Айнагүл Базарбаева: Күн келатат жапжарык, Тургула эй, сүйүнчү!

Айнагүл Базарбаева 1972-жылы Лейлек районунун Булак-Башы айылында туулган. 1989-жылы Булак-Башы айылынан орто мектепти, 1994-жылы Бишкектеги И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинин Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган. Ал 1998-жылы Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, 2005-жылы республикалык жаш акындардын арасында уюштурулган “Алыкулдун ак боз аты” фестивалынын лауреаты болгон. 2005-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.   ***** Турмуш сенден тепки жеп, Ашаткан тери сымал көп ийлендим. Адашып кээде баскан түз жолумдан, Аягым басып алган чөпкө иймендим.   Кээ бирде сага жаным ыйбаа кылса, Кээ күнү наалат айтып ыйлап тургам. толугу менен…..