Шекербек Калыков: Телефон

Телефон Шапа акам кыраатын келтире куран окуп аткан экен. Чынында шу жагын катырчу. Жанындагылар менен баш ийкеше учурашып, чарпаядан орун алдым. Анын окуган кураны бир эсе муңдуу угулса, бир жагынан жашоого каниет кылар кандайдыр күчтүн илебин сезесиң. Баарыбыз муюдук. Соңунда, “Жаткан жери жайлуу, ыйманы саламат болсун, эми, куда! Облоу акибар! Пандачилик экен… Тынч богула. Куда кааласа көрүшөбүз…Көрүшөбүз… Кудагыйга салам дең… Хоп…Хоп…” деп кулагына төшөгөн уюлдук телефонду алып, мага карап: -Ке, чалдын баласы. О, чоң куданын чоң таенеси пандачилик кылыптыр… Кыркылыгына чакырышкан экен. Эми биз ушинтип эле калдык… Таарынган деле эч толугу менен…..