ДАНИЯР ИСАНОВ: БАШ

(Эссе)

Баш жөнүндө ойлонгондо, бабалардын элестери биринен сала бири ээрчип, көз алдыма тартылат. Мен алардын элестеринен бизге окшоп башка журтка башын ийип тизе бүкпөстөн, ажалды да айкөлдүк менен кабыл алган эр көкүрөк кишилерди көрөм. Алар эч качан ийин куушура “алакандай журтумду багалбай калдым” деп көздөрүн жалдыратпай, өз элин өгөйлөбөстөн баш болуп берген. Азыр бизди бөтөн журттун алдуу-күчтүү баштары башкарып калганын эстегенде зээн кейийт…

* * *

– Башың баш, багалчагың кара таш! – деп, зекишчү улуулар кичүүлөрү ката кетирсе. Анан башын жоготкон адам ошол сөздөн туура тыянак чыгарып туруп, өз башын таап алганга аракет кылчу. Азыр антип зекий турган аксакалдар калбай баратканын, анан айтылган сөздөн өз башын издеп тапкан адамдар да жокко эсе болуп калганын көрүп туруп, замандын түрүнөн түңүлүп кетесиң.

* * *

Ыйык сүйүүнүн кудуретинен баштарын жоготуп койгон көп эле кишилерди көрүп жүрөбүз. Табийгат тартуулаган ашыктык отунан баштарын жоготкондордуку го, кечиримдүү. Баарынан жаманы мансапка манчыркап, байлыкка кулдук урган башчылардын баштары жок жүргөнү өкүндүрөт.

* * *

– “Эл башы болгуча – суу башы бол!” – дептир, байыркы кыргыз. Суу башында туруп, элинин суусунун кандыра албаган, ал өзү кандай падыша болду экен!?

* * *

– Э, кокуй! Башыңар кайда? Иштейби?

– Мынакей, биздин баштар! Ал эми иштеген жагынан алганда, кандай гана иштейт дейсиң?! Бирок, биздики көркөм дүйнөнү ойлонбостон, бирөөлөрдүн айлыгы менен байлыгынан гана байышты ойлогон баш.

* * *

– Бул мекеменин башчысы кайда кеткен? Баш көтөрбөй иштеп атат го?

– Кайдан? Мурда баш көтөрбөй иштечү, байыгандан кийин башын көтөрбөй иччү болду.

* * *

– Башың менен жерге кир! – деди, бир байбиче арактан башын көтөрө албай ооналактап, кудайга үнү жеткен уулун жекирип.

– Атаңа окшоп аракты чакалап ичпей, чактап ичпейсиңби! – деп, түтпөй кетти шордуу эне.

* * *

– Башың иштебесе, бутуңа күч келет! – деп, урушту уулун эне. Уулу жакшы эле башын иштетейин деп аракет кылып көрдү. Бирок, канчалык далбаса кылганы менен ичкилик таптакыр баштын иштешине мүмкүнчүлүк бербей, эбак кожоюндук кылып алган эле.

* * *

– Алтын башың аман болсун! – деди, кырсыкка учурап, ооруканада жаткан уулуна жаны ачыган энеси жашып. Ал эми уулу дени-карды аман-соо калганынан да мурун иши менен катып койгон байлыгын, белгилүү да белгисиз да катындарын бир ойлоп, башын оорутуп жатты.

* * *

– Мен муну бала кезден жакшы билем. Мунун башы шумдук иштейт! – деди, аткаминерге жардамчысы жагалданып.

– Койчу! Ошондойбу! – деди, кожоюну сүйлөгөндөн эринип.

– Сизге айттым го!? Мунун башы чындап эле жакшы иштейт!

– Койчу! Ошондойбу? – деди, терезеге көз чаптырган кожоюну сыртта шалпыны сууп бараткан адамдын түрүн көрүп.

– Ооба! Калп сүйлөсөм майнаке болоюн! Сиз мунун кебете-кешпирин көрүп ишенбей жатат окшойсуз? Ал өзү башы шумдук иштегени менен бизге окшоп турмушка тирикарак эмес. Бар болгону мунун башында бир топ жаңы идеялар бар. Ошону пайдаланыш керек. Чынында эле шумдук идеялар. Аны пайдалансак, сиз да, сиздин аркаңыздан биз да көп нерсени утаарыбызга ишенем!

– Мм-м, дурус! – деди, кожоюнунун көздөрү кыбыңдап… 

* * *

– Деги экөөбүз качан баш кошобуз!? – деди, жигит кыздын башынан аяр кармай. Ушул сөздү көңүлүндө көптөн бери күтүп жүргөн кыз да жигиттин көздөрүнө жалжылдай тиктеп, анан саамдан кийин макул экенинен кабар кыла башын ийкеди да, унчукпай туруп калды.

– Эмне, болду, каралдым? Мен сени күнү-түнү ойлой берип, башым маң болуп калды. Деги эртерээк эле баш кошуп алсак жакшы болот эле!? – деди, жигит оор үшкүрүп. Баш кошуп алууну кыз да чыдамсыздык менен күтүп жүргөн. Ушул саам экөө тең ашыктыктын аптабына куйкаланып, кыялдары канаттуу куштай көккө сызып жаткан. Аздан соң кыз жигиттин төшүнө башын жөлөдү. Ал эми жигит төшүнө башын жөлөп турган кыздын башын кучагына бек катып туруп, кундуздай чачтарынан моокуму кангыча кере-кере жыттап алды.

Ошондон көп өтпөй кыз менен жигит баш кошту. Эл катары тырмалаңдап оокат кылууга өтүштү. Жигит эми баягыдай аялынын кундуздай кулпурган чачтарынан моокуму кангыча кере-кере жыттабай, ал эми аялы күйөөсүнүн төшүнө башын жөлөбөй, жөн гана турмуш кечирип жатышты. Аялынын оозунан “ары тур” деген сөз чыкса, бирде күйөөсү “бери тур” деп бакыра сүйлөп, айтор, ортолору муздап баратты. Кайсы бир күнү күйөөсү үйүнө бутуна туралбай темселеңдеп мас абалында келди. Аны көргөн аялы ачуусу менен:

– Башың менен жерге кир! – деди. Ушул сөз оозунан ок болуп учуп чыкканын аял өзү да байкабай калды.

– Ушул аял дегендин башы эч иштебейт! – деп, күйөөсү кыжына сүйлөп, кыйынсынды. Анан арадан бир жыл аяк баспай, бири-бирине чыдамдары түгөнүп бүткөн эки жаш, ажырашып тынышты.

Көз жашын көлдөткөн аял шордуу курбу кызына шолоктоп, арманын айтып жатты. Курбу кызы угуп болуп:

– Болдучу эми! Көп ыйлап, өзүңдү кыйнабачы! Мен сага мурда эле айтпадым беле, ал жигитиң мага жакпайт деп. Баш кошпогула десем болбой, баш кошуп албадыңарбы!? Жакшылыктан үмүтүңдү үзбөчү! Кой эми ыйлаба! Э, жерге кирсин ошондой акмактар. Баштан-көздөн садага! Алдыгындай келбетиң менен, сулуулугуң менен андан он эсе артык жигиттердин башын чимирсең болот! – деди.

Курбу кызынын сөздөрү көңүлүн жылытты. Ичинен чын эле мурдум бучук, түрүм суук болбогондон кийин эмне бышактап ыйлайм? Ушуну менен жашоо токтоп калмак беле? Көчөгө чыксам бет келген жигиттин мени көргөндө башы айлана тургандай эле сулуулугум бар деген ой кыздын күчүнө күч болуп, шайдоот тарта түштү.

Ошол убакта кайсы бир ашканада досу менен олтуруп, арактан аянбай ичкен күйөөсү:

– Э, тойдум ошондой катынга! Азыр эмне көп, кыздан көп неме жок. Тим эле бутуңа чалынат! – деп, аракты тартып ийди. Аз мурда кабагынан кар жаап жаткан неменин көңүлү чайыттай ачыла түшкөнүн көргөн досу да үнүн чарылдатып коштоп кетти:

– Ой, мен сага айтпадым беле!? Шашпай үйлөн дегем! Туурабы?! Мендей болуп отуздан ашкыча оюн салып жүрө бер! Эй, мен сага айткам, аялдын чачы узун, акылы кыска деп. Баш кошпой тур десем укпадың, эми минтип башыңар ажырап отурат. Ээ, аялдардын башы биздикиндей жакшы иштебейт дегем, туурабы?

– Оо, досум, келе колуңду! – деди, жигит орошон ойду жараткандай сөөмөйүн чычайта: – Ошон үчүн элибиз бекер айткан эмес да: “алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык” деп. Бизди дегенчи, бизди деген эркек деп коет. Бизге баары жарашат! – деди, дале ыктытканы басылбай.

– Хи-хи-хи! Азаматсың, шумкарым! Таап айттың, бака баштуу эр артык деп. Ээ, досум, бака баштуу болгонубуз менен бизге баары жарашат! – деди, досу стаканды “шыңк” эттире кагыштырып.

* * *

– Жаңы ажо шайладык! Эми өз алдынча эгемен өлкө болобуз! Биздин өз башыбыз болот эми! Орусту карап олтурбайбыз! – деген үн, күн чубактап олтурушкан аксакалдардын арасындагы тынчтыкты бузду. Карыялар баштарын жогору көтөрүп, кара сакалдын оозуна үңүлүштү.

– Ошондойбу! Кап, атаңгөрү! – деди, жашы сексенден ашып калган коммунист карыя.

– Ооба, көз каранды эмес өлкө болуп, өз алдынча эркин жашайбыз! – деди, саясаттан саймедиреген кара сакал.

– Ошондойбу? Кап, атаңгөрү, ай! Ынтымактуу эле жашап келдик эле, бир туугандай болуп калдык эле, согушта бирге согушуп, мекенди бирге коргодук эле! Эми кандай күн болоор экен? – деди, карыялардын дагы бири сакалын сылай.

– Коркпоңуз! Эч камтама болбоңуз! Өзүбүздүн башчыбыз болот! Элдердин айтымында, анын башы шумдук иштейт имиш. Ошо башы катуу иштегени үчүн орустар арасында кадыр-баркы чоң дешүүдө. Өлкөнү оң жолго салып, башкарып кетээр?!

– Ошондойбу? Кап, атаңгөрү, ай! Ошондой болсо да, мурункудай эле бир жакадан баш чыгарып жашасак дурус болоор беле дейм да?!

– Ой, коркпоңуз! Оңолобуз! Эми андай бир жакадан башты чыгарбай, ар ким өз алдынча түтүн булатат. Жакшысы ушул, эч кимге көз каранды болбойбуз! – деди, гезитти жантыгынан жата калып окуган кара сакал.

– Күч бирдикте деп айтышчу эле, кандай болоор болду экен? Өз алдынча ыдырап атсак. Акыр заман келди окшойт!? – деди, Союздун ураганына жаны кейиген коммунист карыя, башын төмөн салып…

* * *

“Балээ болду го! Башчыбызды катыны башкарып калыптыр!” – деген сөздөр көчөгө чымын-куюн түшүп чуркап жүрдү. “Калк айтса, калп айтпайт”, “жел жүрбөсө, чөптүн башы кайдан кыймылдамак эле” – дешти, бир даары.

– Анык балекет эми басты! Башчыбызды катыны башкарып, алтургай, маанилүү кагаздарга ошол кол койдуртат экен! – деген кептин төркүнүнө эл биринчи толкуганда ишендим! – дейт, саясаттан эч кабары жок кошунам.

* * *

– “Аңгектен качсаң – дөңгөккө” деген кептин чындыгы барбы, ыя! – деди кошунам, эл экинчи толкуганда.

– Балекет басып, экинчи шайлаган башчыбыз да катынына башкартып алган тура! Эми шайлаган жаңы ажобуз катынына башкартпаса экен, Кудай! – деди, кошунам жедеп эскилиги жеткен күрмөсүн кымтылай.

– Андай болбостур?! – дедим.

– Ии, ошондой болсо гана!? – деди, “тапкан маянаман эптеп тиш салдырам” деп келатканына жыйырма жыл болгон кошунам…

* * *

– Байлык деген колдун кири. Акча деген бир кагаз да. Адамдык асыл сапат керек! Дүйнөң жерге кирсин. Башкысы, адамгерчилик! – деп, айгай салган коммунист адамдын заманга шумдуктай тез ыңгайлашып, базарларга ээлик кылып калганын көргөн дагы бир коммунист досу эски чапанын желбегей жамына:

– Шумдугуң кургур! Башаламан заман болду го! – деди, башын чайкай.

* * *

– Ой, мурунку падыша эле дурус беле! – деди, телевизорду тешиле тиктеген биринчиси.

– Экөөнүн тең айырмасы жок болушу керек! – деди, экинчиси.

– Дегеле айтам да! Мурункусу кийинкисиндей болуп, баш кесер эмес эле дейм да! – деди, телевизордон көзүн алалбаган биринчиси…