Султан Раев: “Мен дүйнөнү да, адамды да таанып билдим деген күнү өз жаназаңды өзүң окуйсуң”

… уландысы Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раев: “Мен дүйнөнү да, адамды да таанып билдим деген күнү өз жаназаңды өзүң окуйсуң” -Сиз кол бошобой турган жооптуу кызматтарда иштеп жатып, ушундай чыгармаларды жазганга кантип жетиштиңиз? -Кызык суроо. Кеп кызматта эмес деп айтар элем. Туура, чоң-чоң кызматтарда иштедим. Бирок чыгармачылыкка келгенде өзгөчө “режимим” бар. Чыгарманы күн болобу, түн болобу оболу мээмде жазам. Мен үчүн убакыт, мейкиндик деген түшүнүк жоголот. Бир жылдары эки жарым жылдай ишсиз үйдө отуруп калдым. Чындыгын айтайын, ушу аралыкта бир дагы чыгарма жазганым жок. Убактым толугу менен…..

Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюму түзүлдү

6 мартта Түркиянын Анкара шаарында түрк дүйнөсүнүн жазуучулар союздарынын төрагаларынын жыйыны өттү. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен уюштурулган жыйында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жазуучулар уюмдарынын жетекчилери ТҮРКСОЙ демилгелеген Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар уюмун түзүү жөнүндөгү сунушун бир добуштан колдоого алышты. Жаңы уюм түрк өлкөлөрүндө адабий байланышты чыңдоого, чыгармачыл интеграцияны күчөтүүгө, адабий котормолорду жандандырууга, жаш калемгерлердин башын бириктирүүгө, балдар адабиятын жайылтууга максат алды. Ошондой эле жаңы уюм адабий форумдарды, акын-жазуучулардын фестивалдарын, китеп басып чыгаруу, адабий сын, изилдөө, адабий жаатындагы иш-чараларды ТҮРКСОЙ уюму менен бирге алып барат. Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар толугу менен…..