Касым Каимов: Анарбайдын көпүрөсү

Анарбайдын көпүрөсү

Аңгеме

Тоо суусу миң кыялдуу. Аны сүйбөй койбойсуң, махабаттын азабына кайылсың.

Кырка тоолордун мээримдүү койнунда мемиреген кең өрөөндүн көркүн ачып, атагын көкөлөтүп, кыял күүсүн козгогон – анын шар суусу менен көк-жашыл токою. Өзөн бойлоп, кыркалекей тартып шуудураган токой кээде тирелишип, жыш, кээде суюлуп, өрөөндүн этегине жетпей түгөнөт. Өзөн болсо сай-сайдан куйган туура суулар менен кубаттанып, тоонун деми жана эпкини сүрөп, өрөөндүн чегинен алыска, чексиз мейкиндикке сапар тартат.

Бул өрөөндүн табиятынын дагы бир өзгөчөлүгү: көкүрөк жагы дагы, этек жагы да ачакей, тагыраак айтканда, ал чакан эки өрөөндөн биригишип башталып, чакан эки өрөөнгө бөлүнүшүп бүтөт.

Баш-аягын ачакейлентип бөлүп турган да тоо кыркалары, аларды өз койнуна имерип, кайрадан бириктирген да тоо кыркалары. Тоо байырлуу жана бейпил болгондуктанбы, айтор ал жөнүндө беймазалаган жан жок. Кишилерди ойлонткон, убарага салган – суу. Кургакчылыкта анын кааты өтөт, жаан-чачын арбыса каары өтөт.

Көкүрөк тарапта өрөөндүн ичинен өрөөн чыгарган адырлуу кырканын этеги кызыл урчуктуу аска болуп чалкаят да, өзөн дал ушул жерден кууш тартып, агымы таштан-ташка урунуп, зоо жаңырат. Ушул жерден эзелтен көпүрө үзүлбөйт, жүргүнчүлөр тынбайт.

Кызыл урчуктагы көпүрөнү эл Анарбайдын көпүрөсү деп аташат. Көпүрө аман турганда эки өрөөн тынымсыз байланышта, анын ачакейлиги да сезилбейт. Көпүрө бузулса тигишинен ыдырап, эки багалеги эки жакка кеткен шымдай болуп, өрөөн бири-биринен ажырап калат.

Ал эмне үчүн Анарбайдын көпүрөсү деп аталган? Анарбай устабы? Же жердин аты ошондонбу? Аны менен жүргүнчүлөрдүн иши барбы? Жол шыдыр, көпүрө ордунда болсо, андан башка эмне керек.

Күндөрдүн биринде Анарбайдын көпүрөсүнө коркунуч түштү. Күтүлбөгөн учурда суу ташкыны күчөп, кууш өзөн алабармандап көтөрүлүп олтуруп, шарпылдаган ылайлуу шардын чачырандысы көпүрөнүн үстүнөн өткөн кишилерге серпиле баштады. Машиналар өйүз-бүйүздө шыкалып, атчандар да, жөөлөр да жарданышып токтоп калышты.

Баарынын көзү көпүрөдө. Өрөөндүн тарыхында кулак угуп, көз көргөндөрдүн ичинен эң мыктысы ушу көпүрө эле. Ал он жылдан ашык убактан бери суунун ташкыны менен каптаган селдин далай сынынан өткөн.

Анын ишенимдүүлүгү – көпүрө суунун деңгээлинен үч метр жогору жана ортодогу тиреп турган түркүгү өзүнчө керемет. Түркүк дегени өңчөй бекем жана сууга чирибей турган жыгачтардан кайчылаштырып, жоон темирлер менен чырмалган үч бурчтуу тирөөч, анын ортосуна казандай таштар толтурулган. Анын үстүнө түркүк агымга кыр жагынан куюлуп, суунун кысымы күч келтирбей тургандай орнотулган. Суу канчалык кирсе да, орто эсеп менен белгиленген деңгээлинен үч метр көтөрүлүүгө мүмкүн эмес. Ал эми түркүк узак жылдарда акырындап өзүнчө чирип бүтмөйүнчө тилсиз жоого алдырмакчы эмес. Айтор, билермандардын болжолуна караганда көпүрө чейрек кылымга моюн бербейт.

Тоо суусунун кыялын болжоого мүмкүн эместигин кишилер бүгүн түшүнүштү. Суу жетпейт делген үч метр бийиктеген көпүрөнүн үстүнө ташкындаган толкундар жабыла берип жатты. Керемет түркүк кычырап баштады. Жүргүнчүлөр арасында кобурашуу башталды:

-Анарбай чала иштеген экен, дагы бир метр бийик көтөргөндө болмок экен!

-Бирок түркүгү түркүк экен!

-Силер эмнени айтып отурасыңар? Анарбай деген киши эбак дүйнөдөн кайткан.

-Дүйнөдөн кайта электе ойлогондо болмок экен.

-Антпей эле бул Анарбайдан кийин салынган көпүрө, – дейт дагы бирөө.

Суу ташкыны күчөдү. Анарбай жөнүндөгү талаш курчуй берди.

-Деги Анарбай тирүү бекен? Аныгын билген киши барбы?

-Ким билсин, көпүрө жөнүндө айтсаңчы?

-Силерге көпүрө болсо болду. Анарбайдын бар-жогу кеп эмес.

-Анын эмнесин талашасың? Көпүрө салган уста акысын алгандыр. Башка дагы эмне керек?

Суунун жарадар аюудай күркүрөшү, жолдон калууга кыжырлануу сөздү жай жана жүйөлүү сүйлөөгө мүмкүндүк бербеди. Өйүз-бүйүздө кажылдашуу, сабырсыздык күч алды.

Бир оокумда качыр-кучур эткен шумдуктуу дабыш чыкты. Шойком болорун сезип, аны күтүп тургандар сестее калышты. Шумдуктуу дабыш чыкканда түркүк кыйраган окшойт, чейрек кылымга моюн бербей турган даңкайган чоң көпүрө бел ортосунан бүктөлө түшүп, мүрдөмгө келбей, ылайлуу шарга аралашып, жок болуп кетти. Ар кайсы жерден сорок эткен жыгачтар гана көрүнүп баратты. Көпүрөнүн эки башынын орду эңшерилип, чаңы уюлгуп калды.

Ошентип, талаштын акырын ташкындаган өзөн өзү чечти. Аны улап, тургандардын бири күңк этти:

-Анарбайдын көпүрөсү азыркы шартка жарабайт. Жаңыча көпүрө жөнүндө капкачан ойлоо керек эле.

Калгандар анын сөзүнө макул болушуп, унчугушпай калышты.

Ооба, ал жөнүндө өз убагында ойлошпогондуктан, суудан өтө албай, иштери, сапары өксүп ара жолдо калышты.

Суу тартылмайынча бул жерге көпүрө салууга мүмкүн эмес. Мынчалык катуу кирген суу оңой менен тартылабы?

Эки чакан өрөөндүн жана аларды бириктирген бүткүл чоң өрөөндүн катнашы токтолду…

*******

Курулуш жумуштары, адаттан тышкары, суу тартыла электе башталды. Мындай окуяны мурда кезиктиришпеген айыл кишилери, айрыкча, карыялар менен балдар эртели-кеч курулушчуларга келип, алардын иштерин таң калуу менен карашат. Өйүз-бүйүздө өңчөй техника: таштарды, курулуш материалдарын жүктөгөн машиналар, бульдозерлер, крандуу машиналар. Аларды өзгөчө таң калтырганы курулуш материалдарынын арасында жыгачтын жогу. Баары темир, уютулган таш. Айылдагылар арасында “таш көпүрө”, “темир көпүрө” салынат экен деген сөз тарады.

Абышкалар айланчыктап кетишпей, урчуктун көлөкөсүнө отуруп алышып, илгеркиден жана азыркыдан кеп салышат, курсактары ачканда гана үйүн эстешет. Балдар үчүн темир көпүрө өзүнчө кызык. Ушул жерде ойношот, жеңил материалды көтөрүүгө жардам беришет, жүк ташыган машинанын шоферлорунун жанына отуруп, ары-бери сайрандашат.

Абышкалардын бири гана өзүн башкача кармайт. Ал көбүнчө көпүрөнүн кантип куруларын баамдагысы келет. Бирде долбоорду тиктеп отурган адистердин, бирде жумушчулардын жанына келет. Көпүрөнү тез бүтүрүү үчүн ашыккан кишилердин аны менен жумушу эмне? Анын ак топусуна, чычайган аппак мурутуна да көңүл бурган эч ким жок.

Жумушчулар менен техника Анарбайдын көпүрөсү бузулгандын эртеси эле келишкен. Адегенде алар өйүз-бүйүздү байланыштыруу үчүн асма көпүрө орнотушту. Жумушчулар менен катар зарыл иштери бар кишилерди биринчи кезекте өткөрүшмөк болушту.

Курулуш инженери көп кишилердин арасынан алиги ак топулуу абышка менен балалуу аялды асма көпүрөгө биринчи чакырды. Балалуу аял келди. Абышка баш тартты. Убакытын эптеп өткөрө албай жүргөн бекерчи экен, – дегенсип, аны ошондон кийин такыр капарга албай калышты. Жүргөн бир ак топу деп коюшту.

Жумуш күнү-түнү кызыды. Жээктин эки четине жумушчулар үчүн чатырлар тигилип, ар кандай аркайган темирлер, темир-бетон калкандары жыйылды. Экскаваторлор тынымсыз иштеп жатты.

Башка карыялар келбесе да, баягы ак топулуу, чычайган аппак муруттуу абышка чыккан күн менен кошо келип, кошо кетип турду. Кебетесинде анчалык бырыш жок, жүрүш-турушу тыкан болгону менен, ал сексенден ашып калган эле. Көзү да кадимкидей. Кулагы гана каңырыш. Аны менен сүйлөшпөгөндөн кийин кулагынын жайын кайдан билишсин.

Абышка өбөк тартып, бөжөңдөй басып, дайыма жөө келет. Колундагы таягына да анчалык күнү түшө электей. Басканда анысын коомай шилтеп, же аркасына келтирип, эки колтугуна кыпчып коёт. Отурганда, турганда гана таягы жөлөк.

Ал адегенде эле оңурайган көпүрөнүн ордун тиктейт. Суу бир калыпта жошодой кызарып, жыландай ийрилип акканын, агындылар бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй тарбалаңдап кетип баратканын көрөт. Башын чайкап коюп, анан курулушчуларды тиктейт. Суу кирип жаткан учурда кандай неме көпүрө салат? Булар өтө айлакер, же болбосо, тажрыйбасы жок балдар. Балким курулуш материалдарын жыйнап, камылганы бүтүргүчө ташкын басылар. Антип ойлоюн десе, аларда суудан ырайым күтүүчү кебете байкалбайт. Пландарына ишенет окшойт. План деген кагаз. Тилсиз жоо планга баш ийеби? Абышка аларга оюн ачык айтайын десе, ишке биротоло чечинип кирген балдар мени алжып, акылынан ажыраган экен дешпесин деп чочулайт.

Абышканын тажрыйбасы боюнча көпүрөнүн сапаты бийиктиги жана түркүгүнүн бекемдиги менен аныкталат. Болочок көпүрөнүн түркүгү шек туудурбайт. Анткени ал темирден болоруна көзү жетет. Эмки максат – жерпайынын бийиктигинде.

Ак топучан адам жээкте таягына жөлөнүп, жумуштун чаркын байкап отурганда бульдозерчи жигит көпүрөнүн бир жаккы башын каза баштады.

-Бул маспы? – деп ойлоду абышка. – Мас болсун, соо болсун, мунусу туура эмес. Мындан ары унчукпай коюуга чыдабай, таягын булгалап, жигитке кыйкырды:

-Ай, бала, токтот!

-Ак топуга эмне болду? – деп жигит моторду басып, кулак түрдү.

-Токтот дейм, токтот! – деген сөздү укту.

-Менде бир эле начальник бар.

Жигит моторду кайрадан от алдырды. Абышка анын чымчыкейин түшүнбөгөндөй дале таягын сороктотуп, бирдеме айтып жаткансыды. Андан оңой кутулуу үчүн жигит начальникке карай кол жаңсады. Ак топу ишаратты жакшы түшүнгөнсүдү. Бөжөңдөй басып инженерге жетип барды.

-Балам, көпүрө сала турган жерди эмнеге басайтасың?

Инженер аны аң-таң тиктейт.

-Сизге эмне керек, ата?

-Катуулап айтчы? – Абышка ага кулагын тосуп суроосуна суроо укту.

-Сизге эмне керек, ата?

-Көпүрөнүн бийиги жакшы эмеспи. – Абышка аны кеңешке чакыргысы келип, кулагын кайрадан тосту.

-Ооба, бийиги жакшы.

Абышка жанына кылчайса инженер жигит кеп-кеңеш бүткөндөй кетип баратыптыр.

Аңгыча бульдозер жээкти оңурайта казды да, жөнөп кетти. Ошол жерге башка жумушчулар келишип, чукурду таш, цемент менен кайрадан толтурушту. Мына эми көпүрөнүн жерпайы бекем жана бийик болду. Абышка баятан бери бекер убараланып, балдарга бөөдө жаман көрүнгөнүн түшүндү.

-Азаматтар! – деди аларга ыраазылыгын билдирип.

Көпүрөнүн бийиктигинен көнүлү тынса да, ал ушул жерде дале айланчыктап жүрдү. Аны беймаза кылган дагы бир бүдөмүк суроо калды. Жин ургандай алабармандап жаткан ташкын тартыла электе түркүктү кантип орнотушат?

-Булар эрегишип калышты, суунун өжөрлүгү жеңер бекен, же балдардын күчү жеңер бекен? – деп ойлойт абышка. Муну өз көзү менен көрүү өмүрдө унутулбай турган зор окуя, учтан түпкө чейин арзып айтар жомок эмеспи. Ал ошол күндү, саатты саргая күттү.

Карыя жээктен алыс кетпей мандаш урунуп, көпүрөнү тиктеп ойго батып отурат. Адамды таң калтыруучу укмушту өз көзү менен көрүүгө не жетсин?

Жумуш созулуп бараткансыйт. Күн таптуу. Карт дене магдырайт, талыкшыйт. Ал карылыкка жеңдирип, уйкуга алдырбас үчүн чымырканат, таягына мүлжүйгөн ээрдин такайт. Бирок алсыз көз түнөргөнсүп, кирпиктери бири-бирине жабышып баратат…

Ал чоочугандай селт этет. Көпүрө жакты карайт. Аркайган узун темирлер жээктин эки жагына арта салынып калган. Атакөрү, бул эмнеси?

Карыя калчылдап ордунан туруп, жээкке жакындайт. Ооба, түркүгү жок темир көпүрө! Түркүгү жок көпүрө да болчу беле?

-Көргөнүндөн көрбөгөнүң көп деген ушул! – Ал жакасын карманат. –Адамзат илээге толгон экен! Баракелде, балдарым?! – Ал жакасын карманды. – Ушуну көрбөй өлсөм, арманда кетмек экенмин.

Ал курулушчулардын жанына келип: “Баракелде, балдарым!” – деди угуза. Суунун шары аларга сөз угузбады. Курулушчулар иштерин уланта беришти. Калган жумуш абышканы кызыктырбады. Аркайган темирлердин үстү эмне менен жабыларын, калган жумуштар кантип бүтөрүн айттырбай билди.

Өрөөндөгү биринчи темир көпүрө. Акылга сыйбаган мындай илээ кайдан чыкканын билгиси келип, айланасына көз жүгүрттү. Колуна балта, чот кармаган бир да киши жок. Айланайын баары темир, чоюн. Темирлерди кыймылга келтиргендер, иштеткендер кадимкидей эле башы кара, буту айры кишилер. Адам жана темир. Темир жана адам.

Таякка өбөктөгөн абышка көздөрүн жумду… Бир нерсени эстегендей болду. Көпкө турду…

Курулуш иши күнү-түнү жүрүп жатты. Баягы ак топулуу, чычайган аппак муруттуу абышка жээкке келбей калды. Анын келген келбегени менен эч кимдин жумушу болбоду.

******

Курулуш жумуштары аяктады. Жумушчулар менен адистер кетүүгө камынышты. Көпүрөнү өткөрүп алуучу комиссияны күтүштү. Ошол учурда айыл тараптан келаткан атчан киши көзгө урунду. Аны көзгө чалдыктырган артынган кымызы, өңөргөн козусу. Жакындап келген атчан – баягы ак топулуу болуп чыкты. Бирок азыр башына кийген ак калпак, үстүнө төө жүнүнөн жасалган жука саргыч чепкен. Ал кийими өзгөрүп, өзү да ат үстүндө олбурлуу. Аны менен атайын таанышпаган кишилер чычайган аппак мурутунан улам анын баягы ак топу экенин божомолдошту.

Күн ысыкта ыштан жаңы чыккан сары чаначтар тургандарды ого бетер суусатты. Эгер атчан киши жаш болсо, кымызыңды сат дешип оюн-чынга салып, эсин оодарышмак. Бирок сакалдуу адамга эч ким батынбай, жол ача беришип, салам айтышты.

-Ассалоом-алейкум!

-Алейкума-салам!

Карыя алик алды, бирок аларды таштап, шыр өтүп кеткиси келбегендей  ат тизгинин жыйды. Инженер абышканы көздөй озунду:

-Ата! Жол ачык. Чочубай өтө берсеңиз!

-Балам, сен мени каякка өткөргөнү жүрөсүң?

-Каякка баратасыз?

-Менин жөн-жайымы коё туруп, буларды түшүрүп алгыла, – деди абышка.

Ушу сөздү гана күтүп тургандай жигиттер козу менен кымызды дарактын көлөкөсүнө алып барышты. Тааныш абышка өзү да атынан түштү. “Буларды кимибизге алып келди? Же сатмаккабы?” – деген ой ар кимисинин оюна келди.

Инженер абышканы жандай басып, көлөкөдө чогулган кишилердин жанына келди.

-Кана, кымызды ичпейсиңерби? – деп кожоюндан сөз чыкканча чыдамкайлык менен күтүп отурушту.

Ынак жана муздак кымызга эл каркындай түшкөндө гана чычайган аппак мурут абышка сөз катты:

-Балдарым! Жаңы көпүрөңөрдү куттуктайын деп келдим.

Иштин жайын туюп, кубанышкан жигиттер ага ыраазы болгондой баш ийкешти.

-Балдарым! – мен эски көпүрө менен коштошкону келдим.

Бул сөзгө эч ким маани бербеди.

-Балдарым! Силер да мени менен коштошсун деп келдим. Анын сөздөрү салмактуу жана ойлонорлук чыккандыктан, бул абышка ким өзү дегенсип, суроолуу тиктеп калышты.

-Эмесе, мени таанып алгыла! Анарбай деген менмин, – деди абышка.

Бардыгы тым-тырс. Алардын иреңинде таң калуу, карыяга уят болгондой нымтыроо бар. Кымыз кекиртектен өтпөгөндөй ар кимиси жер тиктешет. Нечен күндөн бери араларында көлөкөдөй илээшип жүргөн аксакал адам менен кишиче бир жолу сүйлөшпөгөнүнө уяткор болуп отурган жигиттерди ал жакшы түшүндү.

-Ар нерсенин учуру болот. – Абышка таягы менен жер чукулады. – Тааныша турган, сырдаша турган убакыт эми келди. Адегенде, кымызыңарды ичкиле, козуңарды сойгула.

Козу дароо союлуп, чоң казанга түштү. Кымыз ичилип жатты. Абышка узун сөзгө түшүүдөн мурда бир-эки собол таштады.

-Анарбайды силер ким деп ойлойсуңар?

-Уста…

-Жок, андай эмес. Ал көпүрөнү өзүңөргө окшогон адистер тургузган.

Абышка таягын жанына таштап, ныкталып отурду. Сыягы узун сөзгө түшчүдөй.

Бардыгы тым болушту. Далайдан бери ачылбаган сыр ачылып, Анарбай өзүн-өзү таанытып отурганда, ар бир сөздү көңүлгө түйүп калууга ниеттеништи. Жадаганда, ашпоз да чөмүчүн колуна кармай  келип, кулак түрдү.

-Анарбайдын көпүрөсү салынганга элүү жылдан ашты. Ал көпүрө бар болгону үч жылга турду… Андан берки көпүрөлөрдүн Анарбайга тиешеи жок…

“Бул абышка эмненин башын оорутат”, – деп ойлоду уккандардын бир катары.

-Илгери биздин өрөөндүн эли жоокер келчү экен, – деп койду Анарбай. – Тышкы душмандар менен кармашпастан, өз ара чабышчу экен. Менин жаш кезим… Акыр жагына аралашып калдым. Өрөөндүн бир тарабын Кызылбаш болуш, бир тарабын Карабаш бийлечү. Алар өмүр бою касташты, чабышты. Далай эр өлдү, далайлар майып болду. Далай көз жаш төгүлүп, далай кун төлөндү. Эки тараптын бири бирде жыгып, бирде жыгылып, бирок биротоло жеңилип, кол куушуруп бергени болбоду.

Чабышуу ушу суунун өйүзүндө же бүйүзүндө болор эле. Анда ушу темир көпүрөнүн ордунда эки узун жыгач салынган солкулдак көпүрө боло турган. Качкан тарап шашылыш түрдө солкулдак көпүрөдөн өтүп, анан жыгачты бери жээкке тартып коёр эле. Кууган жаат суудан өтө албай калчу. Ошол заманда солкулдак көпүрө оюнчук болгон. Эрегишкен тараптын кайсынысы болсун, аны каалаган убагында тартып коёр эле.

Ошентип өйүз-бүйүз болуп, өрөөн экиге бөлүнүп калчу. Жаатташуу, барымта күчөй турган. Өрөөндүн эки жагы бири-бирине душмандашып, бирдик, ынтымак кетип, кайран эл азапка түшкөн, алсыраган…

-Биздин өрөөнгө совет бийлиги орноду. Кара таман, ак ниет кедейдин баласы деп мени болуш шайламак болушту. Мен безилдеп качтым: “Эл башкарып көргөн эмесмин, билимим жок”. Эл айтканыма көнбөдү. Акырында аргасыздан макул болуп, мындай деген шарт койдум:

-Андай болсо менин жардыгыма макул болосуңар. –Бул сөзгө алар муюшту. Болуш шайлагандагы биринчи жарлыгым: “Эки өрөөндү түбөлүккө бириктирүүчү көпүрө салабыз”.

Эл чуу этип, менин сөзүмдү коштоп кетишти. Айтканды аткардык. Колума балтамды алып, элди баштап бардым. Тандап жыгач кесип, ташты, кумду сандал менен ташып, көпчүлүк коёбу, мурун бул өрөөндөгүлөрдүн эч кимиси көрбөгөндөй чоң көпүрө салдык. “Тексиз болуш өз жосунуна түшүп, жыгач көтөрүп жүргөнүн көр”, – деп манаптар табалашты. Алар биздин көпүрөнүн маанисин түшүнгөн жок… Эл аны Анарбайдын көпүрөсү деп аташты. Ал чоң көпүрөнү эч ким буза албады, эл ынтымактуу жашап, өрөөн бүтүн бойдон турду.

Илгерки көпүрө үчүн эки кырсык болгон: бири – жаатташуу, экинчиси – суунун ташкыны.

Көпүрөнүн биринчи кырсыгы түбөлүккө жоюлду. Бирок экинчи кырсыктан элүү жыл өтсө да арылбай жүрдүк. Эми акыркы кырсыктан, балдарым, силер куткардыңар.

Анарбай сакалын сылап, ойлоно калып, инженерге карады:

-Балам, сенин атың ким?

-Турар.

-Турарым, эмесе көпүрөнүн тарыхы ушундай!!! Аңгыча оокат даяр болду. Сөз токтоду. Козунун эти желип бүткөндөн кийин абышка кайрадан сөзгө кирди.

-Акыркы сөзүм калды. Макул десеңер оокатка бата кылуудан мурун акылдашалы, кеңешели.

-Биз макулбуз, ата!

Эмесе, айтайын дегеним мындай: мурунку көпүрөлөрдүн баары бири-бирине окшош, жыгач көпүрөлөр эле. Анын баары чынында Анарбайдын көпүрөсү болгон. Азыркыңар башка. Анарбайлардын колунан келмек түгүл, акылына сыйбас керемет! Ар нерсени өз аты менен атаган жакшы! Силер менин сөзүмдү эп көрсөңөр темир көпүрөнү Турардын көпүрөсү деп атайлы. Кана, Турар балам, тура калып бата сура!

-Аксакал жаңылышасыз! – Турар чебеленип кетти.

-Атты эл коёт.

-Биз элбиз! – деди Анарбай! – Мына азыр бата кылып, көпүрөгө сенин атыңы коёбуз. Ошо бойдон элдин баары аны Турардын көпүрөсү деп атап калышат!

Калгандар эмне дээр экен дегенсип, Анарбай жанындагыларга карады. Алар чалдын сөзүнө күлүп турушкан эле. Анарбайдын каштары үрпөйүп, ызалана түштү.

-Мен силерге иштин жөнүн айтып жатам. Анарбай илимпоз бекен, темир көпүрө жасагандай билимдүү уста бекен? – деген суроого кантип бет чыдасын? Болбойт мунуңар. – Ал Турарга өкүмдүү сүйлөдү.

-Тура кал. Бата сура.

-Көпүрө Анарбайдыкы болуп кала берет.

-Сиздин демилгеңизди эл дайыма баалайт.

Туш-туштан аны жаалап жиберишти.

Алардын сөзгө көнбөсүн түшүнгөн соң, Анарбай шылкыйып отуруп калды. Бата суралбай, орундарынан турушту.

Анарбай менен таанышуу ыкластуу, ынтаалуу башталып, коштошуу оор болду. Абышка кабагын салаңдатып, кадимкидей убайымга түштү. Аны инженер Турар өзү атказды. Анарбай атка минип, бастырып кетер алдында жигиттерге акыркы жолу көз чаптырды. Алардын иреңи кубанычтуу эле.

Анарбай кеткенден кийин көпүрөнүн жазы темиринин бетине электр менен ширетилген жазуу пайда болду. “Анарбайдын көпүрөсү, 1969-жыл”.