Бектуруш Табалдиевдин поэзиясына күбө болуңуздар

Ырдын тулкусун жакшынакай уйкаштар, образдуу салыштыруулар, жугумдуу метафоралар, таасирдүү боёктор, туюнтмалар менен шөкөттөп жазган пейзажист, чебер сүрөткер, синэстетик, интеллектуал акын Бектуруш Табалдиев Салгаманинин чыгармачылык кечеси өтөт. Поэзия кече акындын “Аты жок” китебинин бет ачары менен коштолуп, адабиятчылар автордун чыгармачылыгы боюнча сөз кылып, поэзиясы окулуп, обондуу ырлары ырдалат.  Поэзия кечеге катышууну каалагандар үчүн эшик ачык. Келип жан дүйнөңүздөргө азык алып кетүүгө чакырабыз. Ыр күйөрмандарын 2022-жылдын 28-январында саат 14:00дө Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде күтөбүз. Тосордо “Чөккөн тоолор окшошот мис чөөгүнгө, чокуда кар агарат пил сөөгүндөй. Жаш сулуунун булгаган жоолугундай, “жарк” дейт толугу менен…..

Баяс Турал: Мөңкүп аккан дарыянын кыймылы бар канымда

Бийиктик жана биримдик Турмуш өзү майдалардан куралат деп айтышкан бизден мурун жашап өткөн адамдар. Майда кумдар биригип, пайда кылат үйдөй болгон таштарды. Аскалар да пайда болот биригишкен таштардан. А аскалар бир-бирине кошулуп, айланышат тоолорго. Тоолор анан бири-бирин толуктап, көтөрүшөт көк тиреген улуу, бийик чокуну!   …Биз да акырын тоолорго окшоп өссөк дейм. Тоолорго окшоп умтулсак дейм биз дагы бийиктикке күнү-түн! Тоолорго окшоп жашасак дейм кыргыздар- Азиянын асманын төбөбүзгө көтөрүп!   Тоо жана мен Мен тоолордун арасында төрөлгөм. Тоолорго окшоп сыймыктуумун, салмактуумун, бийикмин!   Тоолор майда кум менен топурактан турат дешип толугу менен…..