Акын Самидин Стамбеков:

 

“Көкүрөгүндө ыры бар адам жер тандабайт, Бишкектен кетсем да, поэзиядан кеткен жокмун”

 

Самидин Стамбеков 1959-жылы 8-мартта Чаткал районундагы Каныш-Кыя кыштагында туулган. 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, директордун орун басары, директор болгон, райондук “Чаткал оттору” гезитинен баштап, республикалык, областтык газеталарда иштеген. 2008-жылдан бери карата Жалал-Абад областтык “Дил” гезитинин башкы редактору болуп иштеп келе жатат. “Алыстан жазылган каттар” (2002-ж.), “Самидиндин санаты” (2011-ж.), “Тирүүлүк – өзү көз ирмем” (2015-ж.) ыр жыйнактарынын автору, жыйырмадан ашык китептин редактору, медицина, биология багытындагы ондон ашык окуу китептеринин котормочусу.

“Кыргыз тили” төш белгисинин, көптөгөн Ардак грамоталардын ээси. “Студенттик жаз-80”, “Ала-Тоо жазы-82”, “Алыкулдун ак боз ат-90” фестивалдарынын лауреаты. Жалал-Абад областынын “Жылдын мыкты акыны-16” наамына ээ болгон. Анын ысымы акын катары кыргыз адабият сүйүүчүлөрүнө  таанымал.

– Өткөн кылымдын 90-жылдары Чаткалдан Бишкекке келген элеңиз, көп өтпөй кайра Жалал-Абадга кеттиңиз. Борбор калааны “чанып” кеткениңизге эмне себеп болду?

– Мени Бишкекке адабиятка болгон ышкым жетелеп келген, башка эч кандай кызыкчылыгым деле жок болчу. “Борбордо жашасам адабий чөйрөгө жакын болом, ырларымды чыгарганга, элге таанылууга мүмкүнчүлүгүм болот”,- деген ой болгон. Ошондой эле болду, мен борбордо жашаган 1988 – 1994-жылдары, кыргыз адабиятынын классиктери катары таанылган С. Эралиев, С. Жусуев, Б. Сарногоев, А. Жакыпбеков, М. Гапаров, К. Жусубалиев, Т. Касымбеков, Ж. Мавлянов, Т. Байзаков, К. Акматов, А. Рыскулов сыяктуу көп акын-жазуучулар менен жакындан таанышып, айрымдары менен гезитке көлөмдүү маектерди уюштурдум, дагы бир топтору менен өң тааныш болдум, айтор адабий чөйрөгө аралашып кеттим. Поэзияга ушунчалык кызыккандыктан, ошол кездеги калем кармаган ар бир кыргыз акын-жазуучусун билчүмүн, ал кезде азыркыдай шарт болбогон себептүү, ар кимден эле: “Жазган ырларыңды берип турчу, окуп берейин деп”,- кол жазмасын сурап окучубуз. Азыр ыр жазган жаштардын көбүн интернеттен окуп турам, бирок мурдагыдай жакындан билбей калдым. Бирок адабият башка, күнүмдүк тирилик, көр оокат деген башка да, мен оокат-тиричиликте “Уста сомдогон боюнча эле” кала бердим да, бир нерсени үзүп-жулуп алганга, ким бирөөнүн ичи-койнуна кирип, оокаттын оңоюн көздөгөнгө эмгиче эле көнө албадым. Мен жашаган алты жылдын ичинде Фрунзе, Бишкек болду, социализм кыйрап, базар башталды, мен шаарда тыңгылыктуу оокат кыла албай калдым, анан Жалал-Абадга эмес, Чаткалга, өз айылыма кетип калгам, ал жакта дагы алты жыл жашадым.

Мына ушул үркөрдөй айыл жаткан,

Өмүрүндө эмес эч чайын саткан.

Жүзүн үйрүп чоң Кокон кеткен кезде,

Полот ханды батырып байырлаткан.

 

Бу тоолордун койну – сыр, ташы – дастан,

Кезегинде жер түгүл тарып асман.

Султан Бабур сүрүлүп келип мында,

Самарканга батпаган башын каткан.

 

… Азыр деле сары изин куубай пулдун,

Жокко чыдап, айылдар кайыл барга.

Ылайланган шаардан качып кетип,

Ыйман жашайт алыскы айылдарда,

Адамдыкты андыктан издесеңер,

Айылдарга, баргыла, айылдарга!,- деген ырым ошондо жазылган. Кийин ыраматылык Орозалы Карасартов, азыркы белгилүү журналисттер Бакыт Орунбеков, Кадыр Кошалиев чакыртышып, 2001-жылы областтык гезитке редактор кылышкан, ошондон бери Жалал-Абаддамын.

Бишкектен кетсеңиз да, поэзиядан, ыр дүйнөсүнөн кеткен жокмун деңизчи?

Жок, поэзияны таштаганым жок, бирок мен башынан эле аз, анан кыска жазууга умтуламын. Алтымышка чыкканча болгону үч китеп чыгардым, 2011-жылы “Самидиндин санаты” деген жыйнагымды иргеп чыгардым эле, ошону көп мактап калышат. Мен үчүн поэма деген жанр жок, жалаң эле ыр жазам. Анан ар кимдин жаза турган өзүнүн ыгы болот эмеспи, мен ырды көңүлүмдө жазам, көпкө чейин, кээде бир айлап оюмда кайталап, бышырып жүрө берем да, жетилгенде бир эле отурам, кээде ар башка маанайдагы беш-алты ыр жазылып кеткени ошондон. Азыр тажрыйбалуу болуп калдык да, ырды жазып, эки-үч ай карабай таштап коём, анан кайра карасаң, кемчиликтериң оркоюп чыга келет, антпесең жаңысында “Ичтен чыккан ийри жылан” дегендей, ар бир жазганың эле классика сыяктуу сезиле берет эмеспи.

– Чаткалдыктар “Чаткалдан Кожожаштар гана чыгат” деп айтышат, кокусунан минтип сизге окшогон акын жаралып калганына эмне себеп болду?

Ошону ким айтса да жакшы айткан экен, акын деле Кожожаш да, ырдын кайберенин кубалап жүрөт. Биздин уруубуз кытай, Кожожаш да жыйырма үйлүү кытайдан чыккан деп айтылат, жети атадан нары жагыбыз Элтүзөр, Адыл мерген, Кара мерген деп ар бир бабабызга “мерген” деген сөз илешип олтуруп, айрымдар түз эле  Кожожашка жеткирип ташташат.

Мен да мергенчиликке көп чыккам, ким эле тоого жөнөсө, ээрчип алчумун, жашымдан жайлоодо чоңойгондуктан, мергенчилердин чай-чамегин карап, аттарын айткан жерине жетелеп, айтор жалаң кол кабыш кылам, ошондуктан көп кыйылбай эле кошуп алышат. Анан айылдагы ким бирөөнүн эң жакшы дүрбүсүн, колго тийген бир мылтыкты жалынып-жалбарып сурап алып, бара жатканда эле: “Мен тээтиги чокуга чыга элекмин, ошого чыгамын деп” шериктеримди алдын ала ынандырып коёмун. Анан эң бийик чокуга жетип алып, бүт ааламга дүрбү салам, менин “мергенчилигим” ошол:

Бүтүгүй көздөр менен бүт дүйнөнү,

Бир сыйра карап турсаң Чыңгыз хандай –

Каныңда кыргыз каны дүргүп өтөт,

Кылкылдап тоолор көчөт кыргыздардай,-

 

Бүт аалам төөдөй чөгүп бут алдыңа,

Тээ ылдый калып кеткен бардык чектер –

Сен жеткен бийиктикке жеткен эмес,

Буш менен Путин өңдүү президенттер…,- дегендей саптар ошентип пайда болгон. Мен Боз-Бугу, Кыңылдак, Чоң-Сандык, Миң-Теке, Аюу-Төр сыяктуу Чаткалдын атактуу чокуларынан ааламга көз жиберип олтургам, ошого таасирленип, ошого сыймыктангам. Азыр деле айылга барганда ат минип алып, кайсы бир чокуну “багындырып” келемин. Үч-төрт жыл мурда Кожожаш камалган Аблетимдин аскасынын тегиз жагы менен орто ченине барып, туш тарапка дүрбү салдым. Бирок кыл чокулардын поэзиясы башка, ал жер алыстан сырдуу, азгырмалуу көрүнөт, үстүнө чыксаң, жай саратанда кишини учуруп кеткидей бороон жүрүп, колу-бутту какшаткан суук болот. Ал эми кийиктер акыл-эстүү, сулуу, таза жаныбарлар. Бир жолу ар-ар жерде, бирок бири-бирине жакын жүргөн сексенден ашык кийикти санагам, бирок алар мага окшоп эптеп мылтык сүйрөгөндөргө аттырышпайт. Чаткалда “мергенчи” деп кийикти ыргыта атканды эмес, кийикке байкатпай өңүп бара алган адамды айтышат.

Кандайча ыр жазып калдыңыз? Канча жашыңызда? Өзүңүздүн устаттарды кимдер деп ойлойсуз? Кыргызда устат-шакирт уйкаш айтылат, өзүңүз шакирт күтө алдыңызбы?

Биздин балалык цивилизациялан алыс, мээге шыкалган ар түркүн маалыматтар аз, ал тургай электр да жок (калганын элестетип ала бергиле) таптаза чөйрөдө, жаратылыштын койнунда өткөн. Бир үйдө өзүм жалгыз, таята-таенемдин колунда чоңойгом, ошондуктан “Ак кемедеги” Нургазыны мен жакшы түшүнөм. Эптеп кат тааныгандан эле китепке жармашкам, “Асан, Үсөн жана өчүргүч” (авторун билбейм), “Эки бөжөк” (Р. Шүкүрбеков), “Кыргыз эл жомоктору” сыяктуу китептер – биздин алгачкы соткабыз, телевизорубуз, гезит-журналыбыз болгон. Саал эс тарта баштаганда эпосторго кириштик, “Манас”, акындардын айтыштары – эмне деген керемет устаттар, анан түшүнүктүү да, эгер мен ошончолук кызыгуу менен жыгач жонсом, анда уста болмокмун, мен болсо адабиятка, акындык өнөргө кызыккам.

“Тирүү” акынды биринчи жолу Ошко келип көрдүм, ага чейин акындардын жалаң эле сүрөтүн, же телевизордон элесин көрчүбүз, болгону 2-курста окуган сары жигиттин өзүнүн ырын окуганын көрүп, “А-а, акын деген ушундай болот турбайбы”,- деп астейдил кызыккам, ал – Карбалас Бакиров экен. Кийин Жолон Мамытовду көрдүм, ал киши: ”Кана, ар бирибиз бирден ыр окуйбуз”,- деп өзү баштап баарыбызды ыр окутуп, анан калган ишке өтчү. Он жети жашымда студент болгом, ошондо жетинчи классымдан бери жазган эки чоң дептер ырым болор эле, алардын бири деле кийин пайдаланылган жок, алгачкы ырым Ош областтык “Ленин жолу” гезитине чыккан, Ош радиосу да көп жолу ырларымды берген, Оштун телевидениесинен да чыкчубуз. Кармышак Ташбаев, Сатыбалды Кадыров, Нууман Сайдуллаев, Азада Бегимкулова, Тазагүл Закирова, Алымкан Дегенбаева, Атакул Жакыпов, Тургунбай Эргешов, Курманалы Калдыбаев, Карбалас Бакиров, Атантай Акбаров, Турабай Жороев, Эгемберди Эрматов, Маркабай Ааматов – мына ушулар биздин чөйрө болчу. (Ким бирөөнү айтпай кетсем – үзүр). Менин устаттарым кыргыздын бардык атактуу акын-жазуучуларынын китептери болгон, кийин орус акындарын окудум, Ахматова, Есенин, Рубцов, Н. Озеров сыяктуулардын айрым чыгармаларын котордум, котормочулук – чоң окуу. Шукшинди, Думбадзени, Мурза акени (Гапаров), Распутинди, Пикулду аздек туттум. Кызык жери, мен поэзияга үлгүнү прозалык чыгармалардан көп табамын, жогоруда саналгандардын алгачкы үчөөсү жумшак юморлуу лириктер, ал эми кийинки экөө ырга мастшабдуу, чоң ойлорду сиңирем десең, жардамга келишет.

Азыр менин колумдан бир жылда беш-алты китеп редакцияланып чыгат, ошол авторлордун көбү эле мени устат деп калышат, өзүм китеп чыгара албай көп кыйналган себептүү, кайрылгандардын кимисине болбосун жардам берип турамын.

Акын адамга ырсыз жашаса болобу? Сиз үчүн поэзия эмне?

– Адам бардык шартка көнүп, бардык щартта жашоого ыңгай алып кете алат, эгер кеп күнүмдүк күн көрүү тууралуу болуп жатса, акындар ырсыз деле жашайт, бирок дилинде тынчтык бербеген сезими болсо, эртеби-кечпи, ачпы-токпу, ээн-эркин басып жүрөбү, же зынданда жатабы – сөзсүз ырга кайрылат. Буга мисал, концлагерде жатып “Моабит дептерин” жараткан Муса Жалил, оорусуна карабай ырга жармашкан Алыкул – айтор көп, атактуу Барпы апыз Бишкектин ооруканасындагы өмүрүнүн акыркы үч күнүндө токтобостон ыр төгүп, эсинен танып кетип, кайра эсине келгенде, кайра төгүп жатып үзүлгөн. “Ооруканадагылар орустар болгондуктан, эң көп кайталанган сөздөрүн жазып коюшуптур, 7-ноябрь майрамына алаксып кетип, онунда араң келипмин, Барпы тилден калып калган экен, эртеси үзүлдү”,- деп эскерер эле Түмөнбай Байзаков. Көрдүңүзбү, көкүрөгүндө ыры бар адам шарт тандабайт, жер тандабайт, төгүлө турган дүйнөсү бар адам кандай жерде болбосун төгүлө берет. Мен үчүн – поэзия адамзатка кызмат кылуу, адамзатты тарбиялоо. Эгер дин десе эле исламды, ыр десе эле сөздөрдү төрт катарга уйкаштыра тизгенди эстебей, жалпы адамзаттык бийиктикке чыгып, ойлорду чулусунан таштай турган болсок, дин, искусствонун бардык түрү, идеология, асыресе, адабият – адамдын жан дүйнөсүн байытып, рухий азык бере турган, ага кызмат кыла турган каражат. “Мен ырларым менен жүз жылдан, миң жылдан кийин келе турган урпактардын жан дилин козгой аламын, ошолорду толкундатып, ошолорду ойго саламын”,- деп шер байлаган акын – чыныгы акын. Акын өз доорунан алда канча алдыда жүрүшү керек. Жаныңда жүргөн ким бирөөлөр: “Жакшы жазыпсың,- деп койсо, шерденип кетпей, көкүрөгүңө бир жылтырак тага койсо, калгандарга кырдана карабай, ошондой улуу максаттын соңунан түшсөң, өзүңдүн канчалык жапыста экендигиң, ойлоруңдун канчалык мажирөөлүгү – даана көрүнөт. Мына ошондой учурда чыйралып, мурдагы жазгандарыңдын бардыгы түккө турбай, “Мен, мына эми жазамын” дегендей демиң өчпөсө, анда – акынсың. Бирок, кыялыңды канчалык деңгээлде ишке ашыра аласың, аның башкаларга жагабы-жакпайбы, кылымга кызмат кыла турган чыныгы чыгарма жараттыңбы, же кезектеги эле жаркылдакпы – ал жагы башка, өзүнчө кеп.

Дүйнөлүк адабият менен дурус эле тааныш болсоңуз керек, улуттук адабияттан дүйнөлүк адабияттын катарына коюуга татыктуу деп кимдерди, кайсы чыгармаларды айта аласыз?

Дүйнөлүк адабият деле жалаң шедеврлер топтолгон чөйрө эмес, ал жерде мамлекеттердин кызыкчылыгынан, ар түрдүү идеологиядан улам чыгармалары “классика” деп жарыяланган авторлор аз эмес, менимче, Солженицын, Ремарк, Генри, Горький, Фурманов, Маяковский, Осторовский, Неруда, Хара деген сыяктуу дагы толуп жаткан жазуучулар ошолордун мисалы боло алат. Албетте, булардын ар бири кайталангыс таланттар, бирок алар өздөрү кызмат кылган идеологиянын таасири кетери менен өңү бозоро түшө турган чыгармаларды жаратышкан. (Маяковский, Фурманов бекеринен атынып өлбөгөндүр…). Чыныгы дүйнөлүк адабият – кайсы бир мамлекеттин, кайсы бир диндин, кайсы бир идеологиянын жибине байланбай – ар бир расадагы, ар бир улуттагы адам өзүнүн жан дүйнөсүнө сиңире ала турган чыгармалардын топтому. Бизден Төлөгөн Касымбеков, Мурза Гапаров, Сооронбай Жусуев, Байдылда Сарногоев, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов, Жолон Мамытов, Казат Акматов сыяктуулар ага татыктуу атаандаш боло алар эле.

– Сиз “жоголгон муундун”, адабиятка 70-жылдардын аягы 80-жылдардын башында келген муундун катарына киресиз, сиздин баамыңызда кимдер “жоголду”,  кимдер “жоголгон” жок.

“Акындар адабиятка үйүрү менен киришет”,- дегендей кепти Омор агабыз (Султанов) айткан деп жүрүшөт, ошонун чындыгы бар. Биз советтик идеологиянын алпештеген балдары болгондуктан, балким, адабиятка бир үйүр эмес, үч-төрт үйүр болуп кирдик окшойт, өтө көп элек дегеним. Жоголуп деле кеткенибиз жок, ар кимибиз колубуздан келгенди жасагансып жатабыз, сый-урмат алгандардын деле катарындабыз, бирок биздин муундан, айталы, Олжас Сулейменов, Расул Гамзатов, Омор Султанов сыяктуу бөлүнүп чыккан эч кимибиз болбодук, ошон үчүн бизди жоголуп кетти деп жатышат да. Бул кептин чындыгы бар, анткени менин муунумдагы акындар ар кимиси өз чөйрөсүндөгү, өзү көргөн-билген “чакан аалам” менен алышып, майда-барат ойлордун туткунунда кармалып келе жатышат. Качандыр бир убакта оозго алына калганы үчүн өздөрүн классик катары сезишип, болор-болбос сынды да көтөрө албай турган, туталанма касиет күтүп алышты. Көпчүлүгү бир мезгилде жеткен бийиктигинен ары көтөрүлө албай жер таптап турушат, минтип оор карда калган жылкылар гана оттошот. Айтор, “Жоголгон муун” деген сөз “өзүнө чейинкилердин салтын татыктуу уланта албаган муун” дегендин эле өзү. Мындай баа менин муунумдагыларды уялтышы керек. Бирок, оозду куу чөп менен аарчый бергенде да болбойт, арабызда “Жакшы ат кийин чабат” дегендейлер да бар, кимге кандай, мен айрым калемдештеримдин дараметине ишенем. Маселен, Эсенгул Ибраев өмүрүнүн акыркы он жылдыгында акындык жылдызы жанып, адабияттагы өзүнүн татыктуу ордун аныктады, ага чейин ал деле көптүн шарында келе жаткан.

– 50 – 80-жылдарда “акын болгусу келген ыр талапкери сөзсүз ичиш керек” деген ураан бар эмес беле. Мидин ичти, Райкан ичти, Байдылда алардан ашып түштү. Башкалары деле алардан кем калган жок. Акын-жазуучу болгусу келгендер сөзсүз ичиш керекпи?

Ушул суроонун төркүнүн да түшүнүп турам, мен ошол Байдылда, Ашыкем (Жакыпбеков) сыяктуулардын кешигин ичип, ошолорго жүгүрүп кызмат кылгандарданмын, Ашыкем айда-жылда коңгуроо кылып, “Кытай үкө-өм…” деп койчу, Байдыкем: “Баарыңар студент болуп, жатаканада жашагансыңар, билесиңер кантип ичкери киришти, биздин эшиктин алдында да бир вахтер олтурат”,- деп калар эле. Калганын илгиртпей баамдап, шып жетип барчубуз. Ошентип жүрүп биз да алардан аз ичкенибиз жок. Бирок мен сага бир тизме айтып берейин, жогоруда тизмеленген үч акынды баш кылып, Какен Алмазбеков, Жоробек Султаналиев, Асан Токоев, Айтмамат Үмөталиев, Медетбек Сейталиев, Курманалы Калдыбаев, Тургунбай Эргешов, Камалдин Султанбаев, Айдарбек Жанбалаев сыяктуу дагы башка толуп жаткан акын-жазуучулардын баарын аксаткан дал ошол ичкилик болгон. Албетте, ары жагында адамдык абийири бар адам эртеби-кечпи ичкиликтен арылат, Райкан ичпей койгон, Байдыке  да калтырды, эгер кудай өмүр берип элүү-алтымыш жашка жетсе, Мидин да ичмек эмес. Кыскасы, ичкилик – жоо, “Таза ыр – таза мээден чыгат”,- деген эле Жолон Мамытов, андыктан чыныгы акын болом дегендер ичпеш керек.

Акыркы жылдарда адабиятта “станок акындар”, “станоктон чыккан ырлар” деген түшүнүктөр пайда болду. Бул канчалык так аныктама? Адабиятка “станок акындар” керекпи?

Бул суроого мен жогоруда жооп берип кеттим окшойт, утурумдук саясат, азыркы жашоо талап кылган жагдайга жараша жазылган ырлар ошол учур менен кошо кала берет дагы, кийин дайын-дареги жоголуп, ага карата талап жоюлат. Поэзия – нукура бермет сыяктуу, миңдин биринде болот, аны станокто жасап, заводдон чыгарып алууга болбойт. Бирок азыр акындарга футболчулар сыяктуу мамиле кылып калышты, футболдо өмүрү топ кармабаган киши деле ортодогу оюнчуну үйрөтө берет эмеспи, ырга да ошондой карашат, кыргыздын баары эле  ыр жаза алат. Таң калар жери, жазмакерлер ушунчалык көбөйгөндө, чыныгы поэзия байкалбай, баркталбай, куну жок, утурумдук, алашем ырлар оозго алына баштайт экен. Бирок буга профессионал деген акындар өздөрү да жол берип коюшкандай, мисалы, поэзияга кызыккан кыргыз акындарынын кимисинин болбосун алдына 30-40 акындын ырын таштап авторун тап десең, көпчүлүгү “Бул – Алыкулдуку, бул – Байдылданыкы, Бул – Жолондун үнү, бул – Табылдынын стили” дегендей кылып ажырата алышат, анткени ал акындардын поэзиясында өздөрүнүн ички “үнү” бар. Ал эми биздин муундагы акындардын поэзиядагы аалам таануусу, сүйүүсү, кайгысы, кубанычы, көргөн жери, жазган ырлары – баары эле окшош, кудум бир станоктон чыккандай, себеби биз өз жолубузду түзүктөп түптөй элекпиз… Көпчүлүктүн шарында жүрөбүз, Мидин айткандай: “Жөн эле топ менен келе жаткан баатырларбыз”. Анткени менен жалаң эле бийиктикти эңсей бербей, утурумдук керектөөгө жараша ырлар да жаралып турушу кажет, мисалы, азыр биздин мамлекет өз эркиндигибизди жакшылап күтүп алууга, аны сактоого, коргоого чакырган ырлар менен обондорго чаңкап турат. “Гимндин текстин билбейт, ырдабай койду”,- деп эле ар кимге асыла бербей, сөзү ар бир кыргызстандыктын жүрөгүн селт эттире турган, саясаты аз, патриоттук жигери күчтүү текст жазып, ошого тете обон жаратыш керек. Сөзү таасир этпесе, обону адамды тартпаса – кантип ырдайсың?

Чыгармачылык өнөрканаңыз тууралуу кеп кылсаңыз, “кризиске” кабылган жоксузбу?

Жогоруда айтылгандай, мен шарт тандабай, жер тандабай, көңүлгө ой уютканды жакшы көрөм, кээде көкүрөк какшып, каалагандай ыр чыкпай калган учур болот, кээде ыр өзүнөн-өзү төгүлөт. Сүйүнбай Эралиевдин: “Кээде адам баралына жетип, кандай чыгарма болсо да жазып сала тургандай бийикте болот, “Ак мөөрдү” жазганда мен ошондой абалда элем”,- деп айтканын көп эстейм. Мен бир-эки жылдан бери ошондой көтөрүңкү дем менен жүрөм, көлөмдүү проза баштап алгам, “Адам”, “Өмүр” (Бул жеке-жеке ырлардан куралган топтомдор, негизги ой ушул темаларга байланат деген сөз, бирок мен мындай кургак ат койбойм) деген философиялык ырлар топтомдорун жаратууга далаалаттанып жүрөм. Болжолу, “Курани-карим” ырлары” дегендей темадагы ойлор келет. Дин дагы өтө кызык, миллиондогон адамдардын ишенимин буруп алган көрүнүш, аны менен эсептешпей коюуга болбойт. Бирок дин адамдын жан дүйнөсүн тазартуу, пенденин Жараткандын алдында ак кагаздай таза болуусу үчүн кызмат кылуу деген өзүнүн негизги миссиясынан чыгып, улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктарга доо кетире баштаса, андай дин бузарларга каршы күрөшүүгө туура келет.

Кыскасы, азыр менде убакыт тартыш, соткасы жок, телевизору жок бир жайга кетип калгым келип жүрөт.

Жаш акындарга кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?

Жаштар деген кызык калк да, дилиндеги оюн, эмне айтайын дегенин биз курактуулар рентгендей “көрүп”  турса деле, өз оюн беришпейт. Мен өзүм деле ошондой элем, “Аалы Токомбаев – акын эмес”,- деп аттуу-баштуу адабиятчылардын келмесин оозунан түшүргөм, “Сүйүнбай Эралиев “Кызгылт багымдат” деген ыр жыйнагы үчүн уялышы керек”,- деп сындагам. Мен жаштарды мына ушундай жигери болгон үчүн жакшы көрөмүн. Алар көп, огеле көп  окусун, канчалык бийикке жетсе, ошончолук жөнөкөй болсун. Акындар ар дайым эл кызматында турушат,  андыктан Адамга жакын болуп, Адамга ишенип, Адамды сүйүп жашаганды үйрөнсүн. Биздин мамлекеттеги бүткүл идеология, карманган дин, искусство, саясат Кыргыз мамлекетинин эркиндигин сактап, аны өнүктүрүүгө, өлкөбүздү сүйүүгө кызмат кылбаса, анда алардын кымындай да баркы болбой тургандыгын эртелеп түшүнүп алышсын.

“Кыргыз Туусу”