Касым Сулайманов: Чөнтөк телефон

Чөнтөк телефон Асылкан тайраңдап эрке чоңойду. Кадыр үйлөнгөндөн кийин төрт жыл балалуу болбой жүрдү. Аялы Сонунбү экөө аябай ынтымактуу жашашты. “Келинчегим төрөбөй калат окшойт, башка келин караштырсамбы, же доктурга дарылатыш керекпи”,- деп тынчы кете баштаганда гана Сонунбү кош бойлуу болуп, баарын күттүрүп төрөлгөн кызы ушул – Асылкан. Ал төрөлгөндө Кадырдын бүт үй-бүлөсүнө майрам болгон. Бүт үй-бүлөнүн баарын зарыктырып төрөлгөн ымыркайдын үстүнө үйрүлүп түшө калышчу. Өтө көзүн караган кыз бир аз чемендүү да болуп чоңоюп жатты. Кадыр менен Сонунбү үч кыз, бир уулдуу болушту. Көзүн караган Асылкан бир тең, калган балдары толугу менен…..