Акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды

Акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды

Кыргыз адабияты жана маданияты оор жоготууга учурады… Улутту ар-намысына келтирген, духун көтөргөн атуулдук ырларды, жашоо-турмушта аралашып жүрүп эле көп адамдар байкабаган көрүнүштөрдү, окуяларды, ой-толгоолорду ыр саптарына айланткан, жандуу жаратылышка, аялзатына, айлана-чөйрөгө болгон сүйүүнүн күчүн даңазалаган лирикалык ырларды жазган, өтө жөнөкөй, ичине сыр жашырбаган ак көңүл, кыргыз элине таанымал болгон журналист, кыргызга чындап күйгөн патриот акын Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнө салды. Чыгаан жана патриот акын, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2001-жылдарда уюштурулган Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын (мурдагы чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” коомдук бирикмеси) алгачкы муунунун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгынын дипломанты, Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында туулуп, өскөн. Зайырбек Ажыматов 1993-жылы айылдык орто мектепти аяктап, 1993-1998-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окуган. Студенттик жылдарында республикалык коомдук-маданий “Обон” гезитинде штаттан тышкаркы кабарчы, “Улут ыйманы” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген. 1998-2001-жылдары коомдук-саясий “Асаба” гезитинде кабарчы болгон. 2001-2005-жылдары өз алдынча чыгармачылыкта эмгектенген. 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кыргыз Туусу” гезитинде кабарчы, 2006-2007-жылдары коомдук-саясий “Бишкек таймс” басылмасында саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 2007-2009-жылдары КТРКнын радиотармагында жана “Агым” гезитинде редактордун орун басары, өмүрүнүн акыркы жылдарында “Азаттык” радиосунун кабарчысы болуп эмгектенип келе жаткан.

Анын ырлары 1990-жылдардан бери райондук жана республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланып келген. Ал 1997-жылы ресубликалык Жогорку окуу жайларында акындар арасында өткөрүлгөн “Жылдыздуу саат” кароо-сынагынын лауреаттыгына татыган. 2006-жылы акын “Мелмил” ыр жыйнагы менен “Алыкулдун акбоз ат” кароо-сынагынын биринчи даражадагы лауреаты болгон. 2006-жылы Кыргызпатенттин Адабият тармагы боюнча “Ардак грамотасы” менен сыйланган. 2006-2007-жылдардагы Кыргыз Өкмөтүнүн “Жаштар” сыйлыгынын “Алтын дипломунун” ээси болгон. КТРКнын “2007-жылдын мыкты журналисти” дипломуна татыктуу болгон. 1996-жылдан Кыргыз Респубикасынын Улуттук жазуучулар союзунун, 2001-жылдан Чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” коомдук бирикмесинин жана “Калемгер” Адабий клубунун уюшулгандан берки мүчөсү болгон. Чыгармачылыктагы эмгеги бааланып, акынга өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери Ардак наамы ыйгарылган. Зайырбек Ажыматов журналисттик кесибинен тышкары Кудай берген таланттуу, улутка күйгөн, кыргыздын чыныгы акын уулу эле… Анын “Жалгыздык” (1996-ж.), “Мелмил” (2005-ж.), “Нөлү көп жылдар” (2001-ж.), “Жүрөктөгү бороон” (2019) ыр жыйнактары жарыкка чыгар замат эле өз окурмандарын таап, анын ыр китептерин сурап окуган, издеп окуган окурмандар арбын болчу. Акындын ар намыска, баатырдыкка, улутту сүйүүгө чакырган ырларынын төрт саптары эфирлерде саат сайын жаңырып, жалпы элди, жаштарды шыктандырып, багыт берип ойготуп туруучу. Тагдырга айла жок экен, Зайырбек Ажыматов таланты ташкындап турганда, жашы эми 44кө толоордо оорудан улам өтүп кетти! Кыргыз элине, белгилүү акын, жөнөкөй, ак көңүл инсан Зайырбек Ажыматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу,

Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фонду,

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык Академиясы.