Исраил Сулайманов 100 жашта

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу И.Сулайманов көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка толмок. Жазуучунун 100 жылдыгынын урматына Ош облусунун Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында мааракелик эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чара КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмү тарабынан уюштурулду. Уюштуруучу, жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы, акын Т.Жороев: “Бул маараке КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү. Биз бул жылдар аралыгында адабиятка салым кошкон акын-жазуучуларыбызды унутта калтырбашыбыз керек. Алардын жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында бүгүн биздин 85 жылдык тарыхыбыз бар. Андыктан мындай эскерүүлөрдү, жолугушууларды байма-бай өткөрүп, жаштарга алардын эмгектерин насыйкаттап турушубуз зарыл” деп белгилеп өттү. Аталган эскерүү кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Ж.Акаева катышып келди.

И.Сулаймановдун “Ак була” (1963), “Токой күңгүрөнөт” (1969), “Ал кайра келет” (1971), “Мүнөздөр” (1974), “Балдардын кенжеси” (1979), “Өжөр кишилер” (1980), “Алыс сапар” (1988), “Өмүр ыргактары” (1990) аттуу 8 китеби жарык көргөн. Акын жана жазуучу И.Сулайманов 1989-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Алга-Бас айылындагы орто мектепке аты берилген.