Кеңешбек Асаналиев “Китеп кумары”

Китептин түгөнгүс асыл-наркы жөнүндөгү ушул жөпжөнөкөй, бирок эң бир таза айтылган чындыкка башкалар эрте жетсе жеткендир, мен өзүм кечигип, өтө эле кечигип жеттим. Бала кезимен бир тууган Гриммдердин, Ханс Кристиан Андерсендин жомокторун окуп, Пушкин менен Лермонтовду жаттап чоңоюп, жетилген үй-бүлөдө төрөлгөн жокмун. Бул жарык дүйнөдө Гомер менен Данте, Сервантес менен Шекспир, Лев Толстой менен Федор Достоевский бар экенин кадыресе эрезеге жетип, Кыргыз пединституттун тил жана адабият бөлүмүндө окуп жүргөнүмдө зорго билдим.

Маселен, Аргентинанын улуу жазуучусу Хорхе Луис Борхес “бейишти мен китепканага окшоштурам” деп жазганы бар. Бул салыштыруу түк бекеринен чыкпаптыр. Көрсө, ал жарык дүйнөгө келгенде эле китепкананын дүйнөсүнө туш келип, ошондой атмосферада дем алып, чоңойгон экен. Эч кандай күмөн жок, Борхес жаралышынан эле айрыкча таланттуу. Ошого жараша, ал төрөлгөн чөйрө да анын индивидуалдуу өзгөчөлүгүнө эриш-аркак, шайкеш келиптир. Ошондуктан бала кезинде эле англис тилин эң жакшы өздөштүрүп, алты жашында Стивенсонду окуп, сегиз жашында Уайльдды которгону дегеле кокусунан эмес.

Артыкбаш болбос, дагы бир мүнөздүү мисал келтирейин. Орустун эң бир атактуу философторунун бири Николай Бердяев “өзүмдү таанып-билүү” деген автобиографиялык –философиялык трактатында өтө жаш бала чагынан эле “Согуш жана тынчтыкты” окуганын, ошондой эле ойноп жүргөн куурчагын Андрей Болконскийге айландырып алганын эскерет. Он төрт жашында эле Шопенгауэрдин, Канттын жана Гегельдин чыгармаларын кадимкидей окуй баштаганын, атасынын китепканасынан Канттын “Нукура аң-сезимди сындоо” (“Критика чистого разума”), Гегельдин “Рух философиясы” (“Философия духа”) деген китептерин издеп таап алганы жөнүндө билдирет.

Байкап жатасыздар го, мен бул жерде турмушта, адам баласынын тагдырында өтө сейрек кездешчү кырдаалдарга атайы басым коюп жатам. Аргентиналык Борхеске, Россиялык Бердяевге окшоп бала кезинен классиктерди окуп, дүйнөнү таанып-биле баштагандар реалдуу турмуш-жашоодо өтө эле чанда кездешет, алар дал ошондой түрдө, дал ошондой тагдырга туулуп, жаралышат. Тагдыр тагдырга эч качан окшобойт. Андай болсо мен эмне үчүн ушундай феноменалдуу мисалдарга кайрылып жатам. Сөз түйүнү ушунда.

Апам биринчи жолу мага сатып келген китеби, М.Горькийдин “Эне” деген китеби, жайы менен безгектен айыккыча аябай эле “эрмек” болду. “Эрмек” эле болдубу, жок бул менин тагдырым экен.  Апам байкуш кайдан билсин, дал ушул “ Эне”деген китеп дүйнөлүк көркөм процессте жаңы доор ачкан, болгондо да социалисттик реализм адабияты деп аталган жаңы доор ачкан чыгарманы мага, келечекте ошол адабияттын ар түркүн кырдаалдарында бирге, кошо болуп, ошол тагдыр менен жашай турган, бирок азыр ал жөнүндө эч кабары жок, аны дегеле билбеген, туйбаган жалгыз баласынын тагдыры дал ушул китеп болорун кайдан билсин. Бул эмне жазмышбы…

Кийинчерээк өспүрүм кезимде кездешкен экинчи китеп Касымаалы Жантөшевдин котормосунда жарыяланган Н.Островскийдин “Болот кантип курчуду” деген романы болду. Бул китеп мага 1941-жылы 6-классты бүтүп жатканда дирекция тарабынан сыйлык катарында берилген эле. Ошон үчүн ал мага өзүнчө олжо, асыл мүлк катары бааланчу. Кудум эң аялуу буюмдай кирдебесин, айрылбасын дегенсип сыртынан ак кагаз менен ороп, кастарлуу жерде сактап жүрдүм. Ошол жылы жайында Улуу Ата Мекендик согуш башталып, мурдагы агайларыбыздын бир тобу дароо эле аскерге  жөнөп кетишти. Алардын ордуна бизден бир аз, бир аз  улуураак, көрсө, Фрунзедеги педтехникумду жаңыдан бүткөндөр экен, айтор, мектебибиз жаш мугалимдерге (жаш кыздар, жаш жигиттер) толуп кетиптир. Ошолордун ичинен тарых, географиядан сабак берген Бакир деген (фамилиясы эсимде жок) кара чырай жаш жигит биздин үйдө туруп калды. Окуу жылы жаңыдан башталган, бир күнү сабактан бошоп үйгө келсем, баягы бапестеп, таптаза сактап жүргөн китебимди алыптыр да, титулундагы “Болот кантип курчуду” дегенди сызып, анын ордуна “Болот кантип чыңалды” деп химический сыя менен балчайтып гана жазып салыптыр. Көзүмөн жаш атып кетти көрүнөт. Аздектеп сактаган дүнүйө-мүлкүм бир заматта, көз ачып жумгуча бузулуп, кыйрап калгандай туюлду. Эгер муну кылган жаңыдан келген жаш мугалим эмес,  мугалим болгондо да өтө билимдүү, өзгөчө география сабагынан биз укпаган аралдарды, өзөндөрдү, тоолорду, булуңдарды, өлкөлөрдү картадан көрсөтүп, ар бир сабакта улам жаңы “бирдемелерди” үйрөткөн, баарыбызга, 7-класстын окуучуларына бирдей жагып калган мугалим эмес, башка бирөө болгондо, тим эле өлбөгөн жерден калмакмын. Айла жок, кадырлап-сыйлаган Бакир агай экен, ылдый карадым да, капалык ызалыгымды билгизбөөгө аракет кылып, “а эмне үчүн мындай” дегенге араң жарадым. Ошондо Бакир агайдын “болот курчубайт, болот чыңалат” деген кескин жообу кудум атылган октой мерчемине дал тийсе керек, ошол сөздөр дале эсимде. Мен үчүн ал мезгилде кандай гана китеп болбосун, анда эмне гана жазылбасын, анын баары текши эч катасыз, эч күмөнсүз, эч качан өзгөрүлбөс чындыктай көрүнчү.

Мага бул жолу Бакир агайдын Китепке карата болгон чечкиндүү, айтар элем, өтө эле өзүнө ишенимдүү, сын мамилеси катуу таасир этип, ойгоно элек уйкудагы кыял-сезимдериме бүлүк салды. Кантип эле ушунча атагы чыккан китепте кандайдыр бир жаңылыштык кетсин, бул суроо мен үчүн түйүндөрдүн түйүнү экени талашсыз.

“Китеп” деген буюм мага бир белгисиз ааламдан түшкөн, башкача бир жаралган  шумдуктуу адамдардын колунан шөкөттөлүп чыккан сыйкыр көрүнүш эле.

Улуу Ата Мекендик согуштун башталган экинчи жылы болчу. Мектептеги окуу баягыдай болбой калды. Мугалимдердин көбү аскерге кетишкен. Алардын ордуна келген жаш мугалимдер да  мобилизацияга туш болду. Ошол жылы 1-сентябрда мектепке, 7-класска келсек, мурдагы салт боюнча окуу башталган жок, бир аз жыйналыш өңдөнгөн бирдеме болду да, колхоздун талаасына жумушка алып кетишти.

Ошентип, баш көтөргөн кол-буту бүтүн эркектердин баары аскерде, согушта. Чолок болуп, жарадар  болуп бирин-серин кайткандары бар, болбосо   айылда шагыраган   эле абышка, кемпирлер, анан жаш өспүрүмдөр, балдар.

Эми, биз ошол жаш өспүрүмдөр, Чыңгыз Айтматовдун эрте келген турналарындай, араба айдап, соко кармадык. Мен дагы кант заводко кызылча ташып араба айдап, күздүк айдап соко кармадым, мала тарттым. Башка түшкөн турмуш азабынын оордугунан болуш керек, кечээ эле күйүп-жанган китеп дегенди унуттум. Баягы аздектеп сактаган китептерим, окуу куралдарым кайда калганын билбейм, кышында темир меш жакчубуз, апам отунду тутандырыш үчүн китептеримди тамызгы кылып, жагып койсо керек. Китеп жөнүндө ойлоо кайда, анын үстүнө айылыбыздагы мектеп жети жылдык эле болчу, окууну улантыш үчүн, Асылбаш айылына, же төмөнкү сайга барыш керек, андай мүмкүнчүлүк менде жок. Апам экөөбүз үчүн эң негизгиси эптеп жан сактоо, күн өткөрүү. Павел Корчагинди окуганда ошондой каардуу тагдырга учураган адамдын тынымсыз өжөр иш-аракетине, келечектен үмүт үзбөгөн ишенимине таң калып, баш ийгем. Аны туурамак кайда, “араба айдап, соко кармоо” тагдырым ушул экен деп бүтүм жасагам ошондо, өзүм жөнүндө.

Аңгыча, менин тагдырыма күтүлбөгөндөй кескин бурулуш болгонго окшоду. Жаңы жыл (1942) жакындап, айылдык советтин эл каттоосу жүргүзүлмөк  болуптур. Айылдагы кат-сабаттуу каттоочулардын составын селсоветте иликтеп, тактап, мени да ошолордун катарына жаңыдан кошушкан экен. Жаңы жылдан кийин дароо каттоого кириштик. Мен өз айылымды төмөнкү Карбоз айылынан баштап, жогорку тоонун этегиндеги Конушка чейин камтып, ирээтке келтирип каттап чыктым. Каттоо бүтөр замат толтурулган “книжкаларды” сельсоветке өткөрүп бердик.

Арадан көп деле убакыт өткөн жок, жогоруда мен эскерткен сельсоветтин төрагасы Түкбашев Жумагул конторуна чакыртып жибериптир. Апам коркуп кетти, эмне болуп кетти, баягыда дагы бирдемкесин ката  жазып койгонсуң го, деп. Болбой, ээрчип кошо барды, контора биздин үйдөн анча алыс эмес болчу. Көрсө, каттоодогу менин жазгандарым төрагага аябай жагып калыптыр, мени секретарлыкка үйрөнчүк катарында дайындамак болуптур. Чынын айтайын, мындай иш менин оюма да келген эмес, жазды, жайды, күздү араба айдап, мала тартып, соко кармап жүрүп, жазганды аябай сагынып калган окшойм, жөн эле иштегим келип, жазгым келип, анын үстүнө биринчи жолу жоопкерчиликтүү иш берилгенин түшүнүп, колуман келишинче жан дилим менен иштедим.

Сельсоветтин секретары болуп бекигенден кийин, эми бардыгы бүттү дедим. “Китеп” дегенди унуттум, кол үздүм. Согуш  каргышы ого бетер басты. Баарына көндүм, баарына баш ийдим. Билгеним, көргөн бакканым справкалардын түрлөрүн жазуу, токтом, келишим, отчет даярдоо, булардын ар  биринин шаблону бар, ал шаблондордун ар бирин жатка билем, жазууга туура келсе, эч кыйналбайм, даяр шаблонго түшүрө коем.

Ошентип, баарын унутуп, баарынан кол жууп, даяр справка жазуу менен чектелген шаблонго, шаблон жолуна толук өтүп, “болуш”, “жаш болуш” аталып жүргөн чагымда күтүлбөгөн шумдук окуя болду. Бул, эч кандай апыртуусуз тагдыр. Биздин “Октябрь” атындагы колхозго бухгалтер бир жаш кыргыз жигит келиптир, деп угуп калдым. Келген жигит алыс деле эмес, биздин эң жакын коңшубуз Жолдошалы дегендин үйүндө экен. 1944-жыл болуш керек эле. Жаз алды. Күндүз кар эрип, кечке маал тоңголок тартып  калат. Ошол  жолу күн бата кызматтан чыктым да, тору кунанымды колхоздун атканасына байлап коюп, үйгө кирбей түз эле күүгүм кире Жолдошаалыныкына кирип бардым. Максатым баягы бухгалтер болуп келген “жаш жигитти” көрүп, мүмкүн болсо таанышып алыш. Кирип барсам, ошол бухгалтер жаш жигит эки терезенин ортосуна отуруп алып, алдында үлпүлдөп күйгөн чырак бар, китеп окуп отурат. Мындай китепти биринчи көрүшүм, форматы кичинекей, бирок бир топ эле калың, мукабаcы кыпкызыл. Же үлпүлдөп күйгөн чырактын жарыгында мага балким ошондой болуп көрүндү. Салам айттым да, жанына чукулдай отурдум. Саламдан кийин каада-салт боюнча аты-жөнүн суроонун ордуна, чыдабай кеттим окшойт, бул “эмне китеп” деп, жооп күтүп карап калдым. Менин маңдайымда отурган кара торусунан келген  сулууча жапжаш жигит кандайдыр бир үнүн кыраат менен чыгарып “Фойербах” (мен анын ошондогу айтылышы менен жазып атам) дегендин китеби, немец философу. Анан ушул “Фойербах” деген аталышка атайы маани бергендей орус тилинде “Огненная речка” деп кошумчалап койду.

Бул жапжаш жигит азыркы философия илимдеринин кандидаты Медер Жанузаков экен. Ал республикадагы көрүнүктүү  философтордун бири, жакшы эле өнүккөн интеллектуал, ошондогу согуш мезгилиндеги Жолдошалынын үйүндө отурган, кызыл китеби бар жапжаш, караторусунан келген сулууча жигиттер мага азыр эч кандай таасир бере албайт. Ошондо, ала шалбырт эрте жаздын кечинде мен биринчи жолу угуп отурган дегеле тааныш эмес, дегеле мурда уккан эмес ысым (“Фойербах”), анын үстүнө кандайдыр бир айрыкча кыраат менен айтылган ысым (балким, немец тилинин акценти менен айтса керек) ошондогу менин жан дүйнөмдү бүтүндөй көмкөрүп, астын-үстүн кылгандай болду. Баарынан мурда “философ” деген эмне, “Фойербах” деген ким, анан биз дал ушул азыр да немецтер менен үч жылдан бери кан төгүшүп, согушуп жатсак, “немец философунун”  китебин орусча окуп жүргөн, бул өзү кандай неме деген суроолор биринин артынан бири келе берди. Анда бул катары менен келген суроолорго жооп тапмак кайда, тек гана бул дүйнөдө мен билбеген, мен укпаган, мен көрбөгөн укмуштар бар экен го (Сельсоветке секретарь болгондо эле баарын билип алгансып дердейбей), баарынан да менден бир аз эле улуу, көп болсо 2-3 жаш, ушул мага окшогон  эле кыргыз баласы немец философу “Фойербахты” билет да, а мен эмне үчүн бул билимден кашайып калгам деп жаным ачып, ичим күйүп-өрттөнүп турдум.

Көрсө, менде алдыга койгон ачык-айкын максат жок, демилгесиз, турмуш-тиричилик муктаждыгы кандай жол көрсөтсө, ошол тарапка аң-сезимсиз эле багыт алып, күнүмдүк күү менен жашап келатыптырмын. Өзүңдү, өзүң аркылуу дүйнөнү таанып-билүү, бул туруксуз кыймыл аракет экендигин, ал кыймыл аракет аң-сезимдүү түрдө ачык, даана көрүнгөн “алыскы жылдызга” карай умтулуу экенин мен али капарыма албаптырмын. Китепке карата болгон кумарым бир күчөп, жалындап турганы, бир туруп жоголуп, өчүп калганы дал ошол так ориентирдин жоктугунан го.

Бирок, дал ушул кездешүү, Жолдошалынын үйүндө жөн эле кармалап көргөн кыпкызыл китеп мен үчүн, менин тагдырымдагы өзүнчө бир козголоң баштаган, бурулуш окуя десем түк аша чаппайм. Анткени дал ошол козголоңдуу окуядан кийин, эмне болсо да окууну кайрадан улантам деген бүтүмгө келдим.

Көрсө, тагдыр деген бар экен. Бул философия меники эмес, толугу бойдон Ч.Айтматовдуку. “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестинде “тагдырдын да тагдыры бар” дегендей афоризм бар. Албетте мунун уңгу мааниси сюжеттик өнүгүүдө, кырдаалдарда чечмеленип берилген. Повесть боюнча деңизге аң улоого чыккан балыкчылар, үч эркек аргасыз калышканда Баланын – өспүрүмдүн өмүрүн сакташ үчүн үчөө тең өз эрки менен биринин артынан бири кезектешип, сууга чөгүп кетишет. Кириск ойгонсо өзү жалгыз, ың-жыңсыз, кулак мурун кескендей тып-тынч. Ушундай жагдайда деңиздин туңгуюк, учу-кыйры жок мейкиндигинде жападан жалгыз калган Кириск жөнүндө “тагдырдын да тагдыры бар” деп жыйынтыктайт. Албетте, бул миф, миф менен шөкөттөлгөн реалдуулук. Дал ушундай алынган көркөм шарттуулуктун негизинде, аңгыча болбой, атасы Эмрайн – жылдызга, чоң атасы Орган – шамалга, акеси Мылгун – толкунга айланып, Кирискти бат эле жээкке, болгондо да өзүнүн “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” аралына алып чыгат. Арийне, Кирисктин тагдыры менен ошондой эле багыты да, максаты да жок, согуштун оор жылдарында эптеп күн көрүүдөн башка санаасы жок менин тагдырымдын ортосунда эч кандай жакындык жок. Мен муну жакшы билем. Ошондой болсо да ар бир тирүү жандын жазмышына жазылган кандайдыр бир жазылганы бар экенине кийин, жашым аябай эле жетилгенде ишенип калдым.

Бир күнү өзүнөн-өзү эле, Кирисктин айланасын бүт чулгап алган туманды айдап тараткан Органдын шамалындай болуп, коңшу тоонун батыш этегиндеги Асылбаш айылындагы орто мектептин директору Баатыркан Шадыканов (атын да, фамилиясын да эсимде калган боюнча жазып жатам) деген аксакал биздин конторага келип калды. Согушка чейин бул адам Фрунзе шаарындагы даңазалуу №5 кыргыз орто мектебинин директору болуп иштеген. Айтор айылдагы билимдүү, кадырман карыялардан. Атам менен бирге иштешкенби, же баскан жолдору бирдейби, айтор атамды жакшы тааныйт экен, мени көргөн жерден эле “молдокенин баласы” деп эркелетип калчу.   Ошону эсепке алдым да, мен да оңой “дипломат” эмес экенмин, Баатыркан аксакалга окуу жөнүндөгү оюмду жаап-жашырбай ачык айтсам согуш бүткөндөн кийин кел, балам, буюрса жакында бүтөт, №5 орто мектепке жардам берем деди. Кыскасы, “атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” деп  кыргыздар акылмандык менен эле айтышкан окшойт, ошо аксакалдын тикеден-тике жардамы менен Фрунзедеги №5 кыргыз орто мектебинин 10-классына кирип, 1945-46 окуу жылында аттестатка ээ болдум.

Айтор, эптеп он жылдыкты бүттүм. Окуп жүргөндө таанышкан Баатырбек Аманалиев деген жаш жигит, (кийин көрүнүктүү окумуштуу-философ болду) экөөбүз аттестат таратып жатканда бир жерде туруп калыптырбыз, чала моңол сүйлөштүк да, колубузга аттестат тиер замат Мединститутка жөнөдүк. Врач болуу максаты дегеле оюма келчү эмес.

Азыркы Тоголок Молдо көчөсү менен Москва көчөсүнүн кеилишкен жериндеги ошол учурдун эң кооз имаратына келип, түз эле кирип бардык. Биринчи кабаттан эле мурдубузга бир укмуш жыттар келип сокту. Эмне кыларыбызды билбей, бири-бирибизди карадык да, кайрадан атып чыктык. Экинчи кайрылганыбыз жок. Түз эле интернатка келсек, балдар түшкү тамакты оокаттанып жатыптыр. Столдун башында кара чачын арка, желкесине чейин тараган, кара сулуусунан келген келишимдүү, сымбаттуу киши үнүн бийик чыгарып, бакылдап сүйлөп жатат. Бүтүп калган окшойт, акырында кадимки эле артистерче мимика жандоо, кыймыл-аракеттер менен шөкөттөп кооздоп, “филолог болом” десең жол мына, “тарыхчы болом” эшик ачык, “математик болом” десең мынакей деп, ой-бойго койбой аттестаттарды ошол эле жерден жыйып ала баштады. Балким анын чечендик өнөрүнө бекидикпи, же кандайдыр бир жылдыздуу, мээримдүү көз карашы тартып кеттиби, ойлонуп отурганыбыз жок. Баатырбек тарых факультетине, мен тил жана адабиятка деп тизмеге жазылып койдук. Көрсө, бул киши Пединституттун эң авторитеттүү мугалимдеринин бири – Кулдашев деген экен. Ошентип, тагдыр буйруп, ушинтип айтышка тийишмин, мындай болору дегеле оюма келчү эмес, 1946-жылы Пединституттун тил жана адабият факультетинин студенти болуп калдым. Ушундан баштап, менин өмүрүмдө кандайдыр бир белгилүү максатка багытталган учур башталдыбы деп ойлойм.

“Адабий айкаш” китебинен