Бектуруш Табалдиевдин поэзиясына күбө болуңуздар

Ырдын тулкусун жакшынакай уйкаштар, образдуу салыштыруулар, жугумдуу метафоралар, таасирдүү боёктор, туюнтмалар менен шөкөттөп жазган пейзажист, чебер сүрөткер, синэстетик, интеллектуал акын Бектуруш Табалдиев Салгаманинин чыгармачылык кечеси өтөт. Поэзия кече акындын “Аты жок” китебинин бет ачары менен коштолуп, адабиятчылар автордун чыгармачылыгы боюнча сөз кылып, поэзиясы окулуп, обондуу ырлары ырдалат.  Поэзия кечеге катышууну каалагандар үчүн эшик ачык. Келип жан дүйнөңүздөргө азык алып кетүүгө чакырабыз. Ыр күйөрмандарын 2022-жылдын 28-январында саат 14:00дө Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде күтөбүз.

Тосордо

“Чөккөн тоолор окшошот мис чөөгүнгө,

чокуда кар агарат пил сөөгүндөй.

Жаш сулуунун булгаган жоолугундай,

“жарк” дейт толкун чагылып тийген күнгө.

 

Чарбылардай булуттар тийгенде күн,

чагылышат жыялбай жүргөн көчүн.

Убарага түшүүдө килем – толкун,

улам түрүп жазалбай бүктөмдөрүн.

 

Ак кемедей кылкылдап туш жагыман,

аярлашпай өтөт ак куулар улам.

Кашка дөбөт – чынжырын үзгөн толкун,

кара жарды тиштөөдө шыйрагынан.

 

Байлоодо көп тургандан жедеп бүтүп,

бошонгондой кокустан жибин үзүп,

жерден башын көтөрбөй бука – толкун,

жолуккандын келатат баарын сүзүп”.