Аман Кармышаков: Түзүлбөй калган келишим (тамсил)

Түзүлбөй калган келишим (тамсил) Бир күнү чычкандар жашыруун чогулуп калышты. Алар мышыктын коркунучу тууралуу ойлорун ортого салышты. Ары кетишти, бери кетишти. Акырында мышык менен, “кол салышпай тынч жашоо” деген келишим түзүүнү чечишти. Бул ишке, жетекчиликке, бир добуштан Сур чычканды бекитти. Бирок, кандай жол менен баруу керек? Кайсы жол зыян, кайсы жол пайда берет? Бул суроого баарынын баштары катты. Талкуу кызуу жүрүп, түшкөн сунуштар да оңою менен өтпөй жатты. –Туугандар! Жакшылап ойлонолу, оң капталыбыз менен да, сол капталыбыз менен да жатып толгонолу! Болбосо, билесиңер го мышыкты. Эртең эле чуулган салып, көрсөтөрү толугу менен…..