Асан Жакшылыков: Ак Бермет

Ата салтын ыйык тутуу бул – кыргыз тарбиясынын негизи. Салт сакталса – кылымдык таалим-тарбиясы, элдин жүзү, адам жаратылышынын сулуулугу улам муундан-муунга мезгил сыноосуна туруштук берип, жашоо уланганы дайыма маанилүү. Асан Жакшылыковдун “Ак Бермет” аңгемесиндеги чоң эненин камкордугу жана сүйүүсү пакиза кызынын келечегине арналат.

Энеси көз жумгандагы кайгыга биринчи жолу туштуккан чүрөктөй кызынын мөлтүр жашы – анын энеге болгон сүйүүсү. Ак Бермет бактылуу болуш керек эле да. Бирок , жөнөкөй турмуштагы адамдык бактысы, заман агымы бузулду да, жеке тагдырын кирген суудай жайпап кетти.

Көрсө, жеке бактыдан мурун да, заманисттер айтмакчы, адам үчүн эң негизги жоопкерчилик – өзү жашап аткан мезгилдин бузулушуна алдын ала жол бербөө милдети экен. Жазуучунун философиясы ушинтип турмуштан уланып чыгат да, Ак Берметтин сулуу тагдырынын таптакыр чоң энеси күтпөгөндөй согуш кесепетинен тескери багытта өнүккөнү кейиштүү. Мындай мажбурланган тагдырга замана бузулса ким болбосун, качан болбосун туштугат. Анткени мындай оор алааматта жеке адам алсыз. Мына азыр деле баарыбыз пандемиядан улам аргасыз камалып олтуруп калдык.

Ойлонсок, мындай акыбалга түшөрүбүз тээ 1970-жылдары Рим клубунда айтылган экен. Бирок убагында ким алдын алды? Биздин азыркы заманыбыздын жышааны ошондон баштап бузулгандай. Согуш кесепетин да убагында токтотуп калбагандай эле, чоң мүшкүл башыбызга эми түшүп турат. Аңгемеден улам ушундай салыштыра ой жүгүртсөк болчудай.

Дал азыркы учурубузда жансактоосунан айрылып бойбоздогон карапайым адамдар да, короновирус согушуна себепкер “жырткычтарга” жем болуп жаткан жокпу, кадим аңгемедеги карышкырга жем болгон оор абалдагы жалгыз кызы менен калган аял сыяктуу?..

Мына ушундай оор абалда сүйүү керемети чечкиндүүлүккө барды. Жырткычтын териси тирүүлөй сыйрылып, аңызга жырткыч терисиз агытылды… Жырткычтыкка кандай мамиле кылса болот? Замандаштарыбыз өздөрү ой жүгүртүп окуп, калганын тыянак кылар.

Бул аңгеме “Улуу Тоолор” басмасынан жаңы жарык көргөн “Элет аңгемелери” аттуу жалаң прозалык чыгармаларынан турган 6-томунан алынды. Бул китепте жылуу күлкү менен турмуш трагедиясы катарлаш жазылган. Талыбай эмгектенип жаткан Эл жазуучусуна ийгилик каалайбыз!

Ак Бермет

Аңгеме

Айымкан чоң энеси бар кезде Бермет анчалык көзгө түшкөн жок. Чоң энеси ырым-жырымын кылып, эски-ускуну кийгизип, колтугунда кармап, чоочун адам келатса бирдеме деген шылтоо таап кызын бир жакка жумшай салып дайым сагызгандан сак турар эле, жарыктык. Ал аз келгенсип көз мончогун тагып: “Балакетинди алайын, адамдын ичи тар кызым, сөөгүң катый элек кезде, бирөөнүн суук көзү тийсе, азап берекем, сак бол, берекем” деп, тынымсыз эскертип тээ беш көкүл кезинен жедеп бышы кулак кылып койгон.

Бермет да чоң энесин аябай жакшы көрчү, экөөнүн жаны бирге сыяктуу сезилчү; чачын бир туруп эки бөлдүрүп, кээде беш көкүл тарап, бир туруп кайра кырк өрүм өрдүрүп, деле гой, кыз каадасын сактап өздөрүнчө таранып тазаланып, сулууланышчу; чоң энесинин устукан ташыткан чөнтөгүнө каадаланып күзгү салдырып койгонун айтпа. Күзгүгө каранган кезинде эгерим өзүнө бир жери эле жакпай калса, суйкайган сулуулугу өз оюна төп келбесе, кайра көгөрүп чачын жандыртып салчу; небересинин ыгы менен болуп, айрым бир күндөр атайы кызы үчүн жумаланып, майда барат нерселер менен алектенип атып эле, ушинтип кызына жакпаса чачын кайра-кайра өрүп берип жатып эле күндүн кайда агып кеткенин билбей калчу, закымдап күүгүм кирип келчү; жакшы жери чоң энесинин убакыт менен анчалык деле иши жок болчу; эзели шашчу эмес, Теңир буюрганы болот деп жаралганы шашпаган, тобокели толук бүткөн ток пейил адам эле.

Бу Бермети жанында турса дүйнөсү түгөл; кийин кызы мектепке бара баштаганда, атайы эле жолун тосуп, кызына берчүүсүн май чөнтөгүнө салып алып утурлап барар эле; китебин өзү окутуп угаар эле; экиге экини кошконду да бирге үйрөнүштү; адеп тамга тааныбаса да, бүт сабагын даярдатып, тапшырмасын так аткарттырып, кызы сабагын окуп бүтмөйүнчө же торун түйүп, же эски-ускусун жамап жанында шек алдырбай караан болуп олтура берер эле Айымкан байбиче. Ошол Айымкан чоң энеси күтүүсүздөн ичегиси түйүлүп, жаны сеп албай, анан доктурга алып барышты эле, ичегисинен карыш жери карарып кеткен экен деп айтышты энесин сойгон доктурлар, аттиң десең, балныйсадан эле каза болуп калбадыбы.

Бермети энесин жерге койгончо бөйрөгүн бүлкүлдөтүп ыйлаганынан жазган жок: “Берметим деп жүрүп өтүп кетти” дешип, келгендер өлгөн кемпирди аябай эле, чийедей болуп көзүнөн жашы шорголоп жалгыз турган Берметти аяп жатышты. Эл билет тура; Бермет да чоң энеси көз жумгандан кийин ого бетер жалгызсырап бүттү. Көрсө, өз эне-атасынан боору алыс чоңоюп калыптыр; чачын өрүп бермек түгүл, эми оюн угуп, сырын билээр кишиси жок; эми өзү да тоңдосун тартып, чачын өзү өрүп, күзгүгө каадасынча каранган кезде чоң энеси оюна кылт этип, жарыктык, өлбөй эле кызынын жүрөгүнө кирип кеткен окшойт, андайда туталанып, өзү жалгыз ыйлап, өзү жалгыз сооронуп моюнуна ысык сорпо төгүлдү. Чоң энеси Айымкан менен Берметтин балалыгы кошо кеткенсип, элден эми чындап тартынып, өзү менен өзү болгонсуп баягы чөнтөгү устукан ташыган, Берметим деп турган мээримден биротоло четте калды.

Арадан жылдар өттү, мурда чоң энесин ыйлап сагынса, эми бой тарткан сайын кусаланып, келбес чоң энесин ичтен элестетип, жүрөгүнөн сүйүп, эңсеп жеке сагынчу болду. Аны жылдар жетелеп олтуруп, көрүнгөн тоонун ыраагы жок экен Бермет бойго толду. Чоң энеси үйрөткөндөй өз боюна тыкан эле; мектепти бүтпөй жатып, кыз киши бат эле көзгө көрүнөт турбайбы, Бермет канча жашырынса да, чоң энесинен калган көз мончокторун тагынса да, жупуну басмырт жүрсө да, суйкайган келбеттүү тал чыбыктай кыз көргөндүн көз жоосун албай койгон жок. Кайра, ошо жупунулугу өзүнө тартып: “Баягы Айымкандын кызы эстүү чыгыптыр, өңдүү экен садага” дешип адеп аялдардан сөз кетсе, жүрө жигиттерден ашыкмын дегендер арбыды. Анан жолун тозгондор, кат жазгандар, колун сурагандар, чансаң “өлөмүн” дегендер көбөйдү.

Тээ Айымкан чоң энесинин: “Көздөн сак бол, кызым” деген бала кезинен эле кулагына жат кылган сөзү алдын ала эле билип айтылгансып, жарыктык, ушундай болорун, мектепти бүтүп бүтпөй “Ак Бермет!” аталаарын, адамды өзүнө тарткан ашкере сулуу болорун ыраматылык чоң энеси небак эле, кызы өз колтугунда жүргөндө эле кыясы сезген окшойт.

Эми кыздын төшү түптөлдү, көзү жаш айдай толукшуду, бою ышкындай чыңга бой өсүп, баягы энеси талбай айранга жууп, каймак сүйкөгөн макмал кара чачы жерге тийчүдөй болуп буралып, көргөн жанды бир жалт каратат. Анан мөлтүр жаштыгы: “Карды көр да, этин көр” дегендей өңү да акжуумал тартып, адамдан башкача ай жамал ак жүздүү эле бул чүрөктөй созулган Ак Бермет! Ай, сулуулук, кимдин гана жүрөгүнө чок салбайсың, ким болсо кызыгып, кол созгон жигиттер ак эткенден так этип жетсем дейт Ак Берметке! Ал канчалык кат жазгандарга кайдигер болсо да, ашык болгондор арбый берди; ичинен санааркап бүттү, адамдын көңүлү деген кыйын эмеспи, бирок өз жүрөгүнө сүйүү келбесе кантет, кантип бирөөнүн колун четке кагат, шагын сындырат, өңгөсүн гой, түнү ит үрсө: “Ак Берметти акмалагандар уктатпас болду” дешип айылда каңкуу сөз башталды. Чындыгында баскан жолун сагалап, сууга барса булактан күтүп, үйүн сыртынан боз улан бойдоктор өздөрү эле кайтарып, түнү “Ак Бермет” деп аваз созушуп, эми Бермет ата-энесинен кадимкидей уялып, ага ашык жигиттер үчүн өзү элден жазганчу болду; ушинтип Ак Бермет сулуунун атагы арта берди.

Бегалы да Ак Берметке сыртынан ашык болгондордун бирөөсү эле. Аңгыча согуш башталды. Ак Берметке ашык болгондордун өткүрлөрү өпкө боорун чаап кат жазганга араң үлгүрүп, айла канча согушка узай беришти, бирок ага ашык болгондордун аягы суюлган жок. Эми согушка кеткен өзүнө ашык жигиттердин аманчылыгын кудай бар, ичинен тилей турган болду Ак Бермет. Бегалы эл өңдөнүп Ак Берметке ашыктыгын ачык билгизбесе да, согушка барганы жүрөгү сыздап, көз алдына Ак Бермет гана келип аябай азабын тартып жүрдү. Акыры кат жазды!

Сүйүү күчтүү пулемёттун огундай,

Сүйүү күчтүү таш көмүрдүн чогундай.

Бермет сулуу, сүйүп калып өзүңдү

Жүргөн кезим эч айламды таба албай,.. – деп Бегалы пулемёттун огу болуп, таш көмүрдүн чогу болуп жаны баш ийбегенде жарыла күйүп ысык кат жөнөттү. Катына кайтарып жооп келген жок; кээде кызганса, кээде ичинен буюгуп, бирок үмүт өчпөйт эмеспи, согуш аяктап элге барса, Ак Бермет жолунан тосуп чыкчудай болуп, өзүн өзү ичтен сооротуп, Ак Берметти эстеген сайын жүрөгү өрттөнүп, көңүлү ысып жүрдү. Акыры элге кайтаар күн келди. Ак Бермет аны гана күтүп жаткансып, жолдо ката жүрөгү менен сүйлөшүп жүрүп олтурду. Кашкайган Алатоону көргөндө көңүлү өсүп, жүрөгү тим эле куландай туйлады, Ак Бермет өзү тосуп чыкчудай сезилди.

Бегалы жарадар болсо да айылга кайра биринчи кайткан жоокер эле. Элден айланса болот: “Бегалы согуштан келиптир!” дешип, жарданып, сүйүнүшүп, түлөө өткөрүп, түтүнмө түтүн учурашып жатышты. Кадыр-баркы көтөрүлдү, көңүлү өстү; элге-жерге болгон сагынычы жанды. Бир гана Ак Бермети эстен кетпей койду. Өзүнчө эле сүрдөп, Ак Бермет жөнүндө бирөөдөн батынып сурай да албады. Качан сыр билги жеңеси: “Уулду кыздарды бирден чекеге чертип, эми өзүм үйлөнтөм” дегенде, жүрөгү “Ак Бермет!” деп болк этип кетти. Ай булуттан чыккандай болуп, жүзүн нур чайып, көңүлгө толуп бүткөн, армиядан бери аман алып келген жүрөктөгү махабаты бүткүл денесин заматта алоолонтуп жиберди: “Ак Бермет кайда?” деп сурап жибергенин өзү да байкабай калды. Жеңеси: “Кокуй, уул, сен да Ак Берметти сүйгөн белең!” дегенде эсине келди да, кулагынан баштап бетине чейин кызарып чыкты, сыры ачылганына дендароо боло түштү. Жеңеси: “Алда байкушум ай, сен да Ак Берметти сүйгөн турбайсыңбы!” деп жаны кейигенсип унчукпай калды… Буйрукка айла жок экен да, согуш башталганда жигиттин гүлдөрү бүт армияга аттанып, Ак Бермет атасы менен жашы чамалаш актив чалыш Асанаалыга чыккан экен да, андан бир кыз төрөп алыптыр, ажалы жетип Асанаалы да жакында каза болгон. Азыр Ак Бермет Асанаалынын эски тамында жесир болуп үңкүйүп олтуруп калыптыр.

Жеңеси да кайра эсине келди окшойт: “Ак Берметтин гүлү соолгон” деп үшкүрүнүп алды да, кайнисине алып берем деп чөлкөмдөгү тал чыбыктай кыздарды бирден санай баштады… Бегаалынын кулагына эч сөз жеткен жок, өз жүрөгүн азыр бир кара чагылган тилип кеткендей сезилди; согуштан аман сактап келген үмүтү өрттөнүп, көңүлдөгү ызасы, көзүнө жаш болуп уюй түштү. Оор улутунуп алды да, жаны жай таппай баратканда жеңесин кучактап алып, үн-сөзсүз катып калды. “Сүйүү деген балакет ушундай” деп койду жеңеси, кайнисин аяп: “Ак Бермет! деген атагы болгону менен, жыргаган жок ал байкуш да, ата энеси согуштун каары менен Асанаалыга берип койду”; жаңы укканда : “Э, кокуй, ушу Ак Берметти, кызыл ээк Асанаалы алдыбы” дешип, аялдар да кокуй уул, катуу мөңкүдүк, бирок турмуш жеңет тура, ошо сук көз, кызыл ээк Асанаалы алды дегенде аялдын кем жаралганына, Ак Берметти ыраа көрбөй жаныбыз далайга күйдү, бирок чалга чыкса да Ак Берметиң чыдамдуу экен, бир сөз чыгарган жок, Асанаалы өлгөндө кошок кошуп гана сыздап бурчта олтуруп бербедиби дегенде жаны буулугуп, эми чындап эле аба жетпей Бегаалы үйдөн чыгып кетти да, ээн тоого барып, эки күн катар бугу тарабай, үшкүрүгү үйөр болуп жаны сыздап, төшүндөгү ызасын жерге төгүп, бууракандап каны кайнаганын баскысы келди; эми Ак Берметке бир айылда турса да колу такыр жеткис, өзүнүн шору кеткис болгонун түшүнүп турду.

Жеңеси айткан тал чыбыктай кыздарга үйлөнгөн жок. Бегалы Ак Берметтин чырагы жанган үйүнө терезеси далдаш өзүнө чакан там куруп алды да, эч кимге жазылбай, эч кимге сырын айтпай, катына жооп бербей койгон, сук көз кызыл ээк Асанаалынын жесири Ак Берметке эми кайрылып бир сөз да айтпай, түнкү чырагын гана тиктеп, бир айылда катарлаш жашап жүрө берди. Ак Бермет да шек алдырбайт, Бегалы өлгөн чалына куран окутуп киргенде гана бир тиктеп койгон, ал көз караш таш көмүрдүн чогу сыяктуу эле, ошол сырлуу көз караштан жүрөгү кайра ачышып чыккан; эми “Ак Бермет” деген ырды өз жүрөгү гана өзүнө көңүлүндө ырдап, өзү менен өзү, эл менен иши жок. Эл болсо Бегаалы согуштан жарадар болгондо, жигиттик кубатынан айрылган окшойт дешип, анын үнсүз жүрүм турумун, ички бугун түшүнбөй кала беришти.

Ал түнү айыл ити абаалап үрүп, эмнегедир Бегалынын уйкусу келбей, эрте турган эле. Анан үрүл-бүрүлдөгү айылдын тынчтыгын бузуп, бир аял: “Кызым, шорлогон турбайбызбы!” деп эле таңды жаңырта чаңырып алды. Капырай эмне болду? Тыңшаса Ак Берметин үнү экен. Бегалы кантип учуп жеткенин билбей калды. Көрсө, Ак Берметтин жалгыз уюн карышкыр жеп кетиптир. Ак Бермет уйдун тарпын көрүп алып боздоп жатты, аларды баккан ушу жалгыз ую эмес беле! Чын эле Айымкан чоң энеси чачын өрүп кеткенсиген сербегей кызы экөө уйдун аркасы менен иргилтпей оокат кылып, кээде Бегалыга да айран-сүт берип жиберчү; чалга чыкса да андан башка үрүп чыгаар ити жок эле байкуш Ак Берметтин. Кышкы суукта өзүнө окшош кызын кучактап алып боздоп жаткан Ак Берметти көрүп алып, адеп Бегалы чочуп кетти; дагы эле Берметти жүрөгү сүйөөрүн, дагы эле ага жан тартып турганын сезди. Аңгыча айласы кеткен Ак Бермет киши түзбөлүн, учуп жеткен Бегалыны көрө салды окшойт, ыйын-муңун айта албай, өзү ый аралаш жылып келип, не кыларын билбей сестенип турган жигитти кучактады да, Бегалыны бел тутуп, ичи өрттөнүп, жаны сыздап, бөйрөгү бүлкүлдөп, карышкыр мойсогон арманын, кызы экөө эми кантип жан бага турганын билбей, Бегалыга айтылбас ички муңун төгүп, төшүнө башы тийип шолоктоп турду. Ак Бермет алдырар күнү жаздырар болуп кайгыга батып турса да, мынчалык өзүнө жакын айкалышы, аны кучактап алып ыйлап жатышы, Бегалыны дароо дендароо кылып салды; денеси алоолонуп чыкты; Ак Берметтин жытына, өзүнө ынактыгына, ага ишенип тургандыгына Бегалы кадимкидей ийип кетти, жигиттик кайраты келди. Чачынан сылады. “Берметим!” деп да эмнегедир айтып жиберди. Ыйлабачы деп сооротту: “Эл бар эмеспи” деп, өзү кайрат берип, ушул ортону жакындаткан жандаштыктан дили ысып чыкты.

Аңгыча эл келип калды. Чын эле карышкыр быйыл өзгөчө күч алганын, элдин малын бир карт бөрү кыныгалып четинен отоп бүткөнүн, эми Ак Бермет байкушка, Асанаалы чалдын жесирине кезек келгенин, карышкырды каргап шилеп, жан кейип айтып жатышты… Бегалы адатынча унчукпай көпчүлүктүн сөзүн тыңшап турду да, качан эсине келген кезде, кандуу ооз карышкырдын изин байкады. Эми Ак Берметин мынча сыздаткан карт бөрүгө жини чындап келди. Эл болсо дале бүлкүлдөп ыйлап жаткан Ак Берметти сооротуп, кызын аяп, ушу түнү болгон кырсыктуу окуяны кызуу талкуулап жатышты. Эми андан эмне өзгөрмөк эле, баягы көп сөздүн бири да.

Бегалынын ушу карт бөрүгө болгон кеги ичине батпай кетти; эзелки мергенчилиги, ок учкан кыргын эсине кайра түшүп, эмнегедир коюу түтүндүн жыты келди; туруп-туруп эле өзү негедир буулукту, кантсе да Ак Бермет тарткан азаптан жаны кейип, анан капилеттен “Берметим!” деп алганына, өзү келип ый-муңу аралаш кучактаганына алиге эс-мас болгонсуп турган эле. Баягы үмүт кайра жанды. Ичи жарык болуп чыкты. Көптөн бери колдонбогон капканын, жип-шуу салган кабын көтөрүп, канжалаган изди кууп жалгыз-жарым тоо тарапка чыгып кетти. Канча күн өткөнүн ким билсин, Бегалыны бир эстесе ичинен Ак Бермет эстегендир; ал Кара бадалдагы карт бөрүнүн ийинин тапты да, капканын салып коюп, күн-түнү көз ирмебей кайтарып олтурду.  Анан капканга түшкөн карт бөрүнү жетелеп айылга түшүп келди да, дал Ак Берметтин үйүнүн алдындагы эски мамыга аса байлап салды. Эл көрүп, аң-таң болуп байланган карышкырды тегеректей баштады. Ак Бермет да өзүнө окшош кызын ээрчитип үйдөн чыкты. Бегалы эл топтолгончо, кадимкисиндей сүрдүү, унчукпай бычагын жанып олтурду да, анан мамыга байлаган бойдон чечпей, Ак Берметтин уюн жеген карт бөрүнүн терисин тирүүлөй сыйра баштады. Көпчүлүк жарданып карап турду. Капырай, же Бегалы унчукпайт, же терисин тирүүлөй тескери сыйрып жатса да карт бөрү кебелбейт, эти ооруганын билгизип, кайратын айт, бир онтоп койбойт. Кашабаң да эр экен, ушунча карап турган элге шек бербей, кадимки айбатынан жанбай, Бегалы терисин толук сыйрып бүткөнчө бир каңшылап койгон жок. Баракелде! Анан, Бегалы жарданып турган элдин көзүнчө карт бөрүнүн терисин сыйрып бүтүп жерге ыргытты да, кадимкисиндей унчукпай карышкырды мамыдан чечип, оозундагы тиши ачталган жыгачты чыгарбай, таптакыр терисинен айрылып кызыл эт калган, алиги эти ак жуумал молойгон карышкырды айылдын четин көздөй Бегалы ак карды кечип жетелеп барды да, анан карышкырды кыйын болсоң эми өзүң жашай бер дегенсип, ак кар жапкан талаага тоо тараптантып бош кое берди. Карышкыр боштондукка чыкканына ишенди белем, оозуна жыгач ачталган карт бөрү жанталашып, калың ак карды кечип тоону көздөй зуу койду. Атырылып чуркап бара жатты да, эки жүз метрге жетип жетпей териси сыйрылган карышкыр карга күрп кулап кетти. Кайра карт бөрү туралган жок. Эртеси суукка тоңуп калган өлүк карышкырга айылдын иттери даап жакын баралбай кар четинде каңшылап турушту. Ушинтип Ак Берметтин уюнан кийин айылга такыр карышкыр жолобой калды.