Атакул Жакыпов: Дүбүртүндөй аттын буулуккан, Дүйнө кезип өтөт булуттар

Атакул Жакыпов 1953-жылы Лейлек районунда туулган. Райондук “Алга” гезитинде комсомолдун Лейлек райондук комитетинде эмгектенген. Акыркы 35 жылдан бери К.Сабыров атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келет. ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн. КРнын билим берүүсүнүн мыктысы.

1989-жылдан бери СССР жазуучулар союзунун, 1992-жылдан КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Жаш акындардын республикалык “Ала Тоо поэзиясы” фестивалынын, Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты. КРнын Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси. 1982-жылы “Жашыл аалам”, 1986-жылы “Ички кайрыктар”, 1999-жылы “Айдың кеч”, 2008-жылы “Күүгүмдөгү кусалык”, 2012-жылы “Дил кайрык”, 2013-жылы “Ай чапчып аккан дайра”, 2016-жылы “Айрылыш жолдор” (тандалма) ырлар жыйнактары жарык көргөн.

*****

Ээн талаа, эски бекетте,

Эсептешпей таңдар, өтөт кеч.

 

Куса толгон көздөр сагынуу,

Поезддердин тынбайт агымы.

 

Кыяк үнү эзип жанымы,

Күтүүдө өтөт өмүр жарымы.

 

Бук толгон үн, көңүл ой эзген

Бекет бойлоп өтөт поезддер.

 

Шыбак жыттуу талаа, ай кезет

Шыбырашып турган байчечек.

 

Кызгалдактар кызыл кыз дүйнө

Кусаланат кечте, күүгүмдө.

 

Жортуп өтөт шамал. Жомоктой

Жаштык күндөр кайда жоготкон.

 

Дүбүртүндөй аттын буулуккан

Дүйнө кезип өтөт булуттар.

 

Мейкиндикте мезгил элеси

Мисирейет жайып желесин.

 

Сагынычын алган жүгөндөп

Санаркоонун сааты түгөнбөйт.

 

Жаркын жүзүн желге тоноткон

Жалгыз караан өтөт коноктой.

 

Ай кучактап өткөн түн калат

Айтчы кыяк мынча муңканат!..

 

Көктө сызат сапар арыткан

Каркыралар кылым карыткан.

 

Жолдо күткөн бороон, бурганак

Жолоочуга мынча сурданат.

 

Эски бекет, ээн талаада

Эзет шамал, эзет санаалар.

 

Жүргүнчүлөр тиктейт баратып

Желаргыга чачын таратып.

 

Уйкусу жок түндө караңгы

Убайымга жанды саламбы.

 

Жарыкты издейм жаным талыкшып

Жылдызы жок түндөн алып чык.

 

Опол тоодой канча кар басты

Ошол жарык – сүйүүм алгачкы.

 

Окторулган дайра киринчү

Ошол жарык сүйүүм биринчи.

 

Көлдө эки атчан турат суу кечип

Кыйыша албай жүрөктөрдөн чечип.

 

Кечки булут бүт асманды каптаган

Кызгылтым түс горизонтко батпаган.

 

Кызыл нурлар кызыл кырда жайнаган

Көлөкөлөр көлдө тынбай чайпалат.

 

Суу чачырап аттын омуроосуна

Селки секин кашын кагат кол суна.

 

Ашыктардын жүрөк демин кайталап

Ай шооласы көл бетине чайпалат.

 

Күндүн соңку нуру менен эзилип

Күлгүн түскө боёт сүйүү сезимин.

 

*****

Токой ичи. Күн баткан

түнт ойлордой кармалбас,

түн терметип тынбастан

тал шуудурайт тармал чач.

 

Кайрыгындай кыяктын

көкүрөктү өрттөгөн,

кетип барат бир ак куу

Көгүш тунук көк менен.

 

Ак куу, ак куу, бир ак куу

асманга учкан арманбы,

кыргыл үнү кыяктын

кетирдиң го аргамды.

 

Токой ичи. Күн баткан

түнт ойлордой кармалбас,

түн терметип тынбастан

тал шуудурайт тармал чач.

 

*****

Ажайып жаздын жыты аңкып

алыска кеткен жол учу,

китепке салган качанкы

калгандыр гүлдөр соолушуп.

 

Көктөмдө гүлдөр шыбырап

жүрөктө сырын айтышат,

асманда жылдыз жыбырайт

ак куштар качан кайтышат.

 

Жамгырлар өпкөн жүзүңдө

Жагымдуу назик муңаюу,

булутту жиреп сүзүлгөн

ай чыгар көктөн кылайып.

 

Ажайып жаздын килеми

ааламга тегиз төшөлгөн,

алгачкы сүйүү илебин

апкелет куштар көчөңдөн.

 

*****

Ак шоокум дайра четине

Ай курган шоола көпүрө,

Тамылжыйт нурлар, тамылжыйт

тайгылып түшүп бетинен.

 

Көпүрө, дайра жээгине

Көлкүгөн жарык төгүлөт,

көркөмү кымбат бу дүйнө

көгүлтүр нурга чөмүлөт.

 

Жыбырап дайра ирими

Жылдыздар сууга киринип,

селкинчек тээп турат ай

сөйкөдөй көктө илинип.

 

*****

Үзүлүп түшүп из калган

үлбүрөйт булут асмандан,

үнсүз бир ырдап отурам

үйүмдө. Санаа баскандан.

 

Сабалайт жамгыр Үй. Арман

сагынчым жолу кыярган,

самоолор тынбай агылып

сапырат ойду кыялдан.

 

Үзүлүп түшүп топудай

Үлбүрөйт булут чокудан,

Үйүмдө жалгыз, жапжалгыз

үнсүз бир ыйлап отурам.

 

*****

Талпынып ак таң менен

таң эшик аттар менен,

тирүүлүк шамын жагып

түрүлүп каттар келген.

 

Ой артын күтпөй калган

Окулуп бүтпөй калган,

каттарың жүрөктү эзет

калганы баары жалган.

 

Кечиккен каттарың ай

Кулпурган чачтарындай,

көгүчкөн болуп учкан

көк мейкин асманымда.

 

Көөнөрүп калган бөздөй

Кагазда калган сөздөр,

жылт эткен үмүтүмдү

жылытып турчу көздөр.

 

Улуу кыш. Жаздын алды

унутулуп калды баары,

калдактап көлдө сүзөт

каттардын айрыктары,

көңүлдө жанбай калды

көктөм ыр кайрыктары.

 

*****

Боз-Көлмөдө бейити бар атамдын

бетегелер сүйлөйт мында ар башка,

окторулуп өтүп жылдар катары

онунчу ирет жамгыр жаап, кар баскан.

 

Шай оодурган жымжырт дүйнө дирилдеп

Шыбырашат шыбактардын тилинде,

Мала, кызыл күн нуруна киринген

мында мезгил жалгандыгы билинбейт.

 

Чүчкүрүшөт боз шыбактар чаң жуткан

чимирилип бийлейт куюн бул жерде,

Чексиз аалам жатат ойлуу унчукпа

чарчап бүткөн мала кызыл ирмемде.

 

*****

Эшикте январь, көктөмдөй

Эшилет күндүн шооласы,

Кечээги күндүн, өткөндүн

көркүнү ачат жоогазын.

 

Иймейген орок ай көчөт

Ийилип талдын ноодасы.

Экөөбүз анда – байчечек,

экөөбүз анда – жоогазын.

 

Катарлаш өскөн кырчын тал

керет ов боюн, бой керет,

түбөлүк жапжаш турчудай

тумандуу туюк ой келет.

 

Кайгыдай жанга батып бу

кар жаап жатты бир тынбай,

кайрылуу өзү бакытпы

кырчындай кезге кырчындай.

 

Эшикте январь, көктөмдөй

Эшилет күндүн шооласы,

кечээги күнгү өткөндөр

кар басып калган жоогазын.