Тынчтык-Бек Нурманбетов: Күн кучактап сага шашып баратам

Кемибес кенч Кош карекке сыйып ысык шаарым, Көкүрөктү көлкүлдөттү баарың. Көзүм тойбой, кылчак-кылчак карадым. Көзгө илешпей калгычакты карааның.   Эне сүтү, ата каны – мээр табың, “Тогуз жолдун тоомундагы” шаарым. Ким бирөөгө көрүнөр каксоо, таштак… Мага болсо кемибес кенчтүү шаарым.   Таманымдан табы урат көмүрүңдүн. Көбүн сыртта өткөрдүм өмүрүмдүн. Менин мүдөөм – ак кызмат өтөө элге, Шүгүр этип бергениңе Теңиримдин.   Ыр Дөөлөт Аткан таңга, чыккан Күнгө сүйүнүп, Жердин жүзүн чарк айландым жүгүрүп. Ыр дөөлөттү ыроологон Теңирге, Ыраазымын миң мертебе жүгүнүп.   Ыр дөөлөттү көтөргөн бар, көпкөн бар Ырга башын толугу менен…..