Алтынай  Темирова: Бул өмүр – өткүн, куюн, Түшөсүң сууга, отко…

*****

– I –

Кылымдар кырданышат бүлөп азуу,

Колунда кудуреттүү улуу жазуу,

Тагдыры миң төгүлтүп, миң калчаган

Кыргызым ашып турат даа бир ашуу!

 

Кондуруп тууруна Эркиндикти,

Кош колдойт бет алганы эркти, күчтү!..

Жылдызы төгүлгөн кең бешенеси –

Жарк эткен бул ааламдын оттуу көзү.

 

Үңүлүп баба жолу, баба ырына,

Тарыхты тамырынан козголттура,

Жер шарын айландыра кайрып туру,

Кеменгер, айкөл Манас улуу журту!..

 

Агарган ак булуттун асты кенен,

Көгөргөн Көк Теңирдин үстү терең,

Мухиттей чалкып жаткан рухту берген

Колдосун Көк Теңирим элди берен!..

 

– II –

Кылымдар оомал-төкмөл тынымсыз өтүп турган.

Эл руху жанар тоодой жанып да, өчүп турган.

Эңсеген эркиндикти эзелтен ар бир муун.

Бирде урап, бир курулуп, мамлекет өсүп турган.

 

Кыргызга кымбат болуп кыргыз деп аталышы,

Эртана кулундары бешиктен бата алуучу:

“Бабаңдай баатыр болгун, Манастын жолун жолдоп,

Эркиндик үчүн күрөш, мамлекет түзүп, коргоп!..”  –

 

-деп айтып Кыргыз дайым учугун улап келген.

Чайпалып, миң төгүлүп, кайрадан курап келген.

Кайыргын эми дагы Эркиндик – Бакыт Кушун,

Колунан түшүрбөөгө түбөлүк ыйык туусун!..

Колунан эч түшпөстөн түбөлүк ыйык турсун!..

 

– III –

Жан салды Теңир бизге,

Бардыгын көргүнүң деп,

Жер берди Теңир бизге,

Жашагын көнгүнүң деп.

 

Жарыгын Жараткандын,

Өзүндөй баалап алгын.

Жакшылык жанында бол,

Жанаша жүргүн дайым.

 

Көз берди Теңир бизге,

Карагын, билгиниң деп,

Сөз берди Теңир бизге,

Баалагын, сүйгүнүң деп.

 

Жебеси жандын –Сөз го,

Ачкычы жандын – Көз го,

Бул өмүр – өткүн, куюн,

Түшөсүң сууга, отко…

 

Кыргыз ыры

Франциянын XVIII-кылымдагы көрүнүктүү  классик акыны Пьер-Жан де Беранжеге

Турган өңдүү жээгинде

Сырдарыя, Нарындын;

Сена суусун кечип, бойлоп –

көрктүү Париж шаарынын,

сылап жалдан аргымагын,

жууп канын кылычтын,

үчүнчү ирет сугарганын

атын мында кыргыздын –

жазган экен Жан Беранже –

…байыркы бир кылымдар

Европага жолу ачык

болгондугун кыргыздар!..

 

Кийин…  кыргыз аргымагы

алып барды Чынгызды,

калеминен сыя тамып

Сенаны эстен тангызды!

Кыргыз Ырын – Сүйүү Ырын

ырдап бүткүл Европа,

Жер шарына кетти авазы…

Эми… кыргыз өзү да…

туш-туш жакка чилдей тарап,

чачырады кайрандар!..

Бабалардын жолу тартып,

баратабы ынтызар?..

Изи калып эзелкинин,

канында ойноп жаткандыр?..

же тарых бир кайталанма,

кайталанма дастандыр?!..

 

Ат туягы жеткен жерге,

жетип жашап кыргыздар

куда болду, тууган болду,

дос да болду… гүл кыздар

канча элди бириктирди,

жакындатты алысты;

жаштар жүрөт илим кууп,

билимине акылы жуп –

заман менен жарышчу!..

 

*****

Эч качан көрө элек деңиздин

Мүнөзүн өзүндө чагылтып,

Жээгинде шарпылдайт ойлорум,

Буулуккан зор күчтү багынтып.

 

Кайдандыр түнөргөн булуттар,

Салмактуу оордугун салышты.

Мемирей түшкөндө болуп дал,

Күткөндөй бороонду кабылчу…

 

Күркүрөк добуштар айбаттуу,

Көбүрүп-жабырып ураган,

Тереңге телмирип Ай жатчу,

Жылчыксыз көмүлдү бүт аалам.

 

Туйлаган тулпарын туңгуюк,

Жер-сууга жиберген агылтып…

Таманы астында кыйраган

Жээкти тургузат жаңыртып…

 

*****

Күүгүм күтүп калган көчөгө,

Жаз жамалын тагып өттү ким?

Буурул түнгө тарткан көшөгө,

Булут сымал буугуп басты ким?

 

Кол кармашкан эки жаш тиги,

Табыштыбы таандык тактысын –

Турмуш өтөр балким жөн эми,

Балким сынап көрөр бактысын.

 

Жарык үстү… Түшкөн түбүнө,

Көлөкөлөр аста чайпалып,

Дарактаймын калың өзүмө,

Өтөм бирок баш да айланып…

 

Удургуган укмуш авазды,

Жыйнайм бойго келген туш-туштан.

Жаңырыгы жайып канатты,

Жаалданат бир үн тумчуккан.

 

Берем келген кечти өзүңө,

Ыр шамалын алып өткөн ким?

Көңүлүмө тартып көшөгө,

Булуттаймын… буугуп бастым тим…

 

Турмуш

Укпас, көрбөс, эң  катаал

желдетиндей мезгилдин,

доорлордун… –

эзип келет, түрдүү амалга салып,

сыноого алып… –

“тамаша”дай ага биз… –

сезимдерди, боёкторду,

бардык ички дүйнөнү

төгүп берип, жашайбыз, –

биз барбыз,

күн көрүүдөбүз, –

деш үчүн…

Тагдырдын

кызыл-тазыл жибине,

теспедей бекем байланып –

табышмактуу,

сырдуу,

сулуудай үлбүрчөктүү

назы үчүн

арбалып…

 

*****

Күлүндөй тамекинин күндө чеккен,

гүлүндөй ай-талаанын үшүп кеткен,

көркү түшкөн,

күлгө айланган дүйнөнү

көргөзө көпчүлүккө жайып койду –

дүйнөгө айып койду!..

Деген жок бирок аны эч ким шордуу,

бир гана өз бактысын өзү сорду…

 

Кышкы паркта түнүндө

Парк четинде шам күйөт

короолонуп чекеси…

Шейит кеткен жан жүрөт

жаны үзүлгөн түндөсү…

Тегеректе дарактар

көргөн аны тонолгон,

көргөн жабыр тартканын,

уккан үнүн онтогон…

Айгай салбай ааламга,

тили жоктон токтогон…

 

Астындагы кар эрип

тартты жаткан сүрөтүн,

сөөлөтүнө турчу эрип

жары күттү үйдө тим…

Күттү кары ата-эне,

күттү жалгыз баласы,

сулап бактын түбүндө

жаткан кезде атасы…

Өттү адамдар байкабай,

өттү адамдар кайдигер…

Жүрөккө муз байлабай,

о, тирүүлөр колду бер?!.. –

дедиби дем чыкканча,

турса да үн буулуп…

Бу дүйнөгө не келди,

не кыйналды туулуп?!..

 

Айбандыгы бар ачуу,

башкесер же, каракчы –

болсо ажалы жан алчу,

неге Теңир жаратты?..

Жанына жок аралжы…

Жаратканга терс карап

муңдуу пенде салат чуу…

 

Парк четинде шам күйөт

балбылдап чоң нур жанган…

Шейит болгон жан жүрөт,

шам отуна курчалган…

 

Парк аркылуу күнүгө

кайтпайт эми ал үйүнө,

короолонуп шам күйөт,

кырк күн бою… түнүнө…

 

Жаңы казал

Кабылан-чердүү кара жер

Кагажып кетип барабы?

Казалчы менен календер –

Кайып болгон бабабы?

Какырлуу чөлдө боз инген

Кайыккан жаны – карабы?

Кайыл болгон баарына

Калабалуу калаабы?

Каралуудан – кадырсыз,

Капылет туулган балабы?

Кайгуулу келишпес

Кажарсыз бүркүт алабы?

Кен байлыгын талатып,

Казыналуу калың журт

Кагынган бойдон калабы?

 

Кайыры болот эртеңдин,

Каныктарга кеп бергин,

Карабайыр жылкынын

Канжыгасын бөктөргүн,

Кыя-чие иштердин

Кыяпатын көп көрдүң.

Кыйырына кыш жетпес,

Кызыр колдоор жердесиң,

Кыл баатыр деп саналган,

Кылаалуу кыргыз эл өзүң.

Күн таажыдан таралган

Күзөрлүү бир пендесиң.

Көчүндө шаани-шаң салган

Көркөмү болгон бир кездин…

Көл, дайранын көйкабын

Кадик кылган илбээсин.

Көйгө салып барабы,

Курутуп турат бул кезиң.

Кээри кеткен тегинен

Кайырчы кылды энесин.

Көк деңиздей соолутуп,

Куруткан элдин эңсесин,

Капыстан келген “бул оору”,

Кайгыга салды эл эсин.

 

Кабылан-чердүү кара  жер

Кагажып кетип барабы?

Казалчы менен календер –

Кайып болгон бабабы?

Касабалуу калың журт

Карманаарың калабы?!..

 

Автопортрет

Моюнуна кылыч саям озунуп,

мээлеп турган замандын,

мени карай ок сунуп…

 

Кыялдарым калбыр боло

сулап эчен жан-жака,

алчактаган ойлорумду

кыйса дагы чалгыдай,

көк жайыгын Тагдырдын

кесип өтүп  чабуулдай!..

Жан чыдай…

Кечип өтөм  кандуу дайра үстүнөн,

өлүктөргө толгон жердин жүзүнөн

окуп адам жардыгын

кырып-жоюп келе жаткан бардыгын,

жана Өзүн!..

Үстөмдүгүн жүргүзөм деп ал бүгүн

үстөмөндөп кулап барат…

Үстү-асты жар үчүн

өзүнө –өзү Кудайдай сыяктанат!

Анан… жамгырдагы топодой ылай калат!..

 

Чукуп салып чылпактарын көзүнөн,

сурайм капыс карт тарыхтын өзүнөн:

“Канга жүзүң  качангаче жуулат?!..

Тукумгурут болгончобу адамзат?!..”

Көзү ачылбай шорголоп кан куюлуп,

карт тарыхтан жооп болбой буюгуп…

Жердин үстү улам барат куюгуп…

Эмне мынча адамдарды тукурган?

Өзүндөгү өзгөрбөгөн пастыктан

көр пенделер өлүп гана кутулган!..

Эмне мынча адамдарды тукурган?!..

 

Жаа огундай себеленем мезгилге!

Жаа огундай… жүрөктөргө сөз керип

Жан-дүйнөгө сайылам…

Арча болуп өсүп алам.

Карт тарыхтын барактары тепселип

коюнума чачылган…

Ийне болуп өсүп турат ал менде,

көөнү сокур көрпенденин

көкүрөгүн  тилгенге!..

 

Бир элес

(ноктюрн)

Кыш чилдедей кычырабай кирчи үйгө?!..

Босогодо турба эшикти кулачтап!

Же, Токсондой1 чыгып кеткин күбүнө,

Узун сары2 келди деп, мен таруу актап,

Казан асам сүрдөн3 салып, умачтап4

Аш жасаймын, Умай эне колдо деп,

Кыздар менен “баштаң таңып”5, аластап

Коломтонун чогун үйөм корго6 бек!..

Умай эне түндүгүмдү корго деп!..

 

Тоо-талаага чапкылап кел оюңду,

Суу жээгинде суут бир аз байырлап.

Жел сылаган, шамал сүйгөн боюңду,

Суунун шары – сулуу кыздай, кайырмак

Салып ээлейт, көңүлүңдү сергитет,

Анан кайра, мени көздөй ээрчитет!

 

——————————

Токсон1 – токсон күндүк кышкы Аяздын аты.

Узун сары2 – кыш чыгаардагы, эрте жазгы кыйын кезең.

Сүр3 – узун сары убагына арналып сакталчу кургатылган эт азыктары.

Умач аш4 – Умай энеге арналып ушалап жасалчу тамак.

Баштаң таңуу5 – жалаң кыз-келиндер чогулуп дасторкон жасап отуруу.

Кор6 – отту чок түрүндө сактоо ыкмасы.