Төлөгөн Касымбеков: “Ооматы кеткенде өз токоюнда жүрүп, жолборс ачка өлөт”

(“Сынган кылыч” романындагы сырдуу накылдар) ***** Бузулар үйдөн эң биринчи ырк кетет. Атасынан адилдик кетет, баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот. Бирин-бири сыйлашуудан калат, биригип үй тутунуу милдетин унутушат. ***** Хансыз эл – эгесиз үй сыяктуу. ***** Какайганга какайгын – машайыктын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин – атаңдан калган кул эмес. ***** Анын баары өткөн иш, айыккан жара, азыр аларды жаңыртып отуруу – мамлекеттин бирдигине зыян. ***** Үгү деген үнүңөр, үксүйгөн жүнүңөр эле бар турбайбы! ***** Жакшы атанын кашык менен жыйнаган мүлкүн, жаман уул чөмүч менен чачып түгөтөт. ***** толугу менен…..