Казак акыны Гүлбакыт Касендин адабий кечеси өтөт

2021-жылдын 29-октябрында саат 11:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Абай залында Казакстан жазуучулар бирикмесинин мүчөсү, акын, котормочу Гүлбакыт Касендин “Ыр тумарым” аттуу адабий кечеси өтөт. Бул кечеде автордун “Күнтумар” китебинин бет ачары болот. Жалпы күйөрмандарды поэзия кечеге чакырабыз.

Гүлбакыт Токтан кызы Касен 1975-жылы Казакстандын Алматы облусунда жарык дүйнөгө келген. И.Жансүгүров атындагы Жети-суу мамлекеттик университетинин филология факультетин (1996), Ө.Жолдасбеков атындагы Укук жана экономика академиясынын мыйзам факультетин (2011) аяктаган. 1995-2008-жылдары мектепте мугалим, окуу иштери боюнча директордун орун басары, колледжде методика боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 2008-2015-жылдары Алматы облусунун тилди өнүктүрүү башкармалыгында башкы адис, тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2015-2020-жылдар аралыгында Алматы облусунун акимчилигинин уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүндө облус акиминин башкы инспектору, облустук билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенген. Учурда “Алматы облусунун акиминин аппараты” мамлекеттик мекемесинде облус акиминин башкы инспектору кызматын аркалайт. “Алуа”, “Бакыт гүлү”, “Куш канаты”, “Жүрөгүмдүн каттары” ыр жыйнактары, “Күнтумар-Айтумар” аттуу кыргыз тилинде котормо китеби жарык көргөн. 2020-жылы “Кечиккен кездешүү” аттуу ыр жыйнагына грузин эл акыны М.Гонашвилинин ырлары кирген. Акын кыргыз, азербайжан, грузин, якут, француз жана жапон акындарынын ырларын которсо, автордун ырлары кыргыз, түрк, азербайжан жана француз тилдерине которулган. Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Эрен эмгеги үчүн” медалы жана “Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы” медалы менен сыйланган.