Али Турдугулов: “Азаптын элүүнчү ырынан” “Ыр дөөлөткө” карай…

“Азаптын элүүнчү ырынан” “Ыр дөөлөткө” карай…

(Акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун поэзиясына дагы бир ирет саресеп салганда)

Мындан беш-алты жыл илгери акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун жаңы эле басмадан жарык көргөн ырлар жыйнагына карата кенен пикир жазып, “Кыргыз Туусу” гезитине жарыялаган элем. Андан бери арадан бир нече жыл убакыт өтүп, акын окурманына жаңы ыр жыйнагын тартуулап олтурат. Мунусун автор “Ыр Дөөлөт” деп атап, көлөмү жагынан да, андагы ырлардын сапаты жагынан да, тематиканын ар кылдыгы жагынан да, деги кайсыл тарабынан салыштырып караба, тереңдиги, кенендиги боюнча улам алгалап өскөнүн, өркүндөгөнүн көрүүгө болот. Токтоп калуу да эмес, артка чегинүү да эмес, өсүү, өркүндөө – диалектиканын ички мыйзамы деген ушул деп туралы… Ошол ыр топтомдорун кайрадан карап отуруп, андагы айрым ырлардын мурда байкалбаган жаңы кырлары менен сырлары баамга урунду. Эмки кеп ошолор тууралуу…

Акындын соңку он жыл аралыгында жарык көргөн ушул эки ири ыр топтомдору тууралуу сөз кылганда, чынын айтайын, көңүл бир аз караңгылай түшүп, анан барып баштапкы абалына келгени эсимде, себеби анын ошол ыр жыйнагы караңгылыкты, туңгуюкту элестетип туруп алган. Туңгуюктан чыккан оор үшкүрүк аралаш жан дүйнөңдүн кайгысы менен касирети, алмуздактан бери көөнөрбөй, тиричилигин улантып келе жаткан жашоо чындыгы ушул.

Муну не ошол азаптын астанасын астейдил (балким, тагдыр буйругу менен) аттап, жашоонун ачуу чындыгын жонтериси менен сезе билген акын, не күнүмдүк өмүрүндө жакшылыгынан жамандыгы көп, агынан карасы, түзүнөн ийриси көп өмүрдүн ачуусун көбүрөөк көргөн көрпенде гана түшүнө алат окшойт. Көрпендени билбейм, ошол азаптын астанасын аттаары менен жашоонун ачуу чындыгын жонтериси менен сезген акындын азабын көз алдыма элестетип турдум. Андан кийинки китебиндеги (“Ыр Дөөлөт”) ырларды окуганда деле мындай ойдон алыстай алган жокмун. Мындай элестер акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун “Азаптын элүүнчү ыры” (2009) деген аталыш менен жарык көргөн ыр топтому колума тийип, он жыл кийин жарыялаган “Ыр Дөөлөт” (2019) ырларын баса калып окугандан кийин келген.

Азаптын өзүн алмуздактан бери жашап келе жаткан турмуш чындыгынын өзү дебедикпи, анын астанасынан кимдер гана аттабады… Тээ 365-жылдан тартып 872-жылга чейинки мезгилде өмүр сүрүп, чыгармачылык тематикасы чылкый трагедиядан турган ырларды жараткан Тао Юань Мин (365-409), Ли Бо (701-767), Ду Фу (712-790), Бо Цзюй И (772-861) сыяктуу трагик-акындар адам жашоосунун өйдө-ылдыйын, ачуу-таттуусун болгонун болгондой жымсалдабай, агынан жарылып чындыкты поэтизациялаганы менен тарыхта калды. Азап ырларын жогорку көркөмдүүлүктө трансформациялоо булар менен эле бүтпөй, андай ырларды кийин Цюй Юань, Тао Цзянь, Ван Бо, Ван Вей логикалык жактан андан ары улантып эле тим болбой, “аза поэзиясын” жаңы бийиктикке, жогорку тепкичке көтөрүштү. Жашоонун улуу чындыгынан тайсалдатып алыстабай, ажалга тик караган (тагдыр менен алпурушкан) акындар булардан кийин деле жашап келишет…

Учурунда Нобель сыйлыгына татыктуу болгон грек акыны Георгос Сеферистин: “Айтпайын десең да сенин жашооңдогу азап менен кайгы-касырет чыгармачылыгыңдын негизги пафосуна айланат экен” деп, агынан жарылганы бар эле… Ал да өмүрү өткүчө бу жалган жашоодо жакшылык көрбөй, кара жаны азапка малынып, ошону менен чымчыктай жаны күм-жам болду. Бирок, артында бүтүндөй адамзат тамшанып окуй турган өлбөс поэзия калтырды.

Тынчтыкбек Нурманбетовдун “азап ырларынан” да мен далай ошондой кыргыз поэзиясындагы мазмундук-формалык жаңы тилкенин башталганын көрдүм. Адатта, акындар же ошол акындардын ырларына карата пикир жазгандар “ырда мазмун болбойт” деп келишет, ошол эле мезгилде формасын “өлө макташып”, улуттук поэзиянын мыкты шедеври катары баалап, классикага чейин жеткирип барып коюшат. Аларга деле мейли дейли, ал эми адабият менен көркөм өнөрдөгү (искусство) мазмун менен форманын эриш-аркак жүрүшү, алар бири экинчисиз жашай албашы, бирин экинчиси ар бир чыгармада толуктап турушу жөнүндөгү теорияны кайда алып барып катып коёбуз, анан. Көрсө, ар кандай жанрдагы көркөм туундуда форма болгон сыңары мазмун, мазмуну бар сыңары формасы да болот окшойт. Балким, ырга мазмунду салыш үчүн ошол ырды жөн эле ыр жазыш үчүн жаза бербеш керектир… Балким… Болбогонду болтуруш, балким, ар бир адамдын эле колунан келе бербеген сымал, ар бир акын ырларына мазмун сала албайт көрүнөт. “Каалап жаксаң кар күйөт” деп айтылат элде. Ошол ыр саптарын бирден шурудай тизмектеп отуруш, анан акыр аягында окуган адамдын сезимин бир “солк эттирип”, не азабын көз алдына тартуу кылган, не маңдайын жарып чыккан кубанычын колуна, алаканына салып койгондой элес калтырып ыр жазыш, оо-уу, ар бир эле акындын колунан келе бербеген нерсе бейм…

Анда ошол Тынчтыкбек акындын агынан жарылып жазган “азаптарынын” мазмундук параметрлерин карап көрөлү: Ырас, ар кандай көркөм чыгарма “аягы бар – башы бар, кулагы бар – кашы бар” сыяктуу бир чулу денени элестеткен бүтүндүктө болушу шарт. Колумбиялык Габриель Гарсиа Маркес айткандай, чыгарма “жерпайынан чатырына чейин бир максатка баш ийдирилген” чулу организмди элестетип турушу керек.

Тынчтыкбек аганын “азаптары” мына ушул талаптарга жооп бере алат деп туралы. Мен бул ырлардан мазмундук бүтүндүктү эки нерседен көрдүм. Биринчиси – алмуздактан бери айныгыс формасын жоготпой жашап келе жаткан өкүмдар тагдыр жазмышы, ошол тагдыр бир адамдын, бир акындын тагдырынан бүткөн азап, армандар. Өзү айткандай, “азсам да азап айынан, бармактай бала чагыман, азапка жакын жан болдум, ал деле балким багыман” деп, азап менен алпурушуп келген, кээде азапка жеңилип, кээде жеңген (азаптын биринчи ыры) акындын аттаган астанасы жүрүп олтуруп, аны мартабалуу эр ортону элүүнүн төрүнө алып барат да, “элүүгө капыл-тапыл жеткенинде” акынды ошол өмүр бою алпурушуп келген азабына бир эсе, кайыл кылса, бир эсе “эл оозунда айтылып аты калган” өмүрүнүн түбөлүктүүлүгүн камсыз кылып берди.

Жазмыштын буйругу ушул го, тээ бала кезинен азаптын астанасын аттаган бала эми минтип, баарына кайыл болуп, топук кылып, тагдырынын каардуу чечимдери менен коштолуп жүрүп олтурган жан тажатар өксүктөрүн кечирип отуру. Азаптын ар бир ырында ошол тагдырдын жазмышы менен болуп отурган окуялар, а булар адам өмүрүнүн реалий көрүнүшү эле. Муну мазмундук бүтүндүктүн бири дейли. Экинчиси – тематикасы ар кыл болсо да, турмуштун ар кандай кырдаалдарын чагылдырса да, анын кырлары менен сырлары ар кандай түс, боёктор менен ар кандай ракурста поэтизацияланса да, эң кызыгы – сан жагынан да ошончолук көп (элүү эмес, кырк үч ыр) болсо да, бир акындын калеминен жаралгандыктанбы, бир жан дүйнөнүн үшкүрүгүнөн чыккан дем болгондуктанбы, айтор, алар биринен экинчисин ажыратып кароого мүмкүн болбогон чулу бир организмди элестетип турат.

Философия менен эстетиканын, аксиология менен адабият таануунун илимий параметрлерине салып карасак, ички логикалык ырааттуулугун бузбай жүрүп отурган бүтүндөй бир системаны көрүүгө болор эле. Бир бүтүндүктү түзүп турган бул ырлардан мен философия менен синергетиканы, педагогика менен психологияны, эстетика менен культурологияны, тарых менен этнографияны, этнология менен физиологияны, этнопедагогика менен этнокультурологияны, футурология менен герменевтиканы, онтология менен риториканы, тил илими (лингвистика) менен котормо теориясын, аксиология менен улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын интеграцияланган абалын көрдүм.

Бир эле далил: эстетикада эстетиканын илимий категориялары катары же болбосо, анын теориялык моделдери катары асылдык (прекрасное) трагедиялуулук (трагическое), комедиялуулук (комическое), идеяны көтөрүңкү духта ашкере даңазалоо (возвышенное), көрксүздүк, көркөмсүздүк (безобразное), паскечтик, наадандык (низменное), биримдүүлүк жана үзгүлтүктүүлүк (целостность и разорванность) сыяктуу илимий аппарат, түшүнүктөр жашайт. Мунун кайсы бирине акындын “азаптарынын” канчанчысы туура келет, муну окуп жаткан адам өзү баамдап, өзү бөлүштүрүп алсын, бул кыйын деле эмес. Ошол бүтүндүк кыймылсыз ордунда турган көзгө көрүмсүз, кулакка жагымсыз бир жансыз нерсени элестетпейт, улам бир ырдан экинчисине көчкөндө ой тамырлап, татаалдашып, спираль сымал өйдө-ылдыйы бар, бирок улам өсүп отурган динамиканы элестетет.

Атына жараша заты да бар экен деген тамшануу кепти турмушта көбүрөөк угуп жүрөбүз. Акын ырларын “азаптын ырлары” деп атаган экен, андагы ырлардын көпчүлүгүндө ичтен сызып чыккан жансыз үшкүрүк, жагымсыз маанай тартуулаган кандайдыр бир оор күрсүнүү бар сыяктуу. Карап көрөлүчү: “Азап” (1), “Суук кабар” (4), “Кош бейит” (6), “Күйүт (8), “Кырсык” (9), “Арман” (14), “Доор дарты” (15), “Айыл-көрүстөн” (17), “Тагдырдын татаалдыгы” (19), “Аксы алааматы” (30), “Азгырык” (33), “Аза” (34), “Көзү өткөндөр” (35), “Убал” (36), “Заар” (38), “Ичи тарлар” (39). Жок, жашоо жалаң гана жан кейиткен кайгы менен касыреттен турбайт экен, акындын ырларында алардын карама-каршысы, каранын – агы, жамандын – жакшысы, оордун – жеңили, ийринин – түзү, жалгандын – чыны, бүдөмүктүн – даанасы менен ачыгы, күйүттүн – сүйүнүчү, жүрүп олтуруп азаптын акыбети да бар окшоду… Андай ырлары тууралуу кийин, өзүнчө сөз болсун.

Эми жанагы жашоонун чыныгы турган турпаты, азезил сымал арбаган азабы менен кунарсыз көрүнүшүн өмүр бою ырга салып, түпкүлүгүндө, жалпы адамзаттык үлгүгө (классика) айланган, көөнөргүс мурас калтырган Ли Бо, Ду Фу, Тао Юань Мин, же болбосо Георгос Сеферис сыяктуу улуу акындардын чыгармачылык жеке тагдыры, калтырган мурастарынын тагдыры кантти да, чыгармачылыктагы мындай тема, “аза поэзиясы” кантти? Поэзия (жалпы эле искусство) мезгил ылгабайт, улут тандабайт, жайгашкан аймактык чен-өлчөмдөрдү ченебейт, жашоонун өзү, турмуштун өзү кандай болсо, аны так ошондой интерпретациялап, көркөм формада чагылдыруусунан түбөлүк жазган эмес. Буга чейин ошондой болуп келген, мындан кийин деле ошентип жашай берет. Ошондой болсо да, биздин улут адабиятыбызда адам жашоосундагы, адам өмүрүндөгү трагедиялуулукту жымсалдабай жогорку көркөмдүүлүктө, жогорку чеберчиликте мыкты чагылдырган Алыкул акынды гана билсем, Тынчтыкбек акындын “Азаптын элүүнчү ырларын” окуп жатып, аягына чыгып-чыкпай, мына ушундай ойлорго тушуктум…

Ар кандай кесиптин ээлери өзүнө, жакындарына, анан элине ошол аркалаган кесибине жараша салымын кошот, дарыгер кайрылган адамды айыктырат, сынган жери болсо бүтөп берет, мугалим билим-тарбия берсе, жазуучу же акын көркөм чыгармасын сунуш кылат. Мунун адам жандүйнөсүнүн тазарышына салымы чоң. Жумурай журтубузга күлүктүн кашкасындай белгилүү акын Тынчтыкбек Нурманбетов деле кесиптештер сыңары элине ушул “жандүйнө тазарткыч” продукциясын, ырларын берип жүрөт. Кыргызда Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акындарыбыз аз эмес, кимисинин эстетикалык салмагы оорураак же жеңилирээк, асыресе, кеп ушуну аныктоодо эмес, балким, сөз ошол чыгармачылык сапарында алга жылуу барбы, же сенектей токтоп калуу, же ордунан жылбай, алга умтулуу жокпу – мына ушунусу менен бааланат окшойт го, чыгармачыл адам, кеп ушунда…

Арадан туура он жылдай өтүп, акын Тынчтыкбек Нурманбетов ошол “Азаптын элүүнчү ырынан” кийин “Ыр Дөөлөт” ырлар жыйнагын берди дедик. Мен мында ушул китептин баш сөзү иретинде жазылган айрым пикирлерге окшоп китептеги ырларга баяндоочу экскурс жасабайын (кайсы ырды кантип түшүнөт – окурмандын иши го), саптардан мисал деле тартпайын, а жалпы сомосунан үргүлжү баалап, үстүрт гана изги пикиримди билдирейин деп турам. Ыр топтомдун жалпы структурасы билгичтик менен түзүлүптүр, тематикалык жактан иргелип бөлүмдөргө жайгаштырылганы ички логикалык ырааттуулукту бузбайт, тескерисинче, улам арылаган сайын окурман улам жаңы дүйнөгө баш баккандай, каны да кызып, жаңы ойго жетеленип олтурат.

“Кайрылбас жылдар кайрыктары” деген бөлүмгө жайгаштырылган отуз алты ырына саресеп салган окурман Т.Нурманбетовдун адепки почеркин көрүп, акындын өзүнө гана мүнөздүү болгон үнүн угат. Аларда туулган жердин ыйыктыгына сыйынуудан тартып, кадимки Нурманбетовдун оор үшкүрүгүнө (мен бу кишини трагик акын деп атадым эле) чейинки сызык, адам жан дүйнөсүнүн табышмактуу сырларынан тартып, табият көрүнүштөрүнүн элегиялуулугуна чейинки сызык улам бирин экинчиси толуктап жүрүп отурат. Акын киндик каны тамган жерин, андагы элдин пейилин, жоро-жолдош, теңтуштарына карата мамилесин “Табы өткөн жүрөктөгү каныма, табынамын Таш-Көмүрдүн табына” деген чакан бөлүмгө жайгаштырган. Андан ары арноолор бар, жоктоолор бар, обондуу ырларына удаа ашыктык ырларын сунуш кылыптыр.

А чыныгы жанагы биз айткан нурманбетовдук оор үшкүрүк менен денеңди дүрт эткизген трагизм “Өлбөстүккө кеткен жол”, “Ырлар – новеллалар” деп аталган бөлүмдөрдө экен. Анын “азсам да азап айынан, бармактай бала чагыман, азапка жакын жан болдум, а деле балким багыман” деген кадимки саптары, “Суук кабар”, “Кош бейит, “Күйүт”, “Кырсык”, “Арман”, “Айыл көрүстөн”, “Тагдырдын татаалдыгы”, “Так”, “Аза” сыяктуу күйүткө жык толгон, бирок реалдуу ырларды сүйрөп жүрүп олтурат. Жашоонун жыргалын курулай демонстрациялаган улуу кайрыктарга толгон ыр саптарды деле окуп жүрөбүз, алар, балким тээ өткөн кылымдын отузунчу жылдарында актуалдуу болгон чыгар. А азыркы күндүн поэзиясы күнүмдүк көр тириликтин басымына тушуккан жан дүйнөнүн деградациясы, ыйыктыгы тебеленген ыплас мамилелер тууралуу жазылса, кыйла реалдуу болот беле деген ой келет.

Нукура поэтикалык эргүүсү менен чыгармачылыкта таза, абийирдүү иштей алган акын Тынчтыкбек Нурманбетов адеп ыр жаза (мунун кесиби ушул болуп калды) баштаган күндөн тартып эле “Мекен мээри”, “Эл деми”, “Таш-Көмүр табы”, “Касиет”, “Кемибес кенч” аттуу ырлар жыйнагын тартуулады. Башкасын айтпаганда да, мындан бир нече жыл мурда сунуш кылган “Азаптын элүүнчү ыры” жыйнагынан бери чыгармачылыктын түмөн түйшүгүн мойнуна артып, чарчабай, чаалыкпай, талыкпай, мокобой курчуп изденүү артында болуп, эми минтип көлөмдүү “Ыр Дөөлөт” жыйнагын сунуш кылып отурат. Мунун ортосу болгону он жыл болгону менен мунун артында бүтүндөй бир инсан тагдыры, бүтүндөй мекен тарыхы, эл тагдыры жаткан эле… Мунун аралыгында чыгармачылыктын гана түйшүгү жаткан жок, акындын ошол түйшүгүнүн аркасында сапаттуу бурулуш, алга карай секирик, бийиктикке умтулуу жасоо далалаты бар эле. Сапатка гана өтпөй акын жеке турмушунда улуу бурулуштарга кириптер болуп, пенде катары да өмүрдүн улам жаңы барактарын өзү үчүн ачып жүрүп отурду…

Элине, мекенине ар ким өз алына жараша салым кошот деген түшүнүктү башында айттык эле, ошону улай мына буларды айткым келип турат. Мында сөз болуп жаткан акын Тынчтыкбек Нурманбетов чыгармачылыктын түйшүгү менен алтымыш жылдан ашуун өмүрүн өткөрүп, баам салып жүргөн киши мунун ат тезегин кургатпай мезгил-мезгили менен жумурай журтуна ыр жыйнактарын да сунуш кылып келгенин тана албайт чыгар. Ырас, анын эмгегин баалап Өкмөт токсонунчу жылдардын башында “Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам берген экен. Төш белгилери менен ардактуу атуул сыяктуу сыйлыктарын эске албаганда бул кишинин жарытылуу деле наамы жоктой көрүндү.

Бир сыйра окулуп, таштандыда калган көп чыгармалардан айырмаланып мунун ырлары такай окулуп, аларга карата басма беттеринде изги пикирлер, жакшы ойлор жазылып жүргөн экен. Ырлары: англис, түрк, казак, кытай, өзбек, уйгур, якут тилдерине которулуп жарыяланыптыр, бакыйган бир журналдын көп жылдан бери башкы редактору экен. Маданият тармагына көз салган биздин өлкөнүн жетекчилиги ушундай зирек акынды көз жаздымында калтырбай, көп жылдык эмгегин баалап “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” деген наамын деле эбак берип койсо болмок. Эрксизден ушундай асыл ойго кабылат экенсиң.

Али Турдугулов, филология илимдеринин доктору, профессор