Абдыжапар Эгембердиев: Унутпасам кантип сени унутуп, Сүйүп турсам кантип сүйбөй коё алам?!

Кыргыз эл акыны Абдыжапар Эгембердиев

Өмүр

Нух пайгамбар 950 жыл жашаган экен. Анан жан алгыч периште: “Ушул өмүрдө эмнени көрдүң?” – деп сурап атпайбы. “Эч нерсени, – дейт пайгамбар, – бир эшиктен кирип, бир эшиктен чыккандай эле болдум”.

Кыялга окшоп түркүн түстө өрүлгөн,

Таңдай таза, аппак болуп сөгүлгөн.

О-о өмүр ай, чалкып жаткан көл болуп,

Чайпалбастай, кемибестей көрүнгөн.

 

Обон салып арыкта суу акканы,

Таңда-кечте малын тосуп жаш-кары.

Түтүн жыттуу айыл турмуш башка эле,

Башка болчу балалыктын асманы.

 

Бул жашоону билбей накта өңүндө,

Бүгүн көргөн эртең чыгып төгүнгө.

Чындык окшоп сезилчү эле жомоктор,

“Алтын балык”, “Айдагы кыз” жөнүндө.

 

Эс киргени эрте белек, кеч белек,

Өнөр көрүп шыргалаң суу кеччү элек.

Чырлыйттаган чымчык болуп чуркурап,

Тоону термеп ышкын терип кетчү элек.

 

Ат мингенде жайдак минип токубай,

Дөңсөө, кырлар бийик болуп чокудай.

Көңдү калап, очок жанын пааналап,

Аш бышырып отурчу элек от улай.

 

Энем уй саап музоо салып ийиткен,

Топтой жиптер томолонуп ийиктен.

Түн киргенде жыбыраган жылдыздар,

Алаканга түшүп келчү бийиктен.

 

Талаа жатчу жашыл килем жамынган,

Кыздай болуп кыраңдар гүл тагынган.

Капчыгайдан күү-шаа түшүп сүр берип,

Кирген суунун үнү келчү жаңырган.

 

Булут анда каалгып жай көччү эле,

Чөптөр бүрдөп жыпар чачып өсчү эле.

Наристенин мурдун чырпып аталар,

Адеп сактап өз манжасын өпчү эле.

 

Билбейм муну эмки балдар туйдубу,

Ар учурдун болот шарты, буйругу.

Жата калып суу ичкенде өзөндөн,

Балыктардын сылап өтчү куйругу.

 

Анан эле жылдар калып, ай калып,

Биз мезгилдин орбитасын айланып.

Түшүп кеттик толкуну күч агымга,

“Турмуш” деген чоң максатка байланып.

 

А турмушуң азгырмалуу дүйнө экен,

Жаша, иште, изден, жек көр, сүй бекем…

Жол түшпөсө шоруң кайнап шорподой,

Жолуң түшсө бакыт сенде, дүйнө сен.

 

Күндү көрдүм өйдө-төмөн буюрган,

Тарбия алдым, таалим алдым туюмдан.

Адам болдум көптүн бири катары,

Аздыр-көптүр үнүм элге угулган.

 

Өйүзүнө чыгып көрктүү жылганын,

Баштагыдан ойлуу тартып ырларым.

Көз ирмемде артта калып аралык,

Чапкан аттай өткөн экен жылдарым.

 

Эл ичинде эшиткенде кеп улам,

Катарымдан калбайынчы деп улам.

Бирок, колду созгонум жок жылдызга,

Жерде жылдыз толуп турса не кылам!

 

Жашоо мендик, а мен жашоо үчүндөй,

Өмүрүмдү ишке чегип бүтүндөй.

Көп нерсеге убагында жетиштим,

Көп нерсени өткөрүпмүн түшүнбөй.

 

Бойду таштап багыт алган жагыма,

Сөз тийгизбей намыс менен арыма.

Жаңылсам да, өкүнсөм да көп ирет,

Топук кылып келдим колдо барына.

 

Топто болдум, кээде озуп бөлүнүп,

Кээде суулуп, кээде терим төгүлүп.

Көңүл чери жарпын жазып өткүчө,

Өмүр чеги калган экен көрүнүп.

 

Не десек да, уланыш бар канчага,

Эч өзгөрбөйт берсе дагы, алса да.

Эсепсиз муун кумдай болуп куюлуп,

Эсепсиз муун тиреп турат аркада.

 

Теңиримдин берери бар болжолу,

Улам өрлөп, өрүш тартып оң жолу.

Кылымдардын кыйырын кезип мүргүбөй,

Кыргыз аты чыгып турса болгону.

 

О-о өмүр ай, өттү жайы, өтөр күз,

Мунарыгың көзгө илинбейт, өтөлгүс.

Ата Журттун жели болуп сылаган,

Желпип өтсөк арманы жок өтөрбүз!

 

Келер жолду унутпа

Кетем дейсиң бир өлкөгө – алыска,
Болбогон соң түз мамиле, калыс баа.
Бакыт жөнүн кимдер болжоп биле алмак,
Барбы-жокпу, жакында же алыста.

Мейлиң дүйнө чар тарабын кезип өт,
Мейлиң дүйнө азаптарын сезип өт.
Жакшы адамдар аз болсо да кезигер,
А жамандар бардык жерден кезигет.

Арткан милдет аткарылар, өтөлөр,
Адамсың да калыс, таза, өтө мөл.
Жамандары көңүлүңдү чөгөрсө,
Жакшылары көңүлүңдү көтөрөр.

Алыс жерде биз билбеген жөнү көп,
Адам жүдөйт, чыйралат да, жөнүгөт.
Ойлой берип алыс калган Мекенди,
Көз жашыңды көлдөтөрсүң көп ирет.

Алыс жайга анык болсо барарың,
Жоготууң бар, бардыр мүмкүн табарың.
Сагындырып мында калган бир адам,
Ойлодуңбу көз жашыңдын тамарын.

Чоочун жердин көрүп аптап, салкынын,
Баалап анан кемчилигин, артыгын.
Барар жолдун жөнүн канча билсең да,
Келер жолду унутпай жүр, алтыным!

 

Жаңылдым

Асман тиреп, тоо жөлөп, шаты кийип,
Кайда жүрсөң тууган жер аты бийик.
Ушу бүгүн жаңылып, мен ит болдум,
Тууган жерде жеримди сатып ийип.

Кенен туруп күтүүсүз тарыласың,
Шарың токтоп кунарсыз агыласың.
Чал болоруң чукулдап калган менен,
Чала- чарпыт бир иштен жаңыласың.

Айылда жер толушпу-кемиш беле,
Кыйын эмес болуучу келиш деле.
“Кулунусуң сен дагы айылдын” деп,
Айылдаштар үлүштөп беришти эле.

Милдетинен кутулуп моюндагы,
Же бир тилек көңүлдө, оюндабы.
Кенен талаа келберсип жатуучу эле,
Жайыкты ээлеп чоң алыш боюндагы.

Тегиз чыккан эгиндер өтөк ийип,
Дыйкандардын шаңы артып өтө бийик.
Токтояндын сыдырым жели жүрсө,
Көгүш толкун жөнөлчү көтөрүлүп.

Эгинзарды суктанып карачу элем,
Алтын түскө келсе деп самачу элем.
Кээ түндөрү көк майсаң чөбүн искеп,
Жымыңдаган жылдызды саначу элем.

Турмуш көрүп түйшүктүн кызыгынан,
Чеке тердеп, тартылып, кызып улам.
Эл сыяктуу эгинди күр сапырып,
Сузуп калгам түшүмдүн кызылынан.

Шуудур кагып этекте камыш беле,
Шылдыр кагып суу жүргөн алыш деле.
Капталдагы бейитте ата-энем,
Боор толгоп көздөрүн салышчу эле.

Азгырыкка алданып чатыш улам,
Баткан күндөн, ак таңдын атышынан.
Айылым алыс, жакындан жер алам деп,
Куураган ой келди не капысынан ?!

Сагын, сагынт, байланыш, эңсе бийик,
Тууган жердин кадыры келсе бийик.
Кан тамырым үзүлүп кеткенсиди ай,
Бир капталым калгансып эңшерилип.

Айыл тартат, үзө албайм күдөрүмдү,
Алыс жуукта, же жакын жүрөмүнбү.
Жайык талаам түшүмө күндө кирип,
Эзчү болду жанымды, жүрөгүмдү.

Тагдыр дейби, не дейбиз жолукканды,
Коогалаң ой күтүүсүз толукталды.
Өкүнүчкө бастырып, өзөктү өрттөп,
Өмүр менен өтчүдөй болуп калды

Умсунайга

Башталышын билип, билбей этегин,

Бул турмуштан көрөрүң чын неченин.

Көзүң  таштап тигилесиң алыска,

Көк деңизден ары сенин Мекениң.

 

Окуу, иш бар, максат коюп көздөгөн,

Эл-жерим деп, дилиң таза өзгөдөн.

Кастамону* калаасынын келбетин,

Тартып берүү кыйынбы дейм сөз менен.

 

Оюң тунук, бийикте да тунук кар,

Санаа тартпа, сабыркаба-унуткар.

Тоолорду ашып, түгөнбөгөн жол басып,

Сагынчыңды жеткиришер булуттар.

 

Күчүк жөнүндө ыр

Сары күчүк сереңдеген,
Шыйпаңдайсың, жалайсың.
Кыңшылаган үнүң да жок,
Неге муңдуу карайсың?

Борс-борс үрүп кана электе,
Балалыктын ойнуна.
Чүнчүп, ойлуу тунжурайсың,
Башың катып койнуңа.

Ачка эмессиң, жайың жылуу,
Неден жаның күймөлдү.
Санаам тынбай сапырылган,
Сездиң бекен дүйнөмдү.

Башка иттерден запкы көрүп,
Кыйнадыбы жаныңды.
Же адамдын тилин билбей,
Айталбайсың аныңды.

Жай турмуштун жолу башка,
Жандан өтөт көйгөйү.
Кичинесиң, өзүңдү ойло,
Не кыласың өзгөнү?!

Сугатта
Кызгылт шоола жер бетине чачырап,
Күн жаңыдан кылтыйганда чокудан.
Сууну жөөккө салып коюп жылжытып,
Картөшкөнүн түбүн карап отурам.

Тегиз жаям, көөлгүтө сугарам,
Тоо суусуна чаңкаганын кандыра.
Сыдырым жел толкун кылып жапырып,
Жашыл дүйнө тартылгансыйт алдыга.

Тартип сактап, ирет жагын карманып,
Суу талашып бурбаса да жан адам.
Камчыланып, атын улам теминип,
Мурап барат өстөн башын караган.

Кээсинде эгин, кээсинде чөп, картөшкө,
Үлүш жайы, шарт жагдайы ылганган.
Айтыш кыйын түшүм кандай болорун,
Болжогону чыкпай калган жылдар бар.

Сыдырым жел серпип салкын илебин,
Шашке тартып, Күн төбөдө дөңгөлөп.
Түркүн куштун үнү асманды айланып,
Көкүрөккө агып кирген өңдөнөт.

Кыйла мезгил кабат үйдө жашадым,
Калем кайрап, ыр талаасын сугарып.
Антпегенде анык дыйкан болмокмун,
Торгой менен таңды тоскон – бул анык.

Жаш дыйканмын жашы калган өйдөлөп,
Эрте турам термеп күндүн жетегин.
Кеч болсо да жерге жакын келбесем,
Чоң турмушту көрбөй калмак экемин.

Базар турмуш
же эт саткан келинге

Соода жүрүп сом түшсө эсебиңе,
Күн токтобойт бүгүн не, кечеги не.
Мөлтүрөгөн жүзүмдөй ушул өңдүн,
Эт деп жүрүп чыгарсың этегине.

Бул жашоодо зарылдык, кумар белем,
Кеңеш айтсам, агаңды угар белең?
Эт ордуна жашылча, жемиш сатсаң,
Жемиш өңдүү жашарып турар белең.

Кийим сатсаң же көркөм, түркүмдөгөн,
Көзгө толуп, колдорго сүртүлбөгөн.
Кирген – чыккан адамдар жыргар беле,
Жылуу жүзүң, жылмаюуң, күлкүң менен.

Же гүл сатсаң ачылган бажырайып,
Түркүн түстө: кызыл, ак, жашыл агып.
Селкисине жигиттер арнар беле,
Гүл жытындай жыпарын татып алып.

Базар турмуш аздыр, же кыйла дагын,
Сен бир окшоп жакыным, кыйбаганым.
Керемет жүз кедери кетеби деп,
Көргөн сайын эзилип, кыйналамын.

… Соода жүрүп сом түшсө эсебиңе,
Күн токтобойт бүгүн не, кечеги не.
Мөлтүрөгөн жүзүмдөй ушул өңдүн,
Эт деп жүрүп чыгарсың этегине.

*****
Ысык илеп жүрөктү өрөпкүтүп,
Сезим ташып биле албай болжолумду.
Жамалыңдан сүйүүгө батынбастан,
Жаным эрип кармагам колдоруңду.

Булут минген Ай аста уяң карап,
Алтын нурун айнекке сепкен эле.
Чакан бөлмө көөшүгөн түнгө аралаш,
Аалам болуп жайылып кеткен эле.

Ак жүзүңдөн албырган аяр сылап,
Жүзүн буруп тагдырга бу дүйнө-күн.
Периштем деп өзүңдөн көзүмдү албай,
Унуткамын бар-жогун бу дүйнөнүн.

Бороз салып өмүрдүн айдыңына.
Аруу сезим үрөнүн септик дагы.
Жаздын алгач көктөмүн күтө албастан,
Алыс жайга адашып кеттик, жаным.

Көңүлүңдүн бөксөсүн сезип турам,
Сабыр тутуп, санаага каттабачы.
Ансыз деле дүйнөнүн көйгөйү көп,
Жаның кыйнап, көзүңдү жаштабачы.

Кайрып алгыс күндөрдүн баасын билгем,
Көздөн учуп карааның бөлүнгөндө.
Көкүрөгүм көксөөгө толуп турар,
Айдын нуру айнекке төгүлгөндө.

*****

Жалооруй карап: «унуткун» дейсиң, алтыным,

эркимди билүү сыйынан эбак кечиккем,

Күнөөгө баткан жандарды жазмыш билсе да,

жабыккан көңүл көйгөйүн карап кечирер.

 

Буюккан санаам сан бөлүп ойду мыжыгат,

кусалуу жаным тумандуу кечтей түнөрүп.

Бир улуу сезим адашкан менен жылдарга,

таалайым кылып өзүңдү берди түбөлүк.

 

Сагыныч кыйнап көз жеткис алыс жайдабыз,

кайылмын ага сагынткан күнүң өңүмбү?!

Күн кечкен менен ар башка түнөк астында,

тагдырдын жолу ыйгарды жалгыз өмүрдү.

 

Эзилип жаның сүйөрүң билем билгендей,

баткан күн эртең күлүңдөп кайра чыгарын.

Эзилип жаным сүйөрүм билем билгендей,

чыккан күн карып, батарын кайра кыярып.

 

Антсе да турмуш агымын кимдер тосо алмак,

удургуп турган шамалдуу булут көчүндөй.

Аруулук күчү жайнаган жаркын жүзүңдүн,

жарыгын сактап, жылдызын турсун өчүрбөй.

 

*****

Жаш баладай алиге токтолбогон,
ай, энөөлүк жайыма күйөм бүгүн.
Сирень жытың суктана жыттап жүрүп,
билбептирмин сүйөрүң сирень гүлүн.

«Жамгыр жаады, – деп айттың, – кечээ кечте,
шөмтүрөдүм суу болуп баягыдай.
Өзүң жоксуң бооруңа аяр кысып,
мээримиңе жылынтып аягыдай.

Жылуу эле тар бөлмөң бир өзгөчө,
эстегенде кылгырып жашым келет.
Жашыл тартып көрүнгөн бүркөк асман,
терезең да андагы жашыл беле?!

Жаандуу кеч шыбыргак жүрүп турган,
сансыз жарык. Тынч калаа. Ичке жолчо.
Көкүрөгүң кулундай азоо туйлап,
кучагың да, алтыным, жылуу болчу.

Жалооруйсуң кусалык жүдөттү деп,
көп эстебе, өзүңдү колуңа алгын.
Эгер мени сагынсаң шактан үзүп,
сирень гүлүн бөлмөңө коюп алгын.

Суусун жаңырт, түбүнөн кесип улам,
жыпар чачаар көйкөлүп ачылганы.
Жаңыргандай көңүлүң тазарат да,
көкүрөгүң сезесиң басылганын.

Бизди тагдыр түбөлүк табыштырган,
жалгыз гана, жолугуу – кыял жетпес.
Жан дүйнөнүн шыбыры жаңырыктап,
жалынтаарын билбеппиз ошо кезде».

Периштем ай татына, кичинекей,
үлбүрөгөн мүнөзүң гүлдө беле?!
Шактан үзүп бөлмөмө коёюн дейм,
шаарыбызда сирендер гүлдөй элек.

Жан дүйнөм азыр – өзүң, мен

I

«Сагындым деп айтпачы» – дейсиң,
саргая күтүп кезигип.
Эбедей жаным ээ бербей турса,
өрүктөй болуп эзилип.

«Эрдимден сүйсөң уялам» – дейсиң,
жүзүңдү тосуп эркелеп.
Жүрөгүм турса кулундай туйлап,
жалбарып сени келсе деп.

Айтпаса мейли, айтпаган менен,
сагыныч кыйнап жүдөттү.
Эндиктей болгон эриниң эңсеп,
ээ бербей канча күн өттү.

Айтуунун мүмкүн кажаты жоктур,
сезилип турса көзүңдөн.
Жан дүйнөм азыр – жай албас толкун,
жан дүйнөм азыр – өзүң, мен.

II

Алманын гүлү айлуу дөң болуп,
алмадай жүзүң эстетти.
Булактай кайра кошулуп алып,
кайдадыр агып кетсекчи.

Жаныңдай көрүп жашырган менен,
жашырбай айтсам жанымдайсың.
Алыста эңсеп издешип жүрүп,
жаныңа келсем табылбайсың.

Алмадай күйүп алоосу жанган,
жүрөгүм эзет жүзүңдүн агы.
Жүзүңдөн сүйсөм күлөсүң качып,
жүзүмдөн жумшак сүйөсүң дагы.

Эркелей карап ээндей калсак,
сөз калбай бизге сүйлөнөр.
Дайрадай куюп бир жомок сындуу,
билинбей өттү дүйнөлөр.

Мезгилиң түшкүр уучуңа турбай,
уурдалган күндөр узаптыр.
Сен гана жоксуң –
алма бак
жаз
жыт…
сезимдин күчү узактыр.

Ат чабым жерден алыстап улам,
арасы эки калаанын.
Көкүрөк күндө от болуп күйүп,
көзүмдөн учкан карааның.

Тагдырың бир күн аркасын салып,
турарым билбей кайгырып.
Качандыр көңүл майрамын көксөп,
келербиз дегем кайрылып.

… Алманын гүлү айлуу дөң болуп,
алмадай жүзүң эстетти.
Булактай кайра кошулуп бүгүн,
кайдадыр агып кетсекчи.

*****
Жан дүйнө табыштырган,
Жароокер карындашым.
Алыста жүргөн менен,
Сен дале жанымдасың.

Кулакка угулгансыйт,
Шыбырың эркелеген.
Элесиң эшик тосот,
Кеч келем-эрте келем.

Баратсам көчө бойлоп,
Алдыман кезигесиң.
Сагыныч жүдөткөндөй,
Муңайым сезилесиң.

Көз салып тургансыйсың,
Уктасам, болжолумда.
Демимде – сенин демиң,
Колдоруң – колдорумда.

Кеч күздүн желаргысы,
Сапырса чачтарымды.
Оюма түшөт дароо:
«Сен сылап жатканыңбы?!»

Мезгилдин барабанын,
Койсом деп айландырып.
Күтүүнүн күүсүн чалып,
Олтурам айлам куруп.

 

*****
Издешип уза-ак, уза-ак,
Бөлүнгөн кандай жанбыз?!
Мен бүгүн адамдаймын,
Аралда калган жалгыз.

Узун түн көз ирмебей,
Кайталап атыңды эле.
Жигиттик эстен чыгып,
Көзүмө жашым келет.

Койгондой жылан сыйпап,
Дүйнөнүн бар кунарын.
Көкүрөк – толгон арман,
Кейиште – жан кумарым.

Күтөрмүн күндө самап,
Нур жанган гүл өңүңдү.
Эрдиңдин даамын сезип,
Түрсүлүн жүрөгүңдүн.

Сенби деп өткөндөрдү –
Карааның жаңылышып.
Жанармын жалын боло,
Саргайтып сагынычым.

…Издешип уза-ак, уза-ак,
Бөлүнгөн кандай жанбыз?!
Мен азыр адамдаймын,
Аралда калган жалгыз.

Сүйүп турсам кантип сүйбөй коё алам?!

Издеп сүйкүм элесиңди көрө албай,
Таппай такыр канча беттеп жол ала.
Унутпасам кантип сени унутуп,
Сүйүп турсам кантип сүйбөй коё алам?!

Азабындай арзуу берген жыргалдын,
Сага кеткен жолум татаал, жол оттуу.
Чаалыгуудан эчен бутум тарта албай,
Ойлонуудан эчен эсим жоготтум.

Токтоо бербей тоодон чурап куюлган,
Дайрага окшоп жарып турсам асканы.
Сен жок үчүн ала булут айланып,
Бүркөө бүгүн көңүлүмдүн асманы.

Муздак шамал чыйрыктырып денемди,
Муздк ойлор кармаса да кишендей.
Мени сүйгөн өңдүү сүйүп бирөөнү
жана мендей көрөөрүңө ишенбейм.

Көк деңиздин кеңдигинде бүлбүлдөп,
Горизонтко кирген өңдүү жел кеме.
Карааныңды карегимден жашырып,
Кайтып кеттиң кут төгүлгөн жергеңе.

Көнбөсөк да жазганына тагдырдын,
Кирдүү көңүл бирде түнт да, бирде шок.
“Аман бол, – деп, – айланайын алыстык!” –
сагынуудан бөлөк бизде айла жок.

… Издеп сүйкүм элесиңди көрө албай,
Таппай такыр канча беттеп жол ала.
Унутпасам кантип сени унутуп,
Сүйүп турсам кантип сүйбөй коё алам?!

Сагынуу

Сагыныч эмне – ал сезим бойго сыйбаган,

Көңүлгө толуп, кусалык жанды кыйнаган.

Жалбарсаң дагы жаныңды коёр жер таппай,

Көөдөнгө батпай, көз жашың төгүп ыйлаган.

 

Сагыныч эмне – алоодой күнгө албырат,

Саргайып анан, шагыңдан түшөт жалбырак.

Көзүңдөн учуп сен сүйгөн адам карааны,

Сан ойго батып, карайсың жолун жалдырап.

 

Сагыныч эмне – тынчыбай көңүл шоктугу,

Жаныңдай көргөн адамың берип отту бу.

Жүрөгүң учат, а денең турат айла жок,

Демиңди суутуп учарга канат жоктугу.

 

Сагыныч эмне – кетирип бир күч айланы,

Батпайсың ага, тар болуп аалам аймагы.

Кумарың ташып, бүткөн бой күйүп чыдатпай,

Боор ооруйт сага асманда жылган Ай дагы.

 

Сагыныч эмне – көрбөсөк көлдү болчубу,

Добушун тыңшап, телмирип ойлуу олтуруу.

Айтайын десең же күчү жетпейт сөзүңдүн,

Жазайын десең ырыңдын жетпейт толкуну.

 

Сагыныч эмне – ал булут көктө жашыган,

Ал дайра жерде жээкти жаба ташыган,

Андан да өткөн аныгын билем дегендер  –

Жалындап сүйүп, сагыныч өтсүн башынан.

 

Кечирчи!

Бир таарыныч өттү бизден,

“Неге айттыңыз?” – дебегин.

Сезбептирмин мен ошондо,

Анын деле себебин.

 

Арылтчудай болуп мени,

Болбогон эч күнөөдөн.

Таарынычтын себеби эле –

кызганыпсың бирөөдөн.

 

Шолоктодуң жашың төгүп,

Дүйнөнүн бир четинде.

Неге албадым телефонду,

Жаздын күүгүм кечинде?

 

Көз жашыңа жүзүң жуулуп,

Жандай көргөн кишиңден.

Үйгө кайтаар маал өтсө да,

Кете албадың ишиңден.

 

Таарынычка жалгыз таштап,

Куса менен, ый менен.

Жети өмүрүм жерге кирди,

Кантип сезбей, билбегем!

 

Үлбүрөгөн периштем ай,

Үрүлдүү таң, эс элең.

“Сиздикимин, колуңуздан

чыгарбаңыз!” – дечү элең.

 

Алыстыктын азабы бар,

Ташкыны күч кыяндай.

Жолугушчу күндү күтүп,

Келди элек го кыялдай.

 

“Өткөн күндү эске салып,

несин айтат” – дебегин.

Сезбептирмин мен ошондо,

Таарынычтын себебин.

 

“Таажы вирус” келгенде

I

Мындай иштен кай эл четте кала алат,

Бүт дүйнөнү каптап турса алаамат.

Көп ичинде касиеттүү кыргыз эл,

Кудай колдоп, турсаң экен саламат!

 

Сактануунун карманалы оң жолун,

Биз да ойлойлу, ой калчасын чоңдоруң.

Оозду ачып жүрсөк көнгөн адатта,

Кесепеттин айтып болбойт болжолун.

 

Көрүп келген замандардын кыйырын,

Баасын билген күлкүсүнүн, ыйынын.

Дөө-шаа деген канча калктар болсо да,

Бул алаамат билбейт чоңун, кыйынын.

 

Чакан элбиз алы-күчү өлчөлүү,

Чилдей тарап, кемип турган өлчөмү.

Кытай карыз улам кысып желкеден,

“Өлбө-өлбөлөп ” сактап турган өлкөнү.

 

Жандар чыкты күнөөсү көп айбынан,

Анын баарын айтуудан да айбыгам.

Беш сом турган беткап сатып элүүдөн,

Адамдар бар пайда тапкан кайгыдан.

 

“Таажы вирус” таржымалын иликтей,

Маалымат көп тегеренген ийиктей.

Кантсек дагы, ынтымакты туу тутуп,

Жеңе албайбыз бек турбасак, бирикпей.

 

Дүйнө козгоп оор, кыйын учур да,

Башты салуу болбойт мындай учурда.

Ойгот, ойлон бул жашоонун маңызын,

Элдин эрки, элдүүлүгү ушунда!

II

Кайдан келди бул алаамат,

Каптап улам дүйнөнү.

Колу-бутка байлоо салды,

Бейиштей жай үйдөгү.

 

Аргасыздык кыйнап улам,

Кең ааламдан бөлүнгөн.

Жүрөк үшүйт көрүң турса,

Жакын болуп төрүңдөн.

 

Эл түйшүгү менен алек,

Колдоо кылып Жараткан.

Карманганы анан эле,

Врачы ак халатчан.

 

Оорулуунун, анын дагы,

Кирер жери бир эшик.

Жанга кубат, эш болууда,

Өлүм менен тирешип.

 

Кимге кандай сыноо түшүп,

Тагдыр жазды кимине.

Өз өмүрү барып турат,

Күндө бычак мизине.

 

Бул не эрдик, башкалар деп,

Жанын сайып, унуткан.

Ар бир врач өлбөс Баатыр,

Антка бекем Улукман.

 

Антсе да, анын бүлөсү бар,

Кемчили бар болжолу.

Чоңдор гана калыс карап,

Колдоп койсо болгону.

 

Бул кесептин жолун бөгөп,

Бек турдуңар кирерде.

Алкыш аппак халатчандар,

Эл ыраазы силерге!

(*Кастамону-Түркиядагы чакан шаар)