Гүлзада Станалиева: Сагын Акматбекованын ырларынын поэтикалык өзгөчөлүгү

Сагын Акматбекованын ырларынын поэтикалык өзгөчөлүгү Сагын Акматбекова кыргыз поэзиясына өз үнү, поэтикалык дүйнөсү, стили менен кирген акындардын бири. Акындын поэтикасынын өзгөчөлүгү көркөм сөз каражаттарын колдонуусунда, дүйнөгө, чындыкка карата көркөм мамилесинде, ой-сезимдеринин адаттан тыш берилишинде айкын көрүнөт. Андыктан акындын ырларын улам кайра окуудан окурман улам кайра жаңы эстетикалык таасир алып, жаңы сезим-туйгуларга туштугуп, жаңы ойлордун кучагында калат. Башкача айтканда, Сагын акындын ырлары абстрактуу ой жүгүртүүгө негизделген көркөм туундулар. Ал адамдын психологиясынын татаалдыгына, фантазиясынын ченемсиздигине байланышкан философиялык ой түрмөктөрдү ыр кылып куюлуштурат. Ойду берүүдө, туюнтууда акын өзгөчө көркөм штрихтерди, деталдарды жана экспрессивдүү-эмоционалдуу толугу менен…..