Э.Эрматов: Адабият – көрүнгөн адам соода кылып кете бере турган базар эмес

ПОЭЗИЯ

* * *

Поэзиянын эң орчундуу касиети – ыймандай сырды жашырбай окурманга тартуулоо. Акындын бугу, ой-санаасы, жүрөк дарты ырларында чагылып турбаса, анда андай ырлар кунарсыз, супсак. Акын өзүн жазуудан качып көмүскөдө алып жүрсө, жан дүйнөсүн ашкере кылуудан качса андай акындан шектенүү керек. Өзүнө өзү шектенген жандан олуттуу бир нерсе күтүүгө болбойт. Анткени ал өзүн гана эмес, окурмандарын да сыйлабайт. Жан дүйнөсүнүн жардылыгын жарыя кылып коюудан коркот. Ыймандай сыр гана акынды акын кылып турат.

* * *

Акындын башкы каарманы жеке өзү жана тагдыры. Тагдыры жок акындан дурус чыгармалар чыкпайт. Тагдырын жазбаган акындан жугумдуу ойлорду, жүрөктү селт эттирген поэтикалык эргүүлөрдү табуу кыйын. Ар бир адам өзүнө терең үңүлмөйүнчө, өзүн ар тараптан изилдемейинче, өзүн өзү сындап, өзүнө өзү баа бермейинче башкаларга тиши өтпөйт. Акын башкы каарман кылып өзүн жазуу менен өзгөлөргө назар салат, өзгөлөрдү аңдап билет, дүйнөгө, айлана-чөйрөгө ошондо гана туура көз караш менен карап, кандайдыр бир ой айтууда этият, сараң боло баштайт. Чыгармадагы ойлор, идеялар акындын тагдыры менен байланышпаса маани-маңызы төмөндөп, кунарсыз нерсеге айланып кетет. Жөн гана жугумсуз уйкаштыктардын тизмегин түзүп калат. Мындай ырлардын өмүрү кыска болот. Адабиятка аралашып жүргөндөн бери мен мына ушуну түшүндүм.

* * *

Поэзия деген керемет нерсе менин балалык чагымды элестетет. Ошол учурда ар бир чөп, корум таштар, бак-дарактар мага эпсиз чоң, өзгөчө сулуу, сыйкырдуу сезилчү. Мен өзүмдү ошол дүйнө менен бир бүтүн жаралганмын деп ойлочумун. Көрсө, ошол сезим улуу поэзиянын башаты экен.

* * *

«Мен өзүм киммин?» деген суроо башыңа кылт эткенден баштап өзүңдү кадыресе адам катарында туясың. Кийин бул суроо сени өмүр бою кыйнап өтөт. Мына ушул суроого жооп издеп жатканыңда гана жүрөгүңдө жылт эткен учкундар чачырап, ал учкундар эгер акын болсоң поэтикалык ыр саптарга, сүрөтчү болсоң бир сүртүм боёкторго, музыкант болсоң шыңгыраган күүгө айланат.

* * *

Кыргыз баласы дээрлик тоолордун арасында туулуп-өскөндүктөн дымагы бийик, мүнөзү курч, кең пейил келет. Анын баскан жолу да, көргөн түшү да, күнү-түн караганы да тоо. Бара-бара жайык жерге, түздүккө түшүп, тоолук экендигин унутуп майдаланып баратат. Айрыкча биз, акындар, шаарга келип майдаланып кеткен жокпузбу?

* * *

Үлп эткен жел жок биябан чөлдө саябан издеп баратсаң, кайдан-жайдан сыбызгыган желаргы келип жүзүңдөн аймап өтсө, кандай абалда каласың? Поэзия – мына ошол желаргы. Ансыз да жашаса болот, бирок анын леп эткен толкунуна бир ирет дуушар болгон адам аны кайра-кайра эңсей берет.

* * *

Поэзия капилеттен келип сенин тулку боюңду «дүр-р» эттирип кеткен сезим. Анын кайдан келип, кайда кеткендигин издеп убара болбо. Ал кайыптан келген нерсе. Бул сезимге бир жолу кабылсаң, анда жан дүйнөңө аруулуктун үрөнү себилди деп бил.

* * *

Поэзия бул кумарбы деймин. Анын даамын канчалык таткан сайын ошончолук чаңкай бересиң, чаңкай бересиң. Бирок эч качан: «Болду! Ушунчасына шүгүр!» – деп айтпайсың. Медериң тойбойт, лаззат оюнундай азгырыктар оп тартып кете берет.

* * *

Бир аз көптүргү салбасаң, камырың көппөйт. Поэзия мына ошол сөз дүйнөсүнүн ичине салынган кичинекей көптүргү. Анын касиети бардык сөздөргө жан берип нурлантып, күйгүзүп турат. Ал болбосо сөздөр додолонгон таштанды сыяктуу.

* * *

Устатым: «Поэтикалык ойду этияттап баккыла», – деп айтчу. Көрсө, ой багыш үчүн турмуштун токсон тогуз калбырынан өтүшүң керек экен. Жаныңды жай таптырбай кыйнап турушуң керек экен. Бейпилчиликте жыргап жашасаң, ойлоруң да уйкусоонун арасында күн көрүп жалкоо болуп калат турбайбы? Канатын күүлөп асманга учалбай мокок болуп калат турбайбы?

* * *

Акын бир эле мезгилде бир социалдык катмардын же бир муундун көйгөйүн көл-шал кылып айтып берүүгө кудуреттүү. Ошол үчүн ал өзү жашаган доордун, мезгилдин, кылымдын үнү болалат. Ар дайым эле өзүнүн көйгөйүн күүгө салган акындан философиялык жалпылоолорду табуу кыйын.

* * *

Поэзияда ар бир акындын бир-эки эле темасы бар. Ошол темаларды ар ким өз алдынча вариациялап, ар ким өзүнүн каны-жанын, түшүнүгүн, көз карашын кошот. Ошого жараша окуганыңда ырдын тематикасы чеги жок сыяктанат.

* * *

Заман алмашкан сайын эскирип кетпей турган ырларды жазган акындардын өзгөчөлүгү эмнеде? Менимче, алар бийлик төбөлдөрүнө кошомат кылбай, күнүмдүк саясаттын кулу болбой, жалаң адам баласынын жеке керт башындагы көйгөйлөрдү, анын кайгы-азабын, аруу махабатын күүгө салгандыгында. Жолунда сан миң азгырык күтүп турса да көктүк менен көшөрүп түз басканы сейрек кездешет. Ошондуктан бизде ыр жазгандар чекеден табылат. Бирок кара жанын канжыгага байлап, согуп турган жүрөгү көрүнгөн акындар саналуу гана.

* * *

Абийири таза, ыйманы ысык, айкөл жүрөктүү адамдардан жакшы акындар чыгат. Анткени акын болуу – бул кесип эмес. Бул руханий чоң чыңалууну туюндуруп турган өзгөчө кырдаал. Күнүмдүк жашоонун кулуна айлангандар акындын жан дүйнөсүндө болуп өткөн жер титирөө менен эч кандай иши жок, курсагы тойгонуна сүйүнүп жүрө берет.

* * *

Чыгармачылык жолун адегенде ыр жазуу менен баштаган кээ бир курдаштарым мунун азап-тозогу көп экендигин сезишкенден кийин, жеңил-желпи жанрларга өтө качышты. Акындыктын ырыскысынан баары эле даам таткысы келет, бирок анын машакатына чыдап кетүү кыйын. Анткени акындык менен мансап, акындык менен ыймансыздык бири-бирине айкалышып жуурулушпай турган нерсе. Ошондуктан мансапкорлор менен ыймансыздардын арасынан халтурщиктер чыгышы мүмкүн, бирок эзели мыкты акындар чыккан эмес.

* * *

Бассам-турсам өзүмдү өзүм күүлөп жүрөм. Антпесем бат эле күүмдөн жанып кетемби деп корком. Күүлөнбөй калган күнүм ындыным өчүп, дүйнө супсак сезилип, башкалар менен болгон мамилем сууй түшөт. Күүмө келип турган маалда өзүмдү буркан-шаркан аккан дайрадай сезем.

* * *

Айрым акындар өзүбүздүн элдик оозеки чыгармачылыктан таамилданбай туруп кыргыз поэзиясында из калтырабыз деп далбактап жүрүшөт. Бирок алардын максаты ишке ашарына күмөнүм бар. Анткени өзүңдүн миң жылдарды карытып келаткан башатыңды билбей туруп, эч качан алыска кеталбайсың. Батыш менен Чыгыштын адабий казыналарын терең өздөштүрбөй туруп, менменсип көкүрөк кагуу күлкүңдү келтирет. Адабият – көрүнгөн адам соода кылып кете бере турган базар эмес. Ага өтө чоң даярдык, терең билим менен келип, эшигин абайлап кагыш керек. Ошондо да анын эшиги сага ачылабы, жокпу, аны бир Жараткан кудуреттин өзү гана билет.

* * *

Даярдыгы жок келип кайсыл бир боксер дүйнөнүн чемпиону боло алабы? Мурда-кийин коньки тээп машыкпай жүрүп муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча ким биринчиликти жеңип алалат? Ошо сыңарындай Кудай берген талантты тынымсыз тарбиялоо менен акын ийгиликке жетишет. Бул багытта дүйнөнү багындырган алптардын топтогон тажрыйбаларын окуп үйрөнүү, өздөштүрүү менен кандайдыр бир майнап чыгарса болот. Демек, Шекспирди, Достоевскийди, Пушкинди, Ду Фуну, Басену, Абу Нувасты, Низамини билбей туруп адабиятта чыйыр салам дегениң, бери дегенде келесоолук болуп калат.

* * *

Ар бир адамдын киндик каны тамган Ата Мекени бар. Ошол жер ага ыйык, ааламдын так борбору болуп сезилиши керек. Эгерде туулган жеринен акындын тамыры үзүлүп кетсе, анда ал толук кандуу адам болбой калат. Анткени акынды акын кылып турган эң улуу күчтөрдүн бири – туулган жердин топурагы. Эгерде ааламда менин кичинекей Пум деген айылым болбосо ырларым тамырысыз куурап калмак.

* * *

Качан адам бир нерсеге таңыркап, биринчи жолу көрүп жаткандай астейдил таң калып же болбосо эң акыркы жолу көрүп жаткандай үзүлө түшүп элеңдеп карай билсе, ошол жерде жаркын сыр, нукура поэзия бар. Балээнин баары жүрөгүбүз өлүп, бардык нерсеге кошкөңүл карап, ишенимди жоготуп жашап калганыбызда. Материалдык байлыктын артынан сая түшүп жүрүп, бутубуздун алдында жаткан поэзияны жоготуп алганыбызда.

* * *

Бул дүйнөнүн керемет сырларын илимий ыкмалар менен да, поэтикалык жол менен да туюп сезсе болот. Эгер адам өзүнүн жашоосун эч кандай кыйынчылыктарга дуушар кылбайын десе, анда поэтикалык жолду тандап алганы ыңгайлуу. Анткени анын жан дүйнөсү ыпластыктардан, пастыктан, майдалыктан, түркөйлүктөн арылат да тазалыктын, өлбөстүктүн нугуна жакындай баштайт.

* * *

Дилди тазаламайынча, поэзиянын эмне экендигин түшүнбөй жүрүп өтүп кетесиң. Анткени поэзия дил менен гана туюп ала турган Жараткандын өзгөчө назик керемети. Поэзия бар жерде Алла Тааланын нуру чачырап турат. Ал кубулуш дили сокур пенделерге аян бербейт.

* * *

Өмүр бою бутунун учун карап басып, бир жолу асманды карабай жашаган адамдар да бар. Алардын жашоо философиясын өзгөртөм деп ойлобо. Жылдыздуу асман жөнүндө сөз кылам десең кутулбас кара балээге калып кетесиң. Андайлар кудуктун түбүндө жатып жалгыз гана жылдызды көргөн шоркелдейлер.

* * *

Поэзия – ыргак менен ойдун аралашмасынан жаралып, уйкаш аркылуу күүгө келген, ошонусу менен сезимге өзгөчө таасир эткен касиеттүү кубулуш.

* * *

Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөн бир жигит: «Күн сайын саясат менен жүрүп жан дүйнөм аябай булганып бүтөт. Өзүмдөн өзүм жийиркенип калам. Үйгө келгенден кийин өзүмдү өзүм тазалайын деген максатта бир сааттай сиздин ашыглык ырларыңызды окуймун. Окуган сайын жүрөгүм тазаланып жатканын сезем. Ошон үчүн сизге ырахмат», – деди. Эгер саясатчылардын баары эле ошол жигиттей өздөрүн тез-тез поэзия менен тазалап турганда, мекенибиз мынчалык жабыркабайт эле. Дүйнөнүн артынан түшкөн дили сокур саясатчылардын кесепетинен жергебизден береке-пайыз да, улуу руханий поэзия да качып баратат.

* * *

Эгер жараткан Алла Таала сенин ыкласыңды оңдоп, жүрөгүңдү жибитип, көңүлүңө жакшы ниетти салбаса, анда башыңды ташка урсаң да поэзия деген улуу дүйнөдөн куржалак кала бересиң. Мындай кереметке сейрек адамдар гана дуушар болот. Ошону унутпа.

* * *

Поэзия – алтын коңгуроолуу куш сыяктуу. Ал өзү каалаган адамдын башына учуп келип конот. Эгер ошол куш сенин да башыңа келип консун десең жан дүйнөңдү тынымсыз тарбияла, анын назарына илингендей, купулуна толгондой бол, Жараткандан сүкүт салып суран. Ошондо, балким, башыңа келип конуп калуусу ыктымал.

* * *

«Поэзиянын өзөгүн эмне түзөт?» – деп бирөө сурап калды. «Качан эч кимге айтпаган ымандай сырыңды ыр саптарыңа төгүп берсең, ошол гана поэзиянын уюткулуу өзөгүн түзөт. Ошондо сен чыныгы акынсың. Ошондо сен окурмандардын жүрөгүнө түптүз көпүрө сала аласың. Ошондо сага башкалардын ишеними артып, сени өзүнүн жанкүйөр досундай сезе баштайт. Ошондуктан эки сап ыр жазсаң да жалган айтпа, ыйманыңды жеп алба», – деп жооп бердим.

* * *

Эгер башкаларга карата жүрөгүңдө боорукерлик болбосо, анда сенин акындыгың эч нерсеге арзыбайт. Бирөөнүн көңүлүн көтөрүп, жылуу сөз сүйлөп, жыгылып кетсе колунан өйдө тартып жөлөп, кокустан азап чексе ичиңден аяп турсаң сүйлөгөн сөзүңдө кубат-күч, ысык дем пайда болот. Жүрөгү оорубаган акындын сөзү кургак, туюму тайкы. Боорукерлик – акындыктын синоними.

* * *

Жүрөгүң алеп-желеп учуп, кыялый дүйнөң ээ-жаа бербей толуп- ташып турбаса, анда өзүңдү акынмын деп эсептебе. Акындык – мүнөт сайын кайнар булактай кайнап, жанар тоодой атылып, ай- ааламды көз ирмемде чагылгандай чарк айланып чыкчу купуя кубулуш.

* * *

Көкүрөк кагып менменсинген акындардын тагдыры ар дайым өкүнүч менен аяктагандыгына күбө болуп жүрөм. Биринчиден, мындай касиет айлана-чөйрөсүндө жашагандарга жакпайт. Эртерээк өзүмдүн оңой эмес адам экендигимди далилдеймин деп жүрүп аябай көп энергиясын коротуп алат. Экинчиден, мындай касиет Алла Тааланын эң жаман көргөн, эң чоң күнөө деп эсептеген касиеттердин бири. Кудурети күчтүү бир сөз айтам деген акын мындай илдеттен тезирээк кутулганы оң.

* * *

Алла Тааланын амири менен бул дүйнөдөгү бардык нерсе пар-пары менен жаралган. Ар бир нерсенин карама-каршылыгы бар: от менен суу, күн менен түн, аял менен эркек, өлүм менен өмүр. Мына ушул эки уюлдун ортосундагы мейкиндикти изилдеп чыгуу поэзиянын негизги милдети.

* * *

Ыр китеби жарыкка чыгып кеткенден кийин: «Кап, айтайын деген оюмду толук айталбай калыпмын», – деп өкүнгөн акындан күдөр үзбөгүлө. Өзүнүн кудурет-күчүнө ишенген, кемчилдиктерин көрө билген акындар келечекте бышып жетилген мыкты чыгармаларды жазып бералат. Андайлар жетишкен ийгиликтерине эч качан манчыркабайт. Турмушта өтө жөнөкөй, жупуну болушат.

* * *

Ыйык китептерде: «Ар кимиң өзүңдүн кудугуңду каз!» – деген насаат сөз бар. Бул – улуу сөз. Акын болом деген адам өзүнүн кудугун өзгөчө өжөрлүк менен казышы керек. Өмүр бою казып, бирок ал жерден таза суу чыкпай калса андан өткөн трагедия жок. Ошондуктан кудукту казардан алдын жер астындагы суу жакынбы, алыспы, тазабы, шорбу, алгач мына ушул илимди жакшылап өздөштүрүп албаса болбойт.

* * *

«Көч – бара-бара оңолот» – деп коёт кыргыз. Ошонун сыңарындай мыкты акындардын поэтикалык стили жыйнактан жыйнакка өсүп олтуруп биротоло калыптанат. Акындын жүзү – анын стили. Өзүнүн стили бар акын, демек, өзүнүн жүзү, орду, үнү бар акын. Ошондуктан Сүйүнбайдын, Сооронбайдын, Байдылданын, Омордун, Жолондун ысымдары жазылбаса да стилинен улам алардын ырларын дароо эле таанып турасың.

* * *

Үйдү үй кылып турган – анын эшик менен терезеси. Ошонун сыңарындай ар бир чыгарманын ичине кире турган эшиги, ичин жарык кылып турган терезеси бар. Айрым акындар ыр жазабыз дешип эле ырына эшик, терезе коюуну унутуп калышат. Эшиги жок туңгуюк, жарыгы жок караңгы үйгө ким басып кирмек эле?

* * *

«Поэзия деген эмне?» – деп сурашса мен: «Билбеймин», – деп жооп берем. Алмустактан бери канча акын жашап өтсө, поэзия жөнүндө ошончо аныктама айтылды. Бирок эч ким аны толук түшүндүрүп бералган жок. Кыямат кайымга чейин келчү акындар да жеткиликтүү кылып айтып бералбаса керек. Ошондон улам ойлоймун, бул Алла Тааланын энчисине таандык нерсе окшойт. Поэзия Алла Таала тарабынан адамга берилген өзгөчө энергетикалык сыйкырдуу күч десек, чындыкка бир аз жакындайбы деймин.

* * *

Бо-цзюй-и, Навои, Гете мамлекеттик ар кандай жогорку кызматта иштеген төбөлдөр. Бирок ырларын окусаң, карапайым адамдын көйгөйүнө жан күйгүзгөн ыр саптарына туш келесиң. Ал эми өмүр бою дервиш болуп өткөн Басенун, Жаминин, Абу Нувастын ырларында кебелбес руханий күчтөрдү даңазалаган саптар толтура. Менимче, акындар өмүрүндө эмнеге жетпесе, ошону поэзиянын бутасына айлантышып алат окшойт.

* * *

Пушкин менен Гетеге чоң таасир берген фарс акыны Хафиз Ширази кыргыз окурмандарына азырга чейин жакшы тааныш эмес. Буга бизден мурда жашап өткөн классик деп эсептелген акындарыбыз күнөөлүү. Алар дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн которуунун ордуна, «учур талабына жооп берген акындарды» которуу менен алек болушкан. Саясый заказдарды аткаруу менен чектелишип, макулатуранын планын ашыкча орундатып ийишкен.

* * *

Устаттык менен шакирттик ортосундагы мамилелер кыргыз адабиятынын алкагында анчалык терең иштелип чыккан эмес. Бул жөнүндө үлгү болорлук жөрөлгөлөр, илимий эмгектер да жокко эсе. Болсо да ага үстүртөн маани берилип келген. Эгер менден чындап кимдир бирөө: «Устатың ким?» – деп сураса дароо паланча деп айтып бералбаймын. Анткени ортодогу мамилелер толук кандуу устаттык менен шакирттикке жооп бербейт. Ал эми каймана түрүндө айта турган болсом: менин устатым – Низами. Эч кайсыл акындан Низамиден алган сабактай сабак алганым жок. Анын колунда беш жыл окудум. Беш жыл бою «Жети сулуу» дастанын котордум. Ал мага чыдамкай, аракетчил болууну, көздөгөн максаттан тайбастыкты үйрөттү.

* * *

Алыкул «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастанын которгондон кийин акындык деңгээли аябай өсүп, өзү шакирттиктен устаттык касиетке ээ болгон. Бирок андан үйрөнгөн акындар Алыкулдан ары кеталбай, анын ар кандай вариацияларына айланып калышкан. Устаттык менен шакирттиктин ортосундагы эң оор абал мына ушул: өз жолуңду табалбай арасатта каласың.

* * *

Бир жолу студенттер: «Агай, акын болуу үчүн эмне кылуу керек?» – деп сурап калышты. Мен аларга: «Эң негизгиси өжөр болуш керек. Өз билгенин бербеген көк болуш керек. Мен жазган нерсени эч кайсыл гений жазалбайт деген ишеним болуш керек», – деп айткан элем. Андан бери көп жыл өтүптүр. Мына ушул оюмдан азыр да кайтканым жок. Өжөр болбогон адам акындыкты биякка кой, жөнөкөй турмушун оңдоп кеталбайт.

* * *

Поэзиянын маани-маңызын жалаң бийиктик, көпкөк асман, алыстагы жылдыздар түзбөй, эгин эгүү үчүн айдалган шүдүгөр, чырылдаган чегирткелер, жерде сойлогон курт-кумурскалар да түзө тургандыгын айылга келип жашай баштагандан бери жакшы билип калдым. Топурактын жытын билбеген акын, адамдын жүрөгүнө жол таап баралбайт.

* * *

Акын күн сайын өзүнүн ички жан дүйнөсүнө баш багып, анын ичинде чырак жандырып, терезесин ачып салкындатып, ар кандай керексиз акыр-чикирлерден тазалап, баш-аягын этияттап иретке келтирип, дүйнө-мүлкүн бир катар көздөн өткөрүп коюп турбаса, анда ал караңгы түрмөгө айланып калат. Сага керек учурда жан жыргаткан ак сарайдай болсун. Башкаларга таасир тийгизчү чыгаан акын болом десең жан дүйнөңдү хансарайдай күтө бил.

* * *

Индиянын улуу акыны Кабирдин: «Бул дүйнөнүн ичи ыс каптаган кепеге окшош. Ким этек-жеңин булгабай андан таза чыгып кетсе, ошол адам гана бактылуу», – деп айткан бир ыры дайым эсимде жүрөт. Бул дүйнөдөн напсисин булгабай чыгып кетчү адам өтө сейрек. Мен: «Этек-жеңим булганса да, ылайым, дилимди булгабасам экен», – деп тилей берем.

* * *

Кудай Тааланын актыгын чыгармачылыгы гүлдөп турган маалда сезген Мутанабби, Руми, Саади, Кабир, Кулкожо Акмат сыяктуу улуу акындар дүйнөлүк адабиятка кайталангыс чыгармаларды калтырды. Алланын актыгын туюу көрүнгөн эле пенденин колунан келбейт. Ал үчүн бүткүл өмүрүңдү арнасаң да аздык кылат. Ошон үчүн күндөн күнгө шайтандын ырын ырдагандар көбөйүп баратат.

* * *

Поэзия Алла Тааланын улуу кереметтерине алып барчу эң кыска, багыты түз жолдун бири. Бул жолдо сен өзүңдү таза, пакиза алып жүрүшүң керек. Баш айланткан азгырыктардан алыс турушуң керек. Бул жолду Данте, Петрарка, Сайге, Басе басып өткөн. Бул жолдо Машираптин керемет ырлары жаралган. Мухаммед пайгамбарга да ыйык сүрөлөр поэтикалык ыкмада аян болгон. «Авеста» менен «Инжил», «Бхагавад-Гита» миңдеген жылдардан бери адамзатты таң калтырган поэтикалык үлгүлөр. Улуу Жаратканга жакын болоюн десең жүрөгүңдү поэзияга кеңири ач.

* * *

Мен өзүмдүн ким экендигимди билгим келет. Өзүмдүн ички «менимди» туйгум келет. Караталаш жанымдын канчалык салмагы бардыгын салмактап көргүм келет. Ошол үчүн Лао-Цзынын, Конфуцийдин эмгектерин барактаймын. Саймалуу-Таштын сүрөттөрүнө үңүлөм. Ван Гогдун, Поль Гогендин картиналарына назар салам. Моцарттын, Бетховендин симфонияларын тыңдаймын. Деги өлөр өлгүчө өзүмдү өзүм таанып алаар бекенмин?

* * *

Базардагы дүкөндөрдүн ичинде сатуучунун колунда барактары капкара болгон «Махабат» деген китебимди көрдүм. Китебимдин ушунчалык кор болгонуна зээним кейиди. Китептин кадырын билбеген адамдарга ичимден нааразы болдум. «Алдагы китепти таза кармап окубайсыңарбы?» – дедим. «Кечиресиз, бирөөдөн жакында араң сурап алдым. Колдон колго өтүп көп окулгандыктан улам ушундай болуп калса керек. Мен этияттап эле окуп жатам», – деди тиги дүкөнчү. Ошондо ага бир чети ичимен ыраазы болдум. Кайрыет, акча деп жан талашкан заманда китепке кызыгып окуган адамдар да бар экен.

* * *

Латын Америкасынын жазуучулары Гарсиа Маркес, Мигель Анхел Астуриас, Рао Бастос, Хуан Рульфо, Мариа Люос тарабынан пайда болгон магиялык реализм адабий ыкмасы кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында эбактан бери жашап келаткандыгы мени таң калтырат. Буга бир мисал, «Кожожаш» эпосундагы Сур эчкинин, «Эр Төштүк» эпосундагы Маамыттардын образдары. Бул чыгармаларда жогоруда биз сөз кылган магиялык реализмдин элементтери толук камтылган. Демек, байыркы индеецтердин мая, кечуа, астек уруулары менен кыргыздардын байланышы эң тереңде камтылып жаткандыгы келечектеги илимдин объектиси болушу мүмкүн.

* * *

Айрым акындар ыр окуп жатканда көздөрү жанып, жан дүйнөсү нурданып, бүткүл денеси көлкүлдөп кетет. Айрымдарынын көздөрү эч нерсени туюндурбай уйку-соонун арасында калат. Мына ушундан улам кимдин ыры жүрөктөн кандай чыгып жаткандыгын билсе болот. Анткени көз – адам жанынын телевизору.

* * *

Табияты боюнча поэзия ар кандай темпераментте болушу мүмкүн. Бирде үлбүрөп соккон желаргы сыяктуу сезилсе, бирде буркан-шаркан түшкөн тоонун дайрасындай туюлат. Бирде жүрөгүңдү магдыраткан сыбызгынын үнүндөй угулса, бирде жаныңды сууруп алчу ач кыйкырыктай жаңырат. Ошондуктан анын табияты уч-кыйыры жок аалам сыяктуу.

* * *

Бул дүйнөнү шадыраңдап кабыл алган акындардын ырларына анчалык ишене бербеймин. Өтө эле оптимист болгон акындардан ичимен шектенип турам. Анткени түпкүлүгүндө поэзиянын негизги көтөргөн жүгү – арман менен кусалык, өксүк менен кайгы. Негизги аткарган озуйпасы азаптан арылуу, жакшылыкты көксөө. Адамдын жан дүйнөсүн кыйнаган муңдан улам поэзия жаралса керек. Кыргыз поэзиясындагы «Карагул ботом», «Ак Саткын менен Кулмурза» сыяктуу шедеврлер буга мисал боло алат.

* * *

Поэзия менен диндин окшоштук жактары барбы? Албетте, бар. Экөө тең адамдын руханий дүйнөсүнө таасир этүүгө багытталган. Экөө тең адамдын ыйманын тазалайт, тазалыкка, ыйыктыкка үндөйт, жамандыктан тосуп турат, сулуулукту барктоого чакырат. Эң негизгиси, Алла Тааланын актыгын туюуга жол ачат. Поэзия менен диндин башаттары бипбирдей. Туюндуруу ыкмалары бири-бирине жакын. Каймана айтуу, образдуулук, салыштыруулар басымдуулук кылат. Ошондуктан Курани Каримдин аяттары таптаза поэтикалык ыр саптары аркылуу Мухаммед алейхиссаламга назил болгон.

* * *

Көпчүлүк кыргыз акындарынын трагедиясы – Кудайга болгон ишеними сырткы ритуалдык жөрөлгө боюнча калгандыгында. Ички жан дүйнөсү менен Алланын чексиз кудурет-күчүнө, актыгына анчалык ишеним артпагандыгында. Менин оюмча, ошонун кесепетинен улам биздин арабыздан дүйнө жүзүн таң калтырган гений акын чыкпай келатат. Генийликтин, менимче, бир гана жолу бар – ал өзүңдү Алла Тааланын кереметине баш ийдирип, актыкты таануучу жолдо ай-аалам менен биротоло жуурулушуп кетүү.

* * *

Биз Алла Таалага сөз менен сыйынабыз. Сөзүбүз ишенимдүү, уккулуктуу, образдуу болуусун каалайбыз. Алла Таала менен биздин ортобузду бириктирип турган нерсе – бул поэзиянын тили. Ошондуктан сөздү кор кылбашыбыз керек. Аны аздектеп, абайлап сүйлөшүбүз керек. Сөзүбүз тил учунан эмес, жүрөгүбүздүн тереңинен чыгышы керек. Сөзүбүз Алланын кулагына жетип турган энергия экендигин унутпайлы.

* * *

Дүйнө жүзүнүн эли Саякбай менен Сагымбайды, Барпы менен Жеңижокту жараткан улуттан эч качан күдөрүн үзбөсүн. Анткени алар өздөрүнүн бийиктигине кыргыз деген улуттун дүйнө туюмун жууруп, Алла Тааланын жардамы аркылуу жетишкен. Алардын ырында да, сөзүндө да, дилинде да ар дайым улуу Жараткандын кудурет-күчү турган.

* * *

Талант – адамга кайыбынан жалгап берилген сыйкырдуу белек. Аны этияттап көздүн карегиндей сактап жүрбөсө жоголуп кетет. Ой келди уруна берилген буюм эрте көөнөрүп, эрте жешилип керектен чыгат. Ага сабырдуулук менен мамиле жасаган жакшы. Ага түшүнүү менен мамиле кылып, кечиримдүү болуу менен ийге көндүрүү керек. Болбосо таланттын мүнөзү кырс келет. Аны сындырып алуу текейден жеңил иш. Болор болбос нерседен көңүлү чөгүп, жүрөгү муздайт. Ошон үчүн таланттын ээлери табиятта өтө сейрек кездешет. Алар улуттун сыймыгы, элдин казынасы.

* * *

Акын жазып бүтүргөн ырынын кайсыл бир жерине окурмандар үчүн ачкыч коюп коюшу керек. Ачкычы жок ыр сырты кооз, бирок ичине адам киралбаган үйдү элестетет. Балким, ал ачкыч бир сөздөн, бир образдан, бир ойдон же бир метафорадан турар. Аны зирек окурман өзү таап алсын. Ырдын ачкычын өзү таап алган окурман акынга авторлош болууга арзыйт. Чыныгы поэзиянын керемети мына ушунда. Ички сыйкырдуу сыры, тагдыры болбогон ырлардын ачкычы жок. Аны издеймин деп жапа чекпе.

* * *

Ар кайсыл ырдын поэтикалык таасири ошол ырдын тулкусуна сыйдырылган энергиялык күчтүн кубатына жараша болот. Ошондуктан айрым ырларды окуганда эс ала түшөсүң, айрымдары делебеңди козгойт, айрымдары жан дүйнөңдөгү бир илдетти сакайтат. Кээ бир ырлар кусаңды күчөтөт, кээ бири көз жашыңды төктүрөт. Анын баары ырдын тулкусуна сыйдырылган энергия. Ыр ошонусу менен ыр.

* * *

Билимдүү болбой туруп ыр жазуу – мылтык атууну билбей туруп кайберен атам деген дөдөйдү эске салат. Анткени чыгармачылыктын табиятын, психологиясын, философиясын изилдеген дүйнөдө нечендеген илимий, адабий мектептер, агымдар бар. Руханий изденүүлөргө багыт бере турган көк мелжиген бийик чокулар бар. Алардын баарын билбей туруп адабият айдыңында ат салышам деген адам мага караңгыда чырагданга учуп барып канатын күйгүзүп алган көпөлөктү элестетет.

* * *

Акындын башкаларга окшобогон өзгөчөлүгү окурмандын көңүлүн өзүнө буралабы же жокпу? Ал эмнеси менен өзгөлөрдөн айырмаланып турат? Жаңы сөз, жаңы ой айтууга кудурети жетишеби? Көпчүлүктүн көзүнө, элдин назарына эмнеси менен илингиси келет? Акын адабияттын эшигин каккылагандан мурда мына ушул сыяктуу суроолорго жакшылап жооп табышы керек.

* * *

Эч нерседен коркпогон, бир нерсенин өтөөсүнөн чыгуу үчүн баш-оту менен кирип кеткен адамды: «Жүрөгүндө жалы бар жигит экен», – деп коёт. Поэзияны да куду ошондой жүрөгүндө жалы бар адамдар жаратат. Эгер мындай касиетиң болбосо, жөн эле тиричилик өткөргөнүң дурус. Ар кандай тоскоолдуктарды жеңалбай жүрүп, ара жолдо арасатта калып кетесиң. Анткени акын адамдардын гана катаал, таш боор сынына, тоскоолдуктарына дуушар болбостон, мезгилдин да аёосуз бороон-чапкынына туш келет. Тапталып, сенек болуп бүткөн коомдук аң-сезим менен да күрөшкө чыгасың. Коом сени эл душманындай кылып өгөйлөп алышы мүмкүн. Ошого чыдамың, каруу-күчүң, эркиң жетеби? Кеп ошондо. Улуу акындардын баары өздөрү жашаган коом менен тынымсыз күрөшүп жүрүп өтүшкөн.

* * *

Чыгармачылык жолу башталганда эле жалаң сый-урматка татып, көкөлөгөн мактоо сөздөрдү уккан жаш акындардын колдоочулары таасирдүү, күчтүү болушу ыктымал. Эртелеп эркелеген акындардын тагдыры бара-бара чыйралган курчтугун жоготуп, мажирөө болуп калышат. Жаш акындар адабий чөйрөнүн элегинен өтүп элге таанылганга чейин, токсон тогуз тосмого чалынып мүдүрүлөт. Көзөнөгү чоң-чоң калбырлардан өтпөй калып отко күймөйүнчө, суукка тоңмоюнча акындык мүнөз калыптанбайт. Ал эми акындык чапчаң мүнөз болмоюнча, мыкты ыр чыкпайт.

* * *

«Сөз оозуңдан чыкмайынча – сен ага кожоюнсуң, оозуңдан чыгып кеткенден кийин – ал сага кожоюн», – деп айтылган чыгышта накыл кеп бар. Ошонун сыңарындай колуңдан чыгып, жарык көрүп кеткен ырларга сен эми ээлик кылалбай каласың. Ырың жарык көргөнгө чейин камырдай ийлеп, каалагандай жөнгө салып ал. Каны-жаның менен жуурулушкан ырдын тагдыры жаман болбойт.

* * *

Бир карасаң уйкаштыгы да, ыргагы да тим эле мизилдеген, ою шыдыр кеткен ырлардын сели биздин адабиятты каптап баратат. Бирок эмнегедир жылуулугу жок, жүрөгүңө таасир этпейт. Бул эмнеси деп таң каласың. Балекеттин баары ошондой ырларда акындык касиети бар инсандын жүзү, согуп жаткан жүрөгү көрүнбөгөндүгүндө. Ошол ыр саптарга акындын тагдыры жуурулушпагандыгында. Андай ырлар инкубатордон чыккан сапсары жөжөлөрдү элестетет.

* * *

Ар бир адам ичиндеги бугун чыгарып төгүп алгысы келет. Эгер антип өз убагында бугун чыгарып албаса, тескери энергия катарында адамды илдетке чалдыктырып коюшу ыктымал. Дээринде көпчүлүк акындар ошол бугун чыгарыш үчүн көкүрөгүндөгү болгон нерсесин окурмандарга төгүп берет. Анан ошол ымандай чындыгы үчүн окурмандардын арзуусуна, ырахматына ээ болот.

* * *

Айрым акындар өздөрүнүн түркөйлүгүн жаап-жашырыш үчүн түрдүү-түркүн айла-амалдарга барышат. Жок жерден өздөрүнө жасалма имидж жасап алышат. Ар кандай кууланып, ойкума-кайкыма ойлорду айтып, модернисттик изденүүлөрдү башынан өткөрүп жаткандай түр көрсөтүп калышат. Бирок алардын тайыздыгы, деңгээлинин төмөндүгү, түпкүлүгүндө түркөйлүгү чыгармаларынан кашкайып көрүнүп турат.

* * *

Акын өзү жазып жаткан чыгармасындагы окуяга, кубулушка, образдарга биротоло жуурулушуп киралдыбы же жокпу? Ага күйүп- бышып бүткүл жан-дили менен, баш-оту менен берилдиби же кол учунан мамиле кылдыбы? Ал бир эле мезгилде бир канча ролду ийине жеткирип аткара алдыбы же жасакерленип койдубу? Кеп мына ушунда. Ансыз көркөм туунду окурманды өзүнө тарталбайт.

* * *

Кыргыз акындарынын бир чоң кемчилдиги бар. Муну көп жылдан бери байкап жүрөм. Алар бири-бирине текебердик менен мамиле жасашып, биринин китебин бири окубайт. Ар бири эле өзүнчө классик. Ич ара маданияттуулук менен чыгармачылык жактан атаандашуунун ордуна ич күйдүлүк, көралбастык, кызганчаактык сыяктуу илдеттердин сазына батып калышкан. Ошонун кесепетинен адабияттын аброю кетип бүттү. Майдалыктан, пастыктан арылган бийик маданияттуу муун келип адабияттын кадыр-баркын жогору көтөрбөсө, абалыбыз оор.

* * *

Айрым бир шылуун, сөздүн куту менен кунун сезбеген, бирок капчыгы толтура чала сабат акындар замандын башаламандыгынан пайдаланып, мааниси жеңил-желпи халтура ырларды жазганга өттү. Поэзиянын ыйык озуйпасын тебелеп-тепсеп, аламан топтун табитин ээрчип кетишти. Окурмандарды ээрчитүүнүн ордуна алардын чаңында калып, руханий деградацияны жакындатуунун заманбап куралына айланышты. Эгемен жылдардын эң оор трагедиясы мына ушул кубулуш деп ойлоймун.

* * *

Көптөн бери менин жүрөгүмдү бир аялуу маселе өйөт: канткенде биз элибизди көркөм адабиятты сүйүп окуган окумал элге айлантабыз? Көркөм табитин кантип тарбиялап, кантип өстүрөбүз? Батыштан келген массалык маданияттын төөбастысында калган жаштардын көңүлүн канткенде улуттук руханий дөөлөттөргө буралабыз? Эмне берсе ылгабай «жей» берген окурмандардын да, аларды артынан ээрчитип кеталбаган акын-жазуучулардын да келечеги караңгы. Айрымдар буга өткөөл заман, тартыш заман күнөөлүү дешет. Тээ жакшы замандын маалында деле кыргыздар окуган эмес, китеп дүкөндөрдө «Манас» эпосунун баасы бир балмуздактын баасындай болсо да эч ким албай чаң басып жаткан учурлар эсимде.

* * *

Мен тааныган канча шыктуу адамдар көртириликтин айынан чыгармачылыктын өтөөсүнөн чыгалышпай бейдарек калып кетишти. Күнүмдүк азгырыктардан кутулалбаган адам башын тобокелге салып поэзия деген дүйнөгө батыл киралбайт. Поэзия – эрки бош, тез азгырылма, оңой жолду, оңой оокатты көздөгөндөрдүн шыбагасы эмес.

* * *

«Жаратуучу», «түзүүчү», «чыгармачыл» деген сөздөрдүн өтөөсүнөн чыгуу зылдай оор нерсе. Мына ошондой кудурети күчтүү адамдардын эсебинен улут улут болуп, келечеги кеңейип, аброю өсүп олтурат. Улутту алга сүрөөчү уюткулар, улутту улут кылып турган түркүктөр, коомду куруп жаткан усталар мына ошолор. Алардын шарапаты менен Алла Таала бизди руханий зилзалалардан сактап келатат.

* * *

Замандын кыйынчылыгына шылтоолоп алып-сатарлыкка, бизнес жолуна өтүп кеткен акындардан жакшы чыгарма күтүү кыйын. Анткени поэзия бул айлакерликти, эки жүздүүлүктү, пайда-зыянды жактырбаган кубулуш. Бирөөнү алдап көнгөн адамдын руху жазган чыгармаларына өтүп кетпейт деп ким кепилдик бералат? Поэзия бул Ош базарында же Дордой базарында шылуундук менен шугулданчу соода эмес.

* * *

Акындар өздөрүнүн артынан адамдын татаал жан дүйнөсүн чагылдырган поэтикалык из калтырып кетет. Анын мураскорлору бала-чакасы эмес, чыгармалары бүтүндөй адамзатка таандык. Ошон үчүн чыныгы чыгаан акындарга болгон талап өтө күчтүү. Алар үчүн эч качан жеңилдик болгон эмес. Пенде катары кетирген каталарын кечирбестен, арадан көп жыл өтсө да айың сөз кылып айта беришет. Бирок эч ким жок жерде ырларын окуп алып ыйлаган учурлары болот.

* * *

Адам баласынын жашоосу бир гана уруш-жаңжалдан, тынымсыз карама-каршылыктардан, кайгы-кападан турбайт. Анын жаркырап күн кийген күнөстүү өрөөндөрү, гүлдүү шалбаалары, бейиштей болгон аралдары бар. Ошонун сыңарындай поэзия турмуштун оомалуу-төкмөлүүлүгүн чыгылдыргандыгы менен кызык.

* * *

Окурман ырдан өзүн тапкысы келет. Жанын кыйнаган суроолорго жооп издейт. Күнүмдүк турмушунан алыстап, таптаза дүйнөлөргө саякат жасагысы келет. Ошон үчүн, менимче, поэзиянын көтөргөн жүгү, аткарган озуйпасы – адамдагы унутулуп бараткан улуу касиеттерди кайрадан ордуна келтирүү, жан дүйнөсүнө канат жаратуу, сезимдерин устарадай жаркылдатып курчутуу. Андай озуйпаны аткаралбаган ыр шагыраган сөздөрдүн тизмегине айланат

* * *

Ар кандай иштин башталышы кыйын. Мен үчүн ырдын биринчи сабын баштап алуу өзүнчө бир тозок. Көңүлдү бир жерге токтоталбай, ойлогон ойду сөз менен кынаптап алалбай, бир сөздү жээрип, экинчи сөзгө үмүт байлап олтуруп алгачкы сапты жазып алмайынча жаным жай таппайт. Бирок ошол сап жазылганга чейин жан дүйнөңдө не деген күрөш жүргөнү эч кимге белгисиз. Ошол күрөш менин канча нервимди жукартып, канча чачымды агартып кеткенин жалгыз өзүм билем. Алгачкы саптын азабы ушунча болгондон кийин, андан аркысын айтпай эле койгон дурус.

Э.Эрматовдун “Сыр сандык” китебинен