Елена Ющук: Күн шооласы айрыйт түндүн пардасын, кылымдардан чарчабаган, атаандаш

Акыркы мезгилдерде калем кармап машыккан үлкөн акын, жазуучуларыбыздан сырткары, адабиятка, анын ичинде котормо жанрына белсене киришип, дүйнөлүк адабият менен бирге эле коңшу элдердин чыгармаларын которуунун үстүндө жигердүү эмгектенип келе жатышкан ыр ышкыбоздорун байкоого болот.

“Эл ичи – өнөр кенчи”-демекчи, элге “аты-жыты” азырынча белгисиз ошол ыр ышкыбоздорунун ичинен котормонун маани-маңызына сүңгүп кирип, автор тарабынан айтылган ойду так-таасын бере алгандар да жок эмес экендигин белгилей кетүү абзел.

Эмесе, назарыңыздарды Кадырали Мырзанбетовдун котормолоруна бурмакчыбыз. Автордун котормолору укмуштуудай чеберчиликте аткарылган дегенден албетте алыспыз. Бирок, бул анын котормо жаатындагы тырмак алды эмгеги экендигин эске алсак, чыгарма көз жүгүртүп окуп чыгууга жана жылуу сөз айтууга арзыйт.

Таштанбек Чакиев, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун котормо секциясынын башчысы, акын, котормочу.

*****

Көз тунарып, далым күйшөп, умсунуп,

Дагы жалгыз, досторум жок, жок душман,

Мен жашоодо кубанууну унутуп,

Кишендемин, убайымга ууктурган.

 

Ар бир жаздын таң заарында бир жолу,

Дүйнө менин коркунчумду азайтат,

Бул жарыкка жаралганмын, болжолу,

Өтөө үчүн суз Музама ак кызмат.

 

Аалам элди эркелетпес бир дагы,

Ызгаар суукта, мейли туман, аптапта.

Мен өзүмдү эркин сезем, сыягы,

Түнт токойду араласам, ал тапта.

 

Канадада, же Римдеби, Польшада,

Көпчүлүктүн арасында буулугам.

Адырларым артык мени кубантат,

Шаар көркүнөн кысыламын, тумчугам.

 

Роза менен коңгуроо гүл айланам,

А көлмөдө форель сүзөт, туйлаган.

Жем беремин чурулдашкан таандарга,

Булбул үнүн тыншайм безеп сайраган.

 

Жүрөгүмө эркиндикти толтуруп,

Жер тамыры соксо, туюп турамын.

Көңүлүмдү чөгөрөмүн оорутуп,

Кимдир бирөө жулса гүлдүн тамырын.

 

Мен чарчадым ачуулуудан, саткындан,

Баары сыңар? – боло албаймын эч качан!

Элдер менен сүйлөшүүдөн тажадым,

Бугумду мен ырларымдан чыгарам…

 

*****

Күмөн саноо үймөктөлүп үйүлүп,

Дубал болду көңүлдөгү өжөрлүк.

Жүрөгүмө кымбат болгон үмүтүм,

Кош айтышып, кете берген, көгөрүп.

 

Акын деген, жаралантып жүрөгүн,

Жашай берет ырларынын сабында.

А жанагы касам ичкен, “досмун” деп,

Унутуптур, ким экенин атым да.

 

Бийик эмес, жапыз эмес чыйырым,

Жетинчи кыл – ал добушу үнүмдүн.

А жанагы, кымбат көргөн жакыным,

Алыс жашайт өлкөсүндө сүйүүнүн.

 

Ошол таңым ага бакыт сезилген,

Анткени ал сүйүү балын тең ичкен.

Колдоруму кармалаган кечээки,

Бул бакытты чыгарыптыр эсинен.

 

Ишеничти милдет экен деп билгем,

Февраль эмес – октябрдын тууганы.

А жанагы узап кеткен тезинен,

Мен түшүнө кирбешими сурады.

 

А жүрөктө, чыңалуунун шыңгыры,

Минордук кыл, “муздат” деди, өкүнө.

Жакын көргөн досумун бул кылыгы,

Кетээринде өрттөп салган, көпүрө…

 

*****

Өткөн күндөр — тээ көктөгү булуттай,

Жетпей калган эскерүүнү толтурат.

Бакыт үнү, колдон учкан куш сымал,

Ал жигитин… азыр эстеп, олтурат.

 

Жазгы кыял убактысы аяктап,

Саргыч тарткан шакты шамал ыргалтат.

Терек менен кайың берки сыңары,

Муңдуу жүзү…. Ал жигитин сагынат…

 

Хризантема жыты эстен тандырып,

Күйгөн жылдыз эсебинде, августтун.

Күрдөөлдүү күз, бирок али кыш эмес,

Жай кайрылар… Кыялында ал кыздын…

 

Шамал тынчып, карааны да узады,

Жерди сылап, кечки күндүн нурлары.

Ак булуттар, каалгып барат акырын,

Көз ирмемдей… Сүйүп турат ал аны…

 

*****

Музыкадай, сыйкырдуу муун – белегим,

көпчүлүккө, көп ичинен бирөөнө.

Жалгыздыктын муңдуу жашы көр кылып,

Дүлөй болуп, тунган менин сүйүүмө…

 

Ал алыста, мага жанган жылдыздай,

Нуру жазат, жан дүйнөмдүн туманын.

Ал тарапка шашат дайым, поезддер,

А мен жалгыз, аны таппай турамын…

 

Сезимтал ал, негизги ойду ырдагы,

жаны туюп, шайкеш дили, ыргагы,

Атыр сепсем жытын эстеп, жасминдин,

ромашканын ачуу, жыттуу жыргалы…

 

Ысык ыргак, өч алгандай – февралдан,

Октябрь да, ичиркентет сыртынан.

Баарын билет: кандай аны сүйөөрүм,

Бузгум келбейт, жан дүйнөсүн, тынч турган…

 

Үн-сөзү жок, ыраазымын жашоомо,

Ырым учат, чек араны сезбеген.

Музыкадай, сыйкырдуу муун — белегим,

Угат ошол, мени сүйүп, эңсеген…

 

*****

Шал болгондой эң негизги жашообуз,

Ирип кеткен, ушул күнүң сокур да.

Ишке ашпай максат кылган, ойлоруң,

Тагдыр чиркин, кусалыкка толууда…

 

Тынчсыздануу кайгы менен алмашып,

Дубал бузар күчү бардай, кыжалат.

Мөөрү сымал, тамырда кан удургуйт,

Жолдо болгон, сооротуулар азаят…

 

Оор жүк болуп, кыбыратып кадамын,

караңгылык жашоо нурун жапкансыйт.

Өз өкүмүн сүргөн түндүн эртеңи,

Ачылбоочу көшөгөсүн тарткансыйт…

 

Айдын нуру, төгүп күңүрт шооласын,

аруу ойдун, жарыктыгын, жандантат.

Акылсыздык жуулуп, асыл ой менен,

ишенимдүү жолун таап, баратат…

 

Күн шооласы айрыйт түндүн пардасын,

кылымдардан чарчабаган, атааңдаш.

Таза жаңы, айнектей түс, кубулган,

жаңы ыр менен, жаңы күндө, саламдаш!

 

*****

Жылуу сөздү кайырмак деп түшүнүп,

жүрөгүмө бербептирмин мүмкүндүк.

Жаңылууга менин эми акым жок,

Өкүнүчтүү, муну мен кеч түшүнүп…

 

Чочуп карайм, мышыктын да дүбүртүн,

Конок күтүп, жууса бетин, ар үндүн.

Кыймылбы же, шыбыраган добушпу,

Дубалдардан, жаңырганы ал үндүн.

 

Жүрөк согот, ок аткандай дүңгүрөп,

“Коё бер” дейм, жаш аралаш, мүңкүрөп.

Мүмкүн бир аз, болуум керек, жөнөкөй,

Бүт кечирип, жан туюмум, үлбүрөк.

 

Жалгыздыгым, үйдө мени жылытпай,

Бакча аралап, тыңшайм чымчык сайрашын.

Карып барат, жалбырактар, саргайып,

Күбүлүшөт, шуудур тартып бут алдым.

 

Октябрдын он тогузу, кайрадан,

эстейм сени – жанды эзген өкүнчүм.

Билесиңби, кечир дебейм, анткени,

тагдырымын ачкычы дейм — өтмүшүм.

 

Сыздап келген жараларым айыккан,

А жылмаюум сезимимди жандантат.

Балким ошол, экөөбүздүн мамиле,

Адамдагы чын бакыт деп, аталат…

 

*****

Мейли баары, биз айткандай болбосун,

Айрылууга тике карап, чыдармын.

Аптап же жаан, кар тозоңдуу бороондо,

Билип койгун, келбейт эстен чыгаргым.

 

Жашоо татаал, дүйнө мерез, булганыч,

Жылда — күнөө, бырышына бетимдин.

Мени сүйдүң назик жана чын дилден,

Ошон үчүн, эркектерди кечирдим.

 

Арман кылдым, бейиш даамын таткандай,

Каным кызыйт, шайтан үйлөп жаткандай.

Мен күтпөгөм, тагдыр кубанч берет деп,

Андан ашып, үмүт, сүйүү — ак таңдай.

 

Жан дүйнөмү бөлүктөргө сындырып,

Тоңуп турам, февралдагы муз сымал,

Биз экөөбүз каалаганбыз зор бакыт,

Мүмкүн, эч ким каалабаган, биз сыңар…

 

Көздөрүңө тиктеп, жылыйм, нурунан,

Боюм уруп, сүйүүңөн ооз тийгемин.

Жылдар өтсүн, мейли алыс, аралык,

Коркпо жаным, сүйүп өтөм, тилегим!

Которгон: Кадырали Мырзанбетов