“5 акын” теледолбоору эки күн катары менен өтөт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун экинчи жана үчүнчү көрсөтүүлөрү шартка байланыштуу 11-12-май күндөрү катары менен тартылат. 12-май күнү өтө турчу кечеде акындар – Жыпара Арыкова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Манас Алымбаев жана Алиман Абдыкеримовалар өз таланттарын тартуулашат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз.

ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК