А.Токтогулов: Көркөм сөз милдети

Көркөм сөз милдети
Акын өзүндө чыгармачылык концепциясын иштеп чыгып, системага салып, анан кайсы предметке болбосун ошол көркөм ой жүгүртүүсүнүн бийиктигинен мамиле этмейинче, өзүнүн эстетикалык маданиятын көтөрмөйүнчө, сөздү кадырлап, сөз менен тынымсыз иштемейинче чыгармалары майда темалуулуктан, эпигончулуктан, жалган новаторлуктан кутула албасы бышык.
Мына ушундан улам эстетикалык маданияты жеткилеӊ окурмандарды ыргагы бирин – эки жылт эте түшкөн саптар, тышкы эффект кызыктырбайт. Сап дегенди тапса болот, атайын ыр жазууну кесип кылган, беш-алты жыйнагы чыккан адамдарда андай тышкы көрүнүшү жалтыраган, жылмакай, кооз сөз тизмектери көп эле кезигет. Мындай ырлар “жалп” этип күйүп, кайра өчкөн учкун сыяктуу: кызыл-тазыл кооздугу менен бир саамга көӊүлүӊдү бурдура салат, бирок түбөлүк жылуулук от эмес. Маселен мен:
Ата- журт – сыйынаарым, ардактаарым,
Гүл бакчам, жылуу очок, ыйык шаарым.
Ыр жазсам- колумдагы күч кубатым,
Ыраакка кеткен кезде сагынаарым,-деп жаздым.
Мунун эмнеси жаман. Азыркы поэтикалык жыйнактардагы, газета-журналдардагы ырлардын жалпы деңгээлин жана аларга болгон биздин сындын мамилесин байкасаӊыз, мындай ырлар кадыресе ийгилик катары жарыяланып да, бааланып да жаткансыйт. Бирок акындан тереӊдикти, реалдуулукту, конкреттүүлүктү, чыгармадан даана образды талап эткен окурман үчүн бул – кооз сөздөрдүн гана үймөгү. Бул ырды ушул калыбында дагы далай жерге дейре кыйналбай эле улап кете берсе болот. Мындай кооз сөздөр акындын адабияттагы чыныгы жүзүн жылмалап, жаап-жашырып, көркөм табити төмөн окурмандарга кээде жакшы акын катары көргөзүп жаткан ретушь сыяктуу. Талант деген башка, ал эми билим, маданият, көркөм туюм деген башка эмеспи. Мына ошондуктан кандай табигый шык, жөндөмдүүлүк менен жазылган, бирок адам менен жаратылыштын ыйык мамилеси, адамдын кайдадыр умтулуусу, ошол эле учурда табияттын өз чүрпөсүнө болгон ички мээрими, санаркоосу, адам болсо өз улуулугунун бийигинен кайра жаратылышка кам көрүп, аяп жатышы сыяктуу кандайдыр ички динамизмге чыӊалган диалогу жана даана ачылган эки образды үч гана куплетте камтыган.
Албетте, кооз сөздөрдү тизмектөөнү сөз үчүн кам көрүү, образга, идеяга канат болуп берчү сөз издөө менен чаташтырбоо керек. Сөздүн баасын, боёгун, кай жерде кандай кубулуп турганын, канчалык жүк көтөрө аларын кылдат туя билүү деген кыйын нерсе турбайбы. Кээде “кыштагым” дегенге “тааныдым” дегенди уйкаштырган ырларды окуп алып кейиште каласыз.
Албетте биздеги мыкты акындардын өз алдынча чыгармачылык манералары, стилдери бар. Мунун өзү жакшы, анткени бизге “ар түрдүү жана жакшы акындар керек” эмеспи. Маселен, С.Эралиев сүрөттөө каражаттарынын дааналыгы, тактыгы жана молдугу менен жаратылышында кылдат лирик катары көрүнсө, М.Абылкасымова белгилүү поэмаларында революциялык пафосу, күрөшкө үндөө мотивдерин өзөк катары тутат. О.Султанов менен Т.Кожомбердиевде болсо жашоо, өмүр, өлүм, пендечилик, адамзаттын тагдыры сыяктуу түбөлүктүү темалар жагдайында өздөрү баштан кечирген, санааркаган нерселерин эч нерсесин жашырбай ортого коюп, ошолордон улам тереӊирээк жыйынтыкка умтулуу байкалат.
Р.Рыскуловдун лирикалык каармандары бу дүйнөнүн жаштыгын, түбөлүктүүлүгүн, адам духунун өлбөстүгүн, өжөрлүгүн шаӊдуу жардаган жарчы катары көбүнесе романтикалык маанайда көрүнсө, С.Жигитовдо көрүнүштүн диалектикалык маӊызын, чындыгын ачып көрсөтүү, предметке катаал реалисттерче мамиле этүү принциби байкалат. Биз, албетте булардын чыгармачылыгына мүнөздүү белгилердин жалпы гана шарттуу контурун белгилеп жатабыз, алардын ар бирине индивидуалдуу мамиле эте келгенде маселе алда канча татаал, көп жактуу болору табигый иш.
Т.Кожомбердиевдин “Күн. Жер. Жүрөк” жыйнагында өзүнүн көркөм чеберчилик багытында кыйла дасыгып, мурдагы жыйнактарында кээде жолуга калчу солгундуктардан арылып (мисалы, баштагы ырларында “Мына жарышта баратам, максатым мөөрөйдү жеӊип алыш” деген сыяктуу баёо мотивдер жолуга калчу), көркөм сөз образ, конкреттүүлүк жагдайында көбүрөөк түйшүктөнүп жатаканынан кабар берди. Жалпысынан бул ыргагы лирикалык герой кыйла токтоо, сабырдуу, курулай эмоцияга берилип, делбирттей берүүнүн ордуна мазмундун, ойдун тереӊдигине умтулуп, өзүн салмактуу кармайт.
Автордун мазмундун тереӊдигине умтулганына жараша идеяны, ойду образдуу жеткирүүгө көбүрөөк кам көргөнү кубандырат:
Койчуман коломтого жылгын салат,
Жалындар бутактарды тиштей калат.
Борошо аттап келип босогодон,
Кайрадан бутун артка тартып алат.
Сөз менен иштөө дегенибиз ушул. Кадыресе тирүү сүрөт. Бардык предмет сөз менен кошо кыймылдап жатат. Же болбосо түшкү ысыкта жаратылыш, жан-жаныбар солуп, үлп этер жел жок, бейкуттук чөгүп калган учурда:
Жепжеӊил, жумшак, ак булуттарды,
Тиретип койсо болот бир тал чөпкө-дейт.
Ушуга кадыресе ишенгиӊиз келип кетет. Акында сүрөтчүлүк, сүрөтчүдө акындык көз, байкоо, касиет болушу абзел турбайбы.
…Ак туфлий көпөлөктүн канатындай,
Кырк бешинчи өтүктүн жанындагы.
Образдуу айтуу менен акын көп сөздүүлүктөн качат, кыскалыкка умтулат, чыгарманын көркөмдүк сыйымдуулугуна кам көрөт. Ачарчылык маалы жөнүндө айтканда да:
Кумсарып кеберсиген эриндер көп,
Курларда пайда болду жаӊы тешик, – деп, эки сапка кыйла жүктү көтөртүп коет.
Албетте, жогоруда айтылгандай, эгер образдуу сөз айкалыштары тереӊ мазмун, ой үчүн кызмат өтөп турбаса манекенге кийгизип койгон кооз костюм сыӊары ылайыксыз көрүнүп, чыгарманын теӊ салмактуулугу бузулар эле.
Бирок, көркөмдүүлүктүн күчү жалаӊ эле эпитеттерде эмес экен, эгер зергерче мамиле кылса кадыресе эле сөздөр чоӊ жүк көтөргөн балбандарча чыга келет турбайбы.

Аман Токтогулов. “Поэзияга мамиле” 1975-жыл.