Аида Эгембердиева: Айдарбек Сарманбетовдун “Капсалаң доор. Карга аке” романындагы образдар системасы

Доор – жазуучу, адабий каарман – окурман

Айдарбек Сарманбетовдун “Капсалаң доор. Карга аке” романындагы образдар системасы

“Аке” сөзү кыргыз лексикасында ар түрдүүчө мааниге ээ. Казак тилиндеги сыяктуу “ата” маанисинде, келиндери кайын журтундагы улуу кишилерге кайрылган сөз иретинде, же болбосо  түштүк диалектисинде “ага” маанисинде колдонулат. Ал эми Ысык-Көл говорунда ал сөз саналуу даанышман, олуя инсандарга карата өзгөчө урмат менен колдонулат. Алар: Карга аке (1718-1828), Мойт аке (1750-1843), Сарт аке (1775-1865), Тилекмат аке (1799-1863), Садыр аке (1821-1905), Карач аке (1837-1914), Кыдыр аке (1843-1926). Бул жети аке өз чөлкөмүндө гана эмес, жалпы кыргызда кадыр-баркка ээ болуп, алардан акыл-кеңеш сурайбыз, бата алабыз, чечилбеген көйгөйлөрүн чечебиз деп зарылгандар, калыстык издегендер алыс-жууктан суудай агылышкан. Бекеринен “Жаш сурасаң – Карга акеге,  бата сурасаң – Мойт акеге, акыл сурасаң – Садыр акеге, калыстык сурасаң – Карач акеге, касиет сурасаң Кыдыр акеге бар” деген ылакап сөз калган эмес. Алар, жогоруда өмүр жылдары көрсөтүлгөндөй, ар кайсы мезгилде жашап өткөн инсандар. Алардын улуусу – Карга аке.

Жазуучу Айдарбек Сарманбетов Карга аке туурасында роман жазаардан мурда “Кымча бел” (1991 ), “Жүкө балбан” (2007), “Аңгемелер” (2008), “Мекенсиз” (2011), “Айтматовдун жолунда” (түркчө, 2013), “Чыңгызхан. Кайткан каргыш” (2016), “Үркүн” (2016), “Жанбүдөө” (2016) ж.б. 20дан ашуун китептерин жарыкка чыгарып, окурман журтчулугуна чебер прозаик катары таанымал болгон. Жогоруда аталган китептерден көрүнүп тургандай, Чыңгызхандын, Үркүндүн, кыргыз-калмак трагедияларынын тарыхтагы окуяларына кайрылганы жазуучунун тарыхый темага акырындап даярдык көрүп, жанрдын табиятын өздөштүрүп, билинбей чоң жанрга даярдык менен келгендигин кабарлайт.

2018-жыл аталган тарыхый инсандын 300 жылдыгына арналган республикалык алкактагы мааракеси менен эсте калат. Ушул мааракени утурлай жазуучунун “Капсалаң доор. Карга аке” романы тарыхый-көркөм роман ирээтинде жарык көрдү. Суроо туулат: чыгарма тарыхый романдын жанрдык табиятына жооп береби? Толук жооп берет. Биринчиден, анда каармандын тагдыры, турмушу, инсандык жүзү менен ошол тарыхый мезгилдин, доордун өзүн ишке ашырган адамдардын образдары бар. Экинчиден, ошол доордогу коомдун, элдин жашоо тагдырын тигил же бул нукка, багытка бурган тарыхый мезгилдин өзүнүн духун, маанисин жазуучунун иргеп-талдап сүрөттөөсү бар. Ал кайсы мезгил, кайсы окуялар, кайсыл тарыхый инсандар?

Автор архивдик документтерге, даректүү материалдарга таянуу менен кыргыз элинин тарыхына өчпөс так калтырган Жуңгар кандыгынын, Кокон кандыгынын, Казак кандыгынын коогалуу доорун, ХVIII-ХIХ кылымдарда жашап өткөн, буга чейин көпчүлүк учурда санжырада гана айтылып келген Карга аке, Тилекмат аке, Сарт аке, Мойт аке, Боронбай султан, Шералы, Түлөберди, Олжобай, Жапалак, Алымбек өңдүү кыргыздын ар кайсы урууларынын белгилүү бийи, манабы, баатыры даражаларына ээ болгон тарыхый инсандарды адабий көркөм сөздүн кудурети менен чагылдырып, окурмандарга тартуулайт. Китептин өзүнүн алгачкы бетинде маалымдалгандай: “Кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу жунгар-калмак баскыны, Кокон хандыгынын коогасы, Абылай хандын “Жайыл кыргыны” ж.б. окуялар орун алган коогалуу доор, XVIII кылымдын башынан XIX кылымдын биринчи чейрегине чейинки мезгилде жашап өткөн кыргыз элинин “түшпөс бий”, “акелердин аксакалы” аталган тарыхый инсаны – Карга Мендегул уулунун өмүрүндөгү урунттуу учурлар, эл кызыкчылыгындагы ишмердүүлүгү, акылмандыгы даректүү далилдердин негизинде көркөм чагылдырылды. Ошондой эле Карга акенин “баш тоголотуусунун” аркасында Боронбай Меңмурат уулунун бугу уруусуна жана жалпы эле Көл өрөөнүндөгү элдерге чоң манап-султан болуусу, кыргыз элинин Бугу уруусунун Россияга кошулушу ж.б. тарыхый окуялар романда даректүү-көркөм баяндалат” (1-2-б.).

Романдын башкы каарманы Карга Мендегул уулунун образы кайсы учурдан, кайсы окуядан тартып дааналанып, башкы образдык деңгээлге көтөрүлөт? Жазуучу романдагы окуяларды чакан темаларга бөлүп, ар бирин кынаптап сүрөттөп, мезгилдик жактан бирде учурдагы, бирде кечээ болуп өткөн, кайра алдыда келе турган окуялар иретинде убакытты үч мейкиндикте чебер айкалыштыруу аркылуу, окурманын жүдөтпөй, тескерисинче, “дагы эмне болор экен?” таризиндеги суроолорду жаратат. “Эки падышанын жолу – Жууку” аттуу эң биринчи бөлүмдүн башында “Ысык-Көлдөй көл болорбу, Жуукудай жер болорбу!” деген Карга акенин сөзү берилип, андан ары Жуукунун айланасы, алдыда чалкып жаткан Ысык-Көл – мунун бардыгы “алмустактан бери ак кар, көк мөңгүсү кетпеген туу чокудан төмөндөй жыла түшүп келе жаткан көк темгилдүү ак илбирстин” көзү менен сүрөттөлөт. “Жууку аталган бул капчыгайды өрдөгөн жол Кызыл-Үңкүрдө үч тарамга айрылат же кошулат. “Чыгыш жолу Жети-Өгүз менен катташтырса, батыштап барып түштүк тараптагы Бедел ашуусун ашып кеткен жол Кытайдын Акчий тарабынан чыгып, Кашкарга алып барат” (1.31-32-бб.). Мейкиндик жактан жазуучу окуя боло турган жерди чубалбаган, кыска сүрөттөөлөр аркылуу, андан дагы адамдын эмес, жанагы көк темгилдүү ак илбирстин көзү, ой чабыты аркылуу элестүү сүрөттөйт.

Кийинки “Боронбайды султан көтөрүү. Карга аке” бөлүгүндө али Карга аке анчейин көзгө урунбайт. Ага караганда “кыргыз калкынын, анын ичинде Көл өрөөнүндөгү бугу элинин ахыбалы жарга камалган кийиктей амалсыз абалга кептелип турган” учурдун маселесин айтып масилет баштаган Шапактын уулу Шералы бий менен Арык тукумунун аксакалы Сейитказынын уулу Түлөберди бийдин образдары алдыңкы планга чыгат. “Калмактардын Калдаң Серенинин баскынында казактар кайың саап, кыргыздар Гысар, Гөлөпкө  тентигендеги тозокту” эске салган Шералы бий сөз козгойт… “Өзүнөн он жаштай кичүү Түлөберди бийдин бул сөздөрүн муюп угуп олтурган Карга аке айтылган кепти ырастагандай улам башын билинер-билинбес ийкемиш этип, карт бүркүттөй калдайып олтурду. Токсон алты жаштын даамын сызып олтурса да анын көздөрү али тунук, түрү чыйрак, кеби ачык – карылыкка моюн сунгудай эмес, эти ордунда. Түлөберди бий анысын баамдай, карыянын тымызын колдоосунан ишеними артып сөзүн улантты” (1.38-б.).

Бул үзүндүдөн көрүнгөн нерсе – автор Карга акени даяр, башкы каарман иретинде эле “Мына, Карге аке” деп, дароо көрсөтө койбойт. Тескерисинче, алар дагы эл билермандары, элдин тагдырын, жердин тагдырын ойлоп, эркиндиктин жолун издеген Шералы бий менен Түлөберди бий сыяктуу мыктылардын фонунда, ал ошол бийик инсандардын туу туткан, ишенген, кадырлаган адамы катары Карга акени тымызын окурмандар менен тааныштырат. Ал ортодо “Тасманын берки белинен Кытайдын Кулжа, Текесине чейинки кең аймакты жердеген Арыкмырза – “ата тукумдарынын” жоон топ аттуу-баштуулары, көкүрөктөгү айтылуу Мырзакул уулдары Алсейит, Тынымсейиттин мен деген тыңдары, төмөндөгү Саяк менен Кыдыктын журт башчылары, беридеги Бугунун Желдең, Бапа урууларынын атактуулары” (1.39-40-бб.) ж.б. сөзгө алынат. Ушундай кеңири алкактагы жыйында, башка мыктылардын “эл” деген шарданында Карга акенин образынын алиге билинээр-билинбес ачылышы – окуянын ишенимдүүлүгүн, жасалмасыздыгын арттырат. Болбосо, өзүбүз жакшы билгендей    кыргыз адабиятынын тарыхындагы бир топ образдар, айталы, Т.Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилериндеги” Шамбет, А.Токомбаевдин “Өз көзүм менен” поэмасындагы Нурбай, ошол эле Т.Сыдыкбековдун “Кең-Суу” романындагы Сапарбай, Ж.Бөкөмбаевдин “Алтын кызындагы” Жапар, жана албетте, К.Жантөшевдин окшош аталыштагы романындагы Каныбек ж.б. лар ашыкча идеализацияланып, баатырдаштырылган мүнөздө берилет. Бул, албетте, аталган чыгармалардын кыргыз романистикасындагы алгачкы чыгармалар болгондугу жана жаралуу мезгили жагынан али фольклордук салттардан анчейин алыстап кете элек себептери менен түшүндүрүлөт. Ал эми А.Сарманбетовдун “Капсалаң доор. Карга аке” романы кыргыз профессионалдык адабияты башталганынан дээрлик бир кылым кийин жазылып жатканы, дүйнөгө, окуяларга жазып жаткан автордун өзү дагы, окуй турган окурмандар дагы көбүрөөк салмактуу, сын, аналитикалуу көз менен карап калган кезде жаралып жаткандыгына байланыштуу.

Ырас, Т.Касымбековдун (“Сынган кылыч” – 1966, 1971, “Келкел” – 1986, “Баскын” – 2000, “Кыргын” – 2004), К.Осмоналиевдин (“Көчмөндөр кагылышы” – 1982, “Ыйык жер” – 1985), Т.Сыдыкбековдун (“Жол – 1982, “Көк асаба” – 1989), К.Каимовдун (“Атай” – 1961), Ш.Бейшеналиевдин (“Болот калем” – 1981, 1984), Э.Медербековдун (“Кызыл жалын” – 1987), С.Жусуевдин (“Курманжан датка” – 1994), Э.Турсуновдун (“Балбай” – 2002, “Боромбай” – 2004), Т.Субанбековдун (“Барсбек кагандын көрөөр көзү” – 2002), С.Станалиевдин (“Касым Тыныстанов” – 2001), Б.Боркеевдин (“Рыспай” – 2004), Ж.Токтоналиевдин (“Хан Ормон” – 2000, “Шабдан баатыр” – 2006), Ж.Егембердиевдин (“Канат-хан” – 2006), А.Стамовдун (“Хан Тейиш” – 2010) ж.б. бул жерде аты көрсөтүлгөн жана көрсөтүлбөгөн авторлордун чыгармалары жаралган. Кыргыздардын, анын ичинде көлдүк кыргыздардын Россияга кошулушу тууралуу көркөм чыгармаларда мурда-кийин сөз болуп келсе да, Акелер темасы кол тийе элек жаңы тема болчу.

“Мына, бийлерибиздин үстүнөн өзүбүзгө бир башчыны – башкы бийди көтөрүп алалык деп жатабыз. Анын кези бышты, бышмак түгүл өтүп барат. Бул тууралуу биз, Желдең, Бапанын балдары көптөн бери ой бактык, кеңешип-кесип, салмактадык: баарыбыздан улуу Карга акебиз, “асыл – баштан, акыл – жаштан” дегендей, жаш болсо да акылы кенен, улуу-кичүү дебей адамгерчилиги мыкты, калыстыкты катуу карманган, кармаса колунда каруусу, айтса тилинде мөөрү бар Боронбайды Көл боорунун чоң манабына ылайык дейт, калгандарыбыз акебиздин айтканын толугу менен колдойбуз” (1.42-б.). Мына, дагы Карга аке биринчи планда эмес, арткы планда, бирок масилеттин, “баш тоголотмойдун” кыймылдаткыч күчү, “мотору”, идея берүүчүсү, көзөмөлдөөчүсү катары турат. Боронбайды манаптыкка сунуштоо түздөн-түз Карга акеге тиешелүү ой болсо дагы, башка адамдын – уруулаш иниси болгон Жапалактын оозу менен айтылып жатат. “Ал кеп-сунушту Карга аке айттырганын саналуу гана кишилер билет. Бүтүм чыгаргычакты көпчүлүктүн пикирин угуп-билели деген амал болучу. Жыйындагылар мындай сөздү түк күтүшкөн эмес, ошондон улам не деп кеп кайрышарын билбей калышты. Айрыкча Жапалактын орустар жөнүндөгү сөзү көпчүлүккө жаңы болуп, аларың бизге жан тартабы, же ал каапырлар жаныбызды биротоло чыгарабы, балким бизге диндеш Коконду караганыбыз дурустур деп ичинен тынгандар дагы болду” (1.43-б.). Мында дагы орустарга кошулуу идеясы Карга акеге таандык болуп, бул ой дагы Жапалактын оозу менен элге сунушталып, кийин Боромбай аркылуу ишке ашырылганы маалым. Бул өңдөнгөн көрүнүштөр Карга акенин ойчулдугун, көрөгөчтүгүн, даанышмандыгын, билгилигин, көсөмдүгүн көрсөтүп турат. “Мен” деп төш каккандын ордуна карыялык каадасы менен урпактарына жол көрсөтүп, жеке эле өз тууган-уругунун, уруусунун эмес, жалпы кыргыздын тагдырына күйүп-бышкан мындагы образ тарыхтагы турмуш чындыгынын, Карга акеге мүнөздүү касиет-сапаттардын реалдуу, ошол эле учурда көркөм чагылышы болуп саналат. Дээрлик эки кылымдай эл оозунан түшпөй айтылып келген Карга акенин сөздөрүн жазуучу ыңгайына жараша көркөм чыгарманын тулкусунда чечмелейт, мунун өзү чыгарманын тарыхыйлуулугунун өзөктүү  көрсөткүчү катары кызмат кылат.

Бардык жагынан алганда, Карга аке – идеалдуу. Жасалмасыз көркөмдүктө берилген анын образы ошол эле учурда реалдуулуктун көрүнүштөрүнөн чет эмес. “Бу өрөөндүн атка минерлери түз, терең карап, чоң манаптыкка төгөрөгү төп келген Боронбайды көтөрүшөр бекен, же илгертен кыргыз канына сиңип бүткөн жек-жааттык кызыкчылыгын көздөп өз арбайларын чаап, калыс бүтүм чыгарышпай таркап кетишпес бекен. Карга бий ошону ойлоп чочулап олтурду. Бирок сыр бербей, кимиси не дээр экен деп, сабыр тутту. Боронбай али жаш, биздики билерман, ата-тегибиз жактан да жолубуз улуу, биз турганда ал ким экен деп, эски жосун жасап элден ырк кетпей, журт бириккей эле, такыр ыдырап кетишпесе экен!” (1.44-б.). Даанышман карыянын көкүрөгүндөгү бул коога жеке өзүнүн кызыкчылыгы эмес, бүтүн кыргыздын тагдырына тынчсыздангандагы, калмактын капсалаңынан аман болгой элек тилегиндеги санаа эле. Бул жагдай автор тарабынан чыгармада абдан ишенимдүү, элестүү, көркөм берилген.

А.Сарманбетовдун жалпы чыгармачылыгына мүнөздүү нерсе – сөздөрдү ыксыз кооздоп, шөкөттөбөй, жөнсүз экзальтацияга берилбей, чубалжыган сүйлөмдөргө азгырылбай, ашык-кеми жок сүрөттөөнү, көзгө жылуу, кулакка угумдуу көркөмдүктү карманганы. Анын чыгармаларында эң негизгиси – ой бар. Биз сөз кылып жаткан романдагы ойлор ар бир бөлүмдүн башында келтирилген Карга акенин элге жакшы тааныш даанышман ойлоруна байланышта берилет. Карга аке тууралуу элдин маалыматынын сыры, мааниси чечмеленип берилет. Ошол эле “Жонгорлуу жоодон сактасын, жоболоңдуу доодон сактасын”, “ойроттон шок чыгат, оюндан от чыгат”, “коктуу калмак кор кылды, колотуңду тор кылды”, “калмак каймагыңа көз артпайт, аймагыңа көз артат” таризиндеги жунгар-калмак баскынынын залака-кесепетин айгине туюндурган ойлору романдын башкы жетектөөчү тарабы катары, ошол капсалаңдан кутулуунун жолун издөөнүн аркасы Россияга кошулуу идеясына өсүп жеткендиги – турмуштагы ушул чындык романда автордун оор басырыктуу, салмактуу интерпретациясы, көркөм изденүүсү аркылуу ишке ашат. “Совет доорунда таалим-тарбиябыз башкача болду, жаңы заманды жар салып, эскини эстен чыгардык. Мурдагы чыгаан адамдар, акылмандар сөзү эскилик, эскини көксөө катары бааланып, аны сөзгө алгандар, жазгандар өз көлөкөсүнөн үркүп калган. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Казыбек эл бийлеген бийлердин, байлардын сөзү кечээги күнгө чейин куугунтукталып келгени, төгүн да, тегин да эмес” (1.6-б.), – деп окумуштуу Үсөнбек Асаналиев баш сөздө жазгандай, “Көлдө акелерди ачык айта баштаганыбызга да аз эле убакыт болду”.

Тарыхый роман качан жазылат? Же кандай жазылат? 2014-жылы 15-январда Россиянын Жазуучулар союзу өткөргөн тарыхый роман жазуу жөнүндөгү адабий форумда Даниил Волков аттуу автор төмөнкү оюн айтат:  “Автор исторического романа всегда чем-то напоминает витязя на распутье. Налево пойдёшь, устремишься к увлекательности – попадёшь в бульварную литературу. Направо пойдёшь, захочешь достоверности – распутаешь всех читателей своими познаниями и занудством. Прямо пойдёшь, желая найти золотую середину – придётся совершать подвиг. Выбор пути зависит от того, как понимать историю, что ценить в ней больше всего (2).

Бул өңүттө дагы бир суроо жаралат. Жаралган чыгарма тарыхый романбы же тарыхый окуяларга негизделген романбы? Автор чыгармасын “тарыхый-көркөм роман” деп мүнөздөйт. “Википедия” булагында бул өңүттө мындай маалымат бар: “Истори́ческий рома́н – роман, построенный на историческом сюжете, который воспроизводит в художественной форме какую-либо эпоху, определённый период истории. В историческом романе историческая правда сочетается с художественной, исторический факт – с художественным вымыслом, настоящие исторические лица – с лицами вымышленными, вымысел помещён в пределы изображаемой эпохи. Всё повествование в историческом романе ведётся на фоне исторических событий” (3). Аныктамадан көрүнүп тургандай, тарыхый романдын өзүндө көркөм форма болорлугу, тарыхый чындык менен көркөм чындыктын, чыныгы тарыхый адамдар менен ойдон чыгарылган адамдардын  айкалышы жөнүндө сөз жүрүп атат. Ушул жагынан алганда аталган романдын жанрлык мүнөздөмөсүндө гана талаштуу нерсе бар, ал – андагы “көркөм” деген сөздүн ашыкчалыгы.

Ооба, көркөмдүк романда сөзсүз бар. Болбосо ал тек гана документалдык маалыматтардын супсак жыйындысы болуп калмак. Элдик жомоктордогу “сол жолго түшсөң атың өлөт, оң жакка кетсең өзүң өлөсүң” маанисиндеги Д.Волков айтып аткан же көркөмдүккө азгырылып кетпей, же документалдуулукка байланып калбай орто жолду тандап алуу эрдиги “Капсалаң доор. Карга аке” романынын авторуна түздөн-түз тиешелүү. Роман ошон үчүн маалыматтуу, ошол эле учурда көркөм, окурман жеңил, кыйналуусуз окуйт, жеңил кабылданат, айтылгандар көңүлгө уюйт. Орус адабиятында Александр Дюманын эң башкы жетишкендиги жана ошол эле учурда эң чоң кемчилиги катары тарыхты оюна келгендей жазгандыгын айтышат. Мунун жакшы жагы – окурмандарды тарыхтын супсак маалыматтары менен чочутуп албоонун, ага караганда романтикага көбүрөөк азгырып, “ээрчитип” кетүү айласы болсо, начар жагы – тарыхтын бурмаланышына жол берилгендик. Ушул көз караштан алганда Айдарбек Сарманбетов, жогоруда белгилегендей, “алтын ортону” кармап, окурманын чөгөрүп да жибербей, ошол эле учурда тарыхый чындыкка шек келтирбей образ түзө алгандыгы. Ырас, Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Шералы бий, Түлөберди бий, Боронбай, Жапалак баатыр, Олжобай, Алымбек, орус тилмечи Файзулла, Түлөке ж.б. ондогон каармандар турмушта чыныгы жашап өткөн адамдар болсо, ак илбирс, уйгур дамбылдасы Келдахун, моңолдордон ооп келген Мурат, келин-уулуна Карга акеден бата сураган кемпир Бурул ж.б. сыяктуу ойдон чыгарылган кошумча образдар дагы бар. Романдын сюжети жалпы жонунан болуп өткөн окуяларга негизделсе, айрым, аларды ачып берүүгө багытталган качкынга, балдарга байланыштуу азганакей айрым окуялар ойдон чыгарылган. Мейкиндик жактан алганда ойдон чыгарылган аймактар жок, анткени бардык окуялар, алар болуп өткөн жерлер тарыхый.

Тарыхый чыгармалар качан жазылат? Кыргыз адабиятынын мисалында алсак, алдыда жарык жок калгансыган союз ураган жылдары калемгерлер жапырт прозада да, поэзияда дагы тарыхый темаларга кайрылып баштаганын билебиз. Мунун өзү жарыкты арттан, өткөндөн издөө сыяктуу нерсе. Ошол психологиялык абал азыр да улануудабы? Ооба, бүгүнкү коомго, андан эч кандай позитив таба албай карайлап турган элге Карга аке сыяктуу улут каймактарынын өмүр жолу, тагдыры, эрдиги, жеңиши чоң жарык болуп бере турган мааниге ээ. Ушул жагынан алганда Айдарбек Сарманбетовдун “Капсалаң доор. Карга аке” романы дал өз мезгилинде жаралган, окурмандардын колуна тегиз тийип окулса, ичинен көп жан дүйнөлүк азык ала турган, түйшөлткөн суроолоруна жооп таба ала турган баалуу чыгарма. Аркабызда Кытай, океандын ары жагында Америка сыяктуу өлкөлөр көңүлгө коога түшүрүп турган опуртал маалда мындан бир жарым кылым мурдагы тарыхый окуялардан сабак алышыбыз – зарыл нерсе. “Казак коргон болбосо, кыргыз ойрон болот”, “кыргыз бел болбой, казак калмакка тең болбойт”, “казактарга канатташ, табакташ бол, орустарга ооматташ-сабакташ бол”  өңдүү нускалар мамилеси өйдө-төмөн болуп турган бир тууган эки элге тең сабак боло турган нерсе. Бул – бир чети. Мындай мисалдар романдан ондоп саналат. Дал ушул бүгүнкү күнгө кызмат кыла алчу кудурети менен аталган романдын мааниси, кыргыз адабиятындагы орду зор.

Эгембердиева А.А.,

филология илимдеринин доктору,

проф. м.а., И.Арабаев атындагы КМУ