Мусакун Сатыбалдиев: Пас мүдөөлүү максатка басынганча, Чоң максаттан кор болуп кетейинчи…

Булактагы кыз Жээкте чечинет сулуу кыз, Олоң чач далыга жайылып. Ажайып денеси… жалтанам, Жүрөккө бир ийне сайылып.   Заматта мөл булак муунуп, Көз ирмем дүйнөнү унуткан. Намысын капыстан жоготуп, Кызарат күн көзү булуттан.   Үлбүрөк көйнөккө байкоосуз, Конгондо көпөлөк чаалыккан: Бу неси… кайрадан учалбай, Маңыроо дүйнөсүн талыткан.   Күмүштүн күкүмү шыңгырап, Мончоктор төгүлөт чачынан. Жылт этип ак балык көзүмө, Тартынып кайыңга жашынам.   Кыз ойнойт булакта, ырахат, Кез-кезде ак булут чагылып. Чагылган… карегим жалтанат, Көөдөнгө жаркын нур агылып.   Ак балык кейпинде кыз сүзөт, Таалайга шул булак чөмүлүп. Табигат койнунан толугу менен…..