын эмес болчу.

Мына ушундай “атмосферада”, туш-тушунан тиктеп турган жагдайда, өз оюңду, өз позицияңды каалагандай, эркиңче айтып көр. Кабыл алынган жол жоболордон, көрсөтмөлөрдөн, калыптардан кымындай эле чыгып кетсең ал сенин шоруң. Анын үстүнө, жыйналыш узакка созулгандыктанбы, кобур-собур көбөйүп, залдагы отургандардын тынчы кете баштаганда, Азиз Салиев алаксытайын дедиби, азыр кызыктуу доклад болот деп мени жарыялай салды. Ансыз да сүрдөп, кысталып отурсам, жетекчинин алдын-ала мени мактай салышы ого бетер ыңгайсыз абалда калтырды. Эл алдында, болгондо да биринен-бири өткөн кара жаак жазуучулардын алдында адабият маселеси боюнча биринчи жолку сүйлөшүм (дебютум) кандай кырдаалда башталганын айтпасам да түшүнүктүү. Доклад даярдоого мага берилген мөөнөт ал болсо, пленумдун жүрүшүндө күн кеч кирип, эл биротоло чарчаганда, сөз эң акырында берилсе, мындай абал дебютантка дайыма эле туш келе бербейт. Бул мен үчүн тагдырдын өзүнчө бир сыноосу экенин дал ошол трибунага чыгып баратканда сездим.

Орус жолдоштор айткандай калп сыпайгерчиликтин кереги жок, бир кыйла узакка созулган баяндама эмне үчүндүр угуучулар тарабынан кызыгуу менен, түшүнгөндүк менен кабыл алынды. Башкасын билбейм, отургандардын арасында баягыдан улам күчөп, жүрүп жаткан күбүр-шыбыр токтолуп, көңүл коюп угушту, анан акырында кол чабуулар (кол чабуу ал мезгилде өзүнчө бир жөрөлгө эле) жасалма эмес, табигый экени сезилип жатты. А.Салиев болсо, алдын ала айткан убада сөзү ордунан чыккандай, кубанганын ачык эле залга кайрадан кайрылып билдирип турду.

Балким, ушундай психологиялык “майда-чүйдөлөр”, арадан ушунча узак жылдар өтүп кеткенден кийин, кайдан жүрүп автордун эсинде калды экен деген сыяктуу түкшүмөлдөр болушу толук ыктымал. Кептин баары дал ушундай бир заматта көздөн учуп кетчү элестердин эстен чыкпай калышына өтө маанилүү, кайрадан кайталайын, “психологиялык” негиздер бар экенинде. Баарынан мурда, мен ал кезде, ар кандай жаш адамдай, көкүрөгүн өргө жиреген амбициядан дегеле тышкары эмес болчумун. Кызмат-абал жагынан да, жогоруда атайы басым коюп айттым го, көтөрүлө баштаган учурум. Адабий коомчулукта да атым билинип, айрымдар “эсептешип” калышкан. Демек, көпчүлүктүн алдында, тагыраак айтканда, жазуучулардын алдында бүгүлбөй, ийилбей дагы бир жолу өз даражамда “көрүнүү”, керек болсо кандайдыр бир мартабага ээ болуу максаты деле эч жашырын эмес болчу. Бирок, мен буга өзүмдү болгон чыгармачылык мүмкүнчүлүк менен гана жетишке аракеттенип, ошол мезгилдеги болгон түшүнүгүмдү, болгон билимимди аябай, толук жоопкерчиликте маани берип иштедим.

Арийне, ал мезгилдеги жасалган докладдын бир аз кыскартылып жарыяланган стенограммасын (“Ала Too”, 1957, №2) азыркы адабий сындын деңгээли менен салыштырганда иштелиш жагынан да, адабий талдоо жагынан да, дегеле адабиятка көз караш жагынан да толуп жаткан мүчүлүштөрдү издеп табууга болот. Стилдик кологойлук, адабий окуяга ошол учурдун жол-жобосу, эрежелери, көрсөтмөлөрү боюнча мамиле жасоо оңой эле сезилип турат. Бирок, ошондой болсо да, баяндаманын пафосунан, көздөгөн ачык максатынан нукура көркөмдүк үчүн, адабий тазалык үчүн болгон ак ниет дилден чыккан аракет демилге байкалбай койбойт. Мен өзүм аң-сезимдүү түрдө колдогу адабий фактылардын негизинде баяндаманын конструкциясын эки түйүндүү учурга байлаганым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Биринчиси, бүтүндөй баяндаманын пафосун түзгөн бекемдегич, адабиятка келген оң көрүнүш жагы, экинчиси, авторитетке, көзгө карабай түз айтылган, сынга алынган сол, тескери көрүнүш жагы. Белгилей кетчү өтө маанилүү бир учур бар, көркөм адабиятты мындай бир беткей “оң-сол”, “ак-кара” кылып карама-каршы коюу, бу баарынан мурда, ошол мезгилдеги көркөм процессте ачыкка чыга баштаган тенденциянын, фактылардын негизинде иштелип чыккан концепция болчу. Азыр ойлойм, узагыраак сүйлөнгөн сөз (анда докладдар 1-2 сааттын тегерегинде болушу өнөкөт, кабыл алынган тартип эле) ушундай ачыктан-ачык антитеза түрүндө түзүлгөндүктөн, ал анча жадатма болбой, бир кыйла жандуу да, уккулуктуу да, ал турмак айрым учурда эффективдүү да болду окшойт.

Баяндамада Н.Байтемировдун, К.Каимовдун, А.Убукеевдин, Т.Абдумомуновдун аңгемелери туурасында кеңири сөз болгон эле. Мындай болушу табигый иш, анткени 50-жылдарда кыргыз аңгемесин мазмун жагынан да, форма жагынан да жаңылоого аракет жасагандар ошолор. Бирок, мунун баары адабий процесстин фону, жалпы картинасы гана. Кантсе да баяндаманын эң биринчи түйүндүү жерин, мындайча айтканда кульминациясын, ал убакта мындай деңгээлде сөз боло элек, мындай деңгээлде аты чыга элек, Чыңгыз Айтматов ээлептир. Ушундан көп узабай эле дүйнөнү дүңгүрөткөн “Жамийла” таңкы чолпон жылдыздай жаркырап кыргыз адабиятынын асманынан чыгып келери анда кимдин оюна келиптир. Кеп “Жамийлада” эмес, андан кийин жаралган шедеврлерде да эмес, маселенин маңызы чыгармачылык катарга кошулбаган, эсепке алынбаган эң биринчи иретте кыргызча жазылган (муну мен атайы басым коюп айтып жатам) ушул үч аңгемеде (“Ак жаан”, “Түнкү сугат”, “Асма көпүрө”). Эки, үчтөн китеби чыгып кадыресе кыргыз жазуучуларынын жалпы тизмесине кошулуп калган Т.Абдумомунов, Н.Байтемиров, К.Каимов ж.б., “адабий фон”, “жалпы картина” катарында мүнөздөлүп, адабий көркөм процесстин негизги персонажы маанисинде жаш Чыңгызды (журналга жарыяланган үч аңгемеге таянып) алып чыгышка менин укугум бар беле, же бул өзүңчө эле аша чапкандык беле. Көрсө, аша чапкандык эмес экен, мен туура жолго түшүптүрмүн. Мына ошондуктан мен Баатырбек Аманалиев курбума, замандашыма ушу күнгө чейин ыраазылыгым билдирем, мага “жаш Чыңгызды” дал учурунда таап бергенине, болбосо, ошол журналдар үстөлүмдө эле жатыптыр, албетте көргөнмүн, көңүл коштук же текеберлик кылгам, айтор окуган эмесмин, эгер ошондо Баатырбек экөөбүз шахмат ойноп жатканда колума апкелип карматпаса, балким кайрылмак да эмесмин. Көрсө, Баатырбек мени тээ алыстан “кайрып” келип, туура жолго салып коюптур.

Азыр журналдык публикацияны окуп көрсөм, канткен менен докладдын чордондуу чекити, негизги каарманы Ч.Айтматов болуптур. Алигиче бир дагы китеби жарык көрө элек, бар болгону “Ала Too” журналына жарыяланган үч аңгеменин авторуна төмөндөгүдөй мүнөздөмө берилип, кескин корутундулар чыгарылыптыр: 1) “Ч.Айтматов аңгемечи катарында өтө сараң жазуучу. Ал жай жазат, шашпай жазат, бирок ойлуу жана негиздүү жазат”; 2) “Ч.Айтматовдун аңгемелери сюжет куруу боюнча, образдарды шөкөттөө боюнча кыргыз жазуучуларынын ичинен айрыкча айырмаланып турат”; 3) “Чыныгы жазуучу бул окуяны, дал ушундай гана бүтүрмөк”. Бул жерде сөз үч аңгеме “Ак жаан”, “Түнкү сугат”, “Асма көпүрө” жөнүндө гана баратат. Мына ушул үч аңгеменин негизинде “жаш автор”, “жаш жазуучу” делинбей (чынында ошондой айтылыш керек эле), түздөн-түз эле кадимки жазуучулардын кошунуна кошуп, кошкондо да “чыныгы”, “айырмалуу”, “оригиналдуу”, “ойлуу”, “негиздүү” сыяктанган эпитеттер менен аныктап мүнөздөөгө, дегеле ушундай тикелей кесе ишенимдүүлүк айтышка негиз бар беле. “Гүлсарат” менен “Ак кемени” айтпай эле коелу, берки “Бетме бет” менен “Жамийла” повесттеринен дайын жок кезде. Жок, жаш Чыңгыздын келечегин алдын-ала көрө билгем деген ойдон алысмын. Жаш жазуучунун сөз болуп жаткан үч аңгемеси ошол адабий кырдаал үчүн жаңылыктай экени, кыйла жагынан оригиналдуу экени, а мен үчүн күтүүсүздүк болгону азыр да талашсыз. Ал эми ошону туура баамдап, өз учурунда балким апыртылып, балким ашырмалап болсо да, дал ошондой мааниде айтылып калганы жаш автор үчүн да, мен үчүн да жакшы эле болгон экен. Мени бул ойго Ч.Айтматовдун бир макаласында айтылган сөздөр аргасыздан апкелди. Ал мындайча: “Бирок мен адабий сындын маанисин бөтөнчө белгилеп айткым келет. Өзүнүн чыгармачылык жолунда чыгармаларына карата болгон сын мамиле менен, же ошол сынды кесип кылган адамдар менен кездешпеген бир дагы жазуучу, адабиятчы болбойт эмеспи. Мындай карым-катыш байланыштар ар түрдүүчө болот. Меники адегенде эле кандайдыр бир бактылуу башталды деп айтсам болот, анткени мен өзүм менен теңтуш, табиятынан сынга таланттуу адамды жолуктурдум. Мен Кеңешбек Асаналиев жөнүндө айтып жатам. Кеңешбек Асаналиев адабий турмушка мени менен бир катар киришти, ал өзүнүн сынчыл ой жүгүртүүсүн, чеберчилигин көпчүлүк учурларда менин чыгармачылыгымды талдоо аркылуу өнүктүрдү деп ойлойм. Ал дагы мага кыргыз адабиятынан алган ордумду жана максатымды түшүнүүдө күчтүү таасир берди”. (“Искусство и человек”. Фрунзе: Илим, 1981,16-бет).

Маселен, ушул сөздөрдү жаш Чыңгыздын өзүнө карата мен жазсам абдан ылайыктуу болор эле. Чынында да Чыңгыздын адабиятка келиши, адабий жолунун башталышы кыргыз адабиятынын ошол учурдагы кырдаалын түп-тамырынан бери өзгөрткөн өзүнчө бир күтүүсүз окуя болду.

Пленумдагы менин баяндамамдын экинчи бир түйүндүү жери, болгондо да катуу сынга дуушар болгон жери Смар Шимеевдин “Алтын булак” деген аңгемелер китеби болду. Эгерде бул китептин автору катардагы эле жазуучу болсо (маселен, С.Сасыкбаев, А.Убукеев, Н.Байтемиров жөнүндө деле сын пикирлер айтылган болчу) анда анчейин таасир калтырбайт эле деп ойлойм. Кеп, С.Шимеев ошол учурда катардагылар эмес болуп жатканында. Ал кантсе да жазуучулар союзунун көрүнүктүү активдеринин бири, “Ала Too” журналынын редактору, өзүмдүн баяндамамда С.Шимеевдин китебинен мисал келтирип, сынга алып жатсам, президиумда отурган Борбордук комтеттин идеология боюнча секретары М.Абдыгулов күтүлбөгөн жерден: “Н.С.Хрущев айткандай мындай китептерди уктап кетпес үчүн, өзүңдү ийне менен сайгылап отурушуң керек” деп реплика берип жибербеспи. Сын катуу болгонун ошондо сездим. Арадан көп деле убакыт өтпөй, пленумдан кийин, тезинен эле, чукулунан десем да болот “уюштуруу жыйынтыгы” чыгарылып, С.Шимеев редакторлук кызматынан бошоп каларын мен эч качан күткөн эмесмин. Чынында бул менин сыныман чыккан жыйынтык эмес, менин сыным бул жөн гана “шылтоо”, а чынында башка иш бар.

Ушул жагдайда ошол учурдагы кыргыз жазуучулар союзунда пайда болгон өзүнчө бир адабий кырдаалды эскербей кетүүгө болбойт. Маселе мында. Ошол 1956-жылы “Ала Too” журналынын №7 санына А.Токомбаевдин “Бетме-бет кеңири кеңешели” деген сын макаласы жарыяланган эле. Бул макала Т.Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” романына арналып, кыргыз прозасынын өз учурундагы эң көрүнүктүү чыгармасын баштан- аяк жокко чыгаруу максатында жазылган. Ошентип, ошол мезгилдин адабий коомчулугунун тили менен айтканда “эки дөөнүн” кармашы башталып турган учур болчу. Мен бул маселеге өз кезегинде өзүнчө кеңири токтоло турган болгондон кийин, азырынча ушул кабар менен гана чектелейин. Кыргыз адабий коомчулугунда, бул өзгөчө жагдайды атайы эскере кеткен себебим бар. Менин сынымдан кийин С.Шимеевдин кызматтан тез эле бошоп калышы (А.Салиевдин сүймөнчүк адамдарынын бири экенине карабастан) сындан чыгарылган “уюштуруу жыйынтыгы” эмес. Сын жөн гана “шынаа” болуш керек, өз учурунда, өз адресине таасын коюлган. Чынында С.Шимеев эч качан прозаик болгон эмес. Лирикалык ыр жазууга белгилүү өлчөмдө шыгы, жөндөмү бар эле. Ал эми “Алтын булак” аттуу аңгемелер, очерктер китеби, бул жөн эле гонорар үчүн жазылган китеп экени талашсыз. Менин көзүмө бул автордун чалынып калганы да ушул жагынан болгон. С.Шимеевдин күтүлбөгөн жерден редактордук орундан “ыргып” кетишинин кантсе да бир “куйкумдуу” жери бар экенин кийинчерээк байкап калдым. “Ала Too” журналына ошол убакта Ж.Самагановдун аябай курч жазылган (ошол кишиге мүнөздүү болгон саясий айыптоолор менен) А.Токомбаевге каршы макаласы чыгып жатып, корректурасынан “түшүп” калыптыр деп угуп калдык. Эгерде ушул чын болсо, анда С.Шимеевдин кызматтан бошоп калышы ушул макалага байланыштуу го деп ойлойм. “Эки дөө жөөлөшөт, ортодо кара чымын кырылат” болгон болуу керек. Биринчи дөө (Т.Сыдыкбеков) макаланын чыгышын жактап, экинчи дөө (А.Токомбаев) болсо ага каршы болуп, эки ортодо бечара редактор жапа чеккени толук ыктымал, жанагы мен айткан “куйкум” дал ушу жерде.

Жогоруда эскертилгендей менин баяндамам жыйылыштын акырында болуп, кеч тарадык. Өмүрүмдө президиумда биринчи отурушум (акыркысы деле ошо болуш керек), президиум үчүн даярдалган оокаттан биринчи даам татышым. Жыйналыш бүтүп калганда К.Жантөшев кайрылып, чогуу кетебиз деп калды. Көрсө, Москвалыктарды конокко чакырып, мени да кошуп койгон экен. Кысталып, кыйналып алар даяр болгончо күтүп турайын деп, сыртка чыктым. Эл тарай баштаптыр. Аңгыча болбой узун бойлуу, арык чырай бир жаш жигит алдыман тосуп салам айтып калды. Мурда дегеле көргөн кишим эмес. Жанындагы толмочураак келген кызды №5 кыргыз opтo мектебинде окуп жүргөнүмдө көрүп калчу элем. Жанагы жаш жигит өзүнүн катуу толкундаганын ачык эле билдирип, колумдан алып куттуктап, ыраазычылыгын айтып жатты. Көрсө, мен курактуу бул жигит “ашык-кеми жок” Чыңгыздын дал өзү экен. Мына тагдыр деген.

Ошондо менин алдымда кыргыз сөз искусствосун мурда болуп көрбөгөндөй жолго салып, көркөм өнөрдүн биз биле элек, биз туя элек, ойго келбеген сырларын ача турган бөтөнчө бир жаралган инсан турганын мен кайдан билдим. Менин алдымда жаш жагынан курбалдаш, бирок жазуучулукка саал кечигип киришкен, белгисиз бир жаш автор турду да. А мен болсом аз да болсо атым чыгып, Т.Сыдыкбековдун өзү менен мамиле жасап дегендей, адабий чөйрөгө билинип калгам. Анын үстүнө дал ошол күндүн “жарышынан” чыгып келген “күлүгү” да болуп турган учурум. Бирок, ошондо Чыңгыз экөөбүздүн арабызда кандайдыр бир бөлүп-жарып турган аралык, дистанция болгон жок. Эмне үчүн экенин билбейм, а балким адабиятка болгон мамилебиздин ошондо эле жакындыгынандыр, айтор, мурдатан эле көрүшүп жүргөндөй, мурдатан эле тааныш адамдардай жолугуштук. Мен антип-минтип ага чыгармачыл ийгилик каалап, ары-бери сөз айтканча, конокторун ээрчитип К.Жантөшев көрүнүп калды. Ч.Айтматов мени менен кош айтышып, жанындагы кызды колтуктап басып кетти. Мына ошондон кийин Ч.Айтматов менен бир кыйлага чейин көрүшпөй да калдым, жарыкка чыккан жаңы чыгармаларын да жолуктурбадым. Көрсө, ал ошол пленумдан кийин көп узабай эле Москвадагы адабий институтка окууга кетиптир.