А.Сарманбетов: Мекенсиз

Капортосунан көпкөк суу мелт-калт толгон кууш капчыгайды бойлой кеткен кан жолдо жалтыраган кара “мерседес” зуулап келатты. Жайдын толуп турган маалы болгону менен капчыгай ичи салкын. Өрөөндү өрдөй чубалган Токтогул суу сактагычынан улам болсо керек. Саргарган тоо жонунда карайган кесек таштар менен анда-мында сейрек бадалдардан башка көзгө такоол эчтеме жок. Төбөдөгү көк асмандын тереңинде жалгыз бүркүтпү, кулаалыбы канатын калдайта жайып жай каалгыйт. Аң издеп жатса керек. Тоо боорундагы жазгы жашыл бетеге саргарып, күйүп кеткен.

Зыпылдаган машина эңкейиш жолго өтүп, жайыкка чыга бере жол четине чыга токтоду. Арткы эшигинен сеңселген суюк ак чачтуу, курсагы салаңдаган эркек ыңгырай жерге бут таштады. Мойнундагы чаңкайган кызыл галстугун сыдырым желге булактата жол четине чыгып токтогон ал, эки бөйрөгүн таянып, машинадан чыгып жанына жете келген шыңга бойлуу жигитке көңүл буруп койбостон суу бетин саал тиктеп алды да, аста, сууну беттей ойлуу басты. Бу жер капчыгайдын эң жайык тушу болгон менен бардык суу тегереги көгөргөн тик аска. Ошондон улам эркек канчалык жакындагысы келип, жол издеген менен сууга жете албай, төмөндөгү борчукка жетип токтоду. Көгөрө чалкып жаткан суудан көз албайт. Ойлуу. Мынчалык неге жайдак суу бетин теше тиктейт? Же ойкуган бир ак чардак, кайыгынан кайырмак салган балыкчы болбосо…

Ал, Керез болчу. Ооба, мындан кырк жылдай мурда Орусиянын Куйбышев шаарына кеткен жигит. Окуйм деп…

Анын эсине он жылдай илгери Москванын көчөсүнөн жолуктурган ак калпакчан кыргыз түштү. Алтымыштан өтүп калган арык, жүдөө кишинин Ала-Тоо сымал ак калпагын алыстан, көп ичинен көрүп эле кыргыз экенин билип салам берген. Көрсө ал Токмоктогу эт комбинатынан ири акча жеп, “Матросская тишинага” он эки жылга кесилип, эми бошоп чыгып мекенине кайтып бараткан кески экен. Жакшы иш таап берейин, мага караан бол, Кыргызстанга барганда эмне кыласың, аякта иш жок, түрмөдөн чыкты деп сени ким жарытылуу жумушка алмак эле, азыр жаңы телчигип келаткан ажерде ач, кайгуул заман дегенинде тиги “жок, кыйла жыл түрмөдө камыгып жатып ден соолугум кетти, эми өлөөрүм эле калды, өз элиме, мекениме барып өлүшүм керек, көңүлүм ток” дегенде ага таң калган. Адам үчүн кайда өлөөрү баары бир эмеспи. Өз жеринде өлгөндөн кантип көңүлү ток болуп калсын деп. Аэропортко чейин узатып барган Керезге бейтааныш жердеши коштошуп жатып “сен да эртеби-кечпи баары бир мекениңе барасың, эл-жер деген кыйын, адамдын жаны менен бирге, ата журту акыры тартпай койбойт” деген эле, сырдуу. Анын айтканы чын чыкты…

Ким билсин, андан да он жылдан ашуун мурда ойдо жок опаасыз бир чоң окуя болбогондо Керездин тагдыры кандай болмок… Азыркысынан алда канча артык, топуктуу, толук болор беле…

Ошондо, узун жылан сымал ийрелеңдеп, капчыгайды өрдөй аккан дайранын жээгиндеги түйдөктөй айыл­ды тирукмуш кабар аралай баштаган. Капчыгайды төмөнтөн тосуп, сууну бууп, өрөөндү капортосуна чейин сууга толтурат экен. Ондон ашык айылдардын элин туш тарапка көчүрүп, суу сактагыч салынат экен, Москвадан чечилип, биздин бийлик ага куп деп кулдугун уруптур деген. Деги, элдин кулагы уганак. Айтканы дайыма чын чыгат. Чынында эле бу жолу да ошондой болду! Москвадан чечилгенден кийин бүттү да, аткарбаска арга канча.

Көп өтпөй өрөөндөгү нечен айыл там-короосу, бак-шагы, көчө-жолу менен көлкүгөн тилсиз суу алдында кала берди. Там-ташы курусун, баарынан да эзелки ата-бабаларынын сөөктөрү жаткан көрүстөндөрүнүн сууга көмүлүп кеткени элдин жанына катуу батты! Тили болгондо байкуш суу ылаажы койбой нугун бурган бузукуларды да, адамдардын убалына амалсыз калганын не бир зарлап, зар какшай каргап, кошоктоп айтар беле?! Адам пендесинин абалтан ажатын ачып, тирүүлүгүнүн булагы болуп ыйык саналып келген суу бу жолу сумсайып, алмустактан эриш-аркак келген адамынын суук колу менен арам, таш боор аталып, жараткандан тилинен ажыраган суу анте албады. Үнсүз мелтиреп, кылымдап конуш алган айылдарды амалсыз, түбөлүк жайпай берди.

Адам баласы эстутуму менен өлүмдү жеңип жашайт тура. Өтмүштөгү, көздөрүн көрбөгөн да, кечээ эле ийиндеш жашап өткөн маркум жакындары менен бу жалган, тиги, чын жашоодо жаноттору өтмө катар ширелишип жашайт турбайбы. Буйрукчул өкүм бийликтин өктөмү менен туш-тушка таруудай чачырап кетсе да, капчыгайга суу толтурулуп жаткан экен деген чагылгандай ачуу кабарды угары менен агылып келген эл жаңы көлдүн түштүк жээгиндеги кырда зымга конгон чымчыктардай кыркаар тизилип, күнүгө келип алыстан байкоос салып турушту. Али ишене бербеген алар качан гана боор эти менен тең айылынын улам бирин күн өтө мелтиреген суу баса баштаганда чуру-чуу түшүп, бакырып ыйлаган менен анчейин акылдан айрылышкан эмес. Качан гана дөбөдөгү көрүстөн сууга четинен чөгө баштаганда жинди болуп кете жаздашты, акылынан айнып, албууттанып, жин ургандай жулунушуп… Кемшийген кемпирлер түгүл кечээки эле келин-кыздар кошок кошушпадыбы, ошондо, беттерин кызыл-жаян тытып. Анан кантишсин! Ар кимисинин кымбат адамдарынын, о дүйнө салган жакындарынын асыл арбактары суу алдына түбөлүк көмүлүп, биротоло айрылып жатса! Түбүң түшкүр бийлик, акылсыздык!..

Керез да ата-энесинин жанашкан күмбөздөрүн суу жайпай баштаганда жан дүйнөсүнө жарык чачкан белгисиз кубаттан, өткөн өмүр-жашоосунан түбөлүк кол жууп жатканын сезип, акылынан айнып кете жаздады. Тамагы айрылганча эне-аталап бакырып, жулунганы эс-мас эсинде. Колдорунан жулка тартып, жерге баса жыгылган топ милийсалар болбогондо ата-апасынын күмбөзү менен кошо сууга бой урат беле… Көрсө, адам пендеси кымбат адамдарынан айрылган менен алардын акыркы жайын көргөндөн каниет алып, топук-тооба кылып жашайт тура. Эстутуму менен өлүмдөн улук турбайбы!..

Керез жалгыз бала болучу. Ошондон улам анын атын бизден да, ата-бабаларынан да жалгыз – Керез деп ырымдап коюшкан окшобойбу. Балким, ата-энеси алда-неден аян алып, бирок, аны акырына чейин толук аңдай алышпай, өз армандары менен чектелип калышса керек. Эми ал, бүтүндөй бир тукумдан тургай, азыр набыт кеткен бир айылдан да жалгыз керез болуп, моло таштай соксоюп турбайбы!

… Согуштун капортосу ченде жарадар болуп келген атасы үйлөнгөндөн он жылдай өтүп, бала көрбөй, үмүтү үзүлө жаздаганда гана перзенттүү болгондо мураскерлүү болдум, тукумум улантар керездүү болдум деп, жерге батпай барпалаңдап сүйүнүп, эзели кыйгыс жалгыз чобур атын союп, бүт айылды кой, кайын-журтун, коңшу элдерди да чакырып той берген деп калчу эле энеси. Ачарчылык, жокчулук, бир пендени да соо калтырбай кайгы кайыштырган агезде андай той берүү кайда?! Улуу, кан кечкен согушка бозбаш бойдок бойдон барган атасы чымындай боо түшүп кырылган кишилерди көрүп, өзүнүн да ажалы жанында көлөкө­дөй дайыма ээрчип жүр­гөнүн даана туюп артымда тукумум калбай, байыртан уланып келген бабалардын байсалдуу тукумун үзүп аламбы деп корккон окшобойбу. Эгер жаратынан жабыгып жүрүп кырк бир жашында дүйнө салып кете бербегенде, азыр сексенден аз эле ашмак экен. Андан кары абышкалар деле жүрбөйбү. Аттиң, десең. Кан күйгөн согуштан өлбөй, аман келген атасынын эми минтип, акыркы турагы болгон мүрзөсү да жок калды. Болгондо да өз ата журтунда!

Чолпондой энеси да жарыкчылыктан эрте кетет деп эч күткөн эмес. Жан адамга арызданбай, оорудум-соорудум дебестен, тилин тиштей муңайым жүрүп эле Керези мектепке бара баштаган жылдын кышында төшөгүнөн турбай жатып алды. Абышкасынын күйүтүнөн эле күйүп кетти дешет. Экөө жаштайынан катуу арзышкан экен. Өзөктөн алган күйүт жаман тура! Отуз жаштан ашып-ашпай чүнчүп, карайып, ширидей катып кетти.

Керез коңшу айылдагы таята-таенесинин колунда чоңойду. Атасы да жалгыз эле… өз тууганы жок… Табият мыйзамы татаал, сырдуу экен го. Эми Керездин өзүнүн баласы да жалгыз…

Ошол, айылы суу алдында көмүлүп калган жылы Керез мектепти бүтүп Фрунзеге келди да политехке тапшырып, андан Куйбышев институтуна тандалып алынды да кете берди… Эми, ошол бойдон келгени мына. Жок, биринчи курсту бүткөндөн кийинки жайда келген…

Таятасы каза болгондон кийин бели бекчейген таенеси кызынын колунда эле. “Байкуш, Айнашымдан калган көрөр көзүм” деп, жетине албай кемшиңдей жашып, чекесинен өөп, Керезге… апасын эске салган. Экөөнүн окшоштугу көп болчу. Баарынан да көздөрү, сыйда кыймылдаганы… Ошондон уламбы, жашоосундагы жалгыз караан тутканы да таенеси эле. Эми ал да жок. Кайда көмүлдү, билбейт. Эч ким ага кабар айтып, куш тилиндей телеграмма берип койгонго жарабады. Ошол келишинде ата-энесин сагынып, жок дегенде көзгө тааныш, жанга жакын мүрзөлөрүнө барып, топурагын козгоп, куран окуй албаганына күйгөнүчү! Мүрзө да болсо караан, каниет экен го, тирүү жанга. Мезгилинен адашкан маңкурттай үч-төрт күн каңгып жүрдү да, таенеси менен коштошуп, акыркы көздөш­көнү экенин сезбестен Керез кете берген. Ошондон бери келгени ушул. Кимге келмек эле? Эбиреп-жебиреп, көз көрүнөө жактырбай силкилдеген таежесине, же аялына алдырып койгон койдон момун таажездесине келмекпи? Тели-теңтуш, тааныш айылдаштарынын баары из таптырбай туш тарапка таруудай чачырап кетишкен. Ар кимиси өз турмушу менен алек эмеспи. Өлбөгөн жанга оокат керек тура. Керез ошол, окууга кеткен бойдон эч бирин кездештирген жок. Баарынын башын кошкон айылы жок болсо ошол да. Айылдаштарын тимеле жер жутуп кеткендей. Жылан сыйпагандай тирүү жан калбай, үй-көчөлөрү каңгырап ээн калса да ар бир там-ташы, тал-тереги тааныш, карааны сүйкүм айылы аман болсо эмне? Кокту-колоттору, алардагы таш, чөптөрүнө чейин белгилүү, кымбат эмес беле. Жок дегенде көбү тааныш көрүстөнү жер үстүндө калса не!..

Казандай таш үстүнө көчүк басып, төмөндө эриген коргошундай мелтиреген суу бетинен көз албай моло ташка окшоп тунжураган Керез:

– Ата, кетпейлиби, кеч болуп баратат. – деп, жанатан улам кайталап айтканын укпаганынан улам ийнине аста колун койгон баласынын күтүүсүз үнүнөн селт эте эсине келди.

Чын эле, бир топ олтурган экен, күн тоо таянып калыптыр. Чаңдуу батыш очоктой кызарып чыгыптыр. «Демек, эртең күн ысык болот…» Капчыгай ичи иңирттеп, карая баштаган.

– Азыр, балам, азыр, дагы бир аз…

Керездин эч кеткиси жок. Жипсиз байланып турду. Кантип кетет? Кайсыл бир көрүнбөс сыр аны бутунан … жүрөгүнөн матап алгандай. Суу алдында тунуп жатса да айылы арбап, кое бербей жатты. Кетмек түгүл өөдө тура албайт. Телмире тиктеген суу бетинен, анын көгөргөн түпкүрүнөн кер мурут атасы, айжаркын, ачык мүнөз, баарыга бактылуу төгүлө күлө баккан энеси экөө аны жанаша тиктеп турушкансыйт. Чатырсыз, балык жон, жакыр болсо да жарык, ичи да, элеси да дайым жылуу үйү али урабай, аны күтүп жаткандай. Азыркыдай маалда, кечки бададан кайткан мал көчө чаңдата маарап, мөөрөп, этек-жеңи калдактап шашкан энелери кыз-балдарына кыйкырып, мал тосуп жатышкандай. Дүрбөгөн айылы дагы эле суу алдында, Керезсиз жашап жаткан сымал. Бир туруп өзү да чоң көчөдөн өткөн бададан бөлүп алган уюн өкүрөңдөтө үйүн көздөй тызылдата айдап бараткан бала сымал… Бакыт деген ошол беле? Чын эле анын баары жок болдубу? Ал, асыл мезгил эми эч качан, түбөлүк кайрылбайбы?!

Бою шыргыйдай узун, аккөңүл агайы Асангазы, да­йыма май, керосин жыттанып жүрчү олбурлуу, баладай баёо тракторчу Карымшак, саргыч-кызыл жүздүү, тепкедей почточу Бейшеке, аксаргыл, ууртунан күлкү кетпес саанчы Анипа эже, мулуңдаган, ачуу­су чукул, бирок боорукер мугалими Сагындык, айыл четине коюн жайып коюп бала-бакыраны тегерегине жыйнап алып жомок, санжырасы түгөнбөс Шарше, баарыга бапыраңдап, айрыкча балдарды чакырып алып чөнтөк-бучкагынан кант, момпосуй сунган сарычийкил оттуу Сакиш апа… баары суу алдында калышты. Арбактары тумчугуп, азапка батып жатышпасын?! Аман кезинде ардактай албай, жок дегенде сөөктөрүн жер алдында сактап, коргогонго жарабай артындагы урпактары эзели актай алгыс күнөөгө баттык белек?! Жок дегенде жалгыздап же айыл-апа түрүлө барып куран окуп турар мүрзөлөрү калса эмне. Арман!..

Баса, Жамалы кайда болду экен? Кайсыл айыл, же шаарда? Ал да Керезчилеп айылын сагынып, айланчыктап жүрдү бекен? Эмгиче очор-бачар байбиче болгон чыгар. Анын жибектей созулган жайдары мүнөзү, маңдайы жарык акылгөйлүгү менен алаканынын ачыктыгы «ак көрпө жайыл» аял чыгарынан кабарлап, келечегинин байманалуу да, барктуу да болорун айтып турчу… Керезден эки жаш улуу болчу. Экөө кошуна эле, бала кезинен бирге, ынак чоңоюшту. Керез тогузду бүтүп жайкы чөп чабыктан келе жатып көчөсүнө бурула бергенде, он чакты кадам алдында кыска, жалтылдаган көк шайы көйнөк, тырсылдаган шиштака кийген бейтааныш кыз кетип бараткан экен. Колунда чакан чемодан. Бу ким? Артынан тааныбады. Бирок, элеси негедир көзгө тааныш. Экөө ээрчишип кете беришти. Алдыга ашып кетүүгө кыздан уялып, биресе бу чоочун кыз кайда, кимдин үйүнө барат болду экен, билип алайын деп кызыккан Керез артынан көлөкөдөй ээрчип баса берди. Качан гана ал сымбаттуу кыз тааныш үйгө бурулуп, короосуна кире берээрде:

– Жамал?! – деп, айран таң калганынан өзү кыйкырып жиберип жатпайбы! Ошондо осолдугунан уялганы ай! Жалт бурула караган кызды жандай өтүп, Керез үйүнө чуркаган бойдон кирип кеткен. Бүттү. Ошол бойдон экөө бетмаңдай сүйлөшүп, же арзуусун айтып сыр чечишкен жок. Жамалдын оюн ким билсин, бирок Керезге алгачкы, аяр, уяң сүйүү ошондо келген экен. Кийин ал канчалык күнү-түнү убайга батып кат жазып, инисинен Фрунзедеги дарегин алган менен каттарынын бирин да салган жок. Батынбады. Балалык баёо, алгачкы ууз махабаты тура! Рас, анын эртеси, кийин, кышкы каникулга келгенинде да, алыстан көздөрү уруна калган учурда Жамал сырдуу күлмүңдөп калчу. Балким ал да… ай, кайдан?! Керез болсо не бир чоң уурулугун карматып алган сымал андайда кулагына чейин кызарып, көздөн далдаа болгончо шашчу. Соң­ку, Керездин Фрунзеге кетип баратканында Жамал терезесинин пардасын кыңайтып аны артынан уурдана карап турган экен. Анда да күлүмсүрөп туруптур… Керез ага арзуусун ачканда эмне болмок? Тагдырларычы?..

– Ата, кеч болуп кетти. Кайтпайлыбы эми?

Керез баласынын күтүүсүз үнүнөн дагы чочуп кетти. Анын аруу да, не бир таттуу да кыялын чорт бузганынабы же… Керез күтүүсүз жарылып кетти:

– Эмне?! Чыдап тура албайсыңбы? Же өлүп баратасыңбы? Энең экөөңө баары эле силердин каалаганыңардай боло берсе! – деп, кагына ордунан тура калды, – Эмне, менин жок дегенде бир күнү өз алдымча жашаганга акым жокпу? Ансыз да силер деп жүрүп өмүрүм өтүп кетти…

Кийинки кездери, айрыкча, кызматынан бошоп калган эки жылдан бери ачуусу чукул тартып кеткен атасынын дагы бир кырс этмеси кармады да деп түшүнгөн баласы да андан тартынбай ороңдоду:

– Кайтпайлыбы. Жетишет да. Же ушул жерде таң атыралыкпы? Ай-талаада олтурат эле, олтурат…

Керездин ачуудан тили буулуп, кекечтене туттугуп кетти:

–  Эй, эй, акмак! С-сен билесиңби? Бул ай-талаа эмес. Менин айылым, мекеним! Ата-энемдин, бабаларымдын сөөгү ушул жерде! Алар сенин да чоң ата, чоң энелериң, сенин да мекениң ушул жер! Дөдөй…

Атасынын айбатынан чочуп калмак түгүл капилет ороңдогонуна тырчый түшкөн баласы аны кайра уруп жиберчүдөй бурула калып, орусча тил кайырды:

–  Сиздин туулган жериңиз ушул болсо менин мекеним Самара. Бул, какыраган ай-талаа сиздики эле боло берсин, бердим! Бесплатно!..

Мындай, күтүлбөс керооздуктан Керез не дээрин билбей шаштысы кете дел боло түштү. Баласынан мындай кемсинтүүнү, түркөйлүктү эч күткөн эмес эле. Жаноту кызылдай өрттөнүп, оготөтөн каны шакардай кайнап кетти:

– Сен, сен эмне деп жатканыңды билесиңби, деги, айбан?! Менин, өзүңдүн өткөнүңдү, экөөбүздү жарык дүйнөгө жараткан ыйык ата-бабаларыңды жерип, алардын арбактарын кордоп жатасың! Алар болбосо экөөбүз тең жок болмокпуз!..

–  Ой, боже мой… Тойдум! Эмне, алардын артынан өлүп кетейинби? Мекен, милдет деген кооз сөздөрдү койсоңузчу…

– Тү-ү, ит!.. Ныпым акылы жок турбайбы. Энең экөөңө менин акчам болсо гана болду… Мындай түркөйлүгүңөр менен акчам болбосо мени үйдөн небак айбандай айдап салмак экенсиңер да…

– Давай, көп сөздү токтотолу. Түн кирип кетти, кетесиңби? Же, “мекениңде” каласыңбы?..

– Бар! Кете бер!

Каккы жегенине арданган баласы шарт бурулуп, машинасын от алдырды да, жарыгын жандырып, коюу чаңды буркурата дуу эттире ызгытып кетти.

Керез ташка кайрадан көчүк басты. Мууну калчылдап турду. Карыганда өз баласынан ушундай сөлтүк сөз укмак беле?! “Ал минтип жаткан соң башкалар эмне дейт? Демек, алар деле мени мекенсиз жолбун ит санап, ичтеринен келекелеп келишкен экен да! Тү-ү!.. Акмак болуптурмун! Өмүрүм сая кеткен тура!..”

Баласынын орусча сүйлөгөнү оготөтөн кучунашына тийди. Канетсин анан, кыргызчаны түк билбесе. Ага Керездин өзү күнөөлүү, эне тилин үйрөтпөгөн. Кезинде терең маани берген эмес тура… Чынында эле “эне тили” деп тегин жеринен аталбаса керек, энеси жаттын тили да, дили да жат болуп калат окшобойбу. Эзелтен эриш-аркак экөө эненин сүтү менен көкүрөктө уютулат тура. Ошон үчүн ал эли тургай өз атасын да түшүнө албай жатат. Жат. Анан ата журтун кайдан кабылдамак…

Кеч чынында эле кирип калган. Тоо небак калдая карарып, бетинде Ай чыйыры үзүл-кесил жылт-жулт эткен менен караңгылыкка төнүп кеткен көл да туюк карайып, капчыгайга караганда асман жарык, көгөрүп. Жылдыздар жымыңдай баштаган. Айылдын асманы кандай тунук да, жылдыздары не бир жарык! Айрыкча, асманга жакын, тоолуу Токтогулда.

Керездин оюн аялынын элеси кызыл сызыктай тепчип өттү. Ак жүздүү, али да ажарлуу орус. Рас, жашында күйүп-жанып алган менен азыр ал оттуу сезим жок. Баары бир канын тартат дегендей, оокат-байлыкка ач энесинин эле өзү болуп калды. Алтургай чочкодой семиздиги да. Эси-дарты дайыма оокат, акча, кызмат… Анын айдагында жүрүп, минтип жарым кылымдай ата журтуна да келе алган жок. Жолбун иттей мекенсиз калды. Байманалуу кызмат, сапырылган акча, алтургай үй-бүлө, баласы да туулган жер, өз элиңдин алдында түккө арзыбай калат турбайбы! Мына, ачуу чындык. “Өз элимде өмүр кечиргенимде азыркы ачуу арман башыма түшпөйт эле го?! “Өзгө жердин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол” деген накылдын орошон сыры шол тура. “Өз агасын агалай албаган, өзгөнүн эшигин сагалайт” болупмун. Өмүр бою өзгө жерде каңгып жүрүп эмне таптым? Эч нерсе. Миллиондорумдун, наам, шагыраган ордендеримдин кереги эмине? Алардын жарыгы элиме канчалык? Түкчөлүк. Аларды билбесе, кубанбаса, кадыр-пайдасы жакындарыңа, эл-журтуңа тийбесе кереги эмне? Жалгыз башың эч качан каниет албайт тура, эч нерседен. Мекенсиз жашооң курусун! Байкуш, цыган, уйгур, күрд, кыпчактар ошону үчүн жүз, миң жылдап мекен деп зар какшап жүрүшкөн турбайбы! Армандары аттын башындай экен.

Эми мен кайда барам да, керегим кимге?! Ким мени батырып, карыганда кам көрөт? Бир да жакын адамым жок. Жада калса арман-күйүтүмдү бакыра айтып, ыйлап алар ата-энемдин мүрзөлөрү да жок. Мен – мекенсизмин!!!”

Керез кыжына ордунан турду. Чыйрыгып калыптыр. Астында мелт-калт болуп бир боор айылын, ата-энесин, туулган үйүн, баарынан кымбат балалык доорун, өткөн эси-дартын көлкүлдөгөн коргошундай алдына тумчуктура басып, коогалуу карайган сууга бой таштагысы келип кетти. Жалгыз баш, жаныңда бир түшүнөр адамың жок жашоонун кереги канчалык. Ошол эле кезде кайсыл бирөөлөргө муздак жарык, жерине суу беремин деп миңдеген адамдарды киндик каны тамган кымбат жеринен айырып, жанотун жарыктан, жүрөгүн ысык демден айырып койгон доорду, анын кемакыл төбөлдөрүн ичинен ачына каргап турду. Эми мындан нары эмне кыларын, кайсыл жерди баарлап, кайда барарын, кимге батаарын билбей калды. Туш тарабы туюк. Жан дүйнөсү жабыгып, туз куйгандай ачышты. Ушинтип, пайгамбар жашына келип калганда ай-ааламда боор толгоор жакыны жок жападан жалгыз калмак беле?! Жабыкканда кимдин ийнине таянып, башын көкүрөгүнө коюп, кайсыл жерди кучактайт? Керездин кимге кереги бар? Эч кимге керексиз турбайбы! Жадагалса жалгыз баласы да танып кетти. Эми кайда барат? Кайран өмүр!..

Аңгыча, алда недей сырдуу да, коогалуу да карайган өрөөндү жебедей курч кош жарыгы менен жиреген машинанын жарыгы жакындай зуулап келип, жолго токтоду. Андан көзгө тааныш баласынын карааны көрүнүп, жакындай басты.

– Ата, жүрүңүз. Жакын эле жерде вагон бар экен, конуп кеткенге макулдашып койдум. Бир ачууңузду бериңиз эми, – деп, жогортон колун сунду жанына жете келип. Кыйган эмес экен. Канткен менен боор этинен чыккан баласы да.

– Кете бер, өзүң. – Керез баласынын колун албай, тултуя бурк этип жандай өтө берди. Жана өзү түшүп келген төтө жол менен өрмөлөй жолго чыкты да, унаа көрүнүп калабы дегенсип, жол башын карады. Жок. Көйнөгүнүн жакасын кымтылана уулунан жүз үйүрдү.

– Ата, кечирип койчу, эмне болуп кеткенимди өзүм да билбейм, ачууга алдырып коюптурмун. Жүрү, жүрүңүз эми, мен баары бир сиздин эси жок балаңыз эмесминби…

Баласынын эсине келип, айыптуу үн менен «сиз» деп сүйлөгөнү атанын жүрөгүн ийитти. Акыл тегереткен экен. Канеткен менен Керез баласын кыя алмакпы, ичтен чыккан ийри жылан эмеспи. Саал сыр көргөзө тултуюп, кыйылган болду да, өз балама таарынып ит болмокмунбу, ушул ээн талаада түбөлүк тура бермек белем, андан көрөк тез арада бул жакка көчүп келип, көлдүн жээгине там салып, жашоого кам урганым оң деген ойдон каниет алып, өзүн-өзү жубатып, баласын ээрчий барып машинеге олтурду.

Алар көп деле жүрүшкөн жок. Арткы орундукта тунжураган Керездин ачуусу таркагыча болбой, зуулдаган мерседес капчыгайдан өөдө чыга берип, жол жээ­гине чыгып токтоду. Машиненин жарыгынан үч-төрт үй-вагондун үрүл карааны көрүндү. Баласы машинеден чыгып, терезесинен жарык төгүлүп турган вагондун бирине кирип, тез эле кайра чыкты.

– Жүрүңүз. Сүйлөштүм. – деди ал, машиненин эшигин ачып.

Вагондун ичи жарык экен. Тамак ичкенге ылайыкташкан төрт-беш стол, аларды тегерете коюлган орундуктардан улам анын ашкана экени көрүнүп турат. Жупуну болсо да таза. Түрлүү бөтөлкөлөр, тамекилер, жалтыр-жултур таттуулар кыдыракей тизилген текчеси бар сол тарапта орто жаштагы эки эркек, ак халат кийген аял менен жай сүйлөшүп турушкан экен, чоочун кишилерди көрүп алар дароо кош айтышып чыга жөнөштү. Олтурган эч ким жок. Тоо арасында түн каткан жолоо­чулар сейрек болот эмеспи.

– Тамак ичип алалы, – деди уулу, төр жакка кол жаңсап, – анан эс алалык. Шаар алыс дейт…

Керез үндөбөй, уулу көрсөткөн столдун кашындагы орундукка көңүлсүз олтура кетти. Баласын кыйбады, керелден кечке бирге жүрүп ачка болсо керек. Жаш эмеспи, тамакка тойбой турган учуру. Ал эми өзү үчүн кайда конуштун баары бир эле. Тескерисинче, өз айлына тушташ бул жер көңүлүнө жакын болучу. Салкын абасы да, тоолору да тааныш. Балалыгы жыттанат. Керез кичи мекенин али кыйып кете албай жаткан. Күн бою жолдо жүрүп денеси да талыкшып калган экен, сабыры суз олтурду. Анүстүнө, жанагы “каары” да толук кайта элек болчу.

– Куш келиңиздер… – деп, кулак түбүнөн угулган үндөн улам башын көтөрүп караса ак халатчан ашпоз аял кагаз, калемин жазууга дайындап жанында туруптур. – Эмне тамак ичесиздер?..

Экөө тиктеше түштү. Керезге аялдын акжуумал өңү, жагымдуу, жумшак үнү негедир тааныштай сезилди. Кайдандыр, качандыр бир кезде көрүп, уккандай. Бейтааныш өңү, көзү да… Качан, каяктан көрдү эле?.. “Ай, кайдан! «Шектүү – шекшинет» болуп жатсам керек. Кырк жылдай каңгып жүрүп, эми араң темселеп кайрылып жатсам… Анда неге аял да мени бүшүркөй карап калды? Койсоңчу, балким мага ошондой көрүнгөндүр…”

Өзү кесме ичээрин, баласы Кыргызстанга келгени жактырып калган лагман, манту жээрин айтып, экөө тең өз-өзүнчө ойго тунушту. Баласы качан кетээрине санааркап, ээн, какыраган көңүлсүз тоолор менен тезирээк эле кол үзүшөр күнүн самап жатты. Ал үчүн жөөлөшүп-түртүшкөн, ызы-чуулуу, тели-теңтуштары көп, убакыттын кандай өткөнү менен иши жок өз шаары, шашылма турмушу жакшы эле.

Керез үндөбөй тамагынан ууртады. Ысык экен, даамы дал энесинин кесмесиндей. Качанкы балалыгы, айжаркын апасы эске түштү. Керелден кечке ойноп, же жеңил-желпи иш менен кечинде үйгө келгенде апасы ушундай бир аяк кесмени алдына коер эле. Дайы­ма ысык боло турган. Жаны жер тарта уйкусу келип, эптеп эле жуурканга жетсем дегенде эки көзү төрт Керез кесмеден чоң ууртап алып оозун далай күйгүзгөн.

– Шашпа, кагылайын, шашпа. Үйлөп-үйлөп ич, – дечү апасы не бир мээрим менен, маңдайында чайынан жай ууртап жатып. Керезге тамак берип жатканында ал дайыма ушинтип уулуна алдыртан көз багып коюп, маңдайында чай ууртап олтурчу. Балким, эртелеп айрылышарын ичинен боолгоп, ага чейин көз кумарын кандыра баласын карап алайын десе керек…

Негедир тигил акжуумал, сыры кетсе да, жаштык кезиндеги сулуулугунун сыны али кайта элек аял да аны уурдана, аста-секин карап коюп жатканын Керез байкап олтурду. Эки-үч курдай көздөрү да чагылыша түштү. Экөө тең көздөрүн ала качканча шашышты. Эмнеге?..

Керез ансайын бушайман: “Кайдан, кайдан көрдүм эле, бул көздөрдү? Негедир тааныш… Жөн жерден эмес… Бул ким?..” Таккесе жооп таба албай анын башы маң. Дүйнөсү дүрбөлөң түшүп калды. Балким эли-журтуна куса болуп калган ага бардык кыргыз аялдарындай эле жакын, тааныш көрүнүп жаткандыр…

Качан экөө тамагын ичип бүтүп, уулу жанагыл текчелерди тоскон тосмонун артында алда нелер менен убараланып жаткан ашпоз аялга басып барды да, тамактын акчасын эсептешип, жатаар жерин макулдашып жаткандай болду. Керез аларды жандай өтө берди. Аял сурадыбы, уулунан кош паспортту алып, бирин ача коюп эле:

– Керез?!. Сен Керезсиңби? О, кудай, тирүү белең?! – деп, күтүүсүз кыйкырып, жанындагы орундукка шалдая олтура кетти. Колундагы дептер, калеми жерге чачылды. – Мени тааныбай калдыңбы?!

Кыжаалат, жоопсуз ой-санаага алдырып сыртка чыгып бараткан Керез атын атап капыс чакырган үндөн селт эте, артына кылчая карады. “Бул ким? Мени кайдан тааный койду?..” Ал, бейтааныш аялды канчалык бүшүркөй караган менен дароо эстей алган жок. Бир кездеги айылдашым болсо керек деп боолгоду. Андай болсо ал ким?… Аял тез эле эсин жыйып, ордунан тура нес болгондой колдорун ага сунуп жакындай берди.

– Керез! Мен, мен… Жамал эмесминби…

– Жамал?! Кайсыл Жамал? – деп алып, Керез өзү­нүн бир гана Жамал аттуу ууз сүйүүсү болгонун, жок, жүрөк түпкүрүндө азыр да бар экендигин эстей коюп: – Жамал! Бул сенсиңби?! Сен белең? – деп шашыла утурлай басты. Экөө ысык кучакташа кетишти. Кусалуу, оттуу, армандуу кучакташты! Экөө бири-бирин, ушул учурду өмүр бою зарыгып күтүшпөдү беле! Эч жанга, жада калса бири-бирине да ачык билгизбей, көңүл түпкүрүндө катып, аялуу, ууз сүйүшпөдү беле! Керез өзүнүн атын не бир сагыныч, миң түрлүү наздык менен жалындуу кайталап жаткан Жамалдын шорлуу жаш чайыган көздөрүнөн, албырган бетинен, али кумары кайта элек ысык эрининен туш келди өпкүлөп жатты. Жамалы да…

Экөөнө ушул учурда дүйнө бир тең, өзүлөрү бир тең эле… Баарын – чоочун аялды туш келди оттуу өпкүлөп жаткан атасына айран таң кала караган баласын да, нечен жыл адашып калган ачуу тагдырларын, ууз да, улуу да бири-бирине али ачык айтыша элек махабатын да… алтургай өзүлөрүн да унутуп коюшту…

Ошол түнү алар Керездин уулун жаткырып коюп коңшу вагондо түн күзөтө таң атканча сүйлөшүп чыгышты. Ата-бабаларынын аруу жыты сиңген асыл айы­лын, кары-жаш тааныштарын, мектептеги не бир кызык учурларын, анан… акыркы, Жамалдын чемоданын көтөрүп алып шиштака кийип окуусунан келгенин, Керездин тааныбай калганын… – баарын эстешти. Кечээ эле болуп өткөндөй. Чиркин! Өмүр өтсө да сезимдер, адам көңүлү эч эскирбейт тура. Ошенткен менен жандүйнөлөрү алай-дүлөй алачапкында калган деңиз сымал албууттанып, толкуп-ташып, бири-бирине төгүлө жаздап турушкан менен көңүл түбүндө кыттай уюган арзууларын ачык айта алышкан жок. Чыныгы, улуу махабат ошондой аялуу болот тура! Экөө тең бири-биринин терең арзуусун ачык эле туюп турушкандары менен дит багып, айтууга ооздору барбады. Батынышпады. Алардын махабаты ушунчалык аяр, назик эле! Дирт эткен желден чочуп уча качкан сезимтал көпөлөктөй кол жууп калабызбы дегендей, баягы эле бала сезим… Жүрөк карыбайт экен!

Анан албетте, суу алдында калган айылын эстеп өкүткө тунбай кое алышкан жок. Ал, экөөнүн тең айык­пас, жаралуу армандары эле. Ооба, таруудай туш келди чачырап кетишкен айылдаштарын Жамал айтып олтурса ачуу армандабай кое албайсың. Акыры байырлап, эртеби-кечпи кайрылып келе турган киндик кан тамган түпкү журтуң, тагдырлары тааныш, өмүрүң эриш-аркак өткөн жакындарың, айылдаштарың жок болсо ушул тура, жолбун иттей ар кайсыл жерде каңгып… Ошол, айланып турар очогунун жоктугунан улам дээрлик көбү Кыргызстанын кой, Казакстанга, Россия­га, алтургай Европага чейин жер кезип кетишиптир. Армандары аттын башындай болсо да алардын көбү ыйык ата жерин, айылдаштарынын көңүл көксөткөн караанына зар болуп, издеп, келип-кетип турушат экен. Албетте, ага азыркы замандын өксүк оомал-төкмөлү да себепкер дечи, бирок көбүнчөсү бакыбат турмушка жетишкен менен орун алар түбөлүктүү очогунун жоктугунан бир жерге байырлай албай, жер кездирип жатат дешет экен. Ал чын. Адамга адам, ата журту керек, кымбат.

– Эсиңде бекен, өткөн жайда мени менен окуган Сулайман келип-кетти. Кызыл-чийкил, чачы кирпиникиндей тикчийген бала бар эле го?..– деп калды Жамал бир кезде.

– Ооба, ооба, эстедим…

– Ошол Сулайман Венгрияда чоң компания ачып, көптөн бери иштетет экен. Өзүнчө чоң бут кийим фабрикам, супермаркеттерим бар дейт. Миллионер болуптур. Бирок, өзүмдү эч бактылуу сезе албаймын, арманым ошол – жарык дүйнөгө келген айылымдын, туулган жеримдин жоктугу деп түтөйт. Суу сактагычтын тушунан райондук акимчилик менен бир топ жерди макулдашып кетти. Айылымды кайрадан түптөймүн дейт. Мен ага аябай кубанып, чоң канат байлап калдым. Уккандар да сүйүнүп жатышат. Буюрса, ал ою ишке ашып калса баарыбызга жакшы болор эле. Тилеги кабыл болсун!

– Жакшы болгон экен… – Керездин да көңүлү жибип, теңтуштары “сары быштак” деп койчу Сулайманды эстеди. Мыкты чыккан экен. Ал башынан эле урунуп-беринген аракетчил эле. Экөөнүн да уй-койлоруна жайыт талашып, кызылчеке урушканы бар. Беттегенин бербеген өжөр болчу. Ошол окуя эсине түшүп, балалык-чалалыгына мыйыгынан жылмайып алды.

– Ошол жерге сен да көчүп келбейсиңби? – деди Жамал күтүүсүз. Анын көз карашы үмүттүү да, сырдуу да эле. Анын чын ыкласынан айтып жатканы көрүнүп турду.

– Менби? Эмнеси бар экен, келсе келем.

– Ой-ий! Анда укмуш болбойт беле! Классташтар, айылдыктар чогулуп алып… бир сонун жашайт элек!

Жана, Сулаймандын жерге макулдашып кеткенин укканда эле Керезге да ушундай ой кылт эткен болчу. Деги аялдар сезимтал келишет, эркектин оюн илгиртпей сезип, көбүнесе алдын алып коюшат.

– Келсем эмне кылышым керек?

– Акимчилик Сулайманга жерди го беребиз, мындай арыздар көп, мурдатан эле түшүп келген. Кеп, ошол аймакка электр, суу тармактарын тарттырып, жол салып, кыскасы элге керектүү шарттарды түзгөнгө каражат табуу керек, анан пландап беребиз, каалагандай жайгаша бергиле дептир. Өзүлөрүндө азыр акча жок экен. Мамлекетибиз өнүгө албай жатпайбы. Сулайман ошолордун баарын пландап, эсептеп, каражатын таап анан келем деп кетиптир. Эгерде сен да колуңан келсе жолунбу, суусунбу, кайсыл бир жагын чоюп, көчүп келсең жакшы болбойт беле. Эми өсөрүбүз калган жок…

Керездин көңүлүндө бул сөздөр чындап уюп калды. Каражаты го жетет. Аны башына урмак беле, көрүнө ала кетпейт. Баласына ондон бирин берсе эле өмүр бою сайрандап жашай алат. Кеп башкада…

– Жамал, эгер келсем сен мага турмушка чыгасыңбы? – Керездин көңүл түпкүрүндөгү бул сөздөр кантип оозунан чыгып кеткенин өзү да байкабай калды. Ал, айтаарын айтып алып сестене түштү. Жок десе не кылмак? Анда эле бул жакка жол чорт кесилди дей бер! Бирок, анын жана окуу, диссертация деп жүрүп жашы өтүп калганда чын сүйбөгөн адамга аргасыз турмуш курганын, канчалык күчкө салган менен оттору күйүшпөй үч жылдан кийин ажырашып кеткенин, ошондон бери жалгыз бойлугун укканда ушундай үмүт бага түшкөн эле. Эми..

–  Сагабы?! – Жамал анын көздөрүнө тик карап, узун кирпиктүү көздөрүнөн от чачыратты. Анда күтүүсүз чоң кубаныч да, ишене албаган олку-солку күмөнсүү, ачуу арман да мелт-калт толуп-ташып турган эле. Керездин чындап айтканына көзү жетти көрүнөт, – Аял, бала… үй-бүлөңчү?

– Ажырашам. – Керез ишенимдүү кесе айтты. Ушундай суроону күткөн белем. Мурдатан ой багып жүргөн окшобойбу. – Аялым келбейт. Баламдан болсо кол үзбөйм…

– Сенин турмушуң да болбой калган белем… – деп койду Жамал өкүттүү.

Анын дагы эле угуп жаткан сөздөрүнө ишенер-коерун билбей, урунттуу бир чечимге келе албай жатканы көздөрүн ала качып, калп эле столдун үстүн алаканы менен аарчылай баштаганынан байкалып турду. Же… балким себеп башкада болуп жүрбөсүн? Керезди… ал ойлогондой сүйбөстүр?

Бар дүйнөсү астын-үстү түшүп, чаташып, тагдыры таккесе чечилер учур ушул экенин сезген Керез өзүнө ээ боло албай оюндагысын ачык айтып жиберди:

– Эмне, мени сүйбөйсүңбү?

Жамал күтүүсүздөн таш жара шаңкылдай каткырып жиберди!

– Я?! Койсоңчу, карыганыңда деле сүйүү дей бересиңби? Ой боорум ай! Бирөө укса уят.

– Эмнеге уят. Чыныңды айтчы, угайын…

Жамал кандай күтүүсүз күлсө ошондой тып басылып:

– А өзүңчү? Сен биринчи айтпайсыңбы? – деп жароо­керленди.

– Мен… мен сени небактан эле… бала кезимден… айылда эле сүйүп калгам… эч унута албай койдум… чын…

Керез алда кандай жооп болуп кетет деп санааркап, көзүн жерден көтөрө албай кысталып жатып ушул үзүл-кесил сөздөрдү араң айтты. Мынчалык кыйынчылык болбостур! Нечен, узак жылдар бою көңүлүндө жан адамга билгизбей бекем катып, ичинен далай кайталап келген аялуу сыры, арзуусу ушинтип супсак, ушундай жерде айтылмак беле?

Аңгыча Жамалдын ысык алакандары анын эки жаа­гынан сылай кысып, башынан аяр көтөрдү. Керездин дал маңдайында сүйгөнүнүн жаш толгон сүйкүм көздөрү жалжылдай тиктеп туруптур.

– Сенин ушул… сөздөрүңдү канча күттүм дейсиң! – деди ал не бир ысык, армандуу үн менен. – Мурдатан айтканыңда эмне… минтип экөөбүз эки жерде армандап, турмушубуз бузулбайт эле го…

– Айтат элем. Айылыбыз жок болуп, адашып калбадыкпы. – деди Керез актангансып, бирок бул ачуу чындык эле да.

– Ооба. Айылыбыз аман болгондо чын эле бирге өмүр сүрөт белек… эмгиче үй-жай куруп…

– Азыр деле кеч эмес… же… эмне?.. – Керез чочуп кетти. – Жер алып, үй сала коюш бат эле. Каражатым жетишет. Алтургай айылды да өзүм эле жалгыз курам.

– Чын элеби? Ой, анда укмуш болот эле го! – Жамал баягы, секелек кезиндеги ойноок кызга окшоп кетти. Сүйүнгөнүн айтпа! Алаканын да чапкылап жиберди.

– Чын. Бүгүн акимиңерге жолугуп, баарын тактап кетемин да, келерки жаздан баштап айылды түптөй баштайм. Мен да тентиген иттей турмуштан тажап бүттүм. Көрсө адам киндик каны тамган жерди кыйып кете албайт тура. Тагдыры айрылгыс болот экен. – деди Керез чечкиндүү. – Андан көрөк өзүңдү айтчы, үй салсам барасыңбы?

Жамал кыз кезиндей ага шоктоно карап:

– Барбай койсомчу? Эмне кылып аласың? – деп кылыктана кетти. Анын макул экени эми айкын эле! Төбөсү көккө жете сүйүнгөн Керез:

– Анда алакачып кетемин, моминтип! – деп, Жамалды белинен имере тартты.

– Койсоңчу, бирөө көрүп калса уят, карыганда булар алжыган экен дешпейби. Же, сен чынеле карып калдыңбы? – деп назданды Жамал, жаагын анын жаагына такап. Көздөрү баягыдай эле жалжылдап шойкомдуу учкунун чачып турду.

Керездин санаасы тынып, көңүлү желектей желбиреп чыкты. Анын үстүнө Жамалдын тааныш, ажайып жыты да делебесин катуу козгоп жиберди. Заматта жашара түшкөндөй. Алдында чоң жашоо, бакыбат келечеги күткөн адам анан кандай болмок эле. Ал да шоктонду:

– Жапшаш элемин! Эмне, көрсөтөйүнбү?..

– Чүш-ш! Балаң угуп калат.

– Укса түшүнөт да, чоңойду да…

Керез эми өзүнө-өзү ээ боло албай калды! Бул күндү, ушул, бактысы жанган учурду канча күттү эле! Жүзү да ачылып алган соң… Жамалды катуу кучактап жалжылдаган көздөрүнөн, азгырыктуу алкымынан, албырган эрдинен ысык өпкүлөп кирди. Жамал да ийип, анын кучагына боюн таштады…

Чын эле, ооба, эмки жылы сөзсүз көчүп келемин, – деп баратты, эртеси таң эрте жолго чыккан Керез машинеде. Ал, райондун акимине бараткан болучу. «Биротоло кеткис болуп үй салып, чачылып кеткен айылдаштарымды чогултуп, айылды кайрадан түптөп, ажалым келгичекти эч кайда кетпей жашаймын. Өлгөндө сөөгүм ата-энемдин жанында болбосо да ага жакын, туулган жериме коюлушу керек. Бөтөн эл, жат жерде жалдырап жатмак белем?! Мекенсиз мен уюктуу кумурскадан да кем, эч ким эмес турбаймынбы! Жалгыздыктын азабын жетишерлик эле сездим го! Жада калса өз балама да керегим жок экен. Жан этимден жаралган менен тагдырларыбыз ачакей болот турбайбы. Ата журтума сөзсүз көчүп келемин!» деген биресе күйүттүү, бир чети акыры тагдырлары жалгашкан Жамалынан улам жаралган бекем үмүт, ишеним акыл түпкүрүндө улам жаңырыктап жатты… «Эми деле кеч эмес, амалсыз карылык али келе элек, жашоом эми жаңыдан башталат» деген ой-тилек ага ысык дем-кубат берип жатты.

Өмүрүнүн капорто ашуусунан ашып калган курагында арзытканы менен түтүн булатып, акыры, чыныгы бактысын табаарын нечен убай-санаага батып тилеген менен минтип күтүүсүз жерден оңунан чечилерин ал күттү беле? Албетте, жок.

Алдында не тагдыр күтүп жатканын адам пендеси кайдан билмек…