Абдыжапар Эгембердиев: Көп ичинде касиеттүү кыргыз эл, Кудай колдоп, турсаң экен саламат!

Урматтуу мекендештер! Учурда “Таажы вирусу” дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жатат. Кыргызстанда да өзгөчө абал киргизилип, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындай абалда ар бирибиз өзүбүздүн саламаттыгыбыз үчүн мыйзамга, тартипке баш ийип үйдө болуубуз керек. Бул убактылуу гана көрүнүш. Кыргыз эли кылымдардан бери найзанын учунда, кылычтын мизинде болуп, мындан да кыйын кырдаалдарды жеңип келген. Биримдик менен бул күндөрдү да артка таштайбыз, бул илдетти да жеңебиз. Баарыңыздарга сабырдуулук, ден-соолук, узак өмүр тилейбиз. КР Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы.

                                                 Жедигер Саалай

“ТААЖЫ ВИРУС” ЖӨНҮНДӨ

Таажы вирус – хан тектүүсү вирустун,

Кимиң кайдан, качан, кантип жугуздуң?

Оо Адамзат, “ойноп жатып от менен”

Келдиң беле тукумуңду куруткуң?!

 

Жок калгансып башка курал, ок-дарың,

Жок кылуучу бүркпөй туруп от-жалын

Лабораторияңда дарт жасап,

Оо пенделер, калбайт тура шок жагың!

 

Жаңы вирус – бир зөөкүрдүн куралы,

Карапайым калктын жетсин убалы!

Муну тапкан жексур нени ойлоду,

Адамзатын тукум курут кылабы?!

 

Ордосуна тийсе бирөө жыландын,

Айтышчуле ханышасы чыгарын.

Таажысы бар болот дешчү башында,

Түгөйү бейм жаңы вирус – бул анын.

 

Оо Жараткан, Кудай өзүң улуксуң,

Айласын тап, ажыдаардай вирустун.

Адамзатын жок кылууну көздөгөн

Адам сынду шүмшүктөрдү куруткун!

 

Азырынча  үй-үйлөргө кайткыла,

Тартип керек, башкага да айт мына!

Манас коргоп келген дайым кыргызды,

Күпүлдөтүп күн-түн Манас айткыла!

 

                                                                      Кыял Тажиева

Таажы вирус

Ажал күтсө АДАМ батыш-чыгыштан,

Аза күтүү оюңда жок Кыргызстан?..

“Менин жаным бул ооруну көтөрөт,

Таажы вирус биздин үйгө жете элек”

-деген оюң – макоолугуң муң жуткан.

 

Жугуштуу илдет бизге качан келгени,

Уу сыяктуу ушак-айың элдеги,

Угуп алып, аныгына чыга албай,

Башкаларга айтканыңды кое албай…

Ушул азап, жугуштуу дарт сендеги.

 

Байкабастан биз жугузган аңдабай,

Жалкоолуктун тузагында байма-бай,

Боо-боо түшүп канча максат өлдү экен,

Канча үмүттүн оттуу көзүн көмдү экен

А биз аны жашайбыз ээ каргабай.

 

Табияттын талуу жерин талкалап,

Тирүү өлүк жанга үйүндө салтанат.

Таажы вирус вакцинасы табылаар

Кайдыгерлик вакцинасын ким табат?..

 

Өлүк жүрүп өлтүргөнгө жараган,

Кайдыгерден канча ооруу тараган.

Таажы вирус балким ушул илдеттин

Дабасыдыр табиятты таяган.

 

                                                        Ибрахим Түркхан

Үйдө бол

Үйдө бол дос, үйдө бол,

Мейли Ошто, Чүйдө бол!

Бир сен эмес кыйналган,

Эл-жер үчүн ойдо бол.

 

Соо керексиң элиңе,

Демди кошуп демиңе.

Кыйын кезде күйүт тарт,

Жакшы күндө бийде бол.

 

Камдан сен дос, ташканга,

Ай сымал нур чачканга.

Азыр кургак талмын, де,

Жайга жетип жийде бол.

 

Ооруба дос, ооруба,

Кырсык тилеп, тооруба!

Бүгүн сактан үйдө жат,

Эртең кайра өйдө бол.

 

Өлбөгөн жан жаз көрөт,

Көп күтпөстөн тез көрөт.

Бүгүн барын касың бил,

Балээ бүтсүн, тойдо бол.

 

                                                   Бердибек Жамгырчиев

*******

Вирустан элим кутулар,

Кырсыктын жолу бузулар.

Азапты далай жеңген журт,

Андайды алыс учурар.

Калдайган калың кыргызым,

Качпаса болду кутуңар.

Дардыйган биздин жегичтер,

Дагы да тойбой жутунар.

Шалпаңдап анан бир гана,

Шайлоого чуркайт бутуңар.

Ата журт жанын соолуткан,

Айыкпас вирус ушулар.

 

                                                          Абдыжапар Эгембердиев

“ТААЖЫ ВИРУС” КЕЛГЕНДЕ

Мындай иштен кай эл четте кала алат,

Бүт дүйнөнү каптап турса алаамат.

Көп ичинде касиеттүү кыргыз эл,

Кудай колдоп, турсаң экен саламат!

 

Сактануунун карманалы оң жолун,

Биз да ойлойлу, ой калчасын чоңдоруң.

Оозду ачып жүрсөк көнгөн адатта,

Кесепеттин айтып болбойт болжолун.

 

Көрүп келген замандардын кыйырын,

Баасын билген күлкүсүнүн, ыйынын.

Дөө – шаа деген канча калктар болсо да,

Бул алаамат билбейт чоңун, кыйынын.

 

Чакан элбиз алы – күчү өлчөлүү,

Чилдей тарап, кемип турган өлчөмү.

Кытай карыз улам кысып желкеден,

“Өлбө – өлбөлөп ” сактап турган өлкөнү.

 

Жандар чыкты күнөөсү көп айбынан,

Анын баарын айтуудан да айбыгам.

Беш сом турган беткап сатып элүүдөн,

Адамдар бар пайда тапкан кайгыдан.

 

“Таажы вирус” таржымалын иликтей,

Маалымат көп тегеренген ийиктей.

Кантсек дагы, ынтымакты туу тутуп,

Жеңе албайбыз бек турбасак, бирикпей.

 

Дүйнө козгоп оор, кыйын учур да,

Башты салуу болбойт мындай учурда.

Ойгот, ойлон бул жашоонун маңызын,

Элдин эрки, элдүүлүгү ушунда!

 

                                                               Сонунбүбү Кадырова

ЫНАНДЫМ

Таажы кийди, акыры аты жаман,

Башын ийип, жүгүнүп турат аалам.

Тегиздеди байыңды, кедейиңди,

Дүйнө эли бирикти айтып салам.

Асман бетин бербеген учак токтоп,

Жайлап барат күүлөнгөн албуут заман,

 

Жаман көрүп турсам да, бердим бааны,

Башым чайкап ынандым акыр жагы.

Бир тараптан бул дагы туура болду,

Өзүн таппай бараткан жандын баары.

Үзүп алып өпкөсүн адам жырткыч,

Ыйлап турган алсырап жердин шары.

 

Ыйла эми адамдар, тизелегин,

Ыйла, ыйла ээрисин мүчөлөрүң.

Ташка айланган жүрөгүң жибип кетсин,

Агып кирсин аппак нур, улуу мээрим.

Бошо баскан жүктөрдөн, арамдыктан,

Акка баш ур, жүгүнгүн ачып көөнүң.

 

Уусу заар жыланга агын чачкан,

Улуу элбиз жашоосу бүтпөс дастан.

Келген кырсык чыксын деп ак чачалы,

Аппак нурлар төгүлүп атты ак таң.

Кыргызымдын ооматы келди журтум,

Тазаланып ичели ууздан, актан.

 

                                                          Бактияр Султанбеков

КАРАНТИН

Көчөлөр бош жан көрүнбөйт карасам,

Жүрөк ыйлайт ич-ичимден кыйылып.

Жер бетинен түйүнчөгүң көтөрүп,

Сен Таажылуу кетчи эми жыйынып.

 

Себеп сенсиң болгонуна “Карантин”,

Кайдан-жайдан ысыгы жок тап урдуң.

Башкаларды коё туруп мен бүгүн,

Тааныбаган адамдарды сагындым.

 

Карантиндин берилгенин жөн көрсөк,

Амандыкта жеткиребиз күнгө кол.

Эрежени эрежедей так кармап,

Ар бир жаран өзүң үчүн үйдө БОЛ!…

 

                                                          Болот Мамбетисаев

*********

Вирус. Оору. Карантин.

Жаталбадым карап тим.

Өрүк багы гүлдөөрдө,

Кайдан түштү каран түн.

 

Аалам эли дүрбөлөң,

Вирус келсе сүр менен.

Сыналгылар кабарлайт,

“Тез кабар” – деп үн менен.

 

Жыйырма, жыйырма от жылдар,

Күлкү, шаңга жок жылдар.

Уйку көрбөй күн-түндөп,

Дабаа издейт доктурлар.

 

Айланага тараткан,

Кучак жайып бараткан.

Бул оорудан сактай көр,

Өзүң гана жараткан.