Э.Эрматов: Акындык бул тагдыр экендигин мага Пушкин үйрөттү

АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ

* * *

Насип буйруп Москвадагы Адабият институтунда окуп калдым. Башка окуу жайларда кандай экендигин билбеймин, бизде жумасына бир күндү «чыгармачылык күн» деп койчу. Бул күнү жалаң семинарда бири-бирибиздин ырларыбызды талкуулап өткөрчүбүз. Кемчилдиктерибизди аябай бетке айтаар элек. Ачуу сындарга чыдабай ыйлаган күндөрүбүз да болду. Мындан сырткары айына үч-төрт жолу шаардын театрларына кирүү үчүн ар бирибизге бекер билет таратып берчү. Кап, ошондо кийинчерээк драма жазарымды билсем, бир да билетимди күйгүзбөй спектаклдерге барып турмакмын. Ошондой болсо да шаардагы дээрлик бардык театрлардын босогосун аттап, чыгармачылык дем-илебин туюп калганыма азыр ичимен сыймыктанам. Көз алдыман Чоң театр, МХАТ, Пушкин, Станиславский, Маяковский атындагы театрлар кетпейт.

* * *

Экинчи курста окуп жүргөнүмдө Василий Шукшин дүйнөдөн кайтты. Көпчүлүк күйөрмандар менен кошо аны көрүстөнгө узатуу аземине катыштым. Эл аябай көп болду. Москванын үч-төрт көчөсүнө эл батпай кетти. Көрүстөнгө коюлгандан кийин мүрзөнүн үстүндөгү гүлдөр эки кабат үйдөй көрүнүп калды. Мен ошондо биринчи жолу орус элинин улуулугун сезгем, маданиятты, адабиятты сыйлай тургандыгын баалап, аябай таң калгам. Шукшиндин тирүүсүндө артынан айтылып жүргөн ушак-айың кептер түккө да арзыбай калгандыгын баамдап көзүмдөн жаш чыккан.

* * *

Студент кезимде бир жолу келинчегим Айгүл менен бирге Ленинградга барганым эсимде. Анда уулум Уланбектин тили эми гана чыккан эле. Бир жума бою аябай шаарды аралап тамаша кылдык. Эки күндүк убактыбызды жалаң Пушкинге арнадык. Акындын окуган, жашаган, жүргөн, өлгөн жерлеринде болдук. Царское селого барып анын жаткан керебетин көрдүм, окуган китептерин барактадым. Ошондон бери анын томдорун үзбөй окуп келатам. Пушкинге болгон менин кызыгуумду Павел Никалаевич Ерёмин деген агай ойготту. Ал Пушкинди баштан аяк жатка билчү. Акындын бир эле ыры жөнүндө бир күн кечке айтып берчү. Акындык бул тагдыр экендигин мага Пушкин үйрөттү.

* * *

Беш жыл бою орустун улуу сынчысы, Бүткүл дүйнөлүк сынчылар биримдигинин президенти Александр Алексеевич Михайловдун семинарында окудум. Ал кыргыз адабиятын жакшы билчү. Эралиевдин, Рыскуловдун ырлары жөнүндө борбордук газеталарга ой-пикирлерин жазып жүрчү. Эгер мен адабиятта кандайдыр бир ийгиликтерге жетишкен болсом, анын баары устатым Михайловдун тийгизген таасири деп билем. Ал мага өзүңө өзүң сын көз менен кароону, тынымсыз изденүүнү, жетишкен ийгиликтерге манчыркап калбоону, көп окууну үйрөттү. Орус поэзиясынын кереметтерин ачып берди. Кээде семинарга Вознесенскийди, Винокуровду алып келип чыгармачылыктын сырлары жөнүндө баарлашууларды өткөрчү. Окууну бүтүп келгенимден кийин Москвага бир нече жолу бардым. Барган сайын устатым менен учурашып, чыгармачылык отчетумду берип турдум. Китеп текчемде менин ийгиликтериме кубанып кол тамга жазып берген эки томдук китеби турат. Кез-кезде устатымдын таберик китептерин барактап, аны менен көзмө-көз сүйлөшкөндөй болом. Анын мага көрсөткөн ишенимин актаар бекенмин деп ичимен сарсанаага бата берем.

* * *

Мени менен бирге окуган курсташтарымды көп эстеймин. Азыр ойлосом ар бири өзүнчө бир кайталангыс инсандар экен. Ал учурда бирибиз менен бирибиз талашып-тартышып, кээде таң атканча ыр окуп чыгаар элек. Николай Еремин деген досум орустун атактуу чоң акыны болду. Бир бөлмөдө бирге жашаган досум Юрий Алехин Ооган согушуна катышып келген эле. Десанттык бөлүктө кызмат кылган. Мыкты ырларды жазчу. Пастернактын үй музейинде көп жылдар директор болуп иштеди. Орус акындарынын арасында чоң абройго жетишип, жакында көз жумду. Ал эми Валерий Гросеу деген курсташым Молдавия адабиятынын классиги болуп, ырлары көптөгөн тилдерге которулуп кетти. Адабият таануу илимине да омоктуу салымын кошту. Мухаммед Мурад Дос Өзбекстандагы таанымал чыгаан жазуучу. Анын «Галатөпөгө кайтып келгенде», «Лолазар» романдары өзбек адабиятынын олуттуу чыгармаларына айланган. Көптөгөн мамлекеттик кызматтарда иштеди. Зарина Каримова деген курсташым Москвадагы адабий журналдарда үзүрдүү эмгектенип келе жатат. Анын бир нече повесттери, романдары, котормолору жарык көргөн. Кез-кезде Виктор Широков, Николай Шамсутдинов, Вадим Самохин сыяктуу курсташтарым менен интернет аркылуу сүйлөшүп турам. Студенттик доорду эстеген сайын курсташтарым көз алдымдан кетпейт.

* * *

Биринчи курста окуп жүргөнүмдө аябай кыйналып тапшырган экзаменим «Антика адабияты» боюнча болду. Сабакты Тахо-Годи деген эжеке берчү. Анын улуту осетин эле. Күйөөсү орустун улуу философу Лосев болчу. Эжекебиз байыркы грек менен латын тилин мыкты билчү. Анын үстүнө өзүнүн «Антика адабияты» боюнча жазган окуу китеби бар эле. Кыскасы, антика адабиятынын эң көрүнүкүү илимпозу бизге лекция окучу. Көркөм чыгармаларды атайын окуп чыкпасак, эжекеден баа алалбайт элек. Жогорку курстун балдары: «Эгер ушул эжекеден баа алсаң, анда институтту бүттүм дей бер», – деп айтышчу. Кийин эжекеме ичимен абдан ыраазы болдум. Эгер менден анчалык катуу талап кылбаганда Эсхилдин, Еврипиддин, Софоклдун трагедияларын, Вергилийдин, Горацийдин, Овидийдин керемет поэзиясын түшүнбөй өтмөк экем. Бара-бара антика дооруна абдан кызыктым. Лосевдин «Антика эстетикасы» деген илимий китебин азыр да колдон түшүрбөймүн.

* * *

«Чет элдер адабиятынан» сабак берген мугалимдер Валентина Дынник, Сергей Димитриевич Артамонов, Николай Жамбинов азыр да көз алдымда. Алардын китептерин ошол кезде союз боюнча жогорку окуу жайларда окуу куралы катарында пайдаланчу. Айрым китептери азыр деле колдонулуп келе жатат. Валентина эжекебиз Маяковский менен бирге жүргөндүгүн, Есенин менен көңүлдөш болгондугун кээде сыймыктануу менен айтып калчу. Жамбинов агайыбыздын улуту бурят болгону менен жыйырманчы кылымдын адабиятын аябай ийне-жибине чейин түшүнүктүү кылып берилип окутчу. Ошонун таасири аркасында Герман Гессенин, Жеймс Жойстун, Франс Кафканын, Уильям Фолкнердин, Марсель Прусттун романдарын жата калып кайра-кайра окудук. Биздин адабий табитибизди өстүрдү. «Бул жазуучуларды билбесеңер, – деп айтчу агай, – анда адабиятта бир чыгарма жазам деп убара болбогула. Булардын көркөм дүйнөсүн билбей туруп, адабияттын сырын үйрөнүү кыйын». Көрсө, агайдын айтканы туура экен. Мына ошолорду казып окуп жүрүп не деген ааламдар менен жолугуштум, не деген туюмдарга дуушар болдум. Азырга чейин алардын көркөм дүйнөлөрүн ачып бүтө албай келатам.

* * *

Леонид Осповат деген агайыбыз бар эле. «Латын Америкасынын адабияты» деген сабактан окутчу. Бир эле семестр сабак бергендигине карабай, аң-сезимибизге терең из калтырып кетти. Дүйнөлүк адабияттын дөө-шааларына айланган Гарсия Маркес, Карлос Фуэнтес, Льос Варгас, Алехо Карпентьер, Хулио Кортасар, Хорхе Луис Борхес сыяктуу жазуучулар менен көзмө-көз жолуккандыгын айтып берчү. Латын Америкасындагы көптөгөн мамлекеттерде болгондугун, ал жердеги элдердин үрп-адаттарын, жазуучулардын чыгармачылык өнөрканаларын жигерденүү менен айтчу. Биз ошол агайдын сабагынан улам, Маркести сүйүп окуп калдык. Ал кезде анын ысмы азыркыдай кеңири таанымал эмес болчу. Магиялык реализм деген адабий ыкма жөнүндө анча-мынча гана сөз боло баштаган. Мындан сырткары Октавио Пас, Пабло Неруда, Рубен Дарио, Сесар Вальехо сыяктуу улуу акындардын дүйнөсү менен тааныштым. Эгер мен Адабият институтунда окубасам, мындай керемет дүйнө түшүмө да кирмек эмес. Кудай Таала менин тагдырыма мына ушуларды буйругандыгына чексиз ыраазымын.

* * *

Адабият таануу илиминде баа жеткис салымы бар академик Хусейин Көр-оглы Москвадагы Ломоносов университетинде иштечү. Айрыкча фарсы-тажик адабияты боюнча эң чыгаан көзү тирүү окумуштуулардын бири эле. Ошо кезде биздин институтта чыгыш адабияты боюнча атайын курс же атайын сабак өтчү эмес. Бир нече студент уюшуп алып ректорго арызданып кирдик. Арадан көп өтпөй академик Хусейин Көр-оглы бизге чыгыш адабияты боюнча лекция окуй баштады. Анын натыйжасында биз Чыгыштын улуулугун, тереңдигин сезе баштаганбыз. Мына ошондон кийин мен азербайжандын улуу акыны Низами Гянжавини биротоло сүйүп калдым. Башымды көтөрбөй чыгармаларын кайра-кайра окудум. Адегенде казалдарын которуп көрдүм. Акыры жүрүп «Жети сулуу» деген дастанын кыргыз тилине толук которуп чыктым. Бул да болсо устаттарымдын мага тийгизген таасири деп эсептеймин.

* * *

Ошо кезде Сергей Есениндин айылы Константинового барганым эсимде. Айыл Ока дайрасынын жээгинде орун алган экен. Орус табиятынын керемет көрүнүшү көз алдыма тартылат. Асман тиреген карагай менен кайыңдар учу-кыйыры жок мейкиндикти ээлеп жатат. Есениндин «Анна Снегина» деген поэмасы бар эмеспи. Ошол каармандын айылдагы эки кабат үйүндө акындын адабий музейи жайланышыптыр. Айылдын кире бериш жеринде акындын эстелиги орнотулуптур. «Акындын туулган жерин көрбөсөң, анын поэзиясынын табиятын жакшы түшүналбайсың» деген кептин төркүнүнө ошондо маани бердим. Есениндин поэзиясында шыбырап турган кайымдар мага шыбырап жаткансыды. Акындын жан дүйнөсүн оп тартып кеткен көгүлжүм көк жээкке мен дагы жутулуп бараткансыдым. Бүткүл айлана-чөйрөм поэзия жыттанып тургансыды.

* * *

Москвада поэтикалык кечелердин даңазасы асмандап, адабий чөйрөдө гана эмес карапайым элдин арасында да поэзияга болгон кызыгуу аябай ашып турган учур эле. Адабий кечелерге билет табылбай, элдер саксактап жүрүшчү. Элге кеңири таанылган акындардын китептери таберик катарында сезилип, жең ичинен кымбат баада сатылчу. Эгер ошондой китептер колубузга тийип калса жерге-сууга батпай кудуңдап сүйүнүп, бири-бирибизге мактанып алчубуз. Мен адабий кечелерди калтырбоого аракет кылаар элем. Алардын ичинен Расул Гамзатовдун, Давид Кугультиновдун, Андрей Вознесенскийдин, Евгений Евтушенконун, Егор Исаевдин поэтикалык кечелери эсимде. Ар бир акындын ыр окуу ыкмасы, сахнада өзүн эркин алып жүрүшү, билим деңгээли, чыгармачылык өнөрканасы жөнүндө ой бөлүшүүлөрү, деги эле ар биринин поэтикалык дүйнөсү бизге окшоп дүйнөнүн ар бурчунан келген студенттер үчүн баа жеткис таасирдүү сабак болуп калды. Кээде ошондой чыгармачылык жолугушуулардан кийин атайын талаш-тартыштарды өткөрчүбүз. Делебебиз козголуп, өзүбүздү канаттуу жандай сезип калаар элек.

* * *

Ар кайсыл жогорку окуу жайларда окуган студенттер тез-тез жолугушуп турчу элек. Ошо кезде азыркы кыргыз музыкасынын классиги болгон Муратбек Бегалиев менен таанышкам. Кийин экөөбүздүн чыгармачылык байланышыбыз бекемделип «Жаңыл мырза» спектаклинин музыкасын жазып берди. Менин бир-эки ырыма обон да чыгарды. Азыркы кездеги көрүнүктүү саясатчы Алмазбек Атамбаев менен да студенттик күндөрдүн ачуу-таттуусун бирге өткөрдүк. Тез-тез көрүшүп турбасак, сагынышып калаар элек. Кинорежиссерлор Замир Эралиев, Бакыт Карагулов, сүрөтчү Жоомарт Кадыралиев, адабиятчы Абдыганы Эркебаев, киносценарист Баян Сарыгулов менен да ошол жылдарда таанышып, азырга чейин жылуу мамиледе келатабыз. Бүгүнкү күндө бул инсандарсыз кыргыз искусствосу, адабияты, маданияты жөнүндө толук кандуу сөз кылуу мүмкүн эмес.

* * *

Москвага адегенде келгенде келинчегим экөөбүздүн жашообуз аябай кыйын болду. Баш калкалар жайыбыз жок эле келип алыппыз. Институттун жатаканасында бир айдай жашадык. Кийин бир мектепке көчө шыпыргыч болуп орноштум да ал жерде жарым айдай күн өткөрдүк. Издеп жүрүп Малая Бронная көчөсүнөн эскилиги жетип бузула турган бир үйдөн квартира таптык. Кыш ошол жылы абдан оор түшкөн эле. Суукка тоңуп калбай эптеп кышты чыгарсак дегенде эки көзүбүз төрт. Таңкы саат беште туруп көчөдөгү карды тазалайбыз. Айрыкча муздарды чагып тазалоо биз үчүн тозок. Колдорубуз кабарып кетет. Мындай азапка чыдабай ыйлаган күндөрүбүз да болду. Айла жок, эптеп кышты чыгарышыбыз керек да. Бир күнү бир досум: «Жатаканабызга көчө шыпыргыч керек болуп жатыптыр. Комендантка барып жолукпайсыңбы», – деп калды. Ошол күнү эле жетип бардым. Келинчегим менен кыйналып жүргөнүмдү айттым. Айтор, мага боору оорудубу, абалымды түшүнгөндөн кийин мени ишке алып, жатаканадан атайын бир бөлмө бөлүп берди. Алган айлыгыбыз стипендия менен кошо экөөбүзгө кеңири жетет. Анча-мынча тыйын-тыпыр ашып калса, китеп дүкөндөрдү кыдырып китеп сатып алам. Эт арзан эле. Бул жактан тамактын татымын чыгарчу жыттуу чөптөрдөн көп алып барган элек. Келинчегимдин жасаган даамдуу тамагынан ооз тийбеген жатаканада студент калбаса керек. Айрым досторум шаардан атайын биздикине мейманга келип турчу. Студенттик жылдарымда Москванын аяздуу көчөлөрүндө жүрүп менин ыр саптарым өзүнүн үнүн, жүзүн тапты окшойт. Сабактан бош убактарда Москванын көчөлөрүн күнү-түнү кыйналып шыпырбасам, балким, турмуштун кыйынчылыктарына чыдабай кийинчерээк жеңил оокат издеп кетээр белем, ким билет.

* * *

Адабияттын босогосун «Ак дил» деген ыр китебим менен аттап кирдим. Бул китеп менин институтту бүтүрүп жаткандагы дипломдук ишим эле. Китебим тез эле эл оозуна алынып, окурмандардын арасында жылуу пикирлерди жаратты. Андагы ырлардын көпчүлүгү жаштык романтиканын маанайында жазылган, ыймандай сырларды жаап-жашырбаган чыгармалар эле. Айрыкча «Мейкиндикке сыйбаган көк желе» деген поэма менин ошол кездеги чыгармачылык изденүүлөрүмдү, жан дүйнөмдүн табиятын даана көрсөтүп тургандыгы менен баалуу деп ойлоймун. Менин акындык жолум мына ушул ыр китептен башталат. Ошол башатты жоготпой азырга чейин таза сактап келатамбы же жокпу, аны айталбаймын, бирок ошол алакандай китебимди барактаган сайын кайрадан Москвадагы өткөргөн күндөрүм көз алдыма шурудай тизиле берет. Кайра-кайра өрт курагыма жолугам.

* * *

Студент кезимде кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен Сооронбай Жусуев, Өскөн Даникеев, Элүүбай Отунчиев, Жолон Мамытов менен мамилем жакшы эле. Сокем мени тааныбай туруп, бир топ ырыма жылуу пикирдеги баш сөз жазып «Кыргызстан маданиятына» чыгарды. Мурда а киши менен тааныш эмес элем. Окуп алып тим эле төбөм көккө жетти. Алган багытыма карата кандайдыр бир ишеним пайда болду. Москвага келген сайын жолугушуп турдук. Чыгармачылыгыма кызыгып, келечегимден үмүт эткендигин байкап жүрдүм. Азырга чейин Сокем мен урматтаган эң улуу инсандардын бири. Ал эми Өсөкем менен, Эликем менен институттун жатаканасында уч-аягы түгөнбөгөн далай кызыктуу баарлашууларды өткөрдүк. Туз-даам татышып ага-инидей болуп калдык. Кыргыздын мына ушул эки чыгаан жазуучусу менен тагдырлаш, насиптеш болгонума аябай сыймыктанам. Алардын бийик адамгерчилиги мага көп нерсени үйрөттү. Айрыкча Өсөкем окууну бүтүрүп келгенимде мага бир тууганымдай каралашып, өз үйүндө жашатып, өжүрө таап чыгып кеткиче кабагым-кашым дебей жардамын берип жүрдү. Ал күндөрдү унутсам Кудайдын алдында күнөө кетирип коём. Эликем болсо мага китепти кандай кадырлап сүйүүнү, китеп менен кантип жанбирге дос болууну үйрөттү. Кыргыздын акын-жазуучуларынын арасынан Эликемдей китепкөйдү көрөлекмин. Ал эми Жолон Мамытов менин акындык тагдырыма түздөн-түз таасирин тийгизген инсан. Ошо кишинин үгүттөөсү менен институтка барып окуп калдым. Эгер мага кайдыгер мамиле жасап койгондо тагдыр жолум таптакыр башка нукта кетээр беле, ким билет. Кантсе да жакшы адамдардын шарапаты менен бул өмүрдө тандап алган тагдырыма ыраазымын.

* * *

Ошо кезде менин ырларым, поэмаларым «Ала-Тоо» журналына жыл сайын чыгып турчу. Жаш акынга жасалган мындай жылуу мамиленин негизги себепкери Майрамкан Абылкасымова эле. Эжеке мындай астейдил колдоосун бир гана мага эмес Акбар Рыскуловго, Сагын Акматбековага да көрсөттү. «Талантсыздар өздөрү жол таап алат, силерге менин жардамым тийип туруш керек» деген принциби бар болчу. Эгерде мен мындай колдоого дуушар болбогонумда азыркы ийгиликтериме жетүүнүн жолдору алыстап кетмек. Майрамкан эжекедей күйүмдүү устаттардын бардыгы үчүн кыргыз адабияты алдыга жылып келатат.