Алтынай Темирова: Китебим 5000 нускада чыгып, бет ачары Москвада өттү

Алтынай эже, “Ай конгон тоо” (“Лунная Гора”) аттуу жаңы китебиңиз кут болсун! Интернационалдык жазуучулар союзу тарабынан Москвадан чыгарылган экен. “Тушоо кесерин” да ошол жактан өткөрүп келдиңиз. Кандайча ал жактан чыгарып калдыңыз, бет ачар кандай  өттү?

Ракмат, жакшы өттү баары. Буга чейин 2018-ж. “Автограф” деген жамааттык жыйнакка, 2019-ж. Пушкиндин 220 жылдыгына арналган жыйнакка, Байронго арналган жыйнакка ыр топтомдорум чыгып, жакшы баага арзыгам. “Пушкин” сыйлыгынын, “В.Набоков” жана “Антуан де Сент-Экзюпери” атындагы сыйлыктардын дипломанты болгом. Анткени, бардыгы конкурстук негизде болчу.

Бул китебимдин чыгышына да, бир конкурс себепчи болду. Анда, жарым гранттык акча менен 5 миң нускада чыгат, чет өлкөлөргө таралат дегени кызыктырды. Почта менен жибердим: “Биз перспективалуу авторлорду тандап алабыз, сиз ошондой экенсиз, өттүңүз, жарым акчасы 72 миң, жибериңиз”, деген жооп келди. Эмне кыларды билбей, Фейсбукка жарыя бердим. Каныбек Туманбаев деген ишкер жигит: “Эже жардам берем”, деди. Китеп ошентип чыгып калды. Экөөбүз жеке тааныша элекпиз, бирок абдан ыраазымын ошо иниме, бактылуу, өмүрлүү болсун!.

Бет ачары, белгилүү ЦДЛ – Борбордук адабиятчылар үйүнүн кичи залында өттү. Зал толтура болду. Арасында бирин-экин кыргыздар да бар экен, кызыккандар келсе керек. Таанышканга убактым болбоду. Бул Адабиятчылар үйүнөн студент кезде: А.Вознесенскийдин, Б.Ахмадулинанын, Е.Евтушенконун, Б.Окуджаванын, Ф.Искандердин кечелерин көргөн элек!.. Андан бери 30 жыл отуз күндөй өтүп кетиптир!..

– Мына ушундай куттуу жерде бир кыргыз акынынын да тушоо кесер кечеси өткөнү өтө кызык болуп атат. Ал жерде эмне кызыктар болду?

– Буга себепчи болуп Венера Жуматаева жардам көрсөттү, “Азаттыкка” кайрылсам. Венерага да кичипейилдиги, мыкты адамгерчилиги үчүн чоң ыраазычылык билдирем, бардык жакшылыктарды каалайм. Кече Союздун атынан 3-4 автор менен бир өттү: ар бир авторду өзүнчө тааныштырып, ар бирине өзүнчө убакыт жана сөз берип дегендей. Автор китеби эмне жөнүндө экенин айтып берип, өзү жөнүндө айтып, анан суроолорго жооп берип, үч-төрттөн ырын окуп, кенен эле үлгүрдүк. Мага: “Эмне үчүн китебиңиздин атын ушундай атадыңыз?” деп сурашты. “Бул – жөн эле тоо эмес – “Духовная Гора” – Руханий Тоо – мааниси чоң, Ай болсо – ал да чыгыш элдери үчүн “светила, сакральный” Ыйык Жарык, ак илбирс  – тоонун Ээси – “хозяин и дух горы” дедим, элибиз буларды байыртан ыйык тутуп сыйынып келишкен” десем, абдан чоң таасир этти. Булар жөнүндө ырым да бар китепте. Андан тышкары китебимдеги эң башкы баалуу нерсе адам жан-дүйнөсүндөгү руханий экология менен табигаттагы экологиянын ажырагыз биримдиги. Бул өзү – бүтүндөй Ааламдын абалы, бул өтө маанилүү, азыр!..

Мындай бир кызык суроо болду: “Сизди мекениңизде жакшы таанып-билишеби, сиздин бул жерде алган медалыңыз алгачкыбы, же буга чейин өз эл-жериңизде татыктуу сыйлашкан беле?” деген. Албетте, 80-90-жылдары өз элимде гана гезит-журналдарга, радио-телевидениеге жума сайын, ай сайын байма-бай чыгып таанымал болсом, андан кийин Орто Азияда, СНГ менен чет өлкөлөрдүн айрымдарында жакшы эле таанымал болуп атат окшойм, адабий жумалыктар, алака-мамилелер, көркөм которуулар аркылуу. Интернационалдык жазуучулар союзу өзү 1954-ж. Парижде алгач уюшулуп, көп жылдар ошол жакта иштеп келген экен, башкы офиси да ал жакта. Азыр негизинен Москвада чоң бөлүмү иштейт. Быйыл уюмдун 65 жылдыгы белгиленип аткандыктан, менин чыгармачылыгымды баалап, китебим үчүн Союздун “Юбилейлик” медалы менен сыйлашты.

– Куттуктайбыз!.. Чоң рахмат, кызыктуу маегиңизге! Мындан ары да чыгармачылык чоң ийгиликтерди каалайбыз!.. 

Маектешкен: Канышай Жолболдуева

Сүрөткө тарткан: Александра Борисова