“Бир ырдын сынагы” жыйынтыкталды

2020-жылдын 25-ноябрь күнү ички иштер органдарынын күнүмдүк турмушун, ишмердүүлүгүн, эрдигин даңктоо жана Кыргыз милициясынын образын ачып берүү максатында уюштурулган поэзия жанрындагы “Бир ырдын сынагы” аттуу конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Бул конкурска жиберилген чыгармаларды тандоодо атайын топ түзүлүп, кара кылды как жарган калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунан жана ИИМдин кызматкерлеринен кирген. Калыстар тобунун курамына Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, төраганын орун басары Керимбек Кадыракунов, акын, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева, КРнын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын башчысы Нурбек Маамытбаевдер мүчө болушту.
Бүгүн салтанаттуу түрдө милициянын жаркын образын ачып, анын тарткан түйшүгүн, жасап жаткан баа жеткис эмгегин так жана көркөм чагылдыра алган поэзиялык чыгармалардын авторлору акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.
Сынакта биринчи орунду Кутмырза Жакыбалиев ээлеп, 20 миң сом жана диплом менен сыйланды. Экинчи орунду Зайырбек Ажыматов ээлеп, 15 миң сом жана диплом анын уулуна тапшырылды. Үчүнчү орунду Нарынбек Жамангулов ээлеп, 10 миң сом жана диплом алды. Төртүнчү орунду Ырысбүбү Сагынбаева ээлеп, 5 миң сом жана диплом менен сыйланды.
Дагы кошумча сыйлыктар менен сынактын алты катышуучусу сыйланышты. Алар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкери, подполковник Өмүрбек Сагымбаев, акындар Ысмайыл Кадыров, Калыс Найзабеков, Урмат Керимбаев, Ырысгүл Изатова.
Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тапшырды.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 2-март күнү Ички иштер министрлиги Жазуучулар союзу менен биргеликте милициянын жаркын образын ачып, анын тарткан түйшүгүн, жасап жаткан баа жеткис эмгегин так жана көркөм чагылдыра алган поэтикалык чыгармаларга “Бир ырдын сынагы” аттуу сынак жарыялаган эле.
Кыргыз милициясы бүгүнкү күндө эл менен байланышын бекемдеп, ишин элге таянып, эл менен бирдикте алып барууну көздөп, эл менен байланышты чыңдоо үчүн болгон күчүн жумшап, аракеттенип жатат. Эл да муну туура түшүнүп, жапа тырмак колдоп, жардамдарын аябай берип жатышат. Мына ушул байланышты мындан ары да кеңейтүү, мындан ары да күчөтүү максатында ушул ”Бир ырдын сынагы” коомчулук арасына жарыяланган. Конкурска республиканын бардык аймагынан жаш курактарына карабай катышуучулар ырларын жөнөтүшүп, активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Сынакты жыйынтыктап жатып, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов сынакка катышкан бардык калемгерлерге чын дилден ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы чыгармачылыктарына зор ийгиликтерди, бекем –ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалап өттү.
Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов “Бул сынак кыргыз милициясынын элге кылган эмгегин, жасаган иштерин даңктай турган иш-чара экендигин баса белгилөө менен, ички иштер министрлиги поэзия түрүндө гана эмес, милициянын образын ачык-айкын ачып бере турган кара сөз түрүндөгү чыгармаларга дагы сынак жарыялоону колго алат деген пикирин билдирди.
Конкурска жөнөтүлгөн чыгармалар ИИМдин жакынкы арада жарыкка чыгара турган китебине киргизилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы