Гүлүмкан Исаева: Мен жаш болсом болгондурмун, агатай, Сүйүү да жаш болобу?

Гүлүмкан Исаева 1999- жылы Баткен областынын Лейлек районунун Бешкент айылында туулган. Учурда Бишкек шаарындагы Кыргыз -Түрк «Манас» университетинин студенти.

*****

Кокустан бошоп ордуң,

Олтурам башым тырмап.

Эскирип өчөт эми,

Бул сүйүүм жылдан жылга.

 

Ааламды таш басса да,

Акылым, укпайм сени.

Катарын бузбай кайра,

Айланат куштар келип.

 

Жүрөктүн жүзү күлгөн,

Өзүңө куштар элем.

Өзүмдү өзүм билип,

Өтүгүм төргө илбей,

Мен сени уккан элем.

Өкүнүчтүү…

 

…акылды укпаш керек!

 

******

Көзүм менен тең айланып кусалар,

Сезим үчүн жакын туруп узаган.

Жүрөгүмдүн оозун бууп келатам,

Жарты жолдон чыгып алым сураба!

 

Элдикиндей эмес менде ашыктык,

Көзүм сүйлөп коёт катсам дилдегим.

Өзүм билбейм неге ашыктым сендеги,

Сүйүү кандай болуш керек билбедим?

 

Ишенбеген тариз бийлеп эркиңди,

Сенде күмөн сезимиңден жогору.

Мен жаш болсом болгондурмун, агатай,

Сүйүү да жаш болобу?

 

******

Чарыгын терс кийди бу турмуш,

Чамам суз кыязы утулдум,

Жаш жетип баш жетпес сезимге…

…же сүйүү ушулбу?

 

Тагдырга кызык не этти элем?

Мени антип өзүмдө чектебе.

Буулугуп келатам кең жолдо,

Болбойт о-ов келбесең.

 

Ойлобой бүгүнүн, эртеңин.

Өзгөрүү башталды менде бир.

Акылды жүрөккө жеңдирип сен дагы

Кел энди?!..

 

Монолог

Менден кийин жаным кимге берилет?

Өзүм менен өлөбү же ичимде,

Мен баары бир тагдырыңа ишенбейм,

Бир ишенсем ишенгемин сүйүүгө,

Деген менен түйүп алып түйүнүн,

Бизден кеткен келбес болуп сүйүүлөр. ..

 

…Сурап келдим куттуу күнү кудайдан,

Сени менен жашасам деп өмүрдү.

Жетээринче сенсиздикти жашаган,

Текке кеткен күндөрүмдү кечирдим.

Билесиң да эми кетүү болбосун,

Бүтөлө элек туруп көңүл кетиги.

Мезгил менин жанга жакын жолдошум,

Түз кийсе да кыйшык баскан өтүгү.

Жетет эле сени алып жаныма,

Кете берсем бир өмүрдү көчүрүп.

Кайда алпарып жашайм билбейм, а бирок,

Мендегинин маанилүүсү өзүңсүң!

 

******

Асман жерден көп чакырым алыста,

Сен да менден узаксың.

Сезим деген оору го дейм айыкпас,

Же мезгилсиз сезим бизге тузакпы?

 

Ортобузда жарала элек чоң сезим,

Жүрөктөр го сүйлөй элек улуу сөз.

Чын махабат булуттардай жепжеңил,

Чын махабат булуттардай үлбүрөк.

 

Көп жашаган менен мезгил менимче,

Көп нерсени биле бербейт анчалык.

Көңүл шаарын тумандатпа ак булут,

Көлөкөмдөн качып жүрүп чарчадым.

 

******

Катсам болбой ачылууда бир учу,

Көңүлүмдө өзүмдөн чоң кусам бар.

Сен жаманга мен жакшыны буюрсун,

Айткылачы Кудайга!

 

Келечегин издеп ошо кусанын,

Кезегимден эрте келдим кеч келдим..

Кең пейилдүү дешти сени, Кудайым,

Тилегимди бер менин…!

 

******

Кар жаап салды дүйнөмө.

Алдыда канча адашам.

Чалынып кеткен окшоймун,

Сезимге өзүм жасаган.

 

Жүрөккө түшсө озуйпа,

Жеңилби, оор, Сүйүүлөр?

Жоготуп алдым өзүмдү,

А силер кантип сүйдүңөр?

 

Сезимди кайда жашырам,

Төгүлүп кетип ырбаган..?

Баары бир эми мага да,

Эч кимди сүйбөй ыр жазам.

 

******

Жеткирбеген үчүн кыял, кыял да.

Сүйүүнүн да эң жакшысы – алысы.

Куру ойлорду кубалаган сен деле,

Көңүл, жашсың, кап ушу.

 

Бирөө алып бирөө албай үлүшүн,

Махабаттан азап чеккен көп жүрөк.

Курмандыгы кылбай эрте сүйүүнүн,

Сени кантип өстүрөм,

Көңүл?..

 

******

Төрүм бош, эшик ачык.

Теребел  кирет-чыгат.

Бир акын күткөндүгүн,

Билеби?

билбейт чыгар…

 

Кыялдар алдан тайып,

Эркимдин оозу бошойт.

Экинчи сүйбөйм аны,

Келбесе буйрук ошол!

 

Тешилип бүттү карек.

Төш кагып, эрдемсине

караанын көз-көз кылып,

Кайрадан келбестир ээ?

 

Төрүм бош, эшик ачык.

Түрдүү из кирет… чыгат…

Күлмүңдөп жүрсө керек,

Күткөнүм билбейт чыгар…

 

******

Жакшы ыр жазамын качандыр,

Сезимдер жайышса кулачын.

Көңүлдө эс тартып келатат,

Сүйүүгө али жаш бир акын.

 

Ким билсин жакшы акын келатат,

Теңирдин бешигин терметер.

Каламбы тагдырдан а менин,

Акындык жүк түшүп желкеме?..