Адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутов дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү адабиятчы, сынчы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов 28-июлда узакка созулган оорудан улам 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районунун Үч-Төбө айылында туулган. 1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайын, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1970-1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган. 1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси, 1974-1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976-1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы, 1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу, 1985-1986-жылдары “Кыргызстан маданияты” жумалыгынын бөлүм башчысы, 1989-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген.

1999-2005-жылдары Чүй университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, 2005-2007-жылдары И.Арабаев атындагы КМУнун профессору, 2007-жылдан Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору.

1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келген. “Ырдын өмүрү” аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн. Негизги чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазган.

Кадыркул Даутов “Жаңы чектерге”, “Главное – поиск”, “Сөз өнөрүнүн эстетикасы”, “Таланттар жана тагдырлар” , “Тереңдиктер жана бийиктиктер”, “Адабий сын кантип жаралган?”, “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү”, “Мезгил сыны жана мен”, “Түркүн дүйнө элестеринен”, “Издегеним тубаса акын, тунук поэзия” өңдүү көптөгөн курч жана таасын жазылган адабий-сын китептердин, монографиялардын автору.

Кадыркул Даутов 1978-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу” мамлекеттик наамдары ыйгарылган.

Белгилүү адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, үй-бүлөсүнө, жакындарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы