СЫНАКТЫН ЖОБОСУ
- Адабий сынак жүзөгө ашырыла турган жер:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
1. Адабий сынактын катышуучуларынын курамы:
16 жаштан жогорку курактагылар катыша алат.
2. Адабий сынактын максаты жана милдети:
- Эгемендүүлүк жылдардан кийинки кыргыз адабиятындагы адабий процесстин деңгээлин жогорулатуу;
- Кыргыз окурмандарына чыгармачылык чеберчилиги кынтыксыз, эстетикалык табити жогору, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты чыгармалардын үлгүлөрүнө тете авторлорду тааныштыруу;
- Акын-жазуучулардын анын ичинен драматургдардын, адабий сынчылардын, адабиятты илимий жактан изилдөөчүлөрдүн чыгармаларын эл арасына кеңири жайылтуу;
- Адабий чыгармачыл жаш күчтөрдү коомдук-маданий турмушка активдүү аралаштыруу;
- Кыргыз маданиятынын жана адабиятынын идеялык-көркөмдүк деңгээлин өнүктүрүү, анын коомдун өнүгүшүнө жана инсандын калыптанышына тийгизген таасирин күчөтүү;
3. Адабий сынактын уюштуруучулары:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу.
4. Уюштуруучу топтун милдеттери:
- Адабий сынакты уюштуруунун жана өткөрүүнүн иш-планын иштеп чыгуу;
- Адабий сынактын калыстар тобун түзүү;
- Жалпы чыгымдардын сметасын түзүп чыгуу;
- Катышуучуларга толук маалыматты жеткирүү;
- Өнөктөштөр менен тыгыз иштешүү;
- ЖМКлар менен тыгыз кызматташуу.
- Адабий сынакка келип түшкөн чыгармаларды калыстар тобунун курамына автордун ысымдары көрсөтүлбөгөн шартта тапшырат.
5. Калыстар тобу:
- Калыстар тобунун курамы КРнын Улуттук жазуучулар союзу менен макулдашуунун негизинде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу аркылуу бекитилет.
- Калыстар тобунун мүчөлөрү сынактын катышуучуларынын чыгармаларын карап чыгып, көз карандысыз баа берет;
- Адабий сынактын жыйынтыгы калыстар тобунун көпчүлүк бөлүгүнүн чечими менен кабыл алынат;
- Катышуучулардын чыгармалары боюнча кыскача пикир билдирет.
6. Адабий сынакка катышуунун шарттары:
- Адабий сынак төмөнкү 4 (төрт) жанр боюнча жүргүзүлөт:
- Поэзия
- Тематикалык чектөө коюлбаган мыкты поэма гана кабыл алынат;
- Проза
- Тематикалык чектөө коюлбаган мыкты аңгеме гана кабыл алынат;
- Драма
- Тематикалык чектөө коюлбаган мыкты пьеса гана кабыл алынат;
- Адабий сын
- Тематикалык чектөө коюлбаган бүгүнкү күндөгү адабий процесстин өсүп-өнүгүү, өксүк маселелерин так-таамай чагылдырган адабий эмгектер кабыл алынат;
- Чыгармалардын көлөмүнө чектөө коюлбайт.
- Чыгармалар Times New Roman 14 арибинде 1,5 сап аралыкта жазылууга тийиш;
- Чыгармалар электрондук түрдө гана кабыл алынат;
- Адабий сынакка катышкан чыгармалар авторго кайра кайтарылып берилбейт;
- Адабий сынакка катышууну каалаган авторлор мурда эч жерде жарыяланбаган жаңы чыгармаларын сунуштайт.
- Жогорудагы талаптар аткарылбаган учурда автоматтык түрдө катышуудан четтетилет;
- Сынакка чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт;
- Сынактын кабыл алуу мөөнөтүнөн кечиктирилип тапшырылган чыгармалар кабыл алынбайт;
- Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, Е-mail: synak.2020@mail.ru
- Байланыш үчүн тел.: (0312) 62-34-97, 0707 71 05 71, 0703 72 58 58.
- Адабий сынакты өткөрүү боюнча толук маалыматтар жана сынактын жыйынтыгы mkit.gov жана www.adabiyat.kg сайттарына жарыяланат.