Чыныгүл Анарбаева: Жөнөкөй кызганыч (аңгеме)

Арышың арымдуу болсун, Чыныгүл!!

Эл ичинде таланттар жашай берет деген сөз туура экен. Эл кенч болот турбайбы. Жакында Кош-Дөбө айылындагы Темиркул Мавлянов атындагы орто мектепке барып калсам Чыныгүл Анарбаева деген мугалим мага келип жолугуп:

-Сизге жетпей жүргөм, чыгармаларым бар эле, көрүп бербейсизби,- деп жупкадай бир дептер берди.

Окуп көрсөм Чыныгүл чын эле таланттуу инсан экен. Чыныгүлдүн жаңы жазган чыгармаларын сиздерге сунуш кылып коюуну туура таптым. Окурмандан өткөн сынчы жок, мына өзүңүз карап көрүңүз. Жакса ак батаңызды ыроолоп коюңуз урматтуу окурман. Ал эми Чыныгүлгө айтарым арышың арымдуу болсун!!

Абдымомун Калбаев, акын. Аксы району, Кербен шаары.

Чыныгүл Анарбаева: 

Жөнөкөй кызганыч

(аңгеме)

Биздин айылдын четинде бир чоң үй бар. Ошол үйдө ынтымактуу үй-бүлө жашарын баары билет. Ал үйдө жупуну кийинген, жөнөкөй келин эл тынч алса да жаны тынбай эртеден кечке тирилиги менен алек. Кайненеси гана эмес, бүт айыл бул келинге ыраазы. Өзгөчө биздин айылдын кемпирлери ушул келиндей келиним болсо деп тилек кылышат, суктанышат.

Күндөрдүн биринде үйдүн короосунун дарбазасы ачылып, күйөөсү бир келинди ээрчитип келди. Келиндин үстүнө кийген кийимдери кымбат баалуу болгондуктан аны ушунчалык сымбаттуу көрсөтүп турду. Сымбаттуу бул келин дарбазаны аттаары менен өмүрү бирөөгө асылбаган ит каблан келинди көздөй арылдап качырып сала берди. Каблан башкача бир түр менен келинди жактырбаганын көрсөтүп ырылдап барып араң токтоду. Аны да ичинде арам ою жок үй ээси жанагы тыпыңдап өз тирилигин кылып жүргөн келин “Тур ары жат” деп атып араң токтотту. Ит үнүн баскан жок.

-Куш келиңиз, үйгө киргиле,- деп мейманды жылуу жумшак тосуп алды.

-Күйөөсү келин менен, бизнесибиз бирге, алма алып жүрөбүз, бизге бүгүн мейман болуп келди,- деп тааныштырды. Буйруса жүк бүтсө эртең бүрсүгүндөн Бишкек кайдасың деп жолго чыгабыз го,- деп компоюп койду. Келин деле эч нерседен капары жок, дасторконун жайнатып, чайын кайнатып, үйдүн ичин шаңга толтуруп жиберди. Күйөөсү да шаңдуу олтурду.

-А түгүл күйөөсү менен бирге иштеген келинди жакшы кабыл алып, алардын ишине ийгилик да каалап жиберди.

Түндөсү жаткан соң күйөөсү көпкө чейин уктай албай ары толгонуп, бери толгонуп, тынчы кетип түйшөлө берди. Күйөөсү менен кошо аялы да уктабады. Күйөөсүнүн бул кыжаалаттанып жатканын байкаган аялы эртеңки алманы кантип ала тургандыгына жоруп, жакшы сөздөрү менен көңүл жубатып жатты.

-Анчалык кыжаалат болбоңуз! Кудай буйруса ишинер жакшы болот. Бүгүн болбосо, эртең болуп калар. Бүгүн ишке ашпаганы, эртен ишке ашат, көп эле өзүңүздү кыйнай бербениз, акча деп жүрүп өзүңүз да жүдөп кеттиңиз. Акча жерге кирсин табылаар кожоюн-деп наздана сүйлөдү.

Келин адаттагысындай эртең менен эрте туруп халатын үстүнө кийип өңү өчөр өчпөс болуп оңуп кеткен жоолугун башына салынып, бети колун таза жуунуп, челегин колуна алып уй сааганы кетти. Сарайга кирип уйдун жанына барып, ага күндө бере жүрчү жемин берип, эмчектерин жылуу суу менен сүртүп саанга даярдап жатканда нарыдан короонун ичинде бирөөнүн шаңкылдаган үнү чыгып калды. Келин ким экен деп сарайдын жылчыгынан тиктеди эле көрүнө бербегенинен сарайдын сыртына чыкты. Жүрөгү негедир болк эте түштү. Сүйлөшүп жаткандардын бири өзүнүн күйөөсү экенин жазбай тааныды.

-Качанга чейин ушинтип бекинбечек ойноп жүрө беребиз? Эртең эртең деп алдап келесин. Кечээ “бүгүн айтамын” деп убада бербедиң беле деп аял албууттана баштады.

-Кантип сөз баштаарымды билбей жатам, мага да түшүнсөң, ата энем кандай кабыл алышат,-деди күйөөсү үнүн пас чыгарып.

-Анан эмне кылабыз демекчисиң,- деп аял күйөөсүн демитип кирди.

-Эртеби кечпи билинет да. Андай болгондон соң шарт эле айтканың оң. Тигини түйтөйтүп кантип катын деп алып жүргөнүңдү билбейм.

-Билбейм балким башка сапар айтарбыз а? Ал антип карала торала көрүнгөнү менен аны атам менен апам жакшы көрүшөт.

-Ой сен аны катын кылып алып жатасынбы, же ата-эңендиби,- деп тигил келин андан бетер жапырылып кирди. Кантип көңүлүң айныбай бирге жатасың билбеймин, таңмын ой! Анан мен сенсиз жашай албаймын, мени түшүнчү жаным. Менин сенден түк айрылгым да келбейт,-деп жалооруп да кетти.

Өз күйөөсү экендигине дагы деле ишене албай аң-таң болгон келин аларды даана көрүш үчүн дагы бир аз жакындап короого кагылган тактайларга жакын барып жылчыктан карады. Өзүнүн күйөөсү, кечээги келин менен айкалышып туруптур. Бакырып жиберүүгө аз калып, келин өзүн эбегейсиз күч менен араң токтотуп калды. Келин дендароо болуп барып азыр эшикке чыгып туруп тигил шуркуянын бетин тытып, берки күйөөсүнүн бетине түкүргүсү келип кетти. Күйөөсүнүн сүйүүсү, берген анттары тууралуу бетине айткысы келди. Кыз кезинде артынан чуркап “Бул ааламда сенден өткөн сулуу жок деп, сен менин периштем деп жалдырагандарын айтып” бетине чаап туруп кеткиси келди. Бирок булардын баары жардам бербейт эле. Келин аларды бир аз карап турду да дубалда кагылып турган мыкка челекти илип коюп, акырын үйүнө кирип кетти. Үн чыгарбай бышактап ыйлап да алды. Сандыктан жаңы кийимдерин алып, эки өрүм жер чийген чачын өрүп артына таштап, күзгүгө олтуруп жасанып түзөнүп, көптөн бери кармабай жүргөн косметикасын бетине коюп, шашылбай өзүнө куп жарашкан гүлдүү көйнөгүн кийп өзүнчө эле жомоктогу периште болуп кулпуруп эшикке чыкты.

Эшикте жүргөн кайнатасы келинин көрүп, бир жакка барат окшойт эртең мененден жасанып алыптыр деп таң кала карап турду да анан үйүнө кирип кемпирине карап:

-Келин бир жакка бармакпы, жасанып кийинип алыптыр,-деди.

-Жо-жок ботом, мага айтпаган,-деп кемпир жаман галошун бутуна чала чарпыт кийип сыртка чыгып келинин тиктеп анырайып карап калды. Келиндин мынчалык сулуу экенине кайненеси деле маани бербептир. Ангыча ары жактан күйөөсү менен жанагы келин чыгып ким экен деп тиктеп калышты, өзүнүн аялын тааныбай кыйла эси ооп турду. Тим эле жомоктогу пери. Тигил  шуркуя келин да оозу ачылып карап калды.

Күйөөсү бир өзүнүн аялын карап, бир тигил шуркуяны карап аялынан көзүн ала албай нес болгондой талып, телмирип калды. Жанагы ээрчип келген келин кеп сөзгө келбей короодон чыга жөнөдү. Артынан үйдүн ити кубалап жетпей калды.Күйөөсү нес болгон эмедей катып тура берди.

Келин кайнатасына да, кайненесине да, күйөөсүнө да эч нерсе деп айткан жок. Келин кайра үйүнө кирип халатын кийип, жоолугун салынып, уюн сааганы сарайга жөнөдү. Кайнатасы, энеси, күйөөсү эшикте тиктешип турушту.

Аксы району, Кош-Дөбө айылы.