Догдурбек Юсупов: Пародиялар парады

Багымды ачты Эзелтен акындардын баары ырдашты, Сүйдүк деп айдай сулуу карындашты. Ай да эмес, Күн да эмес, Жылдыз да эмес, Колума бирөө тийип – багымды ачты. (Омор Султанов)   Сулуулар болуп дайым ырдаганы, Эзелтен акындардын кызып каны. Мен дагы кем калбастан ошолордон, Баштадым “Сен жөнүндө поэманы”.   Сүйөм деп сулууларды күйүп-жандым, Жете албай бирөөнө да өлүп талдым. Жүзүнчү ырды жаңы чыгарганда, Акактап кадимкидей чарчап калдым.   Отурсам аарчып коюп көздөн жашты, Сооротуп, күлүмсүрөп серпип кашты Колума бирөө тийип эптеп эле, Жар болуп өмүрлүккө багымды ачты.   Кыш – алсыз коркок толугу менен…..