К.Орозбеков: Тандырдан бышып чыга элегимде, Тагдырдан, жазмыш экен таяк күттүм

Кайсы арыма күлөмүн

Күн кечирсем күздөй болуп түнөргөн,

Күлкүм чыгып кайсы арыма күлөм мен.

Кайсы арыма күлкүлүү ыр жаратып,

Кайсы арыма сулууларды сүйөм мен?

 

Жалгыздыкка моюн сунган аз-аздан,

Жалбыракмын шамалдагы адашкан.

Жазылыптыр баш тамгам да, чекитим,

Жасашкан да… Мени демек жасашкан.

 

Санаам – жалын, жалынга өзүм күйөмүн,

Барарга бир багыт таппайт жүрөгүм.

Кейигендер “кейибе”,-деп айтышат,

Күлкүм келет… Кайсы арыма күлөмүн..?

 

Түшүнбөй таякташар

Жашыңдан жабышканда жүрөк оору,

Жашоонун маанилүү эмес күнөө, сообу:

Жаңырта албаган соң жүрөгүңдүн,

Жаштары тамчылаган бирөө тоону.

 

Тамеки тутандырып “санаа” тартам,

Таптаттуу кезин эстеп мага ар таң,

Азымды көп кылганга көмөктөшүп,

Ата-энем гана мага, мага калкан.

 

Ырыма ыйым батпай барак тыттым,

Ызама чыдай албай шарап жуттум.

Тандырдан бышып чыга элегимде,

Тагдырдан, жазмыш экен таяк күттүм.

 

Мертиндим, калың түшүп кабакка кар.

Мейкиндик, эркиндигим “камак” катар.

…Түшүнбөй неге чегип, ичкенимди

Түбөлүк жактагылар таякташар!

 

Күндө өлүп, күндө кайра тирилемин.

Күкүмдөй майдаланам, биригемин.

Жүздөгү аталардай эми канча,

Жүрөксүп “тиги кырга” тигилемин.

 

Суу жээгинде

Өзөн жээги – көр тирликтен сырткары,

Өзөн жээги – өзүмдү өзүм куткаруу.

Сезсем дагы унтуп салам бардыгын,

Мени эстеп жатса дагы бүт баары.

 

Суу жээгинде тилим суу да, дилим суу,

Суудай буркан-шаркан түшкөн үнүм суу…

Бүт баардыгын эстеш үчүн өмүрдө,

Бүт бардыгын унтуу керек биринчи!

 

Суу жээгинде өзүм Ай да, өзүм Күн,

Суу жээгинде өзүм менен өзүммүн.

Көкүрөктүн туюмуна тең эмес,

Көрөгөчтүк касиети көзүмдүн.

 

Өзөн жээги – өмүрүмө саресеп,

Өмүрүм – суу, демек, агып баары өтөт…

 

Чакадагы суу

Суудай сезем өзүмдү чакадагы,

Салат мени ар дайым капага бу.

Чаң баскандай үстүмдү кыйналам-ов,

Санаам ушул, шул менде жапа дагы.

 

Чөйрөм-чыпка кол сунуп тызылдайт маа,

Чагылтат күн тазалап тышымды айтпа.

Чын-жүрөктөн ыраазымын, бирок кантем,

Чыпкага суу сүзүлөт, сузулбайт да.

 

Бир да тамчым жерди өөп тама элек эй!

Баарда келип жуунбады чабалекей.

Суусаган көп, а менин пайдам тийип,

Суусундары мени ичип кана элек эй.

 

Байкалбастан калабы көмөк мендей,

Баары сезип өздөрүн теректердей.

Теректер эй, теректер көк тиреген,

Тамырыңа суу керек, керек мендей.

 

Түндөсү ай каранып келип жүрөт,

Күндүзү күн нурларын өрүп жүрөт.

Мен өзүмдү суу сезип чакадагы,

Мен пайдасыз турганым кейиттирет.

 

Оо, күн сенден суранам буулант мени,

Орун берип булуттан кубант мени.

Жамгыр болуп кулайын жерге кайра,

Жалгыз жолу келүүнүн бул анткени.

 

Жалгыз жолу тең болуп бүт баарына,

Жардамымды берүүнүн бул анткени.

 

Кечиргиле

Өзүмдү таштап барам, алсыз сезем,

Өмүрдө болбосо эх, арсыз кез эң.

Өзгөгө залакамды тийгизбейин,

Өз жолум менен өзүм жалгыз кетем.

 

Чекемдин бырыштары кат-кат болуп,

Чындыкты көкүрөктө сактап берип.

Чыладан чыга албай турам азыр,

Ченебей ичип алган акмак болуп.

 

Жасалма учурашып, жылмаямын,

Жалганды бетке кармап чынды аядым.

Жакындар кечиргиле, кечиргиле,

Жазыгым бир башымда кылдай арбын.

 

Мен эми мезгил менен жарышпаймын,

Максатсыз өмүрүмдү табыштаймын.

Мойнума бир чындыкты ала кетем,

Максатуу пенделерден алыстаймын.

 

Кошкула сындырым нан бөлүшкөндөр,

Кошкула мени менен көрүшкөндөр.

Кетейин арал таап ошол жакка,

Кетейин арбын жерде көгүчкөндөр…

 

Жашоодон өтүнүч

Кайран жаным тирешүүдөн жалккандай,

Көр тирилик бузулбаган салттардай.

Жүрөк чабал, оюң менен болоюн,

Жашоо айтчы, сен көрсөтөр шарт кандай?

 

Тартып албай, түрткүлөсөң аскадан,

Тамат көздөн аралашып жашка кан.

Эмне кылдым, күнөөм кайсы? Болгону

Ээр токудум жыйырма бир жашка араң.

 

Жип карматпай санаа менен муунтасың,

Жин киргендей аянычтуу турпатым.

Жүдөө кылып чачтарымды үксүйтүп,

Жан дүйнөмдү шарт түбүнөн кыркасың.

 

Жашоо сени чын дилимден жек көрөм,

Жан кейитип ар бир күндү өткөрөм.

Араң гана берип келем туруштук,

Ар соккуңа бир муштумдай эт менен.

 

Бүттүм көнүп, ур, буттан чал, талыкпа!

Бир сураныч карыт мейли карытпа.

Ак бешикке бөлөгөндөй апакем,

Ак кепиндеп терметип кой табытта.

 

Талаа-түздө таз жоруга жем кылбай,

Табыштап кой, тынч жатайын табытта.

 

Аз болсо да саз жашагым келүүдө.

Кайгы жээги, ойлор улам шапшынып,

Көкүрөктөн көзгө келип жаш чыгып.

Келечегиң көрүнбөсө тумандап,

Киши түшпөс көлдөй экен жашчылык.

 

Дарт тоолору, ылдый кулап көчкүсү,

Данын аяп өмүрүмдүн өч күзү.

Даамын сызбай бул бир келген өмүрдүн,

Деги эле кимдин келсин өткүсү?..

 

Өйүйт жүрөк чабыр жаңы толгонсом,

Өчсөм мейли өчө турган болгон соң! …

Өзүм таап дабагердин мыктысын,

Өмүр сүрөм, балким жакшы коргонсом?. ..

 

Олжо болуп ажал деген бөрүгө,

Ообосом да пайгамбар жаш элүүгө.

Ак мөңгүлүү Ала-Тоого таянып,

Аз болсо да саз жашагым келүүдө!

 

Бүгүн мен

Кабылдым жаштайымдан оору-дартка,

Кыйналып араң жүрөм чыдап шартка.

Кабырды эстегенде кетким келет,

Кайрадан бала чакка, кайра артка.

 

Арыктап күндөн-күнгө кайран жаным,

Алмашып дарыларга дандыр наным.

Аттиң ай, баш айланса коркуп кетем,

Кантемин атпай калса атчу таңым.

 

Чок сымал баарын таштап өчөр бекем,

Асманга бул жашоодон көчөр бекем.

Уйкуда жатканымда булут эстээр,

Көрүмдү баткак кылып нөшөр менен.

 

Жүзүңдү эй жамандык, нары бургун,

Нааразы жашоо сага, кеткин, кургун!

Утулар алсыз адам мен эмесмин,

Айыгам, маанай жакшы, бутка турдум.

 

Алышам оору менен чарчабаймын,

Алдыга озуп барам, алгалаймын.

Көрк берип тоо бетине жыты сиңген,

Бүгүн мен тоодогу өскөн арчадаймын.

 

Апа, апа

-Апа, апа, чүкөм кана? Шапкемчи?

Ачты кардым, айраныңдан апкелчи

Апам жокто: “Кайда кетти мага айтпай?

Ата, ата, апам кайда? Таап келчи.”

 

-Апа, алып берип койчу сумкемди,

Ак көйнөктүн мобу жерин минтемби?

Аркы аптага эжейибиз жылдырды,

Ата-энелер жыйналышы. Ким келди?

 

-Апа, баарын жасап койдум, мен кеттим,

Акча керек, отурушка бермекмин.

Анын кызын сүйбөйм, жакпайт ал мага,

Ашык болсо азыр алып келмекмин.

 

-Апа, алло, баары жакшы… Үйрөндүм…

Агай баасын койбой бир топ сүйрөлдүм.

Айран, каймак, эт, картошка салып ий,

Андан көрө шаарга тартса үйдөн ким.

 

Мейли, ааламга түбөлүк жаз келбесин,

Мейли элем түгөнсө да чөлдө суум.

Суранычым апа, сенден бир гана:

Суроолорум жоопсуз кала көрбөсүн.

 

Мажбур болдум

Мажбур болдум аргасыз, кечир мени,

Мага таандык тагдырдын чечимдери.

Сага кокус зыяны тийбесин деп,

Сенден оолак кармаймын өзүмдү эми.

 

Себеби бар жүрүштөн калышымда,

Сени тапкан  жүрөктүн кагышында.

Чабал аттай бат чуркайт ойго салып,

Санаам менин, көлөкөм, дал ушунда.

 

Кечир мени, коштошуп булар менен,

Кечиңди эми жаркытып турам дегем.

Кечир мени, көлөкөм, келечекте

Келечекте жубайым кылам дегем.

 

Жоголот ээ, күлкүң күн уялган?

Мекениме айланып түн, ый, арман.

Башка болсо ордумда дал ушинтмек,

Бакытына бак каалап туруп ал жан.

 

Эстүүсүң го, эчкирип ыйлабагын,

Эч нерсени сураба, кыйнабагын.

Сени өзүңө тапшырдым, аманатым,

Сен элең эх, тапканым, жыйнаганым.

 

Мажбур болдум аргасыз, кечир мени,

Мага таандык тагдырдын чечимдери.

Сага кокус зыяны тийбесин деп,

Сенден алыс кармаймын өзүмдү эми.

 

Сенден алыс кармаймын өзүмдү эми.