Кадрия Темирбулатова: Мен жактырбайм! Сенин асыл үйүңө, Жүрөгүмдүн кайгы оронуп киргенин

 Ногой элинин бөрүгөз таланты – Кадрия!..

Ногой элинин белгилүү акын  кызы – Кадрия (Темирбулатова Кадрия Уразбаевна) – (1948–1978) учурунда бүтүндөй союзга белгилүү болуп “дүң” эткен акын кыз эле, бирок биздин элибизге али белгисиз бойдон келатат. Туулганына 70 гана жыл болгон Орозбай кызы Кадрия Темирбулатова, Дагестан Автономиялык Республикасындагы аз улуттуу калк болуп эсептелген ногой элинен чыккан.

Ал, 1948-жылы Дагестандын Ногой районунда Теректүү-Мектеп кыштагында туулуп, Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүткөн. Кадриянын алгачкы ыр китеби 1970-жылы Дагестандын китеп басмасынан өз эне тилинде: «Тоолордун башаты өрөөндө» деген ат менен жарык көрүп, 22 жашында өз аймагына дароо «дүңк» этип, аз улуттун эрте жанган жарык жылдызы катары, эл сыймыгына айланган.

Экинчи китеби 1972-жылы Черкес шаарындагы Карачай-Черкес басмасынан «Төтө жол» деген ат менен чыккан. Анын артынан дагестандык басмалардан «Жаштык  ырлары», «Таңыркоо», ж.б. китептери жарык көрөт. Орус тилине  которулган ырлары 1975-жылы Москванын “Жаш гвардия” басмасынан  “Айдын  жылмаюусу”, ал эми “Современник” басмасынан  “Куткарылган  жылдыздар” деген атта жарык көргөн.

“Айдын жылмаюусу” деген китеби үчүн Кадрия Дагестан Автономиялык Республикасында “Жаштардын Ленин комсомолу” сыйлыгы менен сыйланат. 1977-жылы СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө  кабыл  алынат.

Бүткүл союздук масштабдагы акын кыз Жаш жазуучулардын Москвадагы VI –Кеңешмесине катышкан. Андан соң РСФСР жазуучуларынын IV съездине чакырылат. Ал, өз чыгармачылыгынан тышкары М.Ю.Лермонтовдун, Н.Хикметтин, Р.Гамзатовдун жана башка акындардын бир топ ырларын ногой тилине которгон.

Анын өмүрү, капысынан эле, Кадрия 1978-жылы, чыгармачылык күчкө толуп гүлдөп  турган  мезгилинде  күтүүсүз  трагедиялуу түрдө үзүлгөн.

           Бир  аз күн мурун  эле  ал  Дагестан АССРинин атынан Куба Республикасынын борбору Гавана шаарына студенттердин XI эл аралык фестивалына делегат болуп барууга шайланган болчу…

1978-жылдын 30-июну Махачкала шаарынын жашоочуларын селт эттирген суук кабары менен эсте калган.

Тагдыры өтө табышмактуу жана трагедиялуу, таланттуу ногой кызы Кадриянын  ырларында от  бар, мүнөз бар, ногойдун азоо каны бар, тамыры бар, жаны бар, ашыктык лирикаларында да курчтугу бар ажайып  акын. 1984-жылы анын артында калган бардык соңку ырларынын кол жазмалары, мурастары чогултулуп; “Современник” басмасынан орус тилине которулуп “Талаа  кызы” аттуу  жыйнак болуп чыгарылган. Бул иштин башында турган жана китепке баш сөз жазган Расул Гамзатовдун Кадрияга арнаган ырында мындай саптар бар:

Жаш өмүргө кимдер көзүн артты экен,

Зулумдукка кимден буйрук барды экен,

Кара айнеги көрө албастыктын бекен,

Баа жеткисиз алмазды жок кыл деген?

 

Тал чыбыктай каратору, кара  каш,

Сиңдисиндей түнкү жылдыздардын жаш,

Окшош элең жапон кызга анан да,

Каректери Азиялыктай кыйгач. 

Акындын 70 жылдык юбилейине карата ТҮРКСОЙ маданий уюму Кадриянын  ырларын 12 түрк тилдүү элдердин тилинде сүйлөтүп, бир чоң китеп кылып чыгарды. Кадриянын ырлары алгач ирет кыргыз тилинде да өз алдынча китеп болуп жарык көрүү алдында турат.

 

Үйүңүзгө жакшылык!

О, адамдар, үйүңөргө жакшылык!

Босогоңуз аттап кирип келдим мен.

Уяңдыгым карегиме жашырып,

Кашыңызда токтоо болуп көрүндүм.

Акыл бийкеси талаамда туулган –

Издебеңиз жасакерлик боюмдан,

Жаксам эгер араңарга кирейин,

Билиңиз сиз ким экеним оюмдан.

Ким десеңиз, мен да айылдык, бу колдор

Унутушпайт кызыл уйдун желинин.

Ырлар төгүп айылымда жүрөмүн,

Тезек калап, тандырга от үйлөймүн,

Маңдайыма аруулук жол салганда,

Айылдаштар сиздерге ыр төгөмүн.

Арыганды жаштык менен кубантып,

Жашоодо мен тамчы ырдай  жүрөмүн.

Кара булут басса сиздин көңүлдү,

Ырларымдан жерге жамгыр төгөмүн.

Жүрөктөргө эм түшсүн бир чоң үйдөй.

Ачык болсун эшиктери ал үйдүн,

О, адамдар, үйүңөргө жакшылык!

Жактырсаңар үйүңөргө  кирейин.

Насыйкаттуу кебиңерди мен тыңшап,

Силерге да билгенимди берейин.

 

Жашоо  эмне

Жер деген не, эгер топурагы анын

мөмөсү жок, дан байлабай куруса,

Асман эмне, эгер анын көгүндө

куш сайрабай, баары бирден кырылса.

Деңиз эмне, эгер жылга суусунан,

шимиргенде мелмилдеп ал толбосо.

Тоолор эмне, эгер анын төрүндө,

же жырткычтар, же кийиктер болбосо.

Кимдер аял, эгер анын жүрөгү

наздуулукка, наз кыялга күйбөсө.

Эр да өктөм жүрбөс эле эрмин деп,

Эгер аны аял аттуу сүйбөсө.

 

                      *     *     *

Бороон-чапкын  эчен ирет талаамды –

Көп  бутактуу теректердей  ийилтти,

Сулап жатып,  боортоктоп  талаамда

Сабактары  бир-бирине  бирикти.

Бөрүгөздө  жалбырактар көз  жаштай

Жыбырады  боп-боз тарткан бетинде,

Бармактардай  тамырлары ууз  жерди

Бекем чапчып кармап турат жеринде,

Бул талаамда мен да кичик  бөрүгөз,

Урган шамал сууруй албас  жеримден,

Жаш  жүрөгүм тамыр жайып журтума –

Элдин аты түшпөйт такыр эринден.

 

        Мен жанган  от

О адамдар! Араңарда жүргөндө,

Көрдүңөрбү жалындаган бир кызды?

Ушу шаарда кышкы суукта  өзгөчө

Жарык чачып күйүп турган өрт  кызды?

Давылдаган бир чоң оту  ичинде,

Ал кыш бою шыркырады күчөдү,

Тек, ошол от кайдан чыкты, билгенче,

Жанган оттун  илебинде  жүрөбү?..

Эске түштү: мен сапарга чыгарда,

Энем мени даңгыр жолдон  узаткан.

Көп жыл өтүп энекемдин  башына,

Жыйылган ал жылдар чачын агарткан.

Бармактарым калтырады жигерсиз,

Коркуп жатып саамайына тийгизген.

Ак чачынын отун  сылап  дилим  суз,

Колдорумду жалынына  күйгүзгөм.

Дирилдеген эриндерим чачына

Өбүү  үчүн  аста акырын  эңилген,

Эринимде  жанып  оту  энемдин

Жүрөгүмдү тутандырып  күйгүзгөн.

Ошол  кезден алып отун энемдин,

Кар үстүнө жалын  чачып жүрөмүн.

Качан  болсо көз алдымда элесиң,

Давылдаган күйгөн оттой  көрөмүн.

 

*     *     *

Бир төөнүн өркөчүндөй бөлүнгөн,

Ногой калкым мында жашап келүүдө.

Эске түшсө аркы жактын тоолору,

Сагынычтан жүрөк толот эңсөөгө…

Эки өркөч жалгыз арка сөөктө,

Бото болуп туулгандан бекиген.

Арка сөөк болсун менин ырларым,

Ал ырларга  эне тилим эгилген.

 

Эй, ногойдун  жигиттери

Эй, ногойдун жигиттери  айбаттуу,

Эрмин  деген  эрлер элин ойлогон!

Ар-намысын бийик коюп кайраттуу,

Намыс тууң эч түшүрүп койбогон.

 

Кең жайылган  талаасында Ногойдун

Начары жок десек жалган айтарбыз.

Эрендерден  биз да барбыз Ногойдо –

Наадандыктын  жолун  бууп  таштайбыз!

 

Элди сатсаң – өзүңдү саткан оёнсуң,

Элдик  намыс  соодалоого  коюлбайт,

Ат  башындай  жүрөгүндө  ногойдун,

Тулпар  сындуу  өктөмдүгү  жоюлбайт.

 

Ногой  түздө, жарык  нурлуу  жолдордо,

Коркок жандар эл баштоого  жарабас.

Бычакка  сап  жигиттен бол ногойдо,

Тирүүлүктө  батыл болгун, алга бас!

 

Жигиттер  бар кең  жайыктуу Ногойдо,

Аталардын  атын  бийик  көтөргөн.

Алп бейнелүү адамдар  бар Ногойдо,

Жигиттигин  жигиттердей өтөгөн.

 

Жарып  чыгат  таштарды  дагы  үнүм!..

                            “Сыят  мага  эки  дүйнө, мен гана

                            Сыйбай турам ушу жалган дүйнөгө…”

                                                                            ( Насими)

Түпсүз  терең туңгуюкка  баткандай,

Өз сөзүмө өзүм турамын сыйбай,

Менден үркүп качкан канча жандардай,

Адамдардан  мен да  безем  алыстай.

 

Уу-дууларды  улап  шамал дүргүсүн.

Бабалардын  тулпарынын дүбүртүн,

Табийхаттын сырдуу чыккан бул күүсүн,

Тыңда жаным, кылдан назик бир үнсүң.

 

Кылымдардын дабышы  аны  күүлөсө,

Жаңырыгы  угулууда  үндөшө.

Күтөт таңдар, чакырыгы  көктөмдө,

Талаа менен талаа  болуп көктөшө.

 

Талаа  гүлдөп ырларымды үндөсө,

Жарып чыгат таштарды  дагы үнүм!..

Жоомарттыгы – кенчи бу жүрөгүмдүн,

Ыраазылык пендеге айтам бүгүн.

 

Бирде кубанч бирде муң толгон үчүн,

Тагдыр мага таттырды  ачуу тузун.

Аяз деми үшүткөн  бойду  бүтүн,

Сөздөрдүн да муз-кардай сууктугун.

 

Таш атышкан досторум туйбай туру,

Көз көргөндө – тилдери баркыт  чулу.

Бийик коюп ыр аты бар  топтомумду,

Өмүрүм бүт адалдыкка  токтолду бу.

 

Батпай атсам, кыйналба дейм, досторумду,

Кедей  акын…   аталайын  мен  эң соңку!..

 

Жактырбайм

Мен  жактырбайм! Сенин  асыл  үйүңө,

Жүрөгүмдүн  кайгы  оронуп киргенин.

Мен  жактырбайм, пенделердин  күйүгө,

Эсимди  алган  сен  экенин  билгенин.

 

Арманым да кол жеткизбес  бийикте,

Жүрөгүмдү  муң  басса да качпаймын.

Өзөгүмдү  өрттөп турган  күйүк  не,

Ошондо  да  сезимимди  ачпаймын!

 

Сен  ыйлаба, шертти сүйбөс  сүйүктүүм,

Мени  таштап алыстарга кеттиң деп.

Зары  калды  кайгы  менен  күйүттүн,

Неге  ынтызар болдуң экен мынча тек.

 

Сен  кайгырба!  Кийик  келер  кырларга.

Деңиз  ташып, толкун ойноор жээгинде.

Жан азабын кирпичтердей  тизсем  да,

Сенден качкан жүрөк – кийик, ыр десе.

 

Айткан элең, каалаганың  ыр болсо:

“Кетер болсоң, жакындаба, кете бер.”

Жүрөгүм – ыр,  “сен” деп соккон ыр ошо,

Бул өмүрдө  желбиретип  көтөрөр.

 

Самаркандда

Регистанды  аста-секин  аралап

Мобу эзелки Самаркандга  карап-ак,

Жанымдагы Малик  аке  кеп  айтат,

Тээ, байыркы шаар го бул Самарканд!

Үндөбөңүз, Малик аке  ачпаңыз,

Эзелки бир китептерден  бейттерди,

Калтырыңыз – мени унутуп;  жап-жалгыз,

Шаңгыраган жылдар, аалымдар кезди…

Бүбү-ханым мечитине  мойнумдан

Бууп турган  кайгым  менен  кирейин.

Таштап  келдим кеңешим айта турган,

Мен өзүмө кеңештерди издеймин…

Мунаралуу таштарынан Бүбүнүн

Аста акырын сырыңды ач деп суранам,

Тамерлан ким? Ал бир аксак өз күнүн…

Бүбү ханым сүйүүсүнөн таба алган.

Адам сүйүп болобу деп сурарсыз,

Адам канын ичип жүрсө, наалат жан?

Улуу имам –  календермин, деп тынчсыз,

Аял сүйбөйт – бул да сырдын-сырынан?

Көз жашына, күлкүсүнө ханайым

Жууп келген кара ташты өбөмүн.

Мен да аялмын, билгин, ыйлаган ташым,

Менде да бар белди буур жигерим.

Мен эрлердин  адаттарын билбеймин…

Үндөбөгөм, үндөбөстөн  кетемин.

Рахат өңдүү  алдыдагы күдөрүм,

Эсил кайран Асияны  көрөмүн…

 

              Т  ү  ш

«Түшкө кирди:

Дагестандын жайкалган кең талаасы…»

               (М.Ю.Лермонтов)

Түш  көрдүм  аянычтуу, ары  муңдуу:

Басканым  Дагестандын  чоң  жолу  бу.

Аарчыгансып  ак  кайыңдын  кабыктарын

Аалам  бизге  таратты  таңкы  нурду.

Бир жаш жигит жатыптыр… терек түбү,

Кызыл  канга  боёлуп  ак  көйнөгү,

Жалынычтуу үнү да,  бүт сөздөрү,

Кара  жерди  таянып  алган  колу,

Үңүлдүм жакын келип жүзүнө бу,

Таң  калып  ишенбестен  көргөнүмө,

Кол создум  жаш жигитке дем-күч бере,

Кандын таттуу, ары ачуу  жыты келе,

Байладым чууруп аккан канын деле,

Манжаларым  денесине  тийип турду,

Жаракатын  таңып  жатып  ой  туулду,

Бул  жигит  да  түш  көрүп жаткан курдуу,

Салганын  алтын  шакек жан  курбусу…

 

           *     *     *

Сурагандай уруксатты  шамалдан

Бир айланып бийлеп көккө учту  куштар.

Шамал дагы таң кала  карайт  абдан,

Бул укмуштуу  бийге болгонсуп  куштар.

       

Карап катып турду, желбирек  жеңи

Тоонун бетин тосуп,  ага боз түшүп.

Көгүш жакут жамынгандай  тоо бети,

Калкып турду  дирилдеген аба үп.

Шамал капыс ойгонду Ай чыкканда

Жер бетине сүзүлүңкү нур чачып.

Аны Ай дебей куш  деп ойлоду анда –

Түнөгүнө келген кечте чаалыгып.

 

Ушул көркү шамал көөнүн козгоду,

Эчен ирет Ай чыкканда  маалкып.

Көргөн сайын  аны  куш деп  ойлоду,

Асманда  жай каалгыган  чаалыгып…

 

   Сак  жатууда  майдандар

Бүгүн  согуш майданы сак, бекемсиң,

Тарсылдактар ойготушпайт уйкудан,

Согуш деген сөз чачтарын эненин

Тик тургузуп  чоочутпастан  тынч улам…

Бирок кара кийген  энени  бүгүн

Шаардын так ортосунан  мен көрдүм.

“Жазык эне көмгөн эле уулун,

Жана кызын”, – деп ойлонуп мен жүрдүм.

Аскер кийим кийген жигит сүрөтү

Колдорунда көз жаш менен сууланган…

Токтобостон ыйлайт күлгөн сүрөтү,

Бул күлкүнү ажал го уурдап алган,

Анан  ажал ал күлкүгө ууланган.

Мен билбеймин кайсы жерде жоокерди

Согушу жок  күндө  ажал  соккону,

Жайбаракат  жашоодо бул биздеги,

Түшүнгөнүм  ырахаттын  жоктугу.

Мен да кызмын, мен билемин атанын

Бар болгону бизге  кандай  керегин,

Бу жигиттин жанын  алган  адамдын

Сууруп  алгым келди дароо жүрөгүн.

Жок, жан-дүйнө  ырахатты  таппайсың,

Тып тартылган тилдей дүйнө дирилдейт,

Сес  бергени атыла элек бомбанын,

Жер үстүндө  каргыш  болуп гүрүлдөйт.

Көрөмүн мен Америка  агымын,

Кудай дейт да,  буруп  өзүн  сайлаган,

Акылсыздык  башка чалма салганын,

Эс тайдырып, көз жазгырып байлаган.

Кызыл каны жукту өлгөн жоокердин,

Балким сенин колдоруңа  кандаган.

Сен буюрган буйрук ошол  жоокердин

Ыйык жанын  мылтык менен жайлаган?!

Алсыз  колум жумурумда  сыгылган,

Зулумдардын  көп экенин көрөмүн.

Шайыр  кызмын. Энелердин атынан

Мен тынчтыктын элчисиндей  жүрөмүн.

 

                Мазарда

Ар  сынташта  чиймелерден, жазуудан

Көрөмбү деп аял  атын  капыстан,

Мен кыдырып, кездим  мазар аттууну…

О, эзелки  бу  таштардын  астынан

Көрсө болот канча  бороон, чабуулду!

Мына  сынташ – оюп  жазган  ээси,

Кай  заманда  болду  экен  коюлган?

Башка  сынташ, анда  хандын  жээни,

Бир  заманда ким-бирөөдөн  союлган.

Мусулмандар  кубана  албай  Алладан,

Эр-жигиттин  жазган атын сынташка.

Жүз жылдыктар  каткан жигитти ташка,

Билебиз биз  бир  карап  абай  сала.

Имам, эшен, хандар, бектер, бийлер да,

Дыйкандары, өтүкчүлөр,  баары бар.

Мусулмандын мазарында эр жигит

Атсыз  калбай  тургандыгы нени айтар?!

Кандай  сыр бу, мобу  таштар астында

Жөн  жай  эле  коюлгандай  аялдар.

Бир да аялдын  ат-заты жок сынташта,

Ынаныңыз, жүрдүм кабак  чытыла…

Бир  аялдын  уулу  болгон  Улуу Бий,

Бир  аялдан туулган  уул эң Палван,

Кандай  кызык,  кызмат кылган элине,

Өз  доорунда, эрди тууган  аялдар,

Бу дүйнөдө аты чыкпас болгон не?

Эр  көкүрөк  аялдар  да  жашоого

Келип,  аты  элде  байырлаган бар.

Кайсы  жерге турмуш курсак, ошондо,

Тамырыбыз  терең  орун  алгандар,

Жашоосунда айткандарын бек сактап,

Бир-бирине  ажал  сунушпагандар…

Бири туулуп, бирөө өлгөн  бу  жашоодо,

Өмүр деген  кылдан ичке сапта да,

Түрлөндүрүп  бейит  койгон  адатта.

(Неге  булар  келип  жатат  оюма?)

Учур жетип  балким болор  сынташым,

Жазылабы  мунун  уулу  мындай  деп,

Же  болбосо, эри  ушу  аялдын

Жер жүзүндө абройлуу аалым деп.

Балким, менин  сынташыма замандаш

Бузуп бардык адат-салтты жазар кеп:

“Бир шайыр кыз  байыр кылган ушу таш,

Катып турат  аны астында бекем,” – деп,

Ким-бирөөнүн эрктүү колу  жазар, тек?!..

 

                  Берекет

Мурункудан  калган сөз бар, келгендер;

Берекеттүү болсун деген үйүңүз.

Андай  болсо – конок  сизден  качпасын,

Андай  болсо – ийги  болсун  күнүңүз.

Андай  болсо – жазың  болсун  жамгырлуу,

Оң  көзүңүз тартсын  дайым оң  ишке.

Ийги  келин  төрөп  ирегеңизде,

Карчыгаңа  консун жакшы  конуштуу.

Андай болсо өссүн уулуң эр  палван.

Кыз  балаңыз болсун сиздин  ыймандуу,

Күйөө  билсин  эр  башынын  баасын,

Аял  тили  билсин  өзүн  тыйганды.

Туулганда  берилген  бир дөөлөттү,

Өлгөндө  да  достор эске  тутуңуз.

Бир  жамандык, жакшылыкта  иргелген

Жандар  бизге  доспу, каспы  унуткус?

Бу  жашоодо достор  тойго  чакырар,

Кубанычта  кубантууга  барарбыз.

Дүнүйөдөн  эпсиз  эрте тайыган

Досторду  да  капыс  көргө  саларбыз.

Тек бу жерде эмне  гана болбосун,

Жараланган карлыгачты  жанданткан:

Жан-дилиңдин, жүрөктөрдүн  жылуусу,

Адам мээрман көк асманды  жаңырткан.

Бу дүйнөдө  адам  жакшылыгы  да

Пендени өз  жазасынан  сактаган.

Жашыл өлөң жерге ашык болгонун

Толкуп айта эч жашырып катпаган

Ала торгой ашыктыктын  сырларын

Ачты мага, эч бир жанга ачпаган.

Мен өзүм да, алданечен  айткамын

Сүйүү  сырым  гүлдөр менен бактарга,

Мен ашыкмын бир жанга  деп сырдашкам

Теректерге,  тоолорго да,  дубалга.

Жайрап  жылдыз  өчтү, кайдан табасың,

Жериң кайда  деди  мага  ырларым.

Ак  балыктар ойлонду да минтишти,

Ашык жанга керек сенин  ырларың!

Үндөбөдүм, төмөн  түшүп  кабагым…

Көп чакырдым бул жактарга – келбедиң.

Ашык жарың кайда деген тоо, таштын

Суроосуна түшүнбөстөй,  бүркөлдүм…

Үмүтүмдүн  таштары  өргө  ээрчитет,

Мен андыктан сонун күндү өткөрдүм.

Жылдыздары, кыйбастардай кол сунат.

Булуттары кучагыма кулашат.

Эрке жели өөп тизелеримди,

Чачтарымды  уйпалайт.

О, тоолорум! Неге мынча көрктүүсүң!

Бийиксиң да!

Мен  мындамын  дагы  эле!

Дагы  деле  мен  мындамын!

Мында менин  жаштыгымды,

сулуулугум,  көркүмдү,

эркелеген  назымды

бүт талашат…

Таштар, таштар!

Көздөрүмдө  жаралдың,

жашыл жылдыздары болуп асмандын!

Булуттарым! Мен  адамга ашыкмын!

Кучагыма  кулоого  ашыкпагын.

 

                 *      *     *

Уул туулса – жигит деп сен мактанба,

Жейрен тайды энчилебе агайын,

Баш-көз болгун карап, өскөнчө бала,

Ылгай албайт кандай азоо тутканын.

Кыз төрөлсө – иштүү  деп сен мактанба,

Тартуулаба жибек жиптерди ага.

Эски жүндү тытып ийик ийрисе,

Чыгат кыздан чеберчилик, жок мурда.

Мактабаңыз жамактарды ырлар деп.

Конок сындуу, буламыкты койсоң да,

Мактагандай даамсыз ашты палоо деп.

Ногой тилинен которгон: Алтынай Темирова