Элмирбек Иманалиев: Экөөбүздөн жетим калган күндөргө, Ээр токумсуз – жайдак кетип барамын

Пенделер маршы

Мезгилдин агымында калдалактап,
Мен да, сен да, ал дагы карбаластап,
Агып бара жатабыз кайда, кайдаа…
Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап.

Көр тирлик эй, көргө көр жетеленип,
Көрө албастык, ач көздүк, текеберлик,
Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө
Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик.

Жалганынан чындыгын айрый алгыс,
Оо не деген өмүрсүң, кайрый алгыс?!
Ийинибиз тийишип турган менен
Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз…

Пенде экенбиз кантели өлүп-талып,
Периштесин пейилдин көмүп салдык.
Басып жүргөн боюнча өлүп калдык
Байкабайбыз ошого көнүп калдык…

Алганыбыз көп болду, беребизби?
Келген жээкке кетирдик кемебизди.
Күүгүм кирип келатат, мен жалгызмын
Күн чыкканда биз чогуу келебизби…

Ар адамды ар жерде арал кылып,
Арабызда коюулайт караңгылык.
Табыша албай калганча үн каталы
Таап алалы адамды адам кылып.

 

*****

Жетилдиң үлбүрөгүм,
Таңшыдың дилдирегим.
Сен үчүн оор болсо да,
Сезимим билдиремин.

Ачылдың бүрдөгөнүм,
Ансайын сүрдөнөмүн.
Азабы көп болсо да,
Арманым билдиремин.

Мелжидиң тартылганым,
Кайкыдың талпынганым.
Мен үнсүз тартынганым,
Мен сага айтылганым.

Өрт болдуң тутанганым,
Өзөктө куса, арманым.
Бир муңдуу куштай болдум,
Билбеген учаар жагын.

Же сенден кете албадым,
Же сага жете албадым.
Карегиң карай берем,
Кантсе да тушалгамын.

Мелжиген дүйнөдөйүм,
Мен өңдүү күй дебейин.
Сүйлөмгө сүйүү батпайт,
Сүйлөбөйм, сүйлөбөйүн.

Капкалуу дүйнөдөйүм,
Карайын үндөбөйүн.
Ыр бизге түбөлүктөй,
Ыр бизге күбөлүктөй,
Ырдайын сүйлөбөйүн.

 

*****
Асыл жарым! Сабыр кылып тыңдагын,
Билесиңби жүрөгүмдө ким барын?
Ошол бирөө сенден жаман сыздатты,
Андан бетер сен деп канча сыздадым…

Асыл жарым! Туталанбай тыңдагын.
Азыр менин сенден кыйын кырдаалым.
Ал да мени сенден жаман ыйлатты,
Андан бетер сен деп канча ыйладым…

Азап коштоп алтын жаштык жылдарын,
Аз жылынып, көп көргөмүн ызгаарын.
Эмикиси андан кыйын көрүнөт
Эңгиредим, жалгыздадым, муздадым…

Асыл жарым! Аяйсыңбы, аягын.
Азап, азап – азыр менин абалым.
Экөөбүздөн жетим калган күндөргө
Ээр токумсуз – жайдак кетип барамын…

Эрк өзүңдө, кечир мени кечирбе!
Эмне өзгөрмөк, эзил мейли эзилбе.
Махабаттын ысык демин ким бермек
Махабаттан эрте калган жетимге!?…

Бирок баары андай эмес, тыңдагын…
Билесиңби көкүрөктө муң барын?
Ошол муңум силер эмес, мен эмес –
Сыздап чыккан, ыйлап чыккан ырларым!

 

Амантай агама

Олтурду Ал.., ой тереңин кубалап,
Түбүн таппайт, түпкүрлөргө чубалат.
Жакшы нерсе жаратсам дейт тилеги,
Жаак таянат, жараткандан суранат.
Каалга, анын каршысында терезе,
Оң жагы жол, сол капталы кровать.

Таланттар көп тар бөлмөдө катылган.
Талант – вулкан тарчылыктан атылган!

 

******
Айылдан ат минген мас көрдүм,
Селт эттим көргөндөй душманым,
Жабышып ээр кашка өбөктөп,
Жалына жабылта кусканын,
Көргөндө жан сыздап баратты,
Барктабай калдыкпы чын эле,
Бабалар сүйгөн ат канатты?
Ким үчүн кайтты эле казаттан
Тулпарлар туягы жарааттуу?
Канча өмүр аргымак жалында
Ким үчүн кетти эле кыйылып?
Андыктан жүрбөйбү атынын
Жалына мазардай сыйынып?!

 

Мукагалиге

Күлкү да эки көздө бирдей жанат.
Жаш дагы эки көздөн бирдей агат.
Көрбөдүм мен жалгызды акындардай,
Көп ичинде жалгыздык кандай азап..?
Ушуну түшүнөбү кыргыз, казак?

Мукагали, боорум, Мукагали!
Туу көтөргөн дооруңду көрбөй кеттиң,
Турмуш мерез кимдерди тушабады?!
Тилим үчүн мен дагы далай жерде
Титиредим жебедей бутадагы.

Мукагали, боорум, Мукагали!
Буйтап өтүп кеталбайт экенбиз го
Буйрук болсо тагдырга туталануу.
Том, том болуп текчемде турасың сен
Мага өтүп сендеги кусалануу.
Муңум толуп кеткенде сылап коём
Мукагали деп турган мукабаңды.

Мукагали, боорум, Мукагали!
Кош канатсыз куш көккө учалабы?
Ушул ойлор түйшөлткөн сени далай
Ушуну кыргыз, казак туталабы?

 

Чыгаандарга

Жетишет!
Чыгаандары Ата-Журттун!
Жериңде кан төгүлдү!
Аза жуттуң!
Өлкөбүздүн жүзүнөн өчүрөлү –
Өксүктү, кара тагын капалыктын!

Кектешпей,
Кет, кет! – дешпей,
Кел! – дешкиле!
Бешигин бейпилдиктин терметкиле!
Туу кылып энекемдин ак жоолугун,
Турайын ортоңордо,
Элдешкиле!
Боздотуп бабалардын ак комузун,
Болоюн ортоңордо,
Элдешкиле!