Мар Байжиев: Менин токочум (аңгеме)

Менин токочум (Аңгеме) –1941-жылдын июль айында коңшу короодо Адольф Гитлерди дарга асып өлтүрүштү… Энеси бакырып жер чапчып боздогону асманга жетти. “Гитлер” көп-көк болуп, жүрөк түшүргөндөй зуңкуюп короодогу узун скамейкада жатат. Ал менден эки жаш улуу, болпойгон ак көңүл бала болчу. Биз ага кинодон көргөн батько – Махно, япондук самурай, шпион жана башка терс каармандарды берсек кыңк дебей аткара берчү. Бу жолу да эки короонун балдары кандуу замандын жер жүзүндөгү адамдарындай эки жаат болуп, согушуп, немистин аскерин талкалап, “фюрерин” колго түшүрүп, дарга асылсын деген өкүм боюнча “Гитлердин” мойнуна сыйыртмак салып, учун толугу менен…..